Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Баба мурасын жана экологияны сактоо үчүн эрк менен дил... эч импорттолбойт


Батыш Австралия штатындагы кенге бай Пилбара чөлкөмүндөгү Жуукан капчыгайында 2020-жылдын 25-майына чейин сакталган ыйык делген үңкүрлүү жай.
Батыш Австралия штатындагы кенге бай Пилбара чөлкөмүндөгү Жуукан капчыгайында 2020-жылдын 25-майына чейин сакталган ыйык делген үңкүрлүү жай.

Австралиядагы жана Ала-Тоодогу тоо-кен компаниялары тарыхый мураска жана экологияга кайдыгер мамилеси үчүн кескин сынга кабылууда.

Учурдун күндөлүк турмушунун бир үзүмү камтылган бул блогду мен Австралиядан баштасамбы деп турам.

Айтылуу Си-Эн-Эн эл аралык сыналгы каналынын ишкердикке арналган берүүсү жана башка бир катар эл аралык жамаагаттык маалымат каражаттары 2020-жылы бугу (май) айынын соңунда -- кулжа (июнь) айынын башында олуттуу жаңылыкты ортого салды.

Көрсө, Австралиянын Батыш Австралия штатындагы кенге бай Пилбара (Pilbara) чөлкөмүндөгү Жуукан (Juukan) капчыгайынын бир тилкесинде түпкү австралиялыктар (б.а европалык оторчулар басып келе электеги көп этностордон турган нагыз жергиликтүү калк) укумдан-тукумга ыйык катары кастарлап келе жаткан бир эски үңкүрлүү жайды “Рио Тинто” (Rio Tinto) аттуу кубаттуу тоо-кен компаниясы жардырып салыптыр.

Түпкү австралиялыктар бул жайды дээрлик 46 миң жылдан бери (мамлекеттик цивилизациялардын башатынан алда канча илгертеден эле) өздөрүнүн эски диний ишенимдерине жана салтына ылайык ыйык жай катары сактап келе жаткан экен. Быйыл 24-майга карата үңкүрдү ойрондоо иштери улантылган экен.

Жуукан капчыгайында 2020-жылдын 25-майына чейин сакталган ыйык делген үңкүрлүү жай. CNN.
Жуукан капчыгайында 2020-жылдын 25-майына чейин сакталган ыйык делген үңкүрлүү жай. CNN.

Албетте, мында темир жана башка баалуу металлдардын өлчөөсүз зор кендери бар жана бул кен дүйнө жүзүнүн ири кен компанияларынын шилекейин чууртат. Мындай компаниялардын кылыгы Ооганстандын Бамиян аймагында байыркы Будданын ири айкелин атайылап жардырган түркөй талиптердин жоругунан кем эмес.

Бекеринен Жеймс Камэрон алыскы планетага чейин укуругу узарган цивилизациялык деңгээлге чыгып алып да варвардык кылган жердиктер тууралуу “Аватар” фильмин тарткан эмес ко деп ойлоп кетесиз.

"Аватар" (Avatar) көркөм тасмасынын көрнөгү.
"Аватар" (Avatar) көркөм тасмасынын көрнөгү.

Албетте, “Рио Тинто” компаниясы “төө кыядан өткөн соң” түпкү австралиялыктардын пууту кунти куррама (Puutu Kunti Kurrama) жана пиникура (Pinikura) этносторунан жана алардын коомдук уюмдарынан кечирим сураган экен. “Рио Тинто” компаниясынын Башкы деректири Крис Солсбери: “Биз пуути кунти куррама жана пиникура элдерин урматтайбыз”, –– деп өз билдирүүсүндө баса белгилептир.

Мындайча айтканда, Кум-Төрдүн айланасындагы мөңгүлөр биротоло жок болгон соң кечирим сураган, же ыйык делген Сулайман-Тоонун үңкүрүн жардырып алып, андан соң кечиргиле дегендей окуяга барабар иш болду окшойт. Баары бүткөн соң, бул кылмышы медиага билинип калса, албетте, коомчулук алдында кечирим сурап коюшат да...

Бирок, “Кум-Төргө” туйтунган чакан топтун ээлеринин ысымдары жашыруун бойдон кала берип жаткан баалуу кагаздарынын кожондарынын арасында жергиликтүү төбөлдөр да болушу ыктымал деген шек бар сыяктуу эле, Австралияда да бул Пилбара чөлкөмүндөгү тоо-кен компанияларынын жергиликтүү шыкакчылары бардыр?

Ооган талиптери Бамияндагы бийиктиги 53 метр болгон Будданын айкелин 2001-жылдын башында ойрон кылышкан. Бул –– ага чейинки эски сүрөт.
Ооган талиптери Бамияндагы бийиктиги 53 метр болгон Будданын айкелин 2001-жылдын башында ойрон кылышкан. Бул –– ага чейинки эски сүрөт.

Эми алыскы Австралияны таштай туралы да, Бишкектен автоунаа менен 5 саатка жетип-жетпей барып кала турган Солтон-Сары жана Терс-Суу жайлоолоруна келели.

Мында Нарын дарыясына куйган Он-Арча өзөнүнүн эки ири башаты –– чыгыштан батышка аккан Солтон-Сары жана батыштан чыгышка аккан Терс-Суу өзөндөрү бар (кийинкиси –– батыштан чыгышка аккандыгы үчүн “Терс-Суу” аталат; бирок айрым маалымат каражаттары анысын аңдабастан, “Тер-Суу” деп жазып келишкени күлкү келтирет).

Солтон-Сары жана Терс-Суу өзөндөрүнүн өрөөндөрүн камтыган бул бийик тоолуу аймак Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан.

Мында азыркы тапта да байыркы балбал, андан да байыркы аска таш бетиндеги сүрөттөр сакталып калган. Албетте, кен казуучулар бул эстеликтердин астындагы кен байлыкты казуу үчүн аларды жардыруудан баш тартпайт болуш керек. Мактанган талиптерге “окшобой”, кийинчерээк кечирим сураган билдирүү таркатып коюшат да...

Кыргызстанда таажы вирусунун айынын калайык алапайын таппай калып жаткан учурда да ички теңир-тоолук жергиликтүү калайык саясий эркти көрсөтүп, 2020-жылы теке (июль) айынын 23үндө атайын Нарын шаарындагы стадионго келип, бири-биринен 2 метрдей алыстыкта туруп, Солтон-Сары жана Терс-Суу өрөөндөрүндө алтын кенин иликтөө жана казуу долбоорлоруна каршы нааразылык иш-чарасын уюштургандыгын угуп, абдан толкундандым.

Оболу бул экологиялык маанайдагы нааразылык чара тууралуу жарыя чыккан.

Фейсбуктагы жарыяда мындайча айтылат:

“Урматтуу Эчки-Башы айыл тургундары, шашылыш билдирүү!!!

Терс-Суу жайлоосу орусиялык алтын кенин иштетүү компаниясына өтүү коркунучу алдында турат. Анын терс таасири Он-Арча суусуна, мал-жаныбызга, жайытыбызга экологиялык терс таасирин тийгизет.

Андыктан жерибиз үчүн ар бир атуул тикесинен тик туруп, кайдыгер карабай, эртең болуучу элдик жыйынга активдүү катышып берүүңүздөрдү суранабыз...

Жерибизди бүгүнкү жана эртеңки муун үчүн көздүн карегиндей сакташыбыз керек!!!

Эскертүү: ар бир жаран бет кап кийип келүүсү шарт...

22.07.20.”

Андан соң 23-июлда чогулган калайыктын сүрөтү жана видеосу да жарыяланды.

Терс-Суу менен Солтон-Сары жайлоолоруна кен казуу долбоорлору тийгизчү экологиялык кесепеттерге каршы Нарын районунун бир катар тургундарынын нааразылык иш-чарасы. Нарын шаарындагы стадион. 23.7.2020.
Терс-Суу менен Солтон-Сары жайлоолоруна кен казуу долбоорлору тийгизчү экологиялык кесепеттерге каршы Нарын районунун бир катар тургундарынын нааразылык иш-чарасы. Нарын шаарындагы стадион. 23.7.2020.

Эмнегедир, бул чаранын уюштуруучулары кысмакка алынганданбы, алардын талаптары жазылган видео тасма YouTube каналынан өчүрүлүп салыныптыр. "Аки-Пресс" агенттиги да бул кабарды жарыялады.

Ошентип Ички Теңир-Тоодогудардын бул иш-чарасы кеңири коомчулукка дайын болду жана ушул жыйындын ар бир катышуучусу өзүнүн атуулдук эрдигин көрсөтө алды деп таасын айта алабыз.

Дал ушул жайлоолор –– ата-баба мурасы сакталган ыйык жайларга кирет. Бул жайлоону "коён жатагынан бери" бала-чагымдан бери мыкты билем. (Албетте, мындай бийик тоодо коёнду эч көргөн эмесмин; кайберендер болот, суур, кашкулагы бар, демек, көркөм боёктуу сөз катары гана пайдаланып койдум).

“Фейсбук”. Солтон-Сары жайлоосу. Кочкорбай коктусунун батыш жагындагы дөбөдө орнотулган балбал таш. Нарын өрөөнү, Кыргызстан. 28.7.2010.

Оңдон солго: Сулайман Жаманаков, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Мукан Кудайбергенов агаларым жана мен, Тынчтыкбек Чоротегин. Нарын району, Кыргызстан. 28.7.2010.

Эски архивден. Терс-Суу менен Солтон-Сары суусу кошулган жана Он-Арча өзөнү башат алган жердин түндүк тарабындагы бийик дөбөдө (Кочкорбай коктусунун батыш жагында) орнотулган жана байыркы Түрк каганаты доорунан калган балбалдын жанында отурган эчки-башылыктар.

Учурда дал ушул Солтон-Сары жана Терс-Суу аймактарынын экологиялык болочогу жергиликтүү коомчулукта терең тынчсыздануу жаратууда.

Тасма архиви. Солтон-Сарынын солго кеткен алтыны. 11.3.2016.

Балким, айрым түркөй даабатчылар тоо койнундагы жана өрөөндөрдөгү эски аска таш сүрөттөрү менен балбал таш –– исламга чейинки доорду чагылдырат, аларды сактоо аракети –– калпыстык, “ширк”, деп айтып билермандык кылышаар? Бирок ансыз да өлкөдөгү маданият министрлигинин, тарых музейинин жана бакшылардын маданий баалуулукту чала-чарпыт түшүнгөн өкүлдөрүнө борбордук Тарых музейдеги өтө баалуу мумияны тарттырып жиберип, Баткенге алып барып көмдүрүп салганыбыз жетишет.

Исламга чейинки эстеликтерди, мусулмандык, оторчулук доордогу жана атеисттик доордогу мурастардын бардыгын сактоого милдеттүүбүз.

Эгемендик доорубузда, чек ара тилкесинин ар бир кадам жери сыяктуу эле, ар бир тарыхый жай, ар бир заттык жана заттык эмес маданияттын өрнөктөрү көз карегиндей коргоого алынууга тийиш.

Быйыл теке (июль) айынын 20сындагы онлайн жыйында (вебинарда) адистер тастыктагандай, Таласта 751-жылы бурулуштук тарыхый окуя –– ири согуш болгон Атлах шаарчасынын калдыктары Манас районунун аймагында дээрлик кароосуз жатат.

Жаш илимпоз Майрам Байгонушова даярдаган бул видео баяндамадагы илимий баарлашууда Атлах салгылашуусу тууралуу гана айтылбастан, Талас өрөөнүндөгү археологиялык эстеликтерди коргоонун оор акыбалы да ачык сыпатталган.

Өзгөндө, Кочкордо, Чүйдө, Баткенде ж.б. да ушундай коргоону талап кылган мурас жайлар арбын. Ысык-Көлдүн Тамга-Таш эстелиги өзүнчө мамлекеттик маанидеги корук жана ачык асман алдындагы музейге айлантылышы абзел. Ала-Букадан Чаткалга өтчү аймакта байыркы эстеликтердин айрымдары кен казуу жана жол куруу үчүн жардыруулардан ойрон болгонун айтып келишет.

Мындайча айтканда, маданият турмушундагы жагдай тим эле согуш майданынан алынган кабарлар сымал ар бир дубандан агылууда. Ар бир ушундай жайлар ар башка деңгээлдеги “Рио Тинто” сыяктуу ачкөз фирмалардын бутасына кабылган.

Ушул тапта археологиялык жана башка эстеликтерди бирдиктүү көзөмөлгө алган жана мумияны сактай албаган маданият министрлигинен да өйдөкү тепкичте тура алган борбордошкон багыттоочу мекеме керек. Ал коомдук кыймылдар, атуулдук демилге ээлери менен тыгыз иш алып барышы абзел.

Бул тууралуу Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия 2014––2017-жылдарда Ак Үйгө жакшы эле жеткирген (Комиссиянын башчысы –– Ак Үйдөн болчу да!).

Кейиштүүсү, эгерде “төө кыядан өткөн соң” алиги “Рио Тинто” компаниясы түпкү австралиялыктардын пууту кунти куррама жана пиникура элдеринен кечирим сурамыш болсо, Кыргызстанда мындай айрым тоо-кен компаниялары жергиликтүү бүжөткө бир аз берген көмөгүн колко кылып, кээде кенди иштетээр замат анын ордундагы жайды экологиялык өңүттөн калыбына келтирбестен, качып кетип жатышкан учурлар да болбодубу!

Кевин Майкл Радд. 17.12.2009.
Кевин Майкл Радд. 17.12.2009.

Мурда эки жолу (2007-жылдын 3-декабрынан — 2010-жылдын 24-июнуна чейин жана 2013-жылы 27-июндан 18-сентябрга чейин) Австралиянын өкмөтүн башкарган жана 2010––2012-жылдары тышкы иштер министри да болгон лейборист саясатчы Кевин Майкл Радд (Kevin Michael Rudd) –– өткөн кылымда түпкү австралиялыктардан алардын балдарын ак австралиялыктар күч менен тартып алган кылмыштуу окуялар үчүн австралиялык түпкү калктардан биринчи жолу расмий түрдө өкмөт башчы катары кечирим сураган мамлекеттик ишмер.

Дал ушул Кевин Радд мырза “Рио Тинто” компаниясынын “корпорациялык текеберлиги бардык австралиялыктарды уурдады”, –– деп өзүнүн “Твиттердеги” расмий барагында бул компаниянын варвардык жоругун кескин айыптап чыкты.

“Жуукан капчыгайындагы [ыйык үңкүрдөгү] башпаана жайы –– [Англиядагы көөнө ири таш курулушу болгон] Стоунхенжден 9 эсеге байыркыраак, [Римдеги] Колизейден 23 эсеге байыркыраак жана [Перудагы инк цивилизациясынан калган] Мачу Пикчу [ыйык жайынан] 75 эсеге байыркыраак болуп саналат”, –– деп Кевин Радд мырза “Твиттерде” күйбөгөн жери күл боло ачууланып жазды.

Баса, түпкү австралиялыктардын пууту кунти куррама жана пиникура элдеринин биримдигинин басма сөз өкүлү Барчелл Хэйз (Burchell Hayes) тээ 2013-жылдан бери эле “Рио Тинто” кен компаниясынын жетекчилерине "Жуукан капчыгайындагы үңкүрлөр камтылган ыйык жайга тийбегиле" деп эскертип келишкенин, акыркы жолу 2020-жылы март айында да ушул талапты жолдошконун тастыктады.

Укуругу көптөгөн мамлекеттердин чек арасынан да узун болгон айрым ачкөз транс-мамлекеттик корпорациялар өз кызыкчылыгы үчүн, удулу келсе, жергиликтүү шылуундарды паралоого барышат.

Алиги “Рио Тинто” кен компаниясынын Шанхайдагы бөлүмү менен байланыштуу 2009–2010-жылдары чоң чуу чыккан. Бул компаниянын өкүлү, теги кытайлык, бирок 1994-жылы австралиялык жарандыкка ээ болгон Стөрн Ху (Stern Hu; ханзуча ысымы Ху Шитайи) ишкердикке байланыштуу жашыруун соода-сатыктык маалымат уурдаганын жана паракорлукка да аралашканын мойнуна алып, КЭРде он жылга абакка кесилген.

Эми ала-тоолуктар эмнеге эле Австралиядан кеп козгогонумду жакшылап аңдашса керек. Албетте, кенди өздөштүрүү абзел, бирок кенди экологиялык жана маданий кыйсыпыр түшүрчү деңгээлде иштеткендин ордуна, эл аралык жана жергиликтүү туризм, эл аралык соода, эл аралык аба, автожол, темир жол унаа байланышы, жогорку технология сыяктуу долбоорлорду жолго коюу абзел.

Алиги ач көз компаниялар аткаминерлерди текейден арзан сатып ала тургандыгы мурда ойчул жана голограф академик пост-советтик Кыргызстанды президент катары башкарып турганда эле айгинеленген. 2003-жылы балуу кагаздары толугу менен Кыргызстандын карамагына өтүшү күтүлгөн Кум-Төрдөгү алтын кенинин башкарылыш системасынын Кыргызстандын таламдарына каршы катыштагы келишим аркылуу “жөндөлүп калышынын” сырын бозгундагы академик да, анын жанындагы жөкөрү болгон академиктер да өз элине алигиче шыбыштап айта элек.

Ал арада Чаткал, Талас, Солтон-Сары, Терс-Суу... жана башка кенге бай аймактардын маселеси кен өнөр жайына, экологияга, тарыхый мурастарды сактоого, жемкорлукка каршы күрөшкө байланыштуу чатак окуялардын кызыл-жаян картасын жаратты.

Учурда ЮНЕСКО төгөрөктүн төрт бурчунда заттык жана заттык эмес маданиятты, тарыхый мурасты сактоо ураанын чакырылып келет. Карапайым кыргызстандыктар да бул кыймылга үн кошуп, өз аймактарындагы тарыхый эстеликтерди сактоого жергиликтүү бийликтерди үндөп, борбордон археологдорду бул сыяктуу мурастарды изилдөө максатында жиберүүнү суранып келишет.

Археологдордун басымдуу иш-аракеттери негизинен чет элдик кайрымдуулук жардамдары жана эл аралык долбоорлор аркылуу каржыланып жатканынан алар анчейин кабардар эмес. Бирок археологдор ар кыл мурастарды сактоодо жергиликтүү демилгелүү атуулдар жана жергиликтүү бийликтер менен иш алып барууга ынтызар.

...бабалардын  мурасын жана Атажурттагы экологияны сактоо үчүн талап кылынуучу эрк жана дил...  эч качан сырткы өлкөлөрдөн импорттолбойт.
Т.Чоротегин

Кыскача корутундуласак...

“Аватар” тасмасын тарта албаса да, Атажуртубуздун жаш кино чеберлери “Көк-Бөрү”, “Мекен” сыяктуу тасмаларды жаратып, “жер тилкелерин жемкорлорго тарттырып ийбей, эртерээк ойлонгула!” деп ураан таштап жаткан чакта, Нарындын стадионунда тынч нааразылык иш-чарасы уюштурулганынан кабардар болгон чакта, тоо-кен компанияларына кен жайлары бүжөт үчүн “ит бекер” сатылганына (жеке капчык канчалык кампайганын так биле бербейбиз) байланыштуу сот жүрүмдөрү өтүп жаткан чакта, ушул окуяларды дүйнөлүк окуяларга салыштырган кезеңибизде, албетте, бул блог өзүнөн өзү жазылды да, калды...

Бул макаланын маңызын темага да чыгарып койдум: бабалардын мурасын жана Атажурттагы экологияны сактоо үчүн талап кылынуучу эрк жана дил... эч качан сырткы өлкөлөрдөн импорттолбойт. Мындай саясий эрк менен жүрөк толтосунан умтулуу - жергиликтүү асыл-нарк.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG