Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 15:27

Өлүү дүйнө артына катылган өксүк


Иллюстрациялык сүрөт.

Ракманберди Маманов - коом өзгөрүп, жашоо-турмуш башка нукка бурулган өткөөл мезгилдеги чиелешкен адам тагдырларын сүрөттөөнү жакшы көргөн автор.

Бүгүн жазуучунун оор турмушка кабылган сулуунун тарыхын баян кылган «Биринчи икаясын» окуйбуз.

Редакцияга баш баккан бейтааныш

«Үч аялдын элеси көпкө көз алдыман кетпей туруп алды» дейт автор. Чыгарма өткөндү эскерүү формасында жазылган. Авторго тынчтык бербеген окуяларды «айтып бергендерин ошол бойдон тизмектеп, кайталап кагаз бетине түшүрүүнү гана көздөдүм. Күч-кубат берсе, жазып бүтөрмүн. Аларды бейыйман адамдардын көпөлөктөрү дешеби же жөн эле көчөдө калган бечаралар катары кабыл алышабы, быягы мага намаалым. Ага кызыкдар да эмесмин».

Окурманды баяндалчу окуяга кызыктыруунун мындай ыкмасы дүйнөлүк адабиятта, өзгөчө европалык сентименталдык прозада мындан үч кылым илгерирээк аябай оожалган. Кыргыз адабиятында көндүм ыкма кийинки кездери арбын колдонулууда. Антишке коомдук турмушубуздагы кескин өзгөрүүлөр, социалисттик бейгам турмуштун базар мамилелерине өтүп кетиши, социалдык жиктелүүнүн күчөшү, бай-кедей жашоонун кенен жайылып кетиши себепкер болду окшойт. Ошондон турмуш көрүнүшүн дал өзүндөй натуралисттик сүрөттөө, «бул чындык» деп баса белгилөө жөрөлгөсү күчөп атпайбы.

Ракманберди Маманов сүрөттөгөн социалдык топ, аягы суюктуктун аркасы менен нанын таап жегендердин жашоо-турмушу - көркөм адабиятта оголе көп чагылдырылган темалардан. «Биринчи икаяда» аты жок сулуунун баяны, сыр ачуусу алдынкы планга чыккан. Ал сулуу - кичинесинен турмуштун оорчулугун көрүп, колду жооруткан, белди майыштырган кара жумуш эмне экенин боорун жерден көтөргөнү башынан кечирген, оор азаптан кутулуунун арга-амалын издеген кыз.

«Өзүңүзгө маалым, ал кезде айылдыктар колхоздордо, совхоздордо мүчө болуп гана жашоочу. Алардан сырт эч ким болбойт эле. Атам колхоздун бир бригадасында сугатчы. Өмүрү бүт ошону менен өттү. Апам - тамекичи. Биз тогуз бир тууган болчубуз. Кол арага жараганыбыз апамдын этегин кармап тамеки эгип, чаап, үзүп-тизип алектенчүбүз. Бул иш кызыганда түнү-күнү тыным албай коюн-колтук бүт тамекинин ширесине капталып, чаңга белчеден батып, уйку көрбөй мас алетте жүрчүбүз. Жогорудагыга жараша эмгек акы алсак кана? Аны ал кезде түшүнүү кайда…

Жалгыз апам иштеди болуп эсептелип, айына 10-15, ашса 20 сом төлөнчү, 12 сомго бир чыпта ун келет. 11 жанга нан бышырсаң, эки жолу камыр болот. Бул бир жарым аптага араң жетет. Саар менен нан-чай, түштө этсиз үйрө аш, кеч тийме-тийме көр пиява, базар күнү гана бир тиштемден эт көрөсүң. Жеген тамагыбыз ушул. Кийген кийимибизди айтпаң. Бири-бирибизден жула качып эптеп дене жапмай. Жаз, жай, кеч күзгө чейин жылаңайлак жүрмөй. Тамандар чорт-чорт жарылып, ачышканда безилдеп ыйлап…»

Керелден-кечке колхоз жумушу - тамеки тизмей, анан тамекинин сасык чыбаш жытына эс-мас болгон балдар уйкуга кетишет. Кыйын турмушка чыдабай атасы кээде ичип алат. Андайда апасы экөөнүн урушу күчөйт. Айылда жашагандардын баарынын эле турмушу мындай эмес. Башкарма менен парткомдун, селсовет башчысынын жашоо-турмушу жакшы, балдарынын курсагы ток. Айланасында болуп жаткандарды азыноолок аңдаган сергек кыз «Неге мындай?» деген суроого жооп таба албай эс тарткыча өзү менен өзү болуп жүрдү. Жылаңайлак жүрүп чор басып кеткен бутун парта алдына катып, мектепке каттаган күндөрү жандырмагын таба албаган суроо аны кыжалат кыла берчү.

Алдоо

Кыз бойго жетип онунчу класста окуп жүргөндө бригадирдин баласы Осмон сөз айта баштады. Ачык жооп бербегени менен мектептен аны жолуктурбай калса умсуңдап калчу. Айылга кез-кез каттачу киномеханик индиялык кинолорду коюп берчү. Ал күнү кичине айылда той. Дене-бойду жибиткен сонун ыр, келишкен жашоо-турмуш, азыноолок тоскоолду жеңип баш кошуп алган сулуу жаштар. Элеттиктерге ушунусу жакчу. Башка дүйнө, башкача жашоо, жомоктогудай. Ошондой кинолордун бирине келсе Осмон аны күтүп туруптур. Киного кирбей эки жаш бак аралап кетишти.

«Адаттагыдай апкаарыган бойдон жетегине көндүм. Кыздык назга сала тартынып да койбодум. Ага болгон ишенимби же өзүмдөгү жаштык менсинүүбү, айтор, беймаралмын. Ошол темселеген жаштык кезиң жайраң калсын. Курусун ошол алаңгазар курак. Таза, пакиза дилимди карартты. Эч нерседен бейкапар көңүлүмдү үч көчкөн журттай аңгыратты. Эстин эңгиреген ошол кези мас болбой калсын. Делөөрүтүп алып учкан жүрөк курусун. Айдын жарык түнүндө кубалашып ойнодук. Калың, бел курчоодон келген чөптү жапыра кучакташа кулап каткырдык. Оо, бир кыйлага ошенттик. Анан… анан ал мени былк эттирбей басып алып чопулдатып өпкүлөп кирди. Кудай акы, менин оюмда эчтеке жок, эчтекени күтпөгөм. Бирок, бирок…

Таттуу даамдан кабары жок жаным жазгы көңүлдүн көксөөсүнө жетелетип эриди. Эркими тоотпогон алсыздык бүт тулкуму шалдыратты. Курактын мастыгы күч ала ал сыга кучактаган сайын эстен тангандай оюма эчтеке келбей калды. Анан… анан. Тер сууду. Бирок ирмемчеликте алган лаззаттын өмүр бою ыйга айланарын оюма албадым. Жөн эле бир кымбат нерсемен айрылгандай туюлуп атты. Жан дүйнөм бош калгандай сезилгени менен жарымдан өтө толуп аткан айды бейгам карап, чалкаман жаттым. Аттиң, арман күн, мурда Осмон артыман көлөкөдөй калбай ээрчип жүрсө, эми мен аны бура бастырбай...»

Бою оорлошо баштаган кыздын арыз-арманын уккан киши болбоду. Түнү бою ыйлап чыккан учурлары болду. Көксөгөнүнө жеткен Осмон алда качан караан үзгөн. Эми аны кайдан издейт? Непадам үйүндө төрөп койсо ата-энеси кантет, динчил айылдаштары бечара кызды ташбараңга алышпайбы? Ошентип алапайын таппай жүргөндө Осмон шаардан келип калыптыр, убактысын таап жолукту. Баёо кызды жооткотуп шаарга алып кетмей болду. Шаардан ага аборт жасачу өңү суук дарыгерге табыштап из сууткан. Анысы эшикке чыгарып койгон соң айла жок айылына кайтты. Байкуш апасы ошол түттү, кызынын жанында ыйласа кошо ыйлап, күчүн жашка чыгарып отурду. Атасы күн кур эмес мас болуп келет, айыл аралаган ушактын чет-бучкагын угуп калса керек.

Шаарга качуу

Кичине өзүнө келгенде райборборго, аяк-башына жөө чыкса болчудай чакан шаарга келе берген. Ошол жерден ал ачкалыктын азабын тартты, эси ооп жыгылып ооруканага түштү. Иши оңолуп ал жерден мээримдүү аялдын колуна түшүп, дүкөнчү болуп калган. Жокчулук эмне экенин жакшы билген кыз дагы бир сыноого кабылып, ал анын турмушун таптакыр башка нукка буруп салган. Уурулукка шектелип, илинип турган кийиминин чөнтөгүнөн жоголду деген акча чыккандан кийин ал амалдуу аялдын тузагына өзү эле түшүп берген.

«Ошондон кийинки турмуш суудай шаркырап акты. Эми мага да баары бир болчу. Эркектер менен болуу, жаңыларын табуу, эң негизгиси, акчалууларын кызыктыруу кечки, күндөлүк ишиме айланды. Ал эми көп нерсени талап кыла баштаган жаш, кычыраган тулкум үчүн эркектердин сыга кучактоосу, оор салмак менен бычырата басып жатуусу кумарлануумдун бейишине айланды. Эркексиз жашоом түгөнүп калчудай сезиле баштаганда көзүм тунарып, өзүмдү коёрго жер таппай, шаштым кетчү. Бул - оору. Акылга баш ийбеген кумарлануунун азгырыгы экен. Мындайда ким уялат, ким ариет, намыс жөнүндө ойлойт? Жылтыраган аял көрсө кармана албай калган эркекпи? Ал азат, эвелектей тозот. Бардык нерсеге дарткам деп жиберер. Зикир чалган молдо селдесин жерге түшүрөр. Мурункуман бир гана нерсем калды. Жокчулук менен ачкачылык, алсыздыктан коркуу. Бул дайыма көкүрөктө дүпүйчү нерсеге айланды. Ошондуктан, мени менен жатып, туруп баратканда үстүмө ыргытып жиберчү эркектердин акчасын буунуп-түйүнүп чогулта жүрүшүм күчөдү».

Бул турмуш сулуу кызга да жагып калган. Кетмен чаппай, ысыкта талаада какталбай акча табуу аны күндөлүк турмуштун муктаждыктарынан куткарды. Өзүнчө үйлүү болду, атын уккан эчен мансаптуулар, байлар, райондун бийлигин башкаргандар анын кечки тааныштары болчу. Ошондой көнүмүш кечтердин биринде тагдыр аны изин таптырбай кеткен Осмонго жолуктурду. Облуста иштеп, ыгы келсе район чоңу болсом деп калган мансаптуулардын катарына кошулуп калыптыр. Бир кезде ишенчээк кызды алдап кеткенин унутуп, дүйүм тамак үстүндө жайдары отурду. Бир кездеги сүйгөнү облустан Осмонду ээрчите келген чоңдун көңүлүн алышка чегерилген. Акчасына мактанган Осмон бул түнү таштап кеткен сулуусун зордуктамакчы болуп жанындагы эле эркектерден токмок жеп, мастыктын курмандыгы болду. Элге анын өлүмүн «тоодон түшүп келатып, машинеси ала салып кетип каза болду» деп түшүндүрүштү. Айдоочусу азыноолок абакта жатып, бошонуп чыкты. Бирок ушул окуядан кийин эжесинин түнкү ишинен шек алган иниси балталап салгысы келип калчылдап турганда периштедей болуп келини чыга калып сулууну сактап калды.

«- Өлүгүнү көрөйүн ошо байлардын, ошо элдин канын соро жутуп, майкөчүк болгон чоңдордун башында Кудай бардыр, көрсөтөр акыры. Бечараларды бурчка корголоткон адамгүштөрдүн баштарына жетер. Арам гөш жеген балдары көрөр, эч кур десе. Анын ичинде ушунчалык нерсенин кайнап жатканын мурда баамдаган эмес экем, оюма да келбегендир. «Ичтеринен гулдаар ошолор» деген сыяктууларын түшүнбөй да калдым. Эсен селейди. Ыраңы кубарган бойдон катты. Көтөрүлгөн балтасы колунан жерге дүп эте түштү. «А-а» деп асманга карап бакырды анан. Ошол бойдон чалынып-чулунуп көчө тарапка карай чуркады».

Иниси кантсе да эжесин, өзүн аяды. Эжесине эркек журту утурумдук ырахаты үчүн акчасын ойлонбой чачкан, дене ышкысы алдында өзүн жоготуп койчу бир бечарага айланып калган. Тээ балалык кездеги аёо сезимин жоготуп ийген. Антсе да түпкүрдөгү уят каны чыдатпай калганда ичте каткан сырын бейтааныш журналист алдына жайып, өткөнүн эскеришке мажбур.

«Карышкан жаактарым ачылбады, селейген бойдон кыйлага турдум. Ыйлабадым. Тамчы жаш чыкпады көздөрүмөн. Күткөнмүн. Акыры ушундай болорун ойлогом, көз алдыма тартыла калып жүргөн мунун баары.

Эсендин ушул тапта айткан: «Жалапчылыктан тапкан дүйнөңү...» – деген сөздөрүн оюмда эчен жолу угуп, эчен жолу чочуп түшүмөн ойгонгом. Мурда эле безилдеп ыйлаганмын. Өлгөнүм жок. Неге антишим керек эле?

Балким, сиз айтмакчы, пешенеме жазылганын көргөндүрмүн. Тагдырым ошондой курулса керек. Кимгедир ушундай тамаша зарыл болгондур. Ошол зарылчылыкты аткаргандырмын, быягы мага караңгы…»

Ушундай кайгылуу баян. Буга ким айыптуу? Жооп жок, жоопту окурман өзү таап алар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG