Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Күзгө айландым заматта күбүрөгөн...


Чыныбай Турсунбеков.

Коомдук шарт-жагдай өзгөрүлүп кетпесе, Чыныбай Турсунбеков акындык өнөрүн өркүндөтүп, адабияттын алдыңкы сабында жүрмөк. Ушул жылдын 15-октябрында 60 жашка чыкмак. Жайында каптаган апаат саясий ишмер, жакшы адам, жаркын акынды алып кетти.

Жаңы жатакана

Чыныбай Турсунбеков ал кезде жапжаш жигит, Кыргыз Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспиранты. Бул эми 1986-жылкы окуя. Кыргыз Илимдер академиясынын Бишкек темир жол вокзалынын артындагы “Түштүк – 2” кичирайонунда жаңы жатаканасы бүтүп, 90 бөлмөлүү жаңы үй жаш илимпоздор менен аспиранттарга бөлүнө баштаган. Чыныбайга ошол жаңы жатаканадан орун берилип, чоң чемоданы менен китептерин алып көчүп келген экен.

Жатакананын коменданты болуп Инаш эже деген боорукер аял иштечү. Жатакана жаңы бүткөн, ал кезде кыргыз жаштарынын көбү шаарда үйсүз, ижарага үй алып турушчу. Анан ошол боорукер эже Чыныбайга кенен бөлмөнүн ачкычын берип жатып, сүйлөшкөн кызы болсо тезинен алып келип кирип алышын айтыптыр. Ошондон көп өтпөй “Чыныбай үйлөнүптүр” деп жатакана дуулдап калды.

Чыныбай менен Нуржандын жаңыдан түтүн булатышы ошол куттуу жайдан башталды. Үйлөнгөндөн кийин Чыныбай көк “Москвичин” минип ары-бери каттап калганын көрчү болдук.

1995-жылы Түркияга ортолук окуу китебин жазганы барып, Анкарадагы Чыныбайдын үйүндө конок болгонубуз эсимде. Түркиядан Чыныбай ишкер болуп кайтканын, ун чыгаруу бизнесине өтүп, ири салык төлөөчүлөр катарына кошулганын кайсы бир басылмадан окуп калдым. Арадан анча көп өтпөй Чыныбай саясий иштерге аралашып, Ишкерлер биримдигин жетектеп, анан парламентке депутат, фракция башчысы, спикер, кызматы жагынан өлкөдөгү экинчи адам болуп калды. Быйыл жаздан тарта күч алган катаал тумоо саясий ишмердиги ийгиликтүү уланып келаткан жаркын инсанды алып кетти, ал тууралуу минтип эскерүү жазып калдык.

Арман дүйнө, аман турса Чыныбай Турсунбеков алтымышка чыкмак экен. Чыныбай соцайылда достору көп, активдүү жарандардын бири эле. Тирүү болсо бул күнү соцайылда анын дарегине куттуктоолор жаап, жалаң республика эмес, башка өлкөлөрдөн да жакшы тилек, каалоолор агылмак.

Чыныбай турган турум-турпаты боюнча акын эле. Бала кезинен кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын окуп, алардын ичинен Турар Кожомбердиевди өзгөчө пир тутуп, поэзияга өмүрүн арнайм деген изги тилек менен келген. Ушул тилек аны Кыргыз мамлекеттик университетине алып келип, окуусун аяктагандан кийин басма жаатында иштеп, анан адабий илим изилдөө жагына өтүп жатпайбы.

Арада социализм тарыхый аренадан урап түшүп, адабият менен илимге мурдагыдай көңүл бурулбай, базар-нарк мамилелери орун-очок ала баштады. Тагдыр жолу Чыныбай Турсунбековду кийин саясатка аралаштырды.

Алыкенин китебин чыгарганда

Ал мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап жүргөндө чыгармачылыктан кол үзбөй ыр жыйнактарын чыгарды, улут адабиятына жардамын берип, көмөгүн көрсөтүп келди. Кеп ыңгайынан улам Олжобай Шакир инимдин Алым Токтомушевдин 60 жылдыгына арналган китебин кантип чыгарганы тууралуу эскерүүсүнөн үзүндү келтире кетүүнүн ушул жерде ыгы келип туру.

“Алыке 60ка чыгып аткан. Башкалар той берип дуулдап-шуулдап атпай-журтка аңыз курат экен, Алыке кайдан антсин? “Эч болбосо бир китебиңизди чыгарбайсызбы” дегениме көңүлсүнбөдү. “Кайдан акча табылмак эле” деп койду. Бир күнү анан ымалашып жүргөн ага санап “Акун” фирмасынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго телефон чалдым. “Сизге тарых үчүн, адабият үчүн тилемчи болуп чалып калдым…” дедим. “Не болуп кетти” деди. Алыкенин 60 жашка чыгып, бирок ушуга чейин “Жолдогулар” аттуу ырлар жыйнагынан башка (анын ичинде да болгону он чакты эле ыр) китеби чыкпаганын айтсам, баландай күнү келгиле деди.

Айткан күнү Алыкем экөөбүз ээрчишип бардык. “Канча керек” деди Чыкебиз. Алыке “500 доллар берсең жетет” дебеспи! “Э… коюңузчу, Алыке! Ал эмне болот, калың эле китеп чыгаралы” десем болбойт. Экөөбүз Чыныбай Турсунбековдун көзүнчө анча жетпейт, мынча жетет деп тартышып отурабыз.

Бир убакта Чыкебиз айтып калды: “Алыке, мен сизди абдан терең урматтайм, 1000 доллар берейин, жетпесе дагы айтарсыңар” деп. Ошол ошо болду. Алыке бирок жетпеди деп кайра барбады кийин, жетишинче жетти деп “Эски дептер” аттуу жыйнагын чыгарды, болгону 500 нускада. Китебин басып эле жатып калдык. Тандалмалар жыйнагы дээр эмгеги болуптур. Бирок “Эски дептер” чыныгы китепкөйлөрдүн көбүнө жетпеди, көбүн чыгармачыл чөйрө талап кетти окшойт. Чыгармачыл чөйрө сатып алмак беле. “Автографың менен берчи” деп бекер алып басып кетет эмеспи…”.

Чыныбай үчүн адабият жакын туруп кире албаган, кошуна туруп каалаганда катташа албаган арманы болчу. Кыйла убакты-сааты аяк-башы билинбеген саясий талаш-тартыш, колду байлаган жумуш, анан бир кайыбынан убакты-сааты болуп калса калам кармап, чыгармачылыкка киришүү болуп калды окшойт. Ошон үчүн ал үч поэтикалык жыйнагын, кандидаттык диссертациясынын китебин чыгаруу менен гана чектелип, бапыратып басылмаларын басууга ашыкпады. Поэзияга келгенде агынан жарылып, көңүлдө буккан сезим ойлорун ак кагазга тизди.

Саясий мектеп

Кийинки маектеринин биринде өзүн саясатчы катары сезе баштаганын белгилей кеткен экен. Бирок анын бала кездеги илгери үмүт изги тилеги кескин өзгөрүлүп, акын болбой калганына ичи чыкпай, анткен менен көркөм сөз ышкысы улут адабиятынын абалына кызыгып, каламдаштарына көмөк көрсөтүп, жардамын аянбай берип жүрдү. Мына ушул кош башталма - адабият менен саясаттын бир адамда эриш-аркак жүрүшү кандайынан келгенде да кызыктуу темалардын бири. Мына ушул теманы иликтөөгө кызыккандарга Чыныбай Турсунбековдун өмүр жолу жакшы мисал болуп берет эле.

“Саясат мени өлкөнү, адамдарды түшүнүп билгенге үйрөттү, - деп билдирген ал маектеринин биринде. - Адамдардын оң да, терс да касиеттерин, ар кайсы кырдаалда эмнеге жөндөмдүү экенин көрдүм. Өлкө экономикасындагы абалды, кадр саясатындагы, эл аралык, инвестициялык жана башка маселелердеги көйгөйлөрдү ийине жеткире түшүндүм. Көп нерселерди системага аралашкандан кийин гана билет экенсиң. Андыктан саясаттан мындай баалуу тажрыйба алганым үчүн, иш үстүндө нечен туура, таза жүргөн, кесипкөй, патриот адамдарды кездештиргениме ыраазымын.

Чынында, бизде ишкер адам саясатка аралашса, бизнесин коргогону келди деген түшүнүк калыптанып калган эмеспи. Эл баарына тараза, балким, мунун чындыгы бардыр, бирок менде мындай ой дегеле болгон эмес, азыр деле жок. Тескерисинче, менин саясатка аралашканым, учурда үй-бүлөм алектенип жаткан бизнеске залакасын тийгизип жатат”.

Коомдук турмуш өткөн кылымдын соңунда кескин өзгөрүлүп кетпесе Чыныбай акындык өнөрдүн артынан түшүп, бул жаатта алдыңкы саптагы калемгерлер катарында турмак.

Саясат ал үчүн утурумдук нерсе болчу. Таанымал ишкерди парламентке үгүттөгөн адамы экөөнүн кийинчерээк мамилеси сууп, айтылган убада, кол кармашып бекитилген сөздүн көбү түккө арзыбай, тунугу менен ылайы, жакшысы менен жаманы аралашып кеткен жерге кошулуп калганына өзүн жаман сезип жүргөн болуу керек.

Кыргызда калчу өнөр

Бала кезинде айылдагы китепканада болгон китептердин түгөл баарын окуп, Аркадий Гайдардын айтылуу “Тимур жана анын командасында” баяндалган окуяларга шыктанып, жалаң тестиерлерден өзүнчө топ түзүп, “тимурчулардын” ишин алыскы тоо арасындагы Жан-Булакка жайылтуу аракети эле көп нерсени айгинелеп туру го.

Чыныбай Турсунбеков кийин балалыгы, айылына кайрылып өмүрдүн кызык учурун эсине салып, өмүр-жашоонун кызыгын канаттуу саптарына сыйдырган.

Бүгүн кечке сезимди булут басып,
Бир топ китеп барактап, угут татып.
Жазындагы дарактай жашыл элем,
Жазылбаган барактай кысыр элем –
Көкүрөктөн көңүлдүү ыр төгүлүп,
Күзгө айландым заматта күбүрөгөн.

Акындын дагы бир ырында балалык кезден калган бир элести тартып берет. Тушоо кесмей тойдо кошоматчылык, кыйтырлык менен иши жок мадырабаштар жарышында агасы алдыга озуп келет. Бирок ал кезде деле кошоматчылыктын күнү тууп, койлору эгизден төлдөп турган, тушоону парторгдун баласы кесет.

Байкем экөөбүз ызаланып,
капаланып,
келсек үйгө,
Апабыз
шымыбыздын жыртыгына
жамаачы салып отуруптур.
Сагындым жыртык шымым…

Балалык кезден калган мына ушул ыза акынды кандай шарт, жагдай болбосун, адилет, калыс болууга, абийирине камчы чаппоого үйрөтөт. Анын татаал турмуштагы тиреги, кыйынчылыктарга моюн сунбай алдыга умтулушуна сүйүү кандай көмөк көрсөткөнүн мынабул саптарда көрсөткөн.

Сүйүүнүн улуулугун,
Сүйүүнүн бийиктигин,
Сүйүүнүн тереңдигин,
Сүйүүнүн ыйыктыгын,
Мен билбей жүрүптүрмүн!,
- дейт акын дагы бир ырында. Окурманынан сыр жашырбаган акын ышкы сезимин козгогон ким экени ачык айтат. “Чын сүйүүнүн касиети, Нуржаным, Чоң сүйүүнүн күчү бу!!!”.

Жалтайлабай эр жигиттин күчүнөн,
Жан кыйнаган ушул көйгөй турмушта.
Жарты сабак ырым сен деп түшүнөм,
Менин кылган жакшылыгым кыргызга.

Көркөм адабиятка деген айныксыз сүйүү гана аны кийин турмушунда кездешкен толгон-токой тоскоолдуктардан тайгылтпай алып өтүп, социализм “күп” этип кулап түшкөндөн кийин турмуш жолун кескин өзгөртүүгө алып өткөн. Ишкерликтин эчен кыйын ачык-жабык тоскоолдуктарына кайыл болуп, тыйындан тыйын курап, өлкөдөгү беш манжа менен саналчу ишкерлер катарына кошулду.

Чыныбай Турсунбековдун ыр кечеси. 31-октябрь, 2014-жыл.​ ("Азаттыктын" архивинен алынган видео)

Саясат жана поэзия
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Бул мезгил адабияттын өзү үчүн да аябай оор учур эле. Мамлекет баштагыдай кыргыз жазуучуларынын түн күзөтүп жараткандарын китеп кылып чыгарып, олчойтуп калем акысын төлөп бериши токтолуп, китепти чыгарыштан да сатып өткөрүш опсуз оор жумушка айланып калган. Чыныбай башка калемдештеринин китебин чыгарып, каржылык колдоо көрсөткөнү менен өзүнүн жазгандарын жабыратып чыгарбады.

Чыныбай Турсунбеков эки доордун күбөсү болуп аны ырга салган акын, кийинки жылдардагы саясий окуяларга активдүү катышкан ишмер катары элинин эсинде калат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG