Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

«Кыйын кезең»: кайран элди эзген жылдар


Үркүн курмандыктарына арналган эстелик. Ата-Бейит
Үркүн курмандыктарына арналган эстелик. Ата-Бейит

Быйыл Кыргызстанда жазуучу, акын жана котормочу Мукай Элебаевдин 115 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу 28-январда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада бир айлык көргөзмө уюштурулду. Ага Элебаевдин китептери, гезит-журналдагы макалалары, фотодокументтери коюлду.

«Азаттыктын» адабият түрмөгүндө бул жолу Мукай Элебаевдин «Кыйын кезең» аңгемеси тууралуу кеп кылабыз. Анда кыргыз элинин кысталыш чактагы оор тагдыры сүрөттөлгөн.

1916-жылкы апаатта кырылгандан калган калк эңсеген жерине келишсе анысын орус кулактары ээлеп, качкындарды жолотпой, ээн-жайкын жашап жаткан экен.

Кытайдан аман келген калктын туулган жеринде көргөн турмушу оор болгон деп айтуу жагдайды өтө эле жөнөкөйлөштүрүп салат эле. Оңунан чыкпаган көтөрүлүштөн кара башын калкалап жер которуп кеткен элдин эгин аянттары менен жайыттарын, айылын келгин орус кулактары ээлеп, каржалып кайткандардын айрымдарын атып өлтүрүп, айылына жолотпой турган чак.

Андайда айласы куруган качкындардын бир даары кара курсакты тойгузганына макул болуп, орус кулактарына, оокаттуу байларына малай болуп иштөөгө өтүшкөн кез.

Кытайдан эптеп туулган жерине жеткен Кабыл Түптөгү Гаврил деген бай орустун эгинин ташып жаткан. Ал күнү таңга жуук Чоң-Таштан чыгып Талды-Сууга жакындай бергенде калдайган чоң айылды көрүп, жанындагысына кайрылды:

“ – Базаке, мынабу калаа башта жок эмес беле? – деп таңыркагандай жанындагыдан сурады.

Базарбай абалы “нөө!” деп аттардын божуларын силкип, камчы үйрүп, ылдамдатып койду да, соңунан шашпай жооп берди:

- Бу жерлерди орустун кулактары алып койгон.

- Качан?

-Эл үркүп кеткенден кийин...

- Мындан башка дагы кайсы жерлер алынды?

- Күрмөнтү, Сары-Булак, Ичке-Суу, Чоң-Таш!.. толуп жатат.

- Ошол жерлердин баарына түштүбү посёлка?

- Ооба, дагы келип жатат.”

Базарбай Кабылды Түптөгү бай оруска малайлыкка сүйлөшүп киргизген. Кабылга баары жаңы болчу. Шордуу элдин айласы куруп, шаштысы кетип турган. Бош калган жерлерди ээлеп эгин эгип, жашоо-турмушун оңоп алган Түптүн байлары менен кулактарына байкуштар малай болуп иштей башташкан. Кенен түздүн май топурагында бышкан буудайды канчадан бери ташып атышат.

Жаңы ташып келген беш араба эгинди Гаврилдин кампасына киргизип жатып Кабыл “мынчанын баарын кайда батырат?” деп ойлоду. Тамак жетпей канча киши жол-жолдо кырылып жатса бул жакта эгинин батыра албай, малына жем кылып берип, самогон тартып кутуруп жатышат.

Байкабай орус айылына бирди-жарымы кирип калса жалдыраган бечараны моокуму канганча уруп, айрым караниеттери өлтүрүп коюшчу болушкан. Ошондон жергиликтүү эл орус айылдарга кириштен чочулап, жалгыз-жарым каттабай калышкан. Гаврилдин үй жумушун кылып, декилдеп атын сугарганы минип бараткан Кабыл токмоктоп коюшпас деп ойлогон.

Түптүн жайылып аткан чоң суусуна атын сугарып кайтып келатканда бирөө огородунан таш ыргытты эле анысы тийбей калды. Анысына карайбы, короодон сыртка чыгууга туура келет. Малайдын жаны тынчу беле. Жыгач бочкени арабага кошуп алып сайдан суу алып келет. Малга чөп салып, деле тамакка тойбогон коркулдак чочколорго жугунду куят. Кыштын кыраан чилдесинде аттарды арабага кошуп алышып Базарбай экөө алыстан чөп тартып келишет.

“Чөпкө жөнөгөндө эң алдыңкы чанага Базарбай, арткы – бешинчи чанага Курмаш отурат. Калаанын четине чыгып, талаа башталган кезде, түнкү аяздын каарына чыдабай Кабыл дирилдей баштайт. Буту колдоюп тоңуп калган. Үстүндө – Алёшканын жалаңкат кара таары. Чындап үшүп келгенде чанадан түшүп алат да жүгүрө берет. Абдан күйүккөн кезде кайтып отурат. Бир аз бара түшүп, тери кургап тоңуп келатканда жана түшөт. Ушинтип отуруп күндүн мурду чачырай Аралдагы чөпкө жетишет.

Бул жерден беш чанага закыйта чөп басып жөнөгүчө, түшкө жакын мезгил болот. Кайра келген соң буларды сарайга үйүш бар. Кабыл үймөктүн үстүнө чыгат. Кээде Базарбайдын балбан колу менен алачыктай кылып сузуп берген чөбүн ала албай түшүрүп жибергендигине ыза болуп:

- Тамак ичкен жок белең?! – деп чекесинен булоолонгон терин шыпырып, чертип жиберип, адырая калат. – Бери жакын тур!

Чөпкө барбай калган күндөрдө камышка жумшайт. Муну Түптүн чыгыш жагында бир кара көлдүн жээгинен муздак сууну тизеден көлкүлдөтүп кечип жүрүп отуруп алып келишет”.

Ошентип кечке тыным жок кожоюндун ишинен чолосу тийбейт. “Булардын өмүрдө көргөнү тынымсыз түйшүк”, - дейт Мукай Элебаев. Анткен менен кээде оруста малай болуп жүргөн балдар чогулуп башынан өткөндөрүн кеп кылып калышат.

Жердин баарын кулактар алып койду, күнүбүз эмне болот, кудай кыргызды мынчалык кем жараткан дешип арыз-арманын бөлүшөт. Маанайы чөккөн жаштарды жер маселеси ойлонтот. Ушинтип жерсиз бирөөлөрдүн эшигинде кул болуп өтүп кетебизби деп арман кылышат. Ак падыша тагынан кулап, бийликке Убактылуу өкмөт келгени менен баселкенин чоңдору мурдагыдай эле кутуруп жүрүшкөнүн айтышат.

Ошондой күндөрдүн биринде көчө тараптан ызы-чуу чыгып, эмне болуп кетти экен эшикке чыгышса “жарадар болгон кийиктей жанталашып качып бараткан бир жаман тебетей кыргызга тобу жабылып ышкырып, колуна тийгени менен уруп” кууп келатышкан экен. “Жаш гана жигит. Бети-башында бир ийне саяр чолоо жок, күпчөктөй болуп шишип кеткен. Бир жеринен кан дирилдеп жүрөт. Ошого карабай бул шор аяк дагы тиричиликтен күдөр үзбөй жан талашып, бир жерден качып чыккан сыяктуу”.

Көпкөн балдардын таягынан өлүп кала жаздаган кыргыз жигитти Степан деген мужик сактап калды. Кабылга ушул окуя чоң таасир этти. Жалаң тамак үчүн бекер иштей берүүдөн тажаштыбы ошол окуядан көп өтпөй Базарбай менен Асылкан Гаврилден кетмей болуп калышты. Акча доолай алышпады, кылган иши үчүн курсагы тойгонуна ыраазы болуп кете беришти. Кабыл кайда бармак эле, Гаврилдикинде калды.

Базарбай аялын алып кетип калгандан кийин бир үйдүн түйшүгү Кабылдын мойнуна түштү. Күндүзү иштегени аз келгенсип чиркөө майрамы жакындаганда кожоюну түнү менен Кабылга самогон тарттырды. Көзүн илинип кетпесин деп сасыган самогонунан ууртатып коёт. Кош бүтүп-бүтпөй кожоюндун күткөн майрамы – пасха башталды. Малайлар үч күнү кенен эс алышты.

Сыртка көп чыгышпайт, мас орустардын таягын жеп калабызбы деп чочулашат. Анан күндүзгү түйшүгү аз келгенсип Кабылга түнкүсүн аттарды кайтарууну тапшырышты. Жөн жүрсө Гаврил ага жумуш таап бере берчүдөй. Анын тынымы жок ишинен тажаган Кабыл жайдын капортосунда качып кетти. Антип уурданып, жашырын чыкпаса үстүндөгү кийимин сыйрып алышы мүмкүн эле.

Кабылдын Талды-Суудагы Базарбай менен Асылканга кошулуп, аларга жардам кылып биртоп убакыт туруп калды. Андан Боз-Учукка келип ал жердеги Антон дегендин жумушун кылып жүрдү. Андан Николаевскиге, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Кызыл-Сууда кимдердин гана кызматын кылбады. Эки жылдан кийин айланып Базарбайдыкына келди. Алар деле жыргап кеткен жери жок, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп атышыптыр. Жалгыз Кабыл эмес жаамы журт туш келип оор кезди жазуучу минтип сыпаттайт:

“Бул заман – жаандын артынан тирилген кумурскадай кыргыз эли жаңы тирдигип келе жаткан кез эле. Совет өкмөтү чыкпаганда кыргыздын букарасы бул көл айланасында эл болуп турар-турбасы да арсар болучу. Элдиктен, адамгерчиликтен чыгып, эзелден бери киндик баскан жеринен куугун-сүргүнгө түшүп, жан алкымга келип калган кез”.

Кабылдын бир түстүү жашоо-турмушуна да өзгөрүү баш багып, мектеп, билим алуу, сабатсыздыкты жоюу деген жаңы түшүнүктөр уялай баштады. Кези келсе караңгыга деле жарык келет экен. Жыйырмадан ашып кыл мурут жигит кезинде тамга таанып, мектепке барууну эңсей баштады. Алгач Жылуу-Булак менен Кайнардын ортосундагы жыйырма чакырымдай жерге жөө барып, түн киргенде сабактан кайтып келчү окуучуларды күтүп, ошолордон тамга тааныганды үйрөндү.

Ошондо ал бир нерседен куру калгандай, билим албаса бул жашоо супсак болчудай сезилип туруп алды. Окуу жайын айтса Базарбай “эми кайдагы окуу” деп сесин кайтарып койгон. Ага болмокчубу, ээленип алган жигит кыш ортосу ооп калганда Жылуу-Булактагы мектепке баш бакты. Ал жердеги мугалим ага окуу болбосун, ашып барса бир-эки айдан кийин окуу токторун, окуучулар үйлөрүнө тарап кетишерин айтып супсунун суутуп койду. Ага карабастан Кабыл окуучулардан сурап жүрүп тамга таанып, эсеп чыгарууга жарап калды. Жазда окуу токтолду, жалаң түйшүк менен жүргөн жигитти таң калтырган биртоп окуялар болуп өттү.

“Короо-короо малдарды, жылкыларды, өгүздөрдү бузбай-жарбай күтүрөтүп айдап келип, тизме менен үлөштүргөн кездер болду. Унаа шаймандардан өйдө жеткирип, эл ичине “кызыл өгүз”, “көк соко” деген сөз жайылып кетти. Ошентип, бул жазда өмүрдө түшүнө кирбеген жоруктар болуп кыргыз арасында зор өзгөрүш тууду”.

Бирок, ал иштердин баары Кабылга түшүнүксүз болчу. Эмгек деген эмне, мээнеттин кандай болорун ал жакшы билчү. Бирөөлөрдүн мал-мүлкүн тартып алып, өздөрүн кодулап жок кылуу эмнеге алып барарын, жашоо-турмуш кайсы жакка багыт алганын Кабылдын түшүнүүгө кудурети жетчү эмес.

Ошондон ал минтип жүрө берүүдөн эч нерсе чыкпасына көзү жетип багытын өзгөртүү керектигин туюп, туулган жеринен кетүүнү чечти да күндөрдүн бир күнүндө Тескейди карай бет алды. Бул ирет ал элине кайтпай турган болуп, жашоо-турмушун жаңы багытка буруп алган болчу. Ал жолу билим алуу, билимдүү болуп элинин керегине жарап, бирөөлөрдүн ишин кылып, эшигинде жүрчү малайлыктан кутулуп, өз алдынча жашоого бет алган. Кабылдын жаңы багыты ушул эле.

Андай жолго кыргыздын эчен жаштары чыгып, кылымдап уйкуда келген калкын ойготуп, аны илим-билимге багыттоону максат кылышкан эле. Мурдагыдай эгини кампасына батпаган кулактар ал кезде жаңы бийликтин душманына айланып, кажыбаган эмгегинин аркасы менен жашоо-турмушун оңдоп алгандар тап душманы эсептелип, көпчүлүктүн деле оюна келбеген калаты иштер башталып жаткан. Карапайым элдин башы маң, кедейлер арасынан чыккан активдердин күнү тууп, таптык күрөш деген күчөй баштаган.

Мукай Элебаев 1916-жылкы Үркүндөн азып-тозуп жерине кайткан эл кандай кыйынчылыктарга кабылганын жеке адам тагдыры аркылуу кемелине келтире сүрөттөп берген. Кабылдын башынан өткөргөн оор жашоо-турмушту жазуучу жасалмалабай, коммунисттик идеология эчен жылдар кайталап келен 1917-жылкы өктөбүр ыңкылабынан кийин эркиндикке чыккан элдин жыргалга баткан жашоо-турмушунан таптакыр айырмалуу, реалдуу жагдайды, абалды болгонун болгондой ачык сүрөттөп бергени менен баалуу.

Кылмурут жигит болуп калган кезде билим алып, сабатын жоюп, бирок өз алдынча орус жана канатташ калктардын көркөм адабиятын мыкты өздөштүргөн жазуучу өзү билген, башынан өткөргөн оор турмушту ачык сүрөттөп берүүнү чыгармачылык принциби катары кабыл алган. “Кыйын кезең” аңгемесинде алдына чоң максат коюп, оор кыйынчылыктарга карабай жарык жолду тандап алган кыргыз уланынын турмушу сүрөттөлгөн.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG