Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

ГИМНГЕ АЙЛАНГАН «КЫРГЫЗ ЖЕРИ»


Султан Раев, Бишкек Ар бир элдин тумардай туткан ыры болот. Ал ыр элдин каны, жаны менен бирдей туюлат. Ошол ырдын кайрыгы угулганда көз алдыбызга туулган жердин жыты, деми келип, анын ар бир боёкторунан киндик кан тамган Ата-Журтубуздун илебин сезебиз. Ырдын ар бир кайрыгы, ар бир дабышы туулган жердин улуулугун даңктап, жан дүйнөбүз ошол ыргактар ааламында жашайт. Кыргыз баласы үчүн андай тумардай туткан ыр - «Кыргыз жери».

Таланттуу акын Түмөнбай Байзаковдун калеминен жаралган бул поэтикалык саптардын кан тамырында кандайдыр жүрөккө ээ-жаа бербеген ыргактар, музыка кайрыктары бар эле. Мына ушул туюмду таланттуу обончу Апас Жайнаков кылдат сезе билип, ыры обонго, обону ырга айкалышкан не бир керемет ырды жаратпады. «Кыргыз жери» бүгүн элдик гимнге айланды.

Ыр… ырдын өмүрү мукам үндө… Адатта айтып калышат керемет обонду жаратууга болот, бирок ким тарабынан жүрөккө жетет, ким тарабынан ырдалат дешип… Ыр таланттуу ырчынын аткаруусуна арзыбаса ал деле көпкө жашабай калышы ыктымал. «Кыргыз жери» деген ырдын атын укканда эле таланттуу ырчы Саламат Садыкованын ысмы жаадыбызга келет. Саламат «Кыргыз жери»…Кыргыз жери Саламат - бул түшүнүктөр бири-бирине айрылгыс туюмду жаратат. Бул ыр кантип жаралып калды, анын баяны эмнеден башталат дегенде Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова сөздү мындай баштады:

- "Кыргыз жери" деген теманы мен филармонияда жаңы иштеп жүргөндө эле уккам. Бир четинен репертуарды жаңыртуу максатында ушул чыгармага сергек карап калгам. Мага кандайдыр акындын жазган ырынын текстине башкача бир сезимде калгам. Акындын башкача сүрөткердигине таң калгам.
Ысыккөл - жердин көркү, кырлар - кашы,
Адырлар - көкүрөгү, токой - чачы, - деген эмне деген сөздөр. Мен ушул сөздөргө шумдуктуудай баа берип. Атаң көрү, ушундай да ыр жазган адам болобу деп башымды ийип отуруп, биринчи жолу комуз менен ырдап чыккам,
- деди Саламат Садыкова.

Чындыгын айтканда ар бир талантта канчалык улуу талант болбосун, анын бул турмушта бир гана улуу шедеври болоорун тарых айтып келет. А, балким «Кыргыз жери» да акын Түмөнбай Байзаковдун, обончу Апас Жайнаковдун, ырчы Саламат Садыкованын ошондой түшүнүккө эгедер чыгармасыдыр.

"Бул ыр жаным менен бирге бүткөндөй" деп бир жолку маегинде Саламат Садыкованын айтканы бар. Бул сөздө улуу ой да, калетсиз чындык да жатат. Бул тек гана ырдын авторлорунун каны, жаны менен жаралган гана ыр эмес, ал ар бир кыргызмын деп өзүн сыйлаган адамдардын каны менен да, жаны менен да жаралган ырдай таасир калтырат. «Кыргыз жери» - жалпы элдин, жалпы улуттун туу тутаар ырына айланды.
XS
SM
MD
LG