Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Айтматовдун бүтпөй калган чыгармасы


"Азаттык" радиосунун Чыңгыз Айтматов тууралуу 2019-жылы чыгарган китеби.
"Азаттык" радиосунун Чыңгыз Айтматов тууралуу 2019-жылы чыгарган китеби.

Чыңгыз Айтматовдун "Кайрылып куштар келгенче” аңгемесинде кыргыз тарыхынын эң эле оор учуру сүрөттөлгөн. Катаал жоо айланы кетирип, калктын шаштысын алып турган калтыс кездеги жашоо-тирдик, улуу сөздүн жаралышы, улуттук рух көркөм иликтөөгө алынган. Бул ирет даркан сүрөткердин адабий таберигине кайрылуунун ыңгайы келип турат.

Мезгилдүү басылмаларга жарыяланган маектеринин биринде Чыңгыз Айтматов тарыхый темага кайрылып, көлөмдүү чыгарма жазып жатканын ырастаган жайы бар. Негедир андай чыгарма жазылбады. Жазыла турган чыгармасы тууралуу озунуп жарыя кылууну сүрөткер ошондон кийин токтотуп, чыгармачылык пландарын чоң сыр кылып катып коюуга өттү. Албетте, өтмүш менен бүгүнкүнү, атүгүл болочок жашоо турмуш кандай болору жөнүндөгү ой толгоолорун жазуучу башка чыгармаларында кемелине келтире сүрөттөп берди.

Өңгөсү өңгө, элдик аң-сезимде кыттай уюп калган аңыз кептердин негизинде жараткан “Чыңгызхандын ак булуту”, болбосо “Кылым карытар бир күн” романындагы тарыхый окуялар жазуучу өткөнгө кайрылуу ышкысын унутта калтырбаганын айгинелеп туру го.

“Кайрылып куштар келгенче” ошондой ири чыгармачыл ниеттердин бири, тарыхка кайрылуунун сааты келип турганда башталып, кандайдыр бир себептердин айынан токтоп калган керемет чыгарма.

Негизи эле Чыңгыз Айтматов көркөм объектисин бир мезгилдик нокотко топтоп, андан ары анын өткөнү менен бүгүнкүсүн, эртеңкисин байланыштырып, көркөм проблеманы кеңири мезгил-мейкиндик алкакка алып чыгууну жактырган сүрөткер. Айтор, “Кайрылып куштар келгенче” даанышман жазуучунун чыгармачылык баралына келип, көркөм дүйнөнүн ар кыл сырларын мыкты өздөштүрүп, чагылдыруунун көп кырдуу ыңгайына ооп калган кезиндеги туундусу. Чакан текстке оголе көп ойлорду, турмуш көрүнүштөрүн, тарыхый татаал жагдайды ыктуу кынаптап койгон шедеври.

Окуя эки бир туугандын мулук мүйүз көк өгүзгө отун артып келе жаткан учурунан башталат. Кашаң өгүздү бири жетелеп, экинчиси айдап бир туугандар эртерээк үйгө жетсек деп келатканда кашатта кол булгалап, бирдемелерди сүйлөп аткан энесин көрүштү. Сөздөрү угулбайт, бир маанилүү кабар болбосо апасы минтип кабатырланып жол тосуп чыкпайт болчу. Эмне болуп кетти экен?

“ – Талчүйдөн кабар болбосун, - деи Турман иреңи кубарып. – Жүр, бол, эртерээк айда.

Көк өгүздү уруп-согуп булар кыя жол менен төтөлөй шашылышты. Тери тебетей, тон, кам чокой оор тартып күйүгүп кетишти.

Энесинин тигинтип кыйкырышы жакшылыктын белгиси эмес эле. “Эмне болуп кетти?” деген ойдон улам жана отунга барганда “Абамдын жолун тосуп чыгып түшүмдү жорутам келгенде көрөрсүң, көрөрсүң” деп айтыша кетип, Турманды өмгөктөгөнү азыр Эламандын эсине түшүп, энеси тигинтип турганда ал өз кылыгынан өзү үрктү: “Оо, кудай, кесир сүйлөсөм кечиргин, кечир. Абам эле аман болсо экен. Экинчи антпейм. Абам эле аман болсо экен” деп зар какшап, кудай деп түшүнгөн асмандагы кудурети ченемсиз алда бирөөгө көңүлүндө жалынып кайрылды".

Эки бир туугандын антип камтама болуп, алкымы оозуна тыгылышынын жөнү бар. Тепкедей айылдын эр-азаматтары урушка кетишкен. Жоңгорлор (жуңгарлар) тынчтык бербей, кыргыз менен казактын алы кетип, амалдуу, саны жагынан көп, анан да курал-жарагы мыкты жоңгор калмактары кол салып, курал-жаракка камдуунун баары майданга аттанышкан.

Чыңгызхандан кийинки чоң жапырыкты калмактар баштаган. Бир колго баш ийбей ар бири өзүнчө бий, уруу-урууга, кокту-колотко чачыраган калктын айласы куруп турган. Койчуман абасы айылдан чыга бериште Сарыторунун үстүндө заңкайып отуруп чогулгандардан бата сураган. “Манастын арбагы колдосун!. Ыйлаба, Алмаш. Ыйлаба, айланайын Токонум!” деп ат тизгинин бурган.

Кошкат Алмаш анын үзөңгүсүн кармай ыкчам басып, Эламан абакесине ичи ачышып, атчандарды жандап чуркаган. Айыл ичи ызы-чуу болуп, бирлери ыйлап, калгандары бозоруп, мөңкөйгөн карылар бүк түшүп жаман болушкан. Согушка аттаныш тикелей өлүмгө бет алган эр-азаматтар менен акыркы жолугушуу, соңку кездешүү го. Айрымдары кайтышы мүмкүн. Аны узатып атканы, жөнөп жатканы – баары билишчү.

Бу пенде дегениң бири экинчиси менен урушпаса, согушпаса, үстөмдүк кылбаса жашай албайт тура. Бүгүн бул жерди байырлап, эртен башка жакка көчүп-конуп жүргөн калктын душманы кайсы күнү камынтпай басып келери эч кимге дайынсыз. Балдар ушуну ойлоп нестейишти. Көк өгүздү койгулап тектирге чыгып келишсе апасы экөөнү какыс-кукус кылып урушуп, Алмаштын бойго жеткен сиңдиси башым деп жыгылып, бу дүйнөдөн көчүп кеткенин угузду. Келишсе Алмаштын жашы он талаа.

Балдардын апасы Кертолгоо Алмашты алып кудаларга барыш керектиги ошондо чечилди. Сеңирбай керегечи бүк түшүп төшөк тартып жатып калган. Кимдер барат? Абасы жоо беттеп урушта, калгандары барышат да. Кертолгоо зайып баш болуп жатындашынан, эмчектешинен айрылган Алмашты коштоп кыш күрөө экенине карабай узун жолго чыгышат. Сеңирбай керегечи жан кыйнаган оорусуна карабай кемпирине ирегелеш туугандарын алып кемпир-кесек, бала-чакасын алып барып келишин табыштады. Минтип ооруп калбаса өзү баштап бармак, эми айла жок. Же жарыган мингич болсочу, элдик каада-салттан чыкмак беле, ат-өгүзчөн күндү кеч кылбай шашылып жөнөп беришти. Турман ноопаз жетелеп жөө кетти. Батага Эламан барбай калды, атасын карасын деп калтырышты. Деле тыным алууну билбеген Сеңирбай керегечи “жүрөгүм” деп көкүрөгүн басып жыгылган, ошол бойдон төшөктө. Чоң үйгө алып баралы дешсе макул болбой көнүмүш жеринде, балта-чоту, таарылган жыгачтар менен өбө-дөбө үйүлгөн чамындыга аралашып жатат. Эламан атасынын абалы аябай эле оор экенин отунун түшүрүп үйгө киргенде эле көргөн.

“Өң-түстөн кеткен атасынын түрү, өзгөчө артыкбаш нерсе сыңар, кубатсыз шалдайган манжалары муунак-муунак бүткөн камыш окшоп, күрөктөй зор колдорунун бош сулашы көзүнө башкача көрүндү, жаман көрүндү. Үнү да өзгөрүлө түшкөн экен.

- Ии, келдиңерби – деди ал кыңкыстап. Эламан атасынын жанынан чөк түшө отура кетти.

- Эмне болду, ата, эмне?

- Эмне болсун? – Сеңирбай керегечи күлүүгө аракеттенди. – Баягы курган жүрөк, эчтеке эмес, өтүп кетер".

Жакшы болуп кетер, оңолуп кетер деген керегечинин акыбалы начарлап бараткан. Батага кеткендерди узатып коюп үйгө кирсе атасы кичине оңолгонсуп калыптыр, баласына от жагып, чокоюн кургатып алышын тапшырды. Эламан можудан чогултуп отту тутандырып, кыйналып жаткан атасынын “жүрөгүм” дегенине түшүнбөй отурду.

Бала да, айылда мал союлуп калганда жүрөк деген кан аралаш муштумдай кызыл этти көргөн. Адамдыкы деле ошондой эле болуш керек. Анан оор дөңгөчтөрдү, матоо таштарды кыйналбай көтөргөн албеттүү, балбан атасынын кичинекей бир жүрөктү шылтоо кылып жатып алганы таңкалычтуу сезилди.

“Жүрөк да ооруйбу?” десе жаны кыйналып аткан атасы айласыз жылмайып, “сендей кезде жүрөктүн кайда экенин билчү деле эмесмин айланайын, ооруйт да” деп тим болду. Атасы экөө ээн калганда Эламан түндө көргөн түшүн айткысы келди. Эшиктеги көк өгүздү минип бир жерде кетип баратканын, анан адашып кеткенин айтып атканда эшиктен ит үрүп атчан бирөө бастырып келгени угулду. Түшүн айта албай калды. Эламан шашылыш бирөө келгенин атасына билдиргенче үйгө жапалдаш бойлуу, көзү алагай, көсөө киши кирип келди. Атасы тааныган киши экен. Учурашкандан кийин ал киши ыйламсырап сүйлөй кетти.

“- Талчүйдөн чымын учкан дарек жок. Ушунча кол жер түбүнө түшүп кеткендей. Ойрот көптүгү менен жеңип кетет, биз эмес нечен сан казакты кыйратып кеткен жонгор бизди коёбу деген сөз ырбап кетти. Ал андай турсун, тиги жылкысы көп айылдар кара башыбызды ала качабыз, айла табылбаса ынды кетебиз, - деп дүрбөп жатышат.

- Ушундай де, - деп Сеңирбай башын чайкап тыңшоодо.

- Анан эми ошо биздин тегерегибиз бүлүнүп кетти, качабыз деп камынгандар да бар, Секе, кудай анын жүзүн нары кылсын. Эми канттик? Ары ойлоп, бери ойлоп аракет кылсакпы же тобокел деп, калың жаанда бээнин бооруна ыккан кулундай тура берсекпи деп башыбыз маң. Аттуу-баштуу Талчүйдө, алардын күнү не болду, мында жаткан биздин күн не болсун. Темселеп келип калганым ушул Секе, билгениңди айт. Курган баштын айласын таппай турабыз”.

Сеңирбай курбусунун сөзүн шашпай угуп, кыйналганына карабай төшөктө отурду. Калк минтип кыйчалыш шартта азып-тозуп кетпеши керектигин айтты. Бири көчө качса артынан миңи кетерин эскертти.

Калк болгон соң бирде жеңилип, бирде жеңип, бу тирүүлүктөгү азап-тозокко кайыл болуп жашоо керектигин билдирди. Эки кары сөз арасында жакалап турган ойрот-жоңгор жоо, калың калмак катуу душман экенин, экөөнүн жоолашуусу жер замандан бери келатканын эстешти. Сеңирбай керегечи бири качса артынан сүрүлүп миңи качарын Эламанга бекеринен айткан жок.

“ – Ээ балам, кеп башкада. Мындай опурталдуу күндө бир эле киши качып жөнөсө миң киши үркөт. Ушундай ушундайга чыдап турбасак биз эл болуп эмне кереги бар?”.

Мына ушул сөздү Сеңирбай керегечи кыйналып туруп айтты да унчукпай калды. Жана Кушубак чал келип кеткенден кийин абалы дагы начарлаганын сезди. Кайдан-жайдан ызы-чуу чыгып, кулагы тунуп, денеси алоолонуп чыкты. Анан эс-мас жаткан чагында жолундагынын баарын жойлоп келаткан күр-шар агым басып, кайдыр бир жакка жеңил калкып кетип баратты. Кайра эсине келгенде уулунун түшүн жоруп бере албагандыгын ойлоп, оозун ачып болгон күч-аракетин жыйнап бир нерсе дегиси келди.

Демиккен көкүрөгүнө аба жетпей, акыл-оюнда чактап аткан сөзүн айта албастыгын туйду. Жана Кушубак чал чыгып кетери менен Эламан түшүндө Койчуман абасына жолукканын, абасы “Манас” айтып, жанында отурган Эламан да ага кошулуп, улуу сөзгө аралашып кеткенин айткан.

Абасы экөө “Манас” айтып жатышканда ойгонуп кеткенин айткан. Сеңирбай керегечи абалы кичине дурус болсо түшүн жоруп бермегин айтып, өз жаны менен алек болуп калбадыбы. Антпесе айтмак, “Түш чындык эмес, жоруса тегин эмес” демек. Ага жеткирбей аңдыган ажал минтип желкелеп, жетелеп кетчүдөй болуп турбайбы. Антпесе көп сөздү айтмак.

Жыгачка жан киргизген уста ушу азыр сүйлөй алса ар бир башталыштын аягы болорун, ошол аякталыштын артында из калышы керектигин ырастамак. Анан да ушу бир сырдуу баласынын өнөрлүү болгонун, чанда бир адамга гана ыроолончу бийик өнөр секисине көтөрүлөрүн, мындай ырыскы баарына эле бериле бербестигин, ошол күндөн ушул күн аты калып наркы жок, эчен түрлүү эл өткөнүн, коо бузулуп сай болгонун, сай бузулуп тоо болгонун, тоо бузулуп коо болгонун, жер бетинде элдердин көп чайпалып аз болгонун айткысы келген. Болбостур эми, жубанганы - эми ал улуу сөздү баласы Эламан айтат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG