Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Гүлжамал экинчи аял болуудан баш тартты...


Бүлүнгөн турмуш, ажырашкандардын кайра жарашуусу кыйын. Келме кезек, ошол эки башка өмүр жолундагы адамдар деле бир кездеги жаздым кадамын ойлоп, өткөндүн сабагын өкүт менен эскеришет. Замирбек Үсөновдун “Нөшөрлүү түн” аңгемесинде ажырашып кеткендердин өкүтү, арыз-арманы көркөм изилдөөгө алынган.

Күтүү

Замирбек Үсөнов Алайдын Корул деген айылында төрөлүп, эр жеткенде Дүйшөмбү шаарынан билим алып ошол жерде иштеп, кийин Орусияга кетип ал жакта тууган жерге сагынычы ыр болуп төгүлүп, соңунда кара сөзгө бурулган экен.

“Нөшөрлүү түн” автор өзү жакшы билген мигранттар турмушунан алынган чыгарма. Акыйкатта да, жаш адамдын турмуштан өз жолун табуусу, курбалдаштарынын катарында жеке жашоо-тирдигин жөндөөсү, түтүн булатып, мамлекет тикелөөсү толгон-токой тоскоолдуктарга кабылат.

Ортолук тоскоолдуктарды жеңип, бала өстүрүп, жашоо-турмуш арабасын тартып кетүү деле кыйын жумуш.

Аңгеме шатырата жамгыр куюлуп, асманды жапырт чүмкөгөн кара булуттар алдында калган шаардагы бир үйдөгү маанайды сүрөттөөдөн башталат. Гүлжамал деген келин төрт жашар кызын уктатып коюп Кантемирди күтүп жаткан. Негедир күткөн адамы кечиккенден кечигип жатты. Келин бул ирет келчү кишиге ичте буккан арыз-арманын, тарынычын жашырбай ачык айтып, мындан аркы мамиле-катышты аныктап алууну чечкен.

Кантемир Гүлжамалдын үйүнө кирип алган көңүлдөшү, ышкы сезимине алданган экөө акыры баш кошобуз деп жүрүшкөн. Гүлжамалга анын назик мамилеси, боорукердиги, баарынан да кичинекей кызын өгөйлөбөй, эркелетип, бөпөлөп отурганы жакчу. Мындай жигитти табыш кыйын го. Гүлжамал да ага кантип берилип, кантип үйүнө киргизип алганын билбей калды. Ышкы сезим жаш адамдын көзүн тумандатып коёт окшойт. Болбосо Гүлжамал өзгөчө сезимтал, мандайында отурган адамынын кабак-кашынан ким экенин элпек туйчу сезимтал жан болчу, кантип арбалганын билбей эл калды.

Убакыт дегениңдин деле уяты жок. Карабайсыңбы эми, ортодон бир жыл билинбей өтүп кетиптир. Гүлжамал ынтымакта жашап жаткан күйөөсү бирөөнү сүйүп калдым деп ачык айтып, таламандын тал тушунда таштап кеткенде да мынчалык ичи ачышкан эмес. Күйөөсү тамашалап же ачуусу менен ошентип алдыбы деп кыйла күн дендароо жүргөн. Ал эми мунусунун аялы бар экенин, эки сулуунун ортосунда арасат жүргөнүн тааныш-тамырларынан чет-бучкагын уккан. Бирок андай кептерге маани берген эмес. Анткенге Кантемир да эч кандай шек-шыбаа бербеди. Бирок капка шиебеге катылбагандай эле бир күнү баары ачыкка чыгат экен.

“«Келиндер ичи тардык кылып жатса керек» – деп капарына алган эмес. Бүгүн базарда, боюнда бар аялын чедирейтип ээрчитип жүргөнүн өз көзү менен көрбөдүбү. Атаганат, ошондо ага бетме-бет барып көзүнө көрүнсө болмок экен. Кантемир аны көрбөй калды көрүнөт. Гүлжамал көрүнбөгөнгө аракет кылып, базардан жыла берди. Алардан узагандан кийин, каны башына дүргүдү. Ызага буулуккандан деми кысылып, өңү дубалдай кумсарды. Көргөн көзүнө ишене бербей, жүрөгү кабын ургулап, эч жерге токтобостон үйгө келди. Ага болгон ишеничин, аялдык асыл сезимин ойлоп, эртеден-кечке жаны жай албай, ичи туз жалагандай куйкаланды.

Кечке маал өзүн араң токтотуп эс-учун жыйып, ой жүгүрттү баарына. Эми дагы жалгыз калабы ал? Турмушу дагы бузулабы эми? Эми эмне кылат?

Гүлжамалды мындан төрт жыл илгери, алты айлык кызы менен күйөөсү таштап кеткен. Перзентине да, эки бөлмөлүү үйүнө да карабай, баарына кол шилтеген күйөөсү.

Гүлжамал муну мурдатан билип жүргөн. Көнүп кетээр деген үмүт менен күтүп, буту күйгөн тооктой чебелектеп, чыдап келди. Акырында: «Кечир мени Гүлжамал, жашай албайм сени менен, өмүр экинчи ирет берилбейт. Бардыгына кайылмын!» – деп, кете берди”.

Байкуш келиндин колунан эмне келмек, тагдырдын башына салган оор ташын айласыз көтөрүп, жашоо-тирдигин улантып келатат.

Үмүттүү жашоо

Башында күйүп, кийин убакыт өткөн сайын өзүнө келип, жалгыз кызы менен бейгам турмуш кечирип атканда Кантемирге жолугуп калбадыбы. Бул да тагдырдын бир сыноосу экен. Чет жерде сенин кантип, ким менен жашап жатканың эч кимге керексиз. Ар ким өз арбайы менен.

Гүлжамал да үйүн сатып тууган жерине кетип калууну ойлогон. Азыр эми айылга барып жашоо-тирдигин уланткан жаштар аз. Жаш кезинде келип орун-отурук алып калган жерин таштап деле кетип калыш кыйын экен. Анын үстүнө Гүлжамал ата-эне, тууган-туушкандардын айтканына көнбөй таштап кеткен күйөөсүнө тийип алган. Жакын жер катташканга жакшы, бул жакта деле сага ылайык теңиң чыгып калар деген кеп-кеңештерди укпай, өзү каалап баса берген. Күйөөсүнөн алдагыдай итчиликти күткөн эмес, кызы алты айлык болуп калган кезде, оо көчө сүйүүдөн жолуң болгур, ашыктыгын айтып башка бирөөгө кетип калбадыбы. Кайриет эки бөлмө үйүн талашпады. Гүлжамал жок дегенде кызын көргөнү келер деп ойлогон. Келбеди, ошондо бу бечаранын жан дүйнөсүн багынтып алган ким болду экен деп кызыгып көрдү. Анысы тал чыбыктай ийилген периби же бу катаал жашоонун азап-тозогун аябай көргөн тиш каккан бирөөбү? Анысын Гүлжамал билбей калды. Күйөөсү кеткен даректүү ың-жыңсыз жок болду.

Карабайсыңбы эми ошол келиндин жосунун Гүлжамал өзү жасап, Кантемирди үйүнө киргизип алып отурбайбы. Жанагы курсагы челкейген байкуш эмнени ойлоп атты экен? Уят деген улуу журт, Гүлжамал белгисиз бир келиндин алдында өзүн айыптуу сезип отурду.

“Эгер аны өзүнө тартып жашап кетсе, алардын көргөн күнү не болот?

Куду өзүндөй жалгыз калат. Эч жазыгы жок наристечи? Мындайда аялдар өзгөчө айлакердик кылып, эркекти өзүнө тартып алууга аракеттенет. Эркек болсо «эки дүйнөнүн» кызыгын бир татам деп жүрө берет. Бир гана кимдин болсо да, акылдуулугу менен чечкиндүүлүгү жеңет. Кантемирден ажыроо канчалык кыйын болгон менен, адамдык атка ошончолук кыянаттык кылбаган болот.

Бардыгын зирек карап, башкалардын тагдырын ойлоп, Гүлжамал өзүнчө арына келди бүгүн. Адамдык намысы козголуп, бир саамга болсо да, чындыкты жан тереңинде туюп турду.

Бүгүн Кантемирдин келе турган күнү. Баарын чечиш керек! Же аны менен жашасын же...

Мындай жашаган менен бир күнү абийири төгүлөт. Кокус Кантемирдин аялы билип алып, иштеген жерине келип: «Эримди жолдон чыгарган сенсиңби, албарсты?!», – деп каргап-шилеп, элдин көзүнчө шермендесин чыгарып жулмаласа эмне кылат?”.

Гүлжамалдын ичинде өлүп аткан ит менен табияттын кандай иши бар. Асмандын түбү тешилгенсип нөшөр төгүп атты. Бул жамгыр кышы узак болчу суук жерге жаз баш бакканын кабарлап жаткан. Башка убак болсо сүйүнөт эле.

Гүлжамал Кантемир менен күн жылуу кезде, дүкөндөн эки оор желим баштыкты кыйналып көтөрүп келе жатканда жолдо таанышкан. Чуркайм деп жыгылып калган кызын көтөрө коюп, анан боору оорудубу келиндин оор жүгүн үйүнө чейин көтөрүшүп келген. Мына эми Кантемирдин келишин күтүп, кыйладан бери айта албай жүргөн сөзүн айтууну чечти. Баары ачыкка чыгышы керек го акыры.

“– Чыныңды айтчы Кантемир, эмне минтип алдап жүрдүң мени? Боюнда бар аялыңды ээрчитип жүргөнүңдү өз көзүм менен көрдүм бүгүн. Атайын сенин келишиңди күтүп, уктабай олтурдум. Сени мындай адам деп эч ойлогон эмесмин", – деди Гүлжамал, эриндери кеберсип.

Кантемир унчукпай бир азга тунжурап, ойго батты. Гүлжамал Кантемирди азыр сөзсүз актанат деп түкшүмөлдөдү.

– Ооба, аялым бар, жакында перзенттүү болом. Болгондо да тун перзентим төрөлөт. Айтпай жүргөнүм үчүн, кечир мени. Экөөбүз үчүн эч кимди күнөөлөй албайм...

Бул эмне дегени? Ачык эле айтып таштады. Эч кимди күнөөлөбөйм дегенин ойлоп, Гүлжамал өткөн күнүн бир ирмемге эске түшүрүп, өзүн баары бир күнөөлүү деп эсептеди. Анан чыдабай кетип, кесе айтты:

– Бар аялыңа! Эмне кыласың мени? Перзентиңди ойлогун! Алардын көргөн күнү эмне болот! Кантемир ойлончу... Денеңден бир үзүм этти кесип алса ооруйбу?.. Жокпу?.. Ушул жөнүндө ойлойсуңбу, ыя?”.

Ойлойт экен, ошол ойлогону үчүн бир жылдан бери арасат жүрүптүр. Экөөнү тең кыя албайт тура. Кантемир оюна койсо экөө менен жашоону каалап жүрүптүр. Мындайын Гүлжамалдын буга чейин байкабаганын кара. “Сен ойлосоң керек эки аялдын ортосунда ойноп жүргөн неме деп, мен да кимге барарымды билбей жүрөм. Мага да абдан оор түшүнсөң, бирок мага турмуш керек, жашоо керек”, - деп атпайбы. Мунусу таш жүрөк аялды деле эритиши керек эле.

Биринчи күйөөсүнөн бул турмушка жетерлик сабак алганбы, негедир бул ирет Гүлжамал кабагын үйрүп таптакыр башка аял болуп калыптыр. Башка бирөө болсо Кантемирдин кадимкидей ыйлап, жалынып-жалбарганына жибип кетер беле. Келиндин боору катып калган окшойт, айткан сөзүнөн кайтпай туруп алды. Кантемир болгон жүйөсүн алдына жайып, бирок келинден буга чейин укпаган ачуу сөздү уккандан кийин кетүүгө камынды.

Гүлжамал Кантемирден муну күткөн эмес эле. Ал чыгып кеткенден кийин, кайра кирет деген үмүт менен бир аз туруп, анан чыдай албай, балконго атып чыкты. Төмөндө, устунга илинген түнкү лампанын бозомук жарыгында, Кантемирдин карааны көзгө урунду. Ал беттен урган добул аралаш жамгырга этеги далбактап, артына кылчайбастан түптүз баратты. Качан анын карааны караңгыга сиңип кеткенде гана, Гүлжамал: «Бүттү» – деди тула бою жыйрыла. Эми, кайрылышы кыйын!

Ичи сыздай үйгө кирип, ушул эки бөлмө үйдөн өзүн коёрго эч ылайыктуу жер таба албады. Мына, эми дагы жалгыз калды, дагы эптеп күн өткөрмөй. Адам алдында арына келип, чындыкты тике караганы менен, өмүрүндө бир келген, жан дүйнөсүнүн кызыгынан ажырады. Көрсө, Кантемирди өзү сүйөт экен. Төрт жыл мурун таштап кеткен күйөөсүн ойлоп, эми аны күнөөлөй албады. Ал дагы өзүнө окшоп, бирөөгө жалындаса керек.

Гүлжамал солуктап, ыйлап олтурду. Ый арасында, ой түпкүрүндө өзүнүн ойлогонун, жүрөгүнөн жашыра албады. Ар бир куюлган көздүн ысык жашы карегинен томолонуп, көкүрөккө тамган сайын, Кантемирдин кайтып келүүсүн эңсеп жатты...”.

Кантемир кайрылып келсе Гүлжамал жадырап-жайнап тосуп, кызы экөө кубанычын жашыра албай үй ичи шайыр-шаңдуу күлкүгө толмок. Кез-кез нөшөрлүү түндө баштаган урушун эстеп, бара-бара эки үй ортосунда ууру басыш менен келаткан Кантемирди күтүп, эки үйдө эки аял бири-биринен кызганып, ортолук сезимдин улам өчүп, кайра жанган жалынсыз чогуна жылынып убакты-саатын өткөрө беришмек. Андайга экөө чыдай алышат беле – бул да өзүнчө сөз.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (25)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG