Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Депутат Акаев: Солтон-Сары боюнча акцияга чыккандар куугунтукталып жатат


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинин иштетилишине каршы чыккан жергиликтүү активисттер менен жаштар милиция тарабынан басым-кысымга кабылып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда парламенттин жыйынында айтып, өкмөттү жергиликтүү тургундар менен диалогго барууга чакырды:

- Солтон-Сары боюнча нааразы болуп чыккан жаштарды куугунтуктап, маселени чечүүгө болбойт. Өкмөт аларды жерибей, үнүн, талаптарын сөзсүз угушу керек. Аларды комиссияга киргизип, маселени оң жагына чечип бериш керек.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы кытайлык «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген.

Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700дөй жергиликтүү адам анын ишин токтотууну талап кылып 5-августта нааразылык акциясына чыккан. Ошол күнү чыр чыгып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган.

7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген. Ошол эле күнү жергиликтүү тургундар бийликке кайрылып, «5-августтагы окуя үчүн эч кимди камабагыла, жалпы аймакта кен иштетүүгө мөөнөтсүз мораторий жарыялагыла» деген талаптарды коюшкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG