Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Өзүмчүл күйөө таланттуу аялын кор кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адам баласынын аң-сезимдүү өмүрү өлүм эмне экендиги, анын өтөлгөсү тууралуу ойлор менен өтөт.

Анан да ал бир келген өмүрүн кандай жашап жатканын кечигибирээк аңдап, кетирген каталарын кийин эстейт экен. Бөөдө өмүр кечирүүнүн арыз-арманы Сүйүн Курманованын аңгемесинде баяндалган.

Акындык мөлтүр сезим

Алиман уяң, тартынчаак, анткен менен жөндөм-шыктуу кыз болчу. Кыздык кылдат сезимдерин өзүндөй үлбүрөгөн саптарында сүрөттөчү. Акын болом деген илгери үмүттү багып келген. Шаар, окуу, жаштык анын акындыгына дем берип турчу. Акындыктын табияты ошондой, ичтен бүр ачып, эч кимге айтпас аздек сырыңды кагаз бетине алып чыгат, эчен наристе сезимдер ошол окуучулук дептерде калат. Кийин турмуш, жашоо өз кучагына алып, нукура таланттардын көбү шарты келип ачылбай көмүскөдө кала берет.

Көздөрү бакырайган, чачы тармал, чийдей арык, бирок сулуу, ошол тартынчаактыгы бөртүп келаткан аздек сезимдин жолун бууп, болочогуна тоскоол болуп каларын кайдан ойлоптур? Ыр деген жаштык кезде жалын чаччу дүйнө, ага өмүрүн сайып, сөз азабын, ой азабын чеккендер сүрмөтоп катардан суурулуп чыгышат.

Алимандын бактысы күйөөгө тиер менен токтолду, бир кезде укмуштарды айтып, куулук-шумдук менен иши жок баёо кызды эргиткен жигити үйлөнгөн соң кескин өзгөрдү. Жолдош кыздары Алимандын талантын баалашчу, ошон үчүн анын квартирасына келишкенде жаңы жазгандарынан окуп беришин суранып отурушпайбы. Алиман ошондо бир ачылды, уятын жеңип жазган ырларын курсташтарынын алдында окуп берди.

“Ыр окуганда баштан аяк өзгөрүп, мынчалык назик, алсыз болбой, алда канча бийиктегендей, алда канча кубаттуураактай көрүнчү. Башка убакта... баарын ичине батырган тартынчаак, ийменчээк, үлбүрөгөн жан эле. Күйөөсү дал ошол кишинин көзүн тике карай албаган мүнөзүнө «кызыгып» артынан калбай асылып жүрүп, акыры ала качып алган. Бою заңкайган, мурду кырдач, мүнөзү өткүр жигит аны дароо эле «багынтып» алган. Ансыз да өткүр жаны аны биринчи күндөн тарта эле башкарууга өткөн.

Азыр да кыйылып, кысталып, кызарып ыр окуп жаткан келинчегинен көзүн албай акшыйып отурган. Алагүү болгон курсташтар аны менен иши канча, Алимандын жаңы жазган ырларына маашырланып кол чаап жатышат.

– Экинчи мындайыңды көрбөйүн, – конокторду узатып, кайра короого кирээри менен күйөөсү анын каруусунан бекем кысып сүйлөдү:

– Мен мындайды жаман көрөм. Алиман уят иш жасагансып чочуп карады:

– Эмне болду?

– Ыр окуп артисттенгениңди жаман көрөм. Аа деп оозун ачып келаткан аялынын жаагын шарт басты.

– Бүттү, бир айттымбы болду, мага артист аялдын кереги жок, экинчи укпайын. Кудум кастарлап жүргөн нерсесин бирөө талкалап салгандан бетер ошол түнү көкүрөгү күйүп, түтөп чыккан”.

Күйөөсүнө кантип каршылык көрсөтсүн, айткан-дегени эки болбогон үй кожоюнга каш кайтарыш кайда. Унчукпай тим болду. Ичтен оргуштап турган мөлтүр сезим турмуштун муздак шамалына урунуп жок болду.

Туңгуюк турмуш

Мурда деле башкалар менен чечилип, ичтеги бугун жакын адамына айтып, оор жүгүн жеңилдетип алууну билбеген кыз сырын ичине катып түнт тартты. Акындык деген айтпай-дебей беймаал убакта келип калчу көйрөң сезим. Кээде ак кагазга төгүлгөн саптарды күйөөсүнө көрсөтпөй катып салчу. Убакыт өткөн сайын күйөөсүнүн жумуштары көбөйө баштады. Анын жазган илимий иштерин машинкеге басып, кийимин жууп-үтүктөп, үй түйшүгү көбөйүп, чыгармачылык менен алпурушканга убактысы деле калбай баратты.

Айтканы так аткарылышын талап кылган тигиниси толтура тапшырмаларды берип, ага кошулуп боюндагы наристеси бүлкүлдөгөн сайын ичи эзилип, жашоо-турмушуна ыраазы эле. Жакын сырдашчу адамы квартира акысын алчу балпайган боорукер орус кемпир болуп калды. Ошол экөө кез-кез сүйлөшүп калчу. Өздөрү жалданма үйдө жашашса ким эле жаңыдан турмуш куруп аткан жашаялмет үй-бүлөгө келип тынчын алсын. Күйөөсү азыноолок акча тапса өзүнө кийим алып, жооптуу кишилер алдында бечара көрүнбөйүн деп, үстү-башына аябай кылдат караган киши болду. Ушу тапта жасап аткан иштери экөөнүн бактысы үчүн экенин, жазгандары илимге жаңылык киргизерин айтып, курсагы челкейип отурган аялынын абалына кызыкпады.

Алиман өзү деле анын кайда барып, кайда жүргөнүн сурап тынчын албады. Аялдык милдетин аткарып, күйөөсүнүн ою менен болуп, ал айтканды аткарып, андан эч шек кылбай жашай берди. Тамагын бышырып, кийимдерин жууп-тазалап, бапыраган кагаздарын машинкага басып чыкчу. Көрсө алары экөөнө керектүү оокат экен, Алимандын акындыгы анын жанында шоона эшпейт тура.

“– Бу менин эле оокатым эмес, биздин үй-бүлөнүн оокаты. Үй-бүлөбүздүн келечеги ушунда билсең, – дечү да алдындагы тамакты шаша-буша ичип, жөнөп кетчү. ...

Жүрөгү лакылдап, көзү караңгылап, бүткөн бою чымырап кетчү адат качан пайда болгонун өзү да байкабай калды. Өзгөрүүлөрдүн баарын кош бойлуулугу менен байланыштырып, көз жарса эле баары кайра калыбына келчүдөй эрдин бекем тиштеп, эчтеме айтпай чыдап жүрдү.

Ичинин ооруганынан онтоосу күчөп, жаздыктын бурчун тиштеп жатканына далай убакыт болгон, көзүнүн жашы он салаа, ордунан козголоорго дарманы жок, бирде эсине келип, бирде жоготуп жаткан келиндин үстүнө орус кемпир кирип келбегенде эмне болот эле, бир кудайдын өзү билет. Келиндин толгоосун болжолдоп, бурчтагы саатты караган кемпир алаканын шак чаап, кокуйлап калды.

– Толгооң бышып калган тура, кызым, мен азыр... Далбастап баратып чалына кыйкырды. Анысы тепкичтен чуркап чыгып, доктурга телефон чала баштады. «Тез жардам» келгиче жанында айланчыктап, жалынып-жалбарып жүргөн ак чач кемпир өзүнүн чоң энесине окшоп эреркеп, ыйлап жатты.

– Ыйлаба, кызым, мына эми өлайлуу болосуң, апа болгон кандай ыйык дейсиң, азыр доктурлар келет...”.

Доктурлар деле көп өтпөй жетип келишти. Эти сөөгүнө жабышкан арык келиндин алсыз билегин кармап, тамырын текшерген дарыгер “шакек, сөйкөңдү үйүңдө калтыр” деп Алиманды төрөтканага алып кетти.

Башка аял

Аялынын кандай абалда ооруканага түшкөнү илимде жаңылык ачмакчы болуп жүргөн күйөөсүн анча деле ойлонтподу шекилдүү. Дарыгерлердин күчү менен каны аз, арык келин эки ай дегенде ооруканадан чыкты. Ары барып бери келип атып тапкан кызы аябай эле ыйлаак болду. Аны айылдан келген апасы кошо багышып, ансыз да чүнчүп кеткен келинге эми жүрөк оору жармашты. Мисирейген күйөөсү Алимандын абалына кызыкпады, ооруканада жатканда да ага барып турууга убакты-сааты болбоду.

Ыйлаак кызын жалданма квартирасына алып келгенде аялынын кабат-кабат жалаяктарды жууп, мурдагыдай кагаздарын машинкага басып бербегени үчүн ачык эле кекетип, илээнди, жүдөгөн бир байкуш, сүйрөлүп ишин жакшы жөндөй албаган байкуш жан катары сыпаттай баштады. Күйөөсү эмне айтса ошого макул болуп, каш кайтара албаган бечара келин ансайын чөгүп, өзүнөн-өзү жүдөп, басмырт болуп кетти.

Көңүлүн оорутпай бапестеп чоңойткон кызын ачык эле кекетип-мокоткон күйөө баласынан жазганган апасы да айылга кетип калды. Алиман ошондо өзүн күзгүдөн карап алып чочуп кетти. Баягы көздөрү бакырайган, жүзүнөн нур тамган кыздын ордуна бетинин чүкөсү чыккан, жаак териси жабышып, көзү үңүрөйүп, акыреги аркайган бир сөлөкөт турду. Колума көтөрүп бапестеп багам деген күйөөсү анын бары-жогу менен иши болбой, кандидаттыгын жактап, чет өлкөлөргө чыгып, чоңдор менен жолукканда уят экен деп кийимдин жарашыктуусун, кымбатын сатып алып кийип, Ак үйгө каттаганын кеп кылып түгөтө албай, Алимандын үйдө бары-жогун эсепке деле албай калды. Студент кезде анын алдамчы кептерине ишенип, кийин ала качып кеткенде да каршы сөз айта албаган байкуш бирдеме демек беле.

“Кийим эле эмес, башка бардык иштерди өзүнө гана тиешелүү кылып жасап жүргөнүн кийин, кийин билбедиби. Бирден бир даражалуу окуу жайын жакшы бүткөнү, табият берген таланты тиякта эле калып, кадимки карала катынга айланганында, иштеген иштен жок, жонунда илип салаар эчтемеси жок оору менен алпурушуп, кызынын түйшүгүн жалгыз тартып калганына канча түн күйүгүп ыйлабады, анысы абалын жеңилдетмек түгүл илдетти күчөтүп, айлап-жылдап доктурдан башы чыкпай калды. Каны азайып, ого бетер арыктап кызын көтөргөнгө алы келбей калганда апасына жеткирип берди.

Эжесинин күйгөн шамдай өчүп баратканын көргөн инилери «дарыланыңыз, курортторго барыңыз, каражатты биз таап беребиз» дегенине кубаттанган Алимандын көрүнбөгөн доктуру, барбаган табыбы калбады. Өз жаны менен алек болгон анын күйөөсү менен деле иши болбой, экөө эки башка турмуш өткөрүп калышты. Ичине бук толуп, камыгып чыкканда илгерки, илгерки тептегерек айды карап, белгисиз бир кубанычка өрөпкүп жылдыз саначу жылдар эсине түшүп, кусалыкка толгон саптарды жазып, эс ала түшөт. Анысын чогултуп жарыкка чыгаргысы келбейт”.

Калпты-чынды койгулаган өзүмчүл күйөөсү кызматтан да көтөрүлүп министрдин орунбасарына чейин жетти. Алиман кара жаны менен алектенип, анын бары-жогун деле эсепке албаган куучирен күйөөсү менен ажырашып, өз алдынча жашоону да ойлонду. Анысы да болбойт экен, ушунча жылдык тапкан күйөөсү экөөнүн дүйнө-мүлкү башка туугандардын наамына катталыптыр, үй, машина. Эптүү күйөө башка аял алып, анысын айылдагы туугандарына тааныштырып, нике кыйдырып алганын укканда “түшүнүксүз бир ыза муунткандан муунтуп, бутун тушап, көзүн тумандатып” таштады.

Ошондон бери ой басат, эмнесинен жаңылды экен? Өктөм күйөөсүнө тик карай албай ушуга жеттиби же бүчүр ачып келаткан акындык талантына чыккынчылык кылып, аны таштап салганы, өз укугун коргоп ачык чыга албаганы үчүн ушундай абалга кептелдиби? Аңгемеде бул суроого жооп жок, жоопту окурман өзү табышы керек.

“Үйлөп койсо учуп кетчүдөй болгон тармал чач арык аял көзүн чүңүрөйтүп терезени карап турат. Төмөндө кетип бараткан кемпирлерге суктанат: «Ушул жашка чейин жашагандар кандай гана бактылуу...».

Ушундай турмуш, ушундай аял.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG