Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Мыскалдап жыйналган күүлөр


Токтогул Сатылганов (1864-1933).
Токтогул Сатылганов (1864-1933).

Жоомарт Бөкөнбаевдин адабий мурасынын арасында кара сөз чыгармалары да бир топ кездешет.

Ал кайсы жанрга кайрылса да окурманды эсинде кала тургандай элестүү сүрөт тарткан. Кыргыз аңгемесинин классикасынан айтылуу акындын «Комуз күүсү» даректүү баянына токтолмокчубуз.

Майлыбайдын таркы күү

Токтогул Сатылган уулу - көп кырдуу талант, төкмө акын, комузчу, айтуучу, баарынан да адам көңүлүн оорутпаган боорукер, укканын эсинде бекем сактап калган, өнөр адамына өзгөчө керектүү касиет-сапатка ээ гениалдуу инсан болгон. Ошон үчүн ал кыргыздын оңу менен солуна, түндүгү менен түштүгүнө, батышы менен чыгышына белгилүү залкар эле.

Эки замандын жыргалына караганда кууралын көбүрөөк тарткан, сыйына караганда куугунтугун көбүрөөк көргөн, мактоосуна караганда кайдыгерлигинен жапа чеккен адам болсо да, өнөрдү туу тутуп, анысы аркылуу тирүү кезинде эле жалпы элдик урмат-сыйга ээ болуп, залкар талант катары таанылган. Токтогулдун универсалдык таланты, күн-түндөп айтса түгөнбөс көркөм казынасы эл арасында аңыз кеп катары жашап келатат. Артында калган шакирттеринин аракети менен даанышман акындын кыйла чыгармалары кийин жыйналды, аты улуттук маанидеги сый-урматка бөлөндү. Өкүнүчкө, мунун баары анын көзү өткөндөн кийин жасалды. Жоомарт Бөкөнбаев Токтогул деген кайталангыс өнөр дүйнөсүн жаңы бийлик алдында тартынбай коюп, чыгармаларын жазып калуу боюнча демилге көтөргөн, аны элге тааныштырыш үчүн опол тоодой эмгек өтөгөн. Анын «Комуз күүсү» баянында Токтогулдун күүчүлүк өнөрү, кыргыздын ар кайсы жеринде чачылып жаткан өнөр күкүмүн эрикпей жыйнап, аны угуучуларына кантип тартуулаганы аңгеменин сюжеттик негизин түзөт.

Күү дүйнөсү - уккан адамдын сезимин козгоп, тереңде жаткан арманды, жарыкка чыга албай буккан кыял-тилекти алдыга элестүү айтып берген сыйкыры күчтүү өнөр. Аны шашпай угуш гана керек. Кыргыз баласы үчүн комуз күүсүнөн өткөн назик кайрыктар жок. Ошол дүйнөнү ачып берген, жөнөкөй пенде баласын асылдыкка, сулуулукка үндөгөн күүчүнүн жашоо-турмушун, жалгыз күүнү үйрөнүш үчүн ашуу ашып, таш басып, канча мээнет, эмгек, убактысын коротору Жоомарт Бөкөнбаевдин аңгемесинде кемелине келтире сүрөттөлгөн.

Кадимки хрестоматиялык «беш камандын» бири Атакан байдын айылы. Кеч күз, күн сууктап, түнкүсүн боз кыроо басып калган. Атакан бай кызын күйөөгө узатып, айыл ичи шаңдуу. Токтогул жолдошторунан озунуп айылга эрте келген, Майлыбай комузчунун күүсүн угуп, өзүн көрсөм деп дегдеп жүргөн кези. Атакан кызын Жумгалга узатып жаткан. Жумгалдык белгилүү комузчу тойго келбей койбойт. Сураштырса издеген кишиси келгенин эч ким билбейт экен.

« – Майлыбай келдиби?

- Майлыбайың ким, балам?

- Комузчу, ал дагы Жумгал жактан, Атакандыкына келет деп уктум эле.

- Комузчу, ырчы келгендей болгон жок.

«Эңсеп келген Майлыбайым келген эмес экен го, убара болгон экенмин да», - деп жигит ичинен ойлонду да, айылдын төмөн жагындагы даракты көздөй атын жетелеп кетти. Атакандын айылына эл толуп чыкты. Күн кылкылдап тоодон ашып бара жатат. Жер кемегелер түтөп, ар кайсы кемегенин жанында кой союлуп жатат. Үй-үйгө толгон кыз-келиндердин каткырыгы катуу угулат».

Атайын ат арытып издеп келген адамына ал ирет Токтогул жолукту. Майлыбай жашамал киши экен. Боз үйдө комуз чертип отурган жеринен үнүн угуп, кантип учураштын айласын таппай, тийише сүйлөйүн деп:

«Майлыбайдын шалкы күү

Мааниси жок таркы күү», - деп ырдап коё берди». Ошентип таанышкан комузчу Майлыбай менен. Биринчи кездешүүдө Майлыбай минтип ырдайт:

«Оң кулагың менен бир ук,

Сол кулагың менен бир ук.

Мындан кийин менден

Коно жатып күү ук» – деп комузун күүлөп өзүнүн күүсүн эки-үч кайрыды, кезек Токтогулга келди. Токтогул комузду алып, кулагын толгоп күүлөгөндө эле «баң-баң» эттирип, Майлыбайдын күүсүн туурап күүлөдү. Комузду күүлөп бүтүп, Майлыбайдын күүсүн таптак кайрып чертти. Үйдөгүлөр дем чыгарбай Токтогулдун колун карашты. Майлыбай кубанганынанбы, ыза болгонунанбы, агарып калган сакалын салаасы менен бат-бат тарап, бир кызарып, бир кубарды.

- Муну кайдан үйрөнгөнсүң? – деп Майлыбай каргылданган үнү менен сурады.

- Сиздин өзүңүздү көрө электе, күүңүз учуп келип калган болучу, - деди Токтогул.

- Деги айтчы, балам, менин күүмдү кайдан билесиң?

- Чертип жатканыңызды эшиктен шыкаалап көрүп турбадымбы...

- Бир көргөндө үйрөнгөнүңө, бали! – деген ыраазы болгон үндөр чыкты».

Атайын издеп келген Майлыбайдын жалгыз күүсү бар экен. «Кедейдин атындай тушап минип жүргөн жалгыз күүм бар эле, аны үйрөнүп алдың» деп Майлыбай ыраазы болду. Токтогул аксакал комузчуга өзүнүн «Токтогулдун ботоюн» чертип берди. Атайын келгени жакшы болгон экен, ал ирет Майлыбайдын «Шалкы күүсүн» үйрөнүп кетти.

Ниязаалы менен тизгин кагыштырган күндөр

Күү издөө аны менен эле токтолбойт. Кыштын кыраан чилдесинде Токтогул Аксыга Борош уулу Ниязалыга жолугам деп жолго чыгып алыптыр. Суук күчтүү, кар аттын омуроосунан. Тондун жакасына муз туруп, аттардын шыйбылчагындагы муз келиндин чач мончогундай шылдырайт. Караңгы ире-ширеде алыс жолго чыккан жолоочулар эшик алдына келип үн салышты. Чыгууга туура келет, кудайы конокту эч ким артка кайтарбайт. Кайыгып калгандарды үйгө киргизишти. Тамдын ичи капкараңгы, суук, бурчта бир капта дан жаткансыйт. Үй ээси чебеленип, аялы очок алдындагы куурайларды кемегедеги күлдүн үстүнө таштап үйлөп кирди. Жолоочулар Токтогул жолдоштору менен Ниязаалы комузчуга баратышкандар экен. Үй ээси Абылкасым Токтогулдун таанышы болуп чыкты, бала кезде Казанбак байдын коюн ушу Токтобек-Сайда багышкан. Ниязалынын эртең Наманганга жөнөп жатканын ушул үйдөн укту.

« – Жөнөй электе кантип жетиш керек? – деп Токтогул шашкалактады.

- Түндөп жөнөсөң үйүнө чыга электе басып калар элең, бирок атың арып, өзүң кайыгып калыптырсың. Ниязалынын күүсү менен Мекеге бармак белең, мында жылуу жатып ал, эртең жетсең жетерсиң, жетпесең текең кетип жатабы?

- Жок, досум, чөбүңдөн бер, атты кашектетип алып, түндөп жөнөйүн.

- Түндөп? Ушул суукта түндөп жөнөгөндөй жоо куудубу?

Жолдошторунун жана үй ээлеринин айткандарына көнбөй Тoктогул эшикке чыгып, атынын ооздугун чыгарып, тамдын башына ыргып чыгып, бир боо бедени алып түшүп атына салды.

- Чын эле жөнөгөнү жатасынбы, бирдеме ооз тийсең?

- Качат дейсиңби, кайра келе жатканда конуп кетем».

Токтогул жолдошторун таштап шашыла атка минип Ниязалыны чыга электе кармап калыш үчүн жолго чыкты. Анын ошол сапары байсалдуу болду. Ниязалы менен чогуу жүрүп күү чертишип, Алайга чейин барышып, ал жактан «Алайдын миң толгоо» деген күүсүн үйрөнүп кайтты.

«Кайсы жерде кандай комузчу, кандай ырчы бар деп укса, алар менен көрүшүүгө дегдеген, алардан үйрөнгөн жана үйрөткөн Токтогулдун улуу касиетинин бири ушундай.

Кээ бир ырчы, комузчулардын жөнөкөй ырлары, күүлөрү болсо да аны Токтогул өз жанынан кошуп, сонундап ырдап черткен. Бирок чертердин, ырдардын алдында «баланчаныкы» деп унутпастан айта чертип, айта ырдаган», дейт Жоомарт Бөкөнбаев.

Айдараалы жөргөлөк

Ар бир улуу комузчу күүнүн тарыхын, аны ким чыгарганын айтып чертишке милдеттүү. Таластын түштүк-батыш тарабындагы Күркүрөөдөн чыккан Айдараалы жөргөлөк Токтогулдун жакшы таанышы боло турган. Ошол күү атасы менен улуу акын Таластагы той-аштарда көп жолугушчу. Бир жылы Карача деген байды жолборс алып, капыс өлүмгө туш келет. Ал бай байге бербес күлүгүн жолборс алганын жылкычыларынан угуп, мыкты күлүгүнөн ажыраганга ичи ачышып, кишилерди чогултуп барып жолборсту атып алмакчы болот. Жалпак арчанын жанындагы бадалда комдонуп жаткан жолборс түтөтмө мылтыгын жандырганча болбой бадалдын ичинен атырылып келип шашып калган байды чапчып таштан алыс ыргытып, арчаны аралап кирип кетет. Карача байды жолборс алганы тууралуу аңыз кеп туш тарапка тарайт. Күзүндө ашын беришет. Ашка Токтогул да келип тамашөкөй Айдараалы комузчудан «Көйрөң күүсүн» үйрөнүп кетет.

Битирбоор, Маскөөдөн,

Олуя-Ата, Ташкенден,

Алып келген «Көйрөң күү»

Ак куржунга артынып,

Салып келген «Көйрөң күү» Токтогулдун жактырып черткен чыгармаларынын бирине айланып, элдин көңүлүн ачат. Карачанын ашында Айдараалы жаңы чыгарган ушул күүсүн досуна чертип берип, эл арасына жаңы чыгарманын даңазасы тараган.

«Комуз – кыргыз элинин көңүл ачары. Таланттуу кыргыз элинин символу. Бул комуздун күүсүнүн астында да сонун ырлар ырдалды. Бул комуз менен кыргыз элинин өмүрлүккө өчпөс күүлөрү чертилди», дейт Жоомарт Бөкөнбаев.

А бирок эчен мыкты күүлөр кийинки муунга жетпей унутулуп, көбүнүн ээси айтылбай, кылымдарды карыткан тарых бүктөмүндө дайыны билинбей кетти. Райкан Шүкүрбеков айткандай, жакшы комузчу өз устатын мактап чертет. Дегеле, чыгарма ээсинин атын атап, жаралыш чоо-жайын угармандарга айтып, баяндалчу окуянын, сезимге кыт куйгандай орноп калчу кайрыктардын маани-мазмунун чечмелей кетүү - аткаруучунун бийик маданиятынын белгиси. Жаңы заман тушундагы технологиялык жетишкендик комуз күүлөрүнө экинчи өмүр берип, аудио, видео түрүндө угарманга жетүүдө. Алыкул Осмонов таамай сыпаттагандай:

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,

Чертилбейт, күүгө келбейт,чебер колсуз.

Опоңой, көргөн көзгө жөпжөнөкөй,

Бирок да өнөрү бар айтып болгус.

Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,

Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй,

Бул комуз, көп сууларды кечип келген,

Эли да комузундай жөпжөнөкөй.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG