Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Малик Аликеев: Элден айланса болот


Малик Аликеев.
Малик Аликеев.

Атактуу аткаруучу Малик Аликеевдин төшөктө отуруп алып ырдаган ыры социалдык тармактарда тарап, коомчулук анын саламаттыгына тынчсызданды. «Азаттык» ырчы менен байланышып, ден соолугу, алдыдагы пландары, азыркы таптагы чыгармачылыгы тууралуу сурады.

Кыргыз элине өзгөчө үнү, таланты менен таанылган Малик Аликеев "Азаттыкка" ат жалында маек куруп, эл уга элек «Өмүр жөнүндө ой толгоо» деген ырын аткарып берди.

Малик мырза, соңку маалда эмне менен алектенип жатасыз? Ден соолугуңуз кандай?

- Абалымды сураганыңарга чоң рахмат. Бутум ооруп, азыр үйдөмүн, операция жасашмак. Убакыт керек экен. «Эми июнда кел» деген, дарыгерлер, июнь деле болду. Алты айдан бери ооруп жатам.​

Сахнага мен чыгып эле жүрдүм. Акыркы жолу «Санжыра» радиосунун концертинде чыктым окшойт, 2018-жылы чыгыптырмын. Андан бери чынында эле чыга элек экенмин. Концерттерге деле эч ким чакырбай калды.

Анын үстүнө быйыл өзүм отчёттук бир жеке концерт берсемби деп пландап жүргөм. Ушул бутумдун айынан азыр токтоп калды. Пландарым жакшы эле, жаңы ырларымды даярдап жаткам. Ден соолугумдун айынан азыр эми ишке ашпай турат. Айыгып алсам кайра киришем го.

Репертуарымда жакшы ырларым бар. Азыр деле жөн жатпай үн жазуучу студиялар менен сүйлөшүп жатабыз. Бул ырларымды кантип элге таратам, кантип жаздырам деп азыр ойлонуп турган чагым. Социалдык тармакка тарап кеткен ырларымдын бири да ошол жаңы чыгармалардан болуп саналат.

«Өмүр жөнүндө ой толгоо» деп аталат, сөзү Сооронбай Жусуевдики, бирок өзү менин аткаруумду укпай кетти, акыркы ырларынан окшойт. Обонун болсо Таластагы атактуу «Өрүк комуз» деген ырдын автору Кожоакмат Абдыралиев деген мыкты талант, өтө жупуну, эл көп билбеген авторлор бар го, ошол агабыздыкы болчу. Абдан өзүмдүн купулума толгон, жемиштүү ырлар бар. Эми буюрса ден соолугумду калыбына келтирип алсам анан чыгарам деп турам.

- Азыр элиңизден, сиздин чыгармачылыкты баалаган күйөрмандарыңыздан кандай колдоо күтөсүз?

- Мен чындыгында ыраазымын, «Фейсбуктагы» видеонун таркап кеткенин билбепмин, бирок ошондон кийин элибиз тынбай жазып, «жардам берүүгө даярбыз» деп жатат. Кыргыз элим чынында улуу эле. Устатыбыз Эстебес Турсуналиев убагында айтты эле, «эл-журттан айланайын, эл бар, биз барбыз» деп.

Кыргыз эли касиеттүү да. Элдин тилеги, берген батасы эле мени азыр бир топ жогору көтөрүп койду. Момундай абалда жатканда элдин деми мени чыйралтты десем жаңылбайм. Мынакей июнь деле болуп калды. Карантинде эми кандай болот, дарыгерлер менен сүйлөшөбүз го.

Эл мени баалайт, көп эле угуп, көрүп жүрөм. Башка бизден улуу эже, агаларыбыз деле теле-радиодон интервью бергенде айтышат. Өзүм да бир отчёттук концерт бердим эле, түз эфирде отурганда эл аябай колдоо көрсөтүп, батасын берип, наам жөнүндө да айтып жатышты. Каалоо-тилектерин билдиришти, мен элге ыраазымын.

Малик Аликеев: “Өмүр жөнүндө ой толгоо”
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00
Түз линк

- Сиз улуу устаттардан таалим алдыңыз, ал эми өзүңүз шакирттерди өстүрүп жатасызбы? Балдарыңыздан өнөргө жакыны барбы?

- Жаш балдар, кыздар чындыгында келип жүрүштү. Мендей ырдаганды үйрөнөбүз дешет, кичине үйрөнөт, анан кайра жок болуп кетишет. Эми эл арасында таланттар бар болуш керек. Бирок өзүм тарбиялаган шакирттерим жок. Уулум абдан жакшы комуз чертет, анын деле кесиби, окуган окуусу башка тармакта.

- Сиз комузду шартылдата чертип, улуттук ырларды чоң чеберчилик менен аткарып элге таанылгансыз. Бул өнөрдүн улантуучуларына эмне кеп-кеңеш бересиз?

- Мисалы, «Сармерден» долбоору деле элге аябай жагып, атактуу болбодубу. Ошол «Сармердендин» аркасы менен биз Гүлгаакы Сагындыкова экөөбүз «Машүрүп менен Дубананы» ырдап чыктык элек. Ошондо элден көп уктум, ушундай унутта калып бара жаткан дастандарды кайра ырдап чыкса сонун болорун. «YouTube» каналындагы пикирлерди деле окусаңар, көп адамдар ыраазы болушкан. Ушундай кызыктуу нерселерди концерттерге кошуш керек да. Ошолор унутта калып жатпайбы. Андан кийин Турдукан Сарбанова экөөбүз «Такилет» деп устатыбыздан үйрөнгөн ыкмада ырдадык эле. Ошондойлорду кийинки муун билбей калып жатпайбы, аларды көп жайылтыш керек.

- Малик мырза, аман-эсен айыгып кетиңиз. "Азаттыктын" угармандары үчүн аткарып берчү жаңы ырыңыз эмне жөнүндө?

- Ар бир эле адамда өкүнүч болсо керек. Жаңы ырымда деле канчалык кубаныч болсо деле баары бир өкүнүү артынан эрчип жүрөт деп айтылып жатпайбы. Бул жашоо баары бир тегиз болбойт экен да. Мен эми буга же тигиге өкүнөм деп так кесе айта албайм. Кубаныч деген эмне экенин мына азыр түшүнүп отурам. Биз жөн сүйлөгөндө «ой, ден соолук болсун» деп калабыз го, саламаттыктын баркын ушул ооруганда түшүнөт экенсиң да. Ден соолуктун бары эле кубанычпы деп ойлоп калдым. Буюрса, жакында «Тагдыр» деген ырды жаздырууну да сүйлөшүп жатам. Ошол ырды укканда элим менин абалымды толук түшүнөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG