Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Үйүлгөн ташта калган элес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эсенбек Кудайбергеновдун «Молонун сыры» баяны.

Социалдык теңсиздикти жоюу - адам баласынын алмустактан бери арыбай-талыбай келаткан тилеги. Бир келчү дүйнөдө ар бир адам жакшы жашагысы келет. Кыргыз аңгемесинин классикасынан бул жолу Эсенбек Кудайбергеновдун «Молонун сыры» баяны тууралуу болмокчу.

Социалдык теңсиздик дегенибиз - ириде пенде баласынын коом турмушундагы өз ордун табуу аракетинен айкындалып чыкчу акыйкаттарынын бири. Тирүүлүктө бай-кедей, дегеле жашоо-турмушунун себеп-жөнүн иликтеп, турмуш жолун жакшы жагына оодаруу аракети акыл-эстүү адамды дайыма ойлонтуп келет.

Ташкара болуштун «эмдеши»

Курман өмүр бою Ташкара болуштун кызматын кылып, курсагы тойгонуна ыраазы болуп жүрө берсе кожоюнунун аны менен иши деле болмок эмес. Анын үстүнө Курмандын ата-энеси ошентип өмүр кечирген. Алардан калган тукум Курман да болуштун кызматын кылып, жашоосуна ыраазы болуп, каш кайтарбай күн кечире бериши керек эле. Ташкара болуштун жайыл дасторконуна мансаптуулар ыраазы, эшигинен адам үзүлбөй, айтканы аткарылып, жашоо-турмушу сонун болчу. Анан чочугансып оту менен кирип, күлү менен чыккан кызматчысынын, колундагы кулунун кетем дегени эмнеси? Бу шордуунун үй-бүлөсү да жок. Жараткан аны ушул жагынан аксатып коюптур.

Ташкара болуш канатташ казактар менен кең өрөөн Таласка белгилүү инсан. Карабайсыңбы эми, жашы өйдөлөгөнүн шылтоо кылып, башын бошотуп коюуну сурап отурат. Ансыз деле ишин аткаргандан кийин колоктоп бош эле жүрбөйбү. Болуштун жаалданганынча бар. Бу кедейдин көзү ачылып калган бейм, унчукпай иштеп, тапшырылган жумушту аткарып жүрө бербейби! Коюн кайтарыш, жылкысын багыш, эгинин сугарып, аштыгын караштын эмнеси оор? Мурда да ачык айталбай күңкүл-мыңкыл кеп кылганда билмексен, укмаксан болуп койгон.

«- Улук, сөзүмдү угуп ырайым кыл. Ак батаңды берип азаттыгымды колума кармат. Жашап калдым, карылыктын артын өзүмчө жашайын. Кемпир-чалдын эмнесине жетпейт?

Башын булкуп алып, өңү кара көк тартып чыңалган Ташкара ач жолборстой айкырды.

- Я де, кунарсыз, атаң менин атамдын кол алдында өмүрү өткөнчө кетем-коём дебептир. Сен эмне, атаңдан акылдуумун дейсиңби? Курсагың ток, кийимиң бүтүн, ырысыңды тээп жүрбө, как баш!

- Болуш, ушунча кордогонуң жетишет! Эркин болгум келет дебедимби. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. - Ал бир кылчайбай бет алды басып кетет.

Кеп жеп катуу сынган Ташкара жаралуу аюудай кышылдады. Көпкөн жигиттерин чакырып катуу табыштайт. «О тиги куу сакалды «эмдеп» койгулачы. Ирегемдеги иттин тукуму-эй, сени элеби, кеткичилканасын чапкыла, тез...»

Бөрк ал десе, баш кескен чаар Алымкул, Бектурган кесеп куюн ызгытты».

Алары карылыкка баш коё баштаган Курман байкушту көгала койдой сабап, анысы аз келгенсип сол көзүнө чыгара коюп, чоң иш кылгандай эрдемсип келип атышпайбы. Курман көзүнөн ажырап шорлоп кала берди. Ал айылда Курманга жаны ачыгандар да бар экен, карылуу жигиттер заматта чогулуп Ташкара болуштун айылын чапчудай алай-дүлөй болуп кирип барышты. Көпчүлүк деген көпчүлүк, жашыруун буйрук берген өзү. Айласы куруган Ташкара болуш жаалданган эл алдына көйнөк-жектечен чуркап чыгып Курмандын көзүн чыгара чапкандарды эл алдында айыптап чыкты. Аларды өзү жөнөткөн.

«- Айланайын эл, ошол эки ит эле болсо колуңарга берем. Боорун жарып, өтүн алгыла. Бий чакыртып, калыс кармагыла. Өзүм баш болуп ак-карасын ылгашам. Курман менден алыс бекен. Ирегемден конуш алып, туз-даамдаш болгон жакыным.

Али бий, калыска кедейден Көчөрдү алышты.

Эл Алымкул, Бектурганды көргөндө тилдеп сала беришти. Кээси ыкыс берип келтегин тап кылды. Курман колун көтөрүп:

- Акылдуу адам итти уруп, колун булгабайт элим, - деп кеңеш берди.

- Кана агайын, Курман туура айтат. Битке эрегишип тонуңарды отко салбагыла. Эки акмак күнөөлүү.

Экөө бир ооздон:

- Болуш сиз... - деп, келатканда Ташкаранын көзүнөн чаар чымын учту.

- У, тексиз эшектер, токтот сөздү, өлүп калса доо кимге, көздү чыгара чабабы. Киши деген байкабайбы. Мына бул тургандар тирилей этиңерди тытканы турат. Менин болуштук даражамды сыйлаган элге ыракмат. Жан соогалап арачы түшпөсөм, экөөңдүн бир көзүң эмес, эки көзүңдү оюп кетишет. Эл алдында жыгылып айып төлөгүлө. Кана, калыстар кеңешке киргиле».

Амалдуу Ташкара. «О тиги куу сакалды «эмдеп» койгулачы. Ирегемдеги иттин тукуму-эй, сени элеби, кеткичилканасын чапкыла, тез...» деген өзү. Килеңдеген акылсыз иттер күнөөсүз байкуштун бир көзүн олойто чаап кайтып келе беришти. Апыл-тапыл түзүлгөн бийлер күнөөлүүгө бир жылкы үч кой айып салып, ишти басты-басты кылды. Марттыгы кармап кеткен Ташкара болуш Курмандын башын азаттык кылганын жарыя кылды. Көз акысына, албетте. А бирок, болуш ал ирет катуу сынып калды. Болуш деген аты эле болбосо жаалданган көпчүлүктү токтото алчу кудурети жок экен. Таяк жеп бир көзүнөн ажыраганы менен ошол жыйындан кийин Курмандын кадыры өсүп, айылдагы бир топ маселелерди чечүүгө катышып, эл аны «кедей бий» деп атоого өтүштү.

«Кедей бий» менен болуштун эрегиши

Ушул жагдай Ташкара болушту катуу ойлонтту. Баштагыдай ачык басынтып, жүндөй тытып сабатып ийгенге даабайт. Жаңы бийлик орус мыйзамын орнотуп, аны бузгандарды байлыгына карабай сүргүнгө айдатып, абакка салып, мурдагы ээн-жайкын турмуш өзгөрүлүп калган. Карыганча ирегесинде кызмат кылган Курмандын сөөлөттүү болушка атаандаштыкка чыгышы Ташкаранын ачуусун аябай келтирди. Кудай кылса көрөт экенсиң, мына көрүп жатат. Кыргыз жерине жаңы келген болуштукту Ташкара мурдагы кандык замандагы өзүм билемдик катары көрчү.

Кабыланча бет алдына келгенин челип ыргытып өтүп кетчү Ташкара ошондон кийин этият болуп, тымызын кегин кантип чыгарыштын кезин күттү. Бир жолу «итке минген бий келди» десе тигиниси «өгүзгө эле минейинчи, сенин абийиринден эмне калар экен» деп оозун жап кылган. Байлык, бийлик дегениң таамай айтылган таасирдүү сөз алдында алсыз экен. Ыгын таап, ылайыгын келтирип таамай кепти айта албасаң көпчүлүк алдында сөзгө каласың. А сөз деген жаман, укумдан-тукумга унутулбай айтылып кете берет. Анын үстүнө ал кезде баары сөзгө конок берип, сөзгө ишенип, сөзгө жыгылып, сөздү туу тутуп келген. Курманды Ташкара сөздөн ала албай, анысын ойлогондо андан беш бетер жаалы кайнап, ачуусун кайдан, кантип чыгарыштын саатын күттү.

Эшигинен үрүп чыгар ити жок кедейдин бир өрөөн элге сөзү өтүмдүү болушка каш кайтарышы, кедейлерди чогултуп алып бийлик адамына каршы турушу кимге жаксын? Ташкара заман өзгөрүлүп, мурда айткан-дегенин эки кылбаган адамдардын кээде ачык, көбүнесе тымызын баш ийбей баратышын түшүнө албай койду. Бийлик адамынын айткан-дегени айныксыз аткарылышы керек. Антпесе бийликтин кадыры түшүп, элдин баары туш келди басып кетиши мүмкүн.

Курмандын орду кайсы жерде экенин көрсөтүп, дагы бир ирет ийге келтирүүнүн кезеги Күркүрөөнүн аркы өйүзүндөгү бир айылга батага барышканда келди окшойт. Болушту коштогон жоон топ жан-жөкөрлөрдүн артында кызыл өгүзүн теминип Курман да барган. Атчандардын көркүн бузуп кызыл өгүздүн мурдун кыңырайта тартып минип алган «кедей бийине» эмнеге ат мингизип койбогонун казак кудасы шылдың кылып айтты. Эмне деп жооп берет? Ташкара жер жайнаган малын Курман үчүн бактырып жатыппы?! Анчалык дүйнөгө Курмандын деле эмгеги кеткени, карыганча оту менен кирип, күлү менен чыгып кызмат кылганы эсинен чыгып калган эле. Башын бошондукка чыгарыш үчүн чырактай көзүнөн ажыраганы да унут болгон.

Ызага ууккан болуш жолдо келатканда Курманды колу талыганча сабап, чалажан кылып таштап кетти. Эрегиш эми өмүр-өлүм, намыска көчүп, олбой аман калган Курман Ташкара болушту алдына чөгөлөтүштүн амалын ойлоп, үйүнө конокко чакырат. Аш-тамак, сыйдан ким качсын! Итке минердин алдыга койгон тамагын жеп, этке карк болууну ойлогон болуш эки адамы менен Курмандын үйүнө түштү.

«Ар уугу ар кандай сайылып, калбыр үзүк, жыртык курмушудан жылдыздар саналуу. Көзү сөгүлгөн сынык кереге болумушу чойроюп, тирөөчкө таңылган. Үйдүн сыртына тикесинен үч сыйра коюлган боолануу камыш-куурайлар. Болуш сыртынан сыр бербей чамгарак тиктеп, ичинен денесин жыйрыды. Ашың курусун «ит минер». Камыштын үстүнө кебези булаган төшөгүн салыптыр. Мунусу менин итимдин жамынчысы. Айла жок «иттин жатагына» көчүк бастыкпы, ыя? Курман меймандарды кабыл алды. Ичтегисин айтып, кеткен каталыкты кечирүүсүн өтүндү.

- Болуштун ыйыктыгына түшүнүпсүң, Курман. Күнөөңү кечейин. Антпегенде бир кедейден дүнүйөнүн эли кемибейт чыгар. - Болуш кытмыр жылмайып далайга уу тилдүү сөзүн чаргытты. Демейде куш жаздык чыканактап, курсагы бүктөлбөгөн манаптар кыш-кыш демигип жүдөө отурду. Болгондо коломтодо шири баш козунун эти борк-борк кайнап, алардын табитин ачты».

Бийлиги менен байлыгына дөөгүрсүгөн болушка Курмандын башын ийип кечирим сураганы, чоң токмоктон кийин ийилчээк болуп калганы жакты. А бирок анын койнунда кандай котур ташы жатканын, жаалданган кедейлер көпкөлөң болушту өлтүрүп коюунун аракетине киришип калганын элес албады, антип деле салышмак. Эшиги чылк жабылган камыш үй жаалдап күйө баштаганда кандай жагдайга туш келгенин билип, жалынып-жалбарууга өттү. Дагы жакшы, өчөшүп алган жигиттерди ийге келтирип, Курман өзү суранбаса үчөөнүн чычаласы гана калмак. Чала-чарпыт күйүп, жарыкчылыктан үмүтү үзүлүп калган үчөө, болгон ишти эч кимге айтпаска сөз беришип жолго түшүштү. Ташкара болуш Курмандын үстүнө үй, алдына ат берүү милдетин алды. Жандары аман калганына үчөө тең ыраазы болушту. Бул ирет мөрөй Курманга ооду.

Ошол Курман, Ташкара болушту чөгөлөткөн «кедей бий» артымда эстелик калсын, жолдон өткөндөр «Курмандын молосу» деп эстеп жүрүшсүн деп өмүрүнүн соңку жылдарын калаты бир ишке арнаган экен.​

«Бул аймакта кокус кабанаак итке каяша кылгыдай муштумдай таш калса эмне?! Үймөк таш көтөрүлүп үйдөй болгондо токтоду. Ошондон көп кечикпей дүйнөдөн өтсө да анын «сыйкырдуу» молосу күнү бүгүн Курман аталып жыйылып турат. Аманат ташты бузууга эч ким даабайт. Себеби ар бирине Курмандын колу тийип, тери тамган. Жок, көз жашын чайган. Алгачкы ташын кармаганда ай талаага арманын айтып боздогондур. Ээн талаа, жансыз таш түбөлүккө сыр каткан дудук. Ар дайым молонун жанынан өткөндөр баюулунун үнүн угат. А балким, үңүлдөгөн карт баюулу Курманды билер? Курман атын ташка калтырса да унутулган жок».

Кеп соңунда автор тууралуу кыскача маалымат. Эсенбек Кудайбергенов - өмүрүн мугалимдикке арнап, Талас жеринде жаңы муунга билимин берген педагог, бир топ чыгармаларды жараткан автор. Көзү тирүүсүндө «Өчпөс жазуу» (1973), «Токой жомогу» (1978), «Корукчу» (1982) деген китептери жарык көргөн. 63 жашында 1993-жылы каза болгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG