Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:49

Парламентте Төрткүл суу сактагычы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды


Төрт-Гүл суу сактагычына келген канал.
Төрт-Гүл суу сактагычына келген канал.

Жогорку Кеңеште Баткендеги Төрткүл суу сактагычына байланыштуу тез арада депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылды. Депутат Тазабек Икрамов 4-февралда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып премьер-министр Улукбек Мариповдун билдирүүсүнө көңүл буруп, айдап-себүү иштери жакында башталарын, маселе тез арада чечилиши керектигин айтты:

«Бул суу сактагычтын биз үчүн стратегиялык мааниси зор. Премьер-министрдин сөзүнө ишенсек, иш чатак жагына айланат. Ошондуктан дал ушул маселе боюнча тийиштүү комитеттерге тапшырма берилип, Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын жабык уксак. Эгер оор жагдайда карала турган болсо анда тез арада депутаттык комиссия түзүшүбүз керек».

3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан:

«Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын дагы, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар».

Төрткүл суу сактагычы Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан. Ал 11 миң гектар жерди суу менен камсыз кылат. (RK/JsA)

XS
SM
MD
LG