Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Өзбек ырчысы кыргыз элине тилектештик билдирди


Жон Руми.
Жон Руми.

«Кыргыз жери» деген атактуу ырды өзбекстандык жаш ырчы Жон Руми аткарып, пандемия маалында кыргызстандыктарга тилектештигин билдирди.

Ырчы жигит «Азаттык» радиосу менен маектешти:

«"Кыргыз жери" деген ырды аткаргым келди. Биздин – өзбек жана кыргыз элдеринин маданиятынын ортосунда өтө деле чоң айырма жок. Окшош жагы көп.

Кыргыз элине тилектештигимди билдирүүнү кааладым. Пандемия көңүлүбүздү чөктүрүп салбадыбы. Бардык жерде терс маанай жараткан кабарлар басымдуулук кылат. Мындай учурда бири-бирибизге жакшы маанай тартуулоо – милдетибиз.

Алла таалага жалынып, баары жакшы болсо экен деп турабыз. Үмүт кылуу, жакшылыкка ишенүү – адамгерчиликтин белгиси.

Аталган ырды Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын аткаруусунда Өзбекстанда уккам. Адашпасам, мамлекеттик бир иш-чарада аткарган. Үнү күчтүү жана мукаам экен. Арбалып калганмын. Мен дагы аракет кылып, анча-мынча өзбекче ыргак менен ырдадым»,- деди Жон.

Ал композитор Апаз Жайнаковдун бул чыгармасы музыкалык табитине аябай туура келгенин белгиледи. Аны акапелла ыкмасында, тагыраагы эч кандай музыкалык аспаптын коштоосу жок аткарган ырчы сөзүн улады:

«Композиторду гений деп айтууга толук акым бар. Ырдын сөздөрү да түшүнүктүү, күчтүү. Түрк тилдүү элдер оңой эле түшүнөт. Сөздөрү, обону адамда мекенчилдик сезимин ойготот экен. Ырдын жаралуу тарыхын чынын айтсам, толук билбейм. Бирок менин аткаруум ошол тарыхтын бир бөлүгүнө айланганына кубанычтамын. Ушуну менен кыргыз-өзбек элинин достугунун бекемделишине салым кошсом, анда максатыма жеттим деп эсептейм».

Белгилүү «Кыргыз жери» ырын 1990-жылдардын башында Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова ырдап чыккан. Андан бери улуу-кичүү ар кандай кечелерде аткарып жүрүшөт. Сөзүн Түмөнбай Байзаков жазган, обону Апаз Жайнаковго таандык. Кыргызстандын расмий эмес экинчи гимни деп да айтышат.

Өзбек ырчысы Жон Руми аны Кыргызстандын жана Өзбекстандын желегинин коштоосунда аткарып, клипти YouTube порталына 11-июлда жайгаштырды. Видеонун алдына ондогон кыргызстандыктар ыраазы болгон пикирлерин жазышууда.

«Ыр аркылуу бир тууган элди колдоп-кубаттоо – жагымдуу жана жоопкерчиликтүү. Өзүн урматтаган ар бир маданият өкүлү менин бул пикириме кошулат деп ишенем. Өзбек, кыргыз элдери байыркы тарыхтан бири-бирине тилектеш болуп келген.

Мен «Кыргыз жери» деген ырды аткарганыма кыргызстандыктар аябай жылуу пикир айтып жатышат. Ал тургай Казакстандан да алкыш уктум. Эми казак тилинде да ырдап чыгайын деп турам. Күйөрмандарым көбөйүп жатат деп, толкунданып да алдым.

Улут аралык достукту чыңдоодо маданият өкүлдөрүнүн салымы чоң. Айрыкча, кыргыз-өзбек элинин ымала-катышын бекемдөөгө күч жумшоого тийишпиз. Адашпасам, Борбор Азияда өзбек ырларына кызыгуу чоң. Биздин ырчыларыбызды коңшу мамлекеттерде көбүрөөк таанышат.

Баса, 2019-жылдын күзүндө Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын Москвада – Кремль сахнасындагы жеке концертине катыштым. Экөөбүз орус тилинде дуэт ырдадык. Бир тууган элдин ырчысы менен эл аралык чоң сахнага чыккан жаш өзбек аткаруучусу экениме сыймыктанам. Самара Каримова экөөбүздүн ырыбыз улут аралык достукту чыңдоого салым кошот»,- деди ырчы.

Жон Руми сахнаны биринчи жолу беш жашында аттаган. Ырчылыкты «Тамаша» деп аталган балдардын театр студиясында үйрөнгөн.

«Бала кезимден эле маданият бул – жоопкерчиликтүү тармак экенин сезип чоңойгом. Ташкенттеги Глиэр атындагы музыкалык мектепте 12 жыл окудум. Пианино үйрөндүм, вокалдан сабак алдым, фольклорду, улуттук эстраданы үйрөндүм.

Чыныгы атым Рустамжон, сахнага Жон Руми деген каймана ат менен чыгам. Өз ысымымдан Жон деген бөлүгүн алгам, чыгыш философу, мен сыйлаган улуу инсан Жалалидин Румиге чексиз урматым бар болгону үчүн Руми деп каймана атыма коштум. Мен ошол философтун учкул сөздөрүн, кеп-кеңештерин окуп чоңойгом».

Ырчы жигит коронавирус пандемиясы бүтсө, кыргыз элине концерт коюп келүүнү да көздөйт.

«Чынын айтсам, ушул коронавирус деген сөздөн чарчадым. Уккум да, окугум да келбейт. Алла таала сабырыбызды сынап аткандай. Пандемия баарыбызга терс таасирин тийгизди. Пландаган концерттерибиз күтүлбөгөн жерден токтоду. Ага карабай, ырчылар үйдө иштеп, онлайн концерттерди уюштуруп жатышат. Сабыр кылалы, баары жакшы болуп кетет деп үмүт кылышыбыз керек»,- деп сөзүн жыйынтыктаган Жон Руми жеке сайтына кирип, ырларын угуп турууга чакырды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG