Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 22:26

Өлүм алдындагы чечим


Алайкуу. Иллюстрациялык сүрөт.

Абдымомун Калбаев бир нече китептердин автору. Ал өзү мыкты билген айыл турмушун, андагы ар кыл адам тагдырларын жазат. Бүгүн автордун “Өлүм алдындагы чечим” аңгемесине токтолобуз.

Байбиче-токол

Коомдук мамиле-катнаштардын алмашуусу карама-каршылыктуу, анан да узакка созулчу жагдай экен. Айталы, көчүп-конуп жүргөн тоолуктардын жер алып үй салышы биртоп түшүнбөстүк, тоскоолдуктарга алып келсе, туугандык мамиле-катнаштын кедеринен кете башташы деле ошондой оорчулукка кабылган.

Абдымомун Калбаевдин азыр кеп кылчу аңгемесинде мына ушул уңгулуу маселе көркөм иликтөөгө алынат. Айылда жашаган кары адамдын образы аркылуу автор бир топ социалдык, философиялык, психологиялык маселелердин башын ачып берген. Сюжети жөнөкөй, шаарда жашаган баласы айылга келгиси келбейт, өмүрүн тоо арасында өткөргөн кары адам шаарда жашоону каалабайт.

Анан да кийинки муун мурдагылардын айткан-дегенин илгиртпей аткарып, көрсөткөн багыт, салып койгон жолу менен басышты каалабай калат экен. Ушу тапта кыргыз коому башынан кечирип жаткан мына ушундай кытыгылуу маселелени Абдымомун Калбаев “Өлүм алдындагы чечим” аңгемесинде сонун чечмелеп берген.

Жашоо-турмушу аягына чыгып, өмүр суусу түгөнүп бараткан адам өзүнөн мурда артында калып аткан жакынын ойлойт. Сейде байбиче да Кекебайдын камына киришти. Оңойбу анан, жарым кылым ашуун бирге түтүн булатып, турмуштун ачуу-таттуусун чогуу тартса, анан тирүүлүктү таштап кетеринде жаман абышкасынын абалын ойлобой коёбу? Бир үйдө жалгыз калчу абышка тамак-аштан кантет, кийим-кечегин ким жууп берет, дагы ушул сыяктуу кабатыр суроолор чыга берери белгилүү го.

Аңгемеде азыркы учур, баласы шаарга кетип, айылда калган кемпир-чалдын карылык кыстап турган чактагы учуру сүрөттөлгөн. Чал-кемпир бирин экинчиси кадырлап-сыйлап келишти, билген кишилер суктанчудай ынтымакта жашады. Бир да жолу казан-аягы кагышпай, урушмак тургай жаман көзү менен карабай, жалаң сый-урматын көрсөтүп келишти.

Катаал турмушта ушундай адамдар да бар экен. Бирок чиркин өмүр токтолбой, жаштык алыстайт, айтпай-дебей карылык кирип келет экен. Карылыкта кишиде оору-сыркоо күчөйт, бүкүрөйгөн бел, курчу качып, шоро баскан көз, иши кылып кызыга турган кейпи жок кубаты качкан бир пенде болуп калат. Кекебай Сейде кемпиринин көңүлүн бир да оорутпаганын, колу тийбегенин өлүм алдында жаткан кемпири ыраазылык менен эстейт.

Айылдын баары дайын төрт амал сындуу жөнөкөй жашоосу. Экөөнүн канааттанганы – ынтымактуу өмүр сүрүшкөнү. Турмушуна ыраазы болор жөнү бар, жараткан бир гана туяк жагынан сараңдык кылып койду, анткен менен жалгыз уулунун көзүн карап эрке өстүрүштү. Ошонусуна да шүгүр, баласыз калышса кантмек. Эрке баласын жакшы окутушту. Катарлаштарынан калбасын деп орус мектепке берип тээ чоң борбордогу мыкты деген окуу жайына жөнөтүштү.

Уулу ошону менен биротоло шаардык болуп, анан кайдан тапканын ким билсин, ата-энесин сыйлабаган, булар сүйлөшчү тилди билбеген бир чоеке шаардык кызга үйлөнүп алган. Кемпиринин “орус келин” деп атканы ошол. Шаарда жашайт, айылды, анын чаңына аралашып жашап аткан кайната-кайненесин башынан эле жактырбайт, өзүнүн “папа-мамасын” жерге-сууга тийгизбей мактайт, анысы уулуна да жагат окшойт. Ошо жоолук салынгысы келбеген саксагай кызга үйлөнгөндө бир келген, андан бери айылды желкемдин чуңкуру көрсүн дегенби каттабайт деле. Аялы бут баспагандан кийин жалгызы кайдан каттасын, айла жок чанда бир учурда аргасыз келип калса “ишим калды” деп кеткиче шашат. Ага ата-энеси таарынбайт деле, өз баласына эч нерсе дей алышпайт. Ошондон анын тирүү жүргөнү эле болбосо ата-энесине ысык-суугу жок. Чалдын үмүт арткан жакындары - айылдагы иниси менен агасынын балдары. Бирок аларынын да чал-кемпирге туугандык сый-урматы жок. Сейде кемпирдин ооруп жатып чалын ойлоп атышынын жөнү ушундай. Өзүнүн болсо өкүттүү өмүрү акыркы чекитине акырын жылып жакындап бараткан. Тескери карап кетсе мынабу байкуш чалы эле кор болот, баласы же туугандарына ишенбейт, бечарага жаман.

Ичер суусу түгөнүп баратканын сезген кемпир ооругандан бери ичинде бышырып жүргөн оюн ишке ашырууга киришти. Маскөөдөн окуп, жакшы иштеп жаткан жалгызынан үмүт жок, ошондуктан аны чакыртууну туура көрбөдү. Түшү бузулгандан бери өзү да кыжалат, жетишпей каламбы деп сарсанаа. Абышкасы болсо өлүмдү айтпай, жакшы тилек кыл дейт:

“ – Аның чын дечи. Бирок кудай алам деп калды окшойт го. Түшүм бузулуп калды. Эми мени уккун. Арал деген жерде менин бир сиңдилерим бар, жалгыз баласы менен бир үйдө турат, мени кошунага дайындап кой да, эртең барып ошону көчүрүп кел, мени карасын.

- Аның мал-жанын таштап сага келе коймок беле, бир тууган балаң келбеген, ошол келмек беле, аның деле элүүдөн ашып калды.

- Келет, мени айтсаң келет. Ал: “Мен сага өмүр бою карызмын эже, сенин кылган жакшылыгыңды кантип актаар экенмин” , – деп жүрчү, ошол сөзү эсинде болсо келет. Барып көчүрүп кел, - деди.

Кемпирдин сөзүн туура көрүп турса да чал келеби, келбей коёбу деп эки анжы ойдо турду. Ооруп жаткан неменин санаасын тынчытайын, келип калса, оокат-ашын даярдап берип турса жакшы болуп кетер деген бүтүмгө келди Кеке чал. Эртеси кошуна келинге Сейдени тапшырып, кемпиринин төркүнүнө кетти.

Абышкасы кеткенден кийин кемпир ары барып, бери келди. Кыязы, чалынын келишин күтүп калды".

Кекебайды жол ката ойлонткон маселе кемпиринин абалы эмес, туугандарынын балдарынын кайгайы эле. Өмүрдөн эртелеп кетип калган инисинин уулу көчө таптап жүрүп-жүрүп бейсынак бирөөнү, эки баласы менен күйөөсүнөн ажырашып келген келинди алмак болуп калыптыр. Анысы бу баладан жети жаш улуу экен. Айылда солкулдаган кыздар толтура жүрсө чунак баланын не кылганы деп чал капа. Инисинен калган жалгыздын кылыгына күйөйүн десе “аа, өзүңчү?” деп айтар киши жок. Маскөөдөн окуп келген уулу кыргызча ныпым билбеген келинди апкелгенде бечара энеси билген орусчасын тантырап атып буларга чочуркай караган кыйла жылдардан бери келинге деп катып отурган жоолуган салган. Кекебайдын атасынын бир тууган инисинин Садыр деген баласы акыл-эстүү жакшы кызга үйлөнгөн. Бирок шоруң каткырдын бир айыбы араккор, кызыл камчы, чойтоңдоп төрөбөйсүң деп келинчегин токмоктоп иет. Кекебай канча айтты, жетесизге жетпейт экен, абасынын алдында унчукпай отурат да ал кетер менен үйүндө урушту баштайт. Бечара келини эки жылдан бери кабагым-кашым дебей Сейдени карап келатат.

Тежик инилер

Илешкек ойлор менен алек болгон чал кемпиринин сиңдисинин үйүнө кантип жеткенин деле байкабай калды. Ал бечара да желбиреп “Эжем чакыртып жатса кантип барбай коёюн” деп, үй-жайын инилерине тапшырып келе берди. Сейде кемпир чалын сыртка чыгарып ийип сиңдисине каткан сырын айтты. Кекебайга он эки жашында баш кошконун, жарым кылым ашуун чогуу жашашканын, мына эми күнү бүтүп, сааты жакындап калганда бу бечаранын турмушун ойлоп ушундай бүтүмгө келгенин ырастап, “көзүм тирүүндө жездеңе нике кыйдыртып коём” деди. Сиңдиси не демек, эжесинин айтканына айласыз макул болду. Кекебай да кемпиринин жүйөсүн туура көрүп, жашоо-турмушундагы өзгөрүүгө анча деле маани бербеди.

Ал арада кызыл камчы инисинин аялын төркүндөрү көчүрүп кетишти. Байкуш Кекебай кабактары чытылган жаштардын алдында инисинин абалын ойлоп ыйлап, жалынып жиберди, көңүлү калган тигилер “иниңизди кой деп койбойсузбу” деп, аксакалдын бир кезде кадырын салып атып инисине ушул келинди алып бергенин эсине салып кетишти. “Биздин урукта мындай тескери жолго баскан кежирлер жок эле, кудай өзүң сактай гөр” деп Кекебай бүжүрөп кала берди. Ал арада эки балалуу келинди алып алган экинчи иниси четке барып иштеп келүүгө камынып калыптыр. Кекебайга айткан да, коштошууга келген да жок. Ишенип жүргөн туугандарынын тескери басып калганына нааразы болгон Кекебай үйүнөн чыкпай отуруп калды, кемпиринин кебинен чыга албай Кадичага үйлөндү.

Арман дүйнө да, ошо абасынан жашырынып чет жерден иштеп келмекчи болгон иниси жолдо каза болуп, аны азгырып кеткен эки балалуу келин дарек-дайынын билдирбей жок болгону жөнүндөгү суук кабар айылга жетти. Андайда чогула калчу туугандар кан жолдон ажал тапкан инисинин сөөгүн алып келүүгө кишилер жөнөтүштү. Алар инисинин сөөгүн апкелген күнү оорудан оңоло албаган кемпири үзүлүп кетти. Кекебай кош күйүткө батып боз үй алдында муңканып ыйлап отурду. Кабарды кайдан уккан Садыр инисинин таягынан тажап төркүндөрүнө кетип калган келини аза каадасын кылып келиптир. Чалды ушунусу кубантты. Айыл эли жапырт келип Кекебайдын жакындарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүткөнчө жанында турушту.

Ал жерге жакшы көргөн аракеч иниси Садыр гана келбеди. Аялы кеткенден кийин арактан башы чыкпай калган ал шордуу чогуу ичишип отурган бирөө менен уруша кетип, аны бычактап абакка отуруп калган. Кемпиринин жаназасын окуй баштаганда Кекебайдын шаардагы жалгыз уулу келди. Анын келгени, бир күн туруп ишине шылтоолоп шаарына шашылыш кайтканы Кекебайды капа деле кылган жок. Баласынан үмүтүн үзүп койгон. Кемпиринин акылы туура болгонун элдин баары кетип үйдө өзү калганда билди. Эжесинин көңүлү деп отуруп калган Кадича болбосо ээн үйдө жалгыз өзү соксоюп отуруп калмак экен. Элдин баарынын өзүнө жараша тирилиги бар, жамандыкта чалды жалгыз калтырбай бир келишти да тарап кетишти.

Аракечтин таягын күндө жесе да келини адамгерчилик кылды. Эртеси абасына Садырды абактан чыгарып келели деп келиптир. Карылык жашык кылып коёбу байкуш Кекебай аны укканда көз жашын зорго тыйып, эстүү келинине келинине кабат-кабат батасын берди. Бир жаман жери алар антип даярдана электен мурда эле Садыр арактан оңоло албай абактан каза болуп, сөөгүн өлүкканага жеткирип коюшканын айылдагылар ансыз да кош күйүткө басылып отургандарды кыйнабайлы деп айтпай коюшкан экен. Байкуш Кекебай суук кабарды угуп селейип көзүнүн жашы он талаа болуп ыйлаар.

Мына ушундай кайгылуу баян. Бүгүнкү кыргыз айылынын аянычтуу сүрөтү.

Ким билет, акылдуу карынын кеп-кеңешин укса тежик инилери өлбөй аман калышар беле. Коом алмашып, адеп-ыйман катаал өзгөрүүгө учурап жаткан азыркы учурда мурдагы көнүмүш турмуш жок, баягы бейгам элет таптакыр башка түргө өтүп кеткен. Айылдыктар арасында да социалдык жиктелүү жүрүп, байыгандары байып, кедейликтин сазына баткандар иш издеп туш-тарапка чачылышкан. Андайларга мурда тууган-урук ичиндеги чоң-кичине маселелерди чечип салчу аксакалдардын кеби өтпөй калган.

Мына ушул жаңы коомдук мамилерге өтүүнүн кыйынчылыгы Абдымомун Калбаевдин аңгемесинде мыкты сүрөттөлгөн. Бекем орун-очок алып калган салтуу уруулук байланыш-катыштар бир четтен ыдырап, анын ордуна келчү коомдук мамилелер бекем орун-очок ала элек өткөөл учур биртоп карама-каршылыкты жаратат. Ошондон Кекебай чалдын жакындары анын кебин укпай атышпайбы, көжөлүп ар бири өз алдынча багытка түшкүсү келип атыры. Бири капыс келген сыноодон өтө албай, ачуусун ачкыл суудан чыгарса, экинчиси башка бирөөнүн эсебинен бейгам жашагысы келет.

Кекебайдын сөзүн байбичеси менен Кадича гана калтырышпады. Ал экөө буга чейинки элдик каада-салттын торунан чыга алышпады. Анткен менен Кекебай жаңы турмуш шартында өзгөрүлүп кеткен коомдук мамиле-катнаштарды түшүнбөй, эмнеликтен баары тетирисине кетип атканына таң кала берет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG