Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:25

Төкмөлүк өнөр жаңыланууга муктаж


Төкмөлөр. (Сүрөт "Айтыш" фондуна таандык).

Төкмөлүк өнөрдүн чыгармачылык сапаты, өсүү жолундагы жагдайларга талдоо.

(Биринчи макала)

Ар жыл сайын салттуу улантылып келген кыргыз-казак төкмө ырчыларынын быйылкы айтышындагы өзгөчөлүктөр жана жалпы эле оозеки чыгармачылык өнөрдүн тегерегинде баамга урунган байкоолорубуз туурасында кенен токтолуунун кези келип туру.

Төкмөлүк өнөрдүн чыгармачылык сапаты, өсүү жолундагы жагдайларга талдоо жүргүзүү максатында – мамлекетибиздин эгемендигине арналган дата менен катар Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына арналган быйылкы кыргыз-казак төкмө ырчыларынын айтыш өнөрүн башынан-аягына чейин эки күн бою диктофонго жазып отурдук. Талдоо үчүн.

Андыктан жалпы айтыштын жүрүшүнө ат үстүнөн эмес, түпкүрүнө үңүлө карап, агын ак, карасын кара деп белгилер калыс пикир айтууга аракет кылмакчыбыз. Арийне, “Айтыш” фонду негизделген жылдардан тарта төкмө ырчылар мектебине өзүм да ичинен аралашып, ичинен чогуу кайнап, атургай эл алдында өзүм да бир-эки курдай төкмөлүк өнөрүмдү сынап көргөн жайым бар.

Бирок куру дымак курусун, ошол бир-эки жолу эл алдына чыгып, оозумдан ыр чубуртуп көргөн соң, бир акыйкатка түшүндүм. Көрсө, «айтылган сөз – атылган ок» демекчи, төкмөлүк өнөр – кудум турнирде мелдешкен шахматчылардын эрежесиндей экен: колуң тийгенден кийин кайта жүрүш жасоого болбойт. Оозуңдан обого тарап кеткен кебиңди кайра оңдой албайсың. Тилиңден чалындыңбы – чалындың! Өнөгүң бозала кылып уйпалайт. Гроссмейстер 2-3-4 жүрүштү алдын ала ойлонгон сыяктуу төкмө ырчы да алдын ала кабат-кабат уйкаштыкты, ойду учурга, кырдаалга карата тил учуна даярдап турбаса – «мат».

Логикалык ой оролу өнүкпөгөн төкмөчүгө өнөгү үстөмөндүк көрсөтүп, залдагы көрүүлөрдү күлкүгө карк тойгузуп, кыбасын кандырат. Муну жонтериси менен сезбеген айтыш күйөрмандары төкмөлүк өнөрдү үстүртөн сындап, жемин коргой албаган төкмөнү жеберине жеткире тилдейт. Ушу кордукту көрбөйүн деп, мен да өз мезгилинде шойкомдуу шайтанымдын колу-бутун тушап, тек гана төкмөлүк өнөрдүн күйөрманы болуп эле жүрө берейин дедим. Жазма адабияттан жайлуу оокат барбы дедим өзүмө. Оозеки ыр төгүү менен ошентип кош айтыштым, бирок табиятын таанып-билүүмө, төкмөлүк өнөрдүн төркүнүн ажыраткан адистик камылгамды өстүрүүгө ышкы отумду жандырып койду кыйла.

Эгер табиятыма төкмөлүк өнөрдүн шыбагасы буюруп калган болсо, дымагымдагыдай – башкаларга окшоп сахнага чапан менен чыкмак эмесмин, комуз менен да ырдамак эмесмин. Фрак же смокинг кийип, бабочка байланып, эл аспаптар оркестринин коштоосунда төгүп ырдайм дечү элем. Бул экспериментим жаман болмок эмес? Улуттук өнөрдү модернизациялоо этабына көтөрүлүшүбүз керек, төкмөлүк өнөрдү качанкыга чейин комуздун коштоосунда гана көрсөтүшүбүз керек деп жүрчүмүн башкаларга. Тек улуттук өнөрдү мындайча жаңылоону – башкаларга кыйынсынуу үчүн көрсөткүм келген эмес, болгону: улуттук өнөрдү ушул тариздеги модернизациялашкан искусство деңгээлине көтөрүүгө эмнеге болбойт дегеним...

Албетте, комуз коштоосунда төккөнү төгө берсин, ага не жетсин? Бирок колунан келгени – улуттук өнөрүбүздү башка элдерге даңазалоо үчүн англис, кытай, түрк, орус, ж.б. тилдерде ырдап чыгаар болсо, байыртан келген байтактуу өнөрүбүзгө башка улуттун өкүлдөрү тамшанар беле дегеним го. Бөөдө кылдан кыйкым издечү ашкере улутчулдар мунума мыйыгынан күлөр, албетте. Бирок улуттук өзгөчө өнөрүбүзгө жаңылык киргизүүгө неге болбосун? Элдик фольклорубузду этегибизге басып жата бербестен, жалпы адамзаттын орток маданиятына сиңирип жиберсек деле жаман болбос эле...

Мүмкүн элдик экзотикабызга дүйнө элин таң калтырчу жаңы генерациядагы жаш муундар бүгүн чыкпаса, эртең чыгып калгысы бардыр деген эле аруу тилегим бул. Мен муну комузду чанганымдан эмес, тек улуттук өнөрүбүздүн кадырын арттырар, алдыга кадам шилтер экмет катары айткандагым.

Сөз учугун буга алып келатканымдын себеби, биздин төкмөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү жада калса комузду да тыңыраак черте алышпаганын баамдоого болот. Уккулуктуу обон салып, комузун шаңшыта черткен төкмө ырчыларыбыздын саны беш манжага жетпейт. Комузду эптеп кылдыратып, баягы эле Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Коргол, Ысмайыл, Осмонкул, Калыктын обонуна салып төгүп келатпаса, азыркылардын арасынан алдыга суурулуп, жаңыча күүгө салып, жаңы обон таап, өз чыйрымды салайын дегендери жокко эсе.

Бул жагына келгенде казактын төкмө ырчылары биринен бири айырмалуу. Домбрасы шаңшып, аваз (вокал) үнү таңшып, дегеле уккулуктуу. Арасында музыкалуу обондорун атайы композиторго жаздырып ырдагандары канча. Үндөрүнүн вокалдык өзгөчөлүгү менен биздикинен озуп турушат. Профессионал композиторлорго кайрылып, 11 же 12 муундуу кайрыкка салынган обондору төкмөлүк өнөрдө мүдүрүлбөй ырдоого да ыңгайлашкан. Арасында сөз таппай калган учурда тыным алууга ылайык, уккулуктуу музыка кайрыктарына чейин атайы иштеп чыгышкандай.

Ал эми өзүбүздүн төкмөлөрдүн 7-8 муундан турган саптары – арттан ит куугандай шаштырат. Себеби, сөз таппай калган жерден музыканын уккулуктуу коштоосу менен залдагы көрүүчүлөрдүн көңүлүн алаксытып турар интервалы жок үчүн тантып ырдай баштаган төкмөлөрүбүз канча.

Казак боордошторубуз оозуна оңгулуктуу сөз келмейин, домбранын мукамдуу кайрыгын чертип, үнүн созолонтуп отура бергендерин көрүп эле жүрбөйбүзбү. Алардын ошон үчүн маани-маңыздуу, көркөмдүү саптарын, ал эмес айрым учурда поэтикалуу мүнөздөгү айтыштарынан жан эргитер ыракат алууга болот. Бу жагынан алар биздин төкмөлөргө салыштырмалуу эбак эле ат чабым алыс кеткенин моюнга албаска аргабыз жок!

Айрым учурда биздин төкмө ырчылар казактардын обонуна салып ырдаган учурлары да арбын, мунун себеби да алардын обондору төкмөлүк өнөргө ылайыктуу жазылганынан чыгар мүмкүн. Бирок ушунча болуп казактын кайсы төкмө ырчысы биздикилердин обонуна салып төгүп ырдаганын көрдүк экен?.. Чанда бир гана кыргыздын уккулуктуу, узакка созолонтуп ырдаар ырларыбыздын обонуна салып төгүп калганы болбосо, негизинен өздөрүнө ылайыктуу ритмден, обондон чыгышпайт.

Албетте, бул жерде эң маанилүү бир жагдайды да унутпашыбыз керек: аларда ат тезегин кургатпай уюшулган айтыштар көп үчүн атаандаштык күчтүү өнүккөн. Мамлекет тарабынан да аталган өнөр ээлери эбак камкордукка алынган. Айрым чоң айтыштарда алар баш байге жеңүүчүсүнө эле 18-20 долларлык автор-машинелерди кармата берген учурлар бар. Андан да кээде бир айда эле төрт-беш жолудан айтыштар өткөн учурлары арбын. Ал эми бизде айтыш өнөрүн өстүрүүгө туруктуу камкордук көргөн Садык Шер-Нияздан башкалар чыкпаса кантели?!

Ошол себептен бизде болгону бир жылда – өлкөбүздүн эгемендигине арналган август айынын соңунда гана кыргыз-казак төкмө ырчыларынын айтышы өткөнүн көрүп жүрөбүз. Кээде гана айтыш өнөрүнүн келечегине кайдыгер эмес капчыктуу бирин-экин азаматтар чыга калып, чакан айтыштарга демөөрчүлүк кыла койгону болбосо, негизинен бизде казактардай ат тезегин кургатпай уюшулган беттештер жок үчүн да төкмө ырчыларыбыз чыгармачылык бийиктикке көтөрүлө албай келет.

Адатта, төгүп ырдаганды кой, күнүмдүк турмушубузда кимдир-бирөө менен кайым айтышып, акыйнек айтышып калган учурларыбыз болот. Ошондо жаакташкан адамыңа чукугандай жооп табыштын өзү кандай кыйын, ал эми сахнага чыгып, жайнаган көздөрдүн алдында өнөгүнө жүйөлүү жооп табуу мүшкүлү кандай кыйын болорун ар бирибиз элестетип көрөлүчү... А өнөрпозго сын тагуу оңой. Андыктан бул жолку айтыштын тандоо турунан чыгып келип, эл аралык айтышка катышкан төкмөлөрүбүздүн сахнадагы шык-жөндөмүнө макалабыздын экинчи бөлүгүндө кенен токтолмокчубуз.

Олжобай ШАКИР, жазуучу, публицист

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (37)

XS
SM
MD
LG