Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Сүрөтчү жалган атакка азгырылды


Көркөм өнөрдө нукуралык менен жасалмалык, салттуу агымга каршы утурумдук стилдер, көрүнүштөр кошо жашайт.

Кыргыз аңгемесинин классикасы берүүсүнөн бул ирет сүрөтчүлөр дүйнөсү, чыгармачылык изденүүнүн оош-кыйыштары жайында кеп кылабыз.

Сүрөтчү Жаныбек Райдын “Авангард” аңгемесинде нукуралык менен жасалмалыктын атаандаштыгы, экөөнүн ит жыгылыш күрөшү мыкты берилген.

Аңги эшектин сүрөтү

Омош Чонтоевдин жөндөм-шыгы кичине кезинен билинди. Көзү менен көргөндү дал өзүндөй кылып кагазга түшүрүп койгону айылдаштарын таң калтырчу.

Баланын өнөрүн көргөн мугалимдер башка сабактардан кыйнабай баа коюп, класстан-класска көчүрүп коюшчу. Айылда сүрөтчү тартчу темалар толтура болчу. “О-уу, мына, мына, Жанаалынын башын музейге койчудай кылып тарттың го, айнанайын – дешип.”

Баарынан да Шаршеналынын аңги көк эшегинин айкырып чуркап баратканын дал өзүндөй тартып, аксакалдын оозун ачырганычы. Керели кечке кимдин аты мыкты, күлүгү кайсы жарышта озуп келгенин саймедиреп отурчу чалдар Омоштун сүрөтүн көргөндөн кийин сөздү көркөм өнөр жагына бурушат.

Илгери социализм күчөп турган чакта башкарма борбордон айылдагы эмгек баатырларын тарттырганы Гапар Айтиев менен Күлчоро Керимбековду чакыртып, аларга чай куюп берүү бактысы ушу аксакалдарга тийген. Ошол сүрөтчүлөрдөн кайсы бир макталган кесиптеши алты аял алганын уккандан кийин айыл аксакалдары чачы-башы өсүп, колу сырдан арылбаган ушу калаты калкка да аял тиерин кеп кылып калышчу.

Омош тартчу темалар жолунда турчу. Куйкалап ийчүдөй көктөн кактаган күн, телмирген теректер, маараган-мөөрөгөн мал-жан, каңшылаган үрөнчөөк иттер, тигинде айкырган кара эшегине чөптөн сылай жүктөп боз тумак Шаршенин уулу кыңылдап ырдап баратат.

Омоштун талантын биринчилерден болуп айылдын ак жоолукчандары баалашты. Алардын ала кийиз, шырдак жасагаларын - кооз оюмдардын укмуш кылып салып берет. Кийин кыз себине даярдалчу төшөнчү, жууркан, туш кийиздердин саймасын түшүргөн да Омош болуп калды. Болочок сүрөтчүнүн көркөм сезими жаңыдан ойгонуп жаткан учуру экен, шайы жууркан шуудураса, аруу кыялында кыз-жигиттин биринчи түнүн элестетип, ойкуштаган саймадан жуурулушкан образды көрүп ийчү.

Байкуш Сальвадор Дали

Ошо боз бала кезинде райборбордогу ашканада тамактанып отуруп бет маңдайындагы келиндин чырайына суктанып анын куюлган чачын келиштире тарта коюп өзүнө тартуулап ийген жайы бар. Сулуулугуна суктанган келин кагазды бооруна кысып кичинекей сүрөтчүгө не дээрин билбей турса күрсүйгөн күйөөсү байкап калып, сүрөтүн алып ыргытып, жетелеп кеткен.

Сыйкырдуу өнөргө арбалган Омош сүрөт тууралуу көбүрөөк билгиси келип жүрдү. Бир жолу телевизордон жалгыз сүрөтүнө Барселонанын четинен келишкен үй сатып алган испаниялык сүрөтчү Сальвадор Дали жөнүндө кино көрдү. Ошентип сүрөт десе ак эткенден так этип жүргөндө досторуна ачылып кетип мактанып ийген жайы бар:

“– Мен Гениймин! Жыйырма биринчи кылымдын улуу сүрөтчүсүмүн. Менин атым – Сальвадор Дали! Эшек, торпок, иттердин сырын жакшы билем. Анүстүнө арыкчырай сулуумун, мурутумду бир кулач кылып өстүрөм, ошондо мени улуу сүрөтчү дешип, айылдагы кыздардын баары жакшы көрүшөт!

Аны укканда дөңдө чокчоюп отурушкан классташтары:

– Ооба, сен генийсиң, генийсиң! – дешип, кыраан-каткы күлүп калышат. Кичине сөздү андан бетер көбүртүп сүйлөчү Сары чыйпыт Зоотбек гана:

– Ийе, ийе дей, Океш сен бекер эле мектепте окуп жүрөсүң, андан көрө сүрөт окуу жайына тапшырсаң, ал жерде кыздар чечинип отуруп беришет экен. Эшек, торпокту биз деле жакшы билебиз, бирок сулуулардын чечингенин көргөнүңчү! – деп арсактай ах-ахалаганда, чокчойгондор «уаа-уаа!» деше, жабалакташа кошулат”.

Сегиз жылдыкты аяктап Омош Бишкекке келди. Шаарда айылдагыдай сүрөтчүлүктү аңыз кылышпайт экен. Сүрөтчүнүн баа-баркын шырдак, килем, таар соккон айылдык келиндер жакшы билет турбайбы. Укмуштай оюм-чийүүлөрдү ойноп отуруп эле чийип койгон Омошко канчасы кызын берсем дешчү.

Өнөр өксүтпөйт, Омош издеп отуруп сүрөтчүлөр окуу жайын тапты, ал жерге кабыл алынды. Алгачкы сабакта чырайлуу орус келиндин жыпжылаңач денесин көрүп, эмнеден баштарын билбей алдастай түшкөнү эсинде. Ошол биринчи сабакта устаты Давид Натанович Нуделдин айтканы жадынан чыкпай калды:

“– Мен акылман эмесмин, бирок силерге бирин-экин кыскача кеңешимди берейин, эсиңерде болсун! Сүрөтчү – бул дыйкан, ал эмес дыйкандар сүрөтчүдөн да аз эмгектенишет. Эгерде акча тапкыңар келсе азыр эле чыгып кеткиле! Тигине эшик ачык! Банкир же базарга баргыла! Дагы эскертем, баягы «коммунизм» учурундагы жыргализм заман бүткөн, азыр силерге окшогондордун жүздөн бири гана сүрөт менен акча таап жан сактай алышат! Ошондуктан көп ойлонбогула!

Кашка баш профессордун сөзү жылаңач моделди көрүп кыйшаңдап калгандарды какайта, көздөрүн умачтай ачып былк этпей отуруп калышты”.

Жарданган студенттер алдына суналып бир калыпта отуруп берген сулуу келин сабак бүткөндө кармалып калган Омоштун жанына келип сүрөт мыкты тартылганын, бирок азыр сүрөтчүлөр түшүнүксүз бирдемелерге убакты-саатын коротуп, реализмден алыстап кетишкенин айтты.

Булганган сүрөттөр

Омошко да классикалык чыгармалар жакчу, тарткан сансыз эскиздер, натурадан жазган персонаждары додо болуп үйүлүп, залкарлардын сыйкырдуу сырын ачуу азгырыгы аны улам тереңге тартып баратты. Кийин ал сүрөтчүлөр арасында классикалык сүрөттү “муну фотографтар эле тартып коюшат” деп жактырышпай, баары авангардга ооп баратканын көрүп аябай таң калган. Реализм – эскинин калдыгы имиш, ушундай да болобу?

Баарынан да ишенген устаты, «Туткундагы Токтогул» аттуу классикалык эмгектин автору Нуделдин авангардга ооп, түшүнүксүз үч бурчтуктарды бийик искусство деп тамшанып отурганы таң калтырды. Айылдагы кемпирлер оюуга түшүрчү үч бурчтукка отуз жылдык эмгегим кетти, акыры өзүмдү таптым дегеничи. Чыгармачылык азап тартып кыйналып жүргөн Омош ошондон кийин өнөрканасына келип буга чейин жараткандарынын баарына боёк чачып, эчен жылдык эмгектеринин ышпалдасын чыгарды.

“Омош бир чети картиналары менен коштошуп жатканына ичи ачышса, бир чети андан бошогонуна сүйүнө: «Эшектин коделеги!», «Иттин күчүгүнүн чоңоюшу!», «Очокеге Мочокенин көз кысышы!» деген оозуна келген аттарды атап айкырып, кээде полотнонун сыртынан сылай, эркелетип да жатты. Полотнолор сыйкырга айланып, биринин артынан бири өзгөрүлө баштаганын да элес албады.

Ал кайсы шайтан азгырып шаарга келгенин, тынч эле айылда жүрө берсе авангард-савангарды жок эле өзүнө жакын Репин, Леонардо да Винчисин сүйүп жүрө бербейт беле. Кыялында багып, сүрөтүн тартсам деген айылдын кара томолок кыздары, ак мөңгү тоолору, таңкы шүүдүрүм, кыламык карга из салып койкоңдочу кызыл корозу, таранчылардын чурулдаганы жана башка ушу сыяктуу, ушуга окшош, өзүндөй жоош, өзүндөй момун, койлору маараган, уйлары мөөрөгөн, таштан ташка урунган өзөн суусунун шаңгыр добушун угуп чоңойгон аруу кыял, илбери мүнөзү – эми минтип шаардын акыл калчап, суй жыгылткан жашоосуна айланганына көңүлү кирдей жаа бою качкысы келди”.

Тагдырдын тамашасы ошол - боёк чачылган чамбылала сүрөттөрүн кесиптештери баш болуп “көркөм” деп, көргөзмөлөрүнө эл шыкалып келип, “супер, нео авангард” деп кудай бетин салбасын билгени деле билбегени деле дуулдап мактап жатып калышпадыбы.

Алары нукура өнөр эместигин, жасалма бир нерсе экенин Омош билчү, өзүнө-өзү чыккынчылык кылганына ичи ачышчу. Бирок алеки саатта жаңычыл, авандардчы болуп, мактоо, сыйлоонун төө бастысында калган бечара кылган күнөөсүн мойнуна албай, жалган атак-даңк азгырыгынан чыга албай калды.

Жасалма өнөрдүн күнү тууган жерде нукуралыкка жол жок экен. Омошту таң калтырган нерсе ушул болду. Нукуралык жасалмалуулукка басылып, утурумдук мактоого манчыркап турду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG