Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:26

Кыргыз үндүү Кызалаков келбес жайга кетти


Орунбасар Кызалаков.

Көмөкөй менен ырдап таанылган ырчы Орунбасар Кызалаков 4-январь күнү 58 жашында каза болду.

Ал 2000- жылдары «Таласым таңшыйт», «Таңкы поезд», «Биздин өзөн» аттуу ырлары менен жаңычыл ырчы катары таанылган. Кийинчерээк чыгармачыл чөйрөдөн алыстап кеткен эле.

Улуттук стилдеги ырчы Орунбасар Кызалаков музыка дүйнөсүнө өткөн кылымдын 90-жылдарынан баштап аралашкан десек болот. Бирок жаңы стилде чыккан ырчынын чыгармачылык жолу татаал болуп, өз угармандарын тапканча узак жол баскан. Бул тууралуу композитор Жолдошбек Апасов сөз кылды:

- Себеби көпчүлүк эл шлягер ырларга көнүп алган. Кызалаковдун ырлары такыр башкача эле. Үнү, сахнада өзүн алып жүргөнү такыр башкача эле. Бирок бир жыл ичинде өз угармандарын топтой алды. Экөөбүз үч ыр жаздырдык. Бир жыл өтпөй эле «концерт берем» деп калды. Мен ошондо ага «концерт берүүнүн өзүнүн түйшүгү бар, аны уюштуруу зарыл. Элдин укканы жакшы. Бирок концерт өткөрүш үчүн мыкты продюсер, менежерлер менен иштеш керек. Шашпай турганыңыз жакшы эле» дегем. Бирок болбоду. Концертине киши келбей койгондо катуу сынып калды окшойт.

Ырдаган ыры, обону, сахнада турган турушу менен өзгөчөлөнгөн Орунбасар Кызалаков 1962-жылы Талас облусунун Көк-Кашат айылында туулган.

Орто мектепти бүткөндөн кийин Токмок шаарындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, бирок 2-курсунда окууну таштап, 1981-жылы Москвадагы техникумдардын биринен темир усталык кесипке окууга барат. Музыкага болгон кызыгуусу ошол жерден башталып, эстрада музыкасы жомоктой сезилип, «өз обондорум менен орус элине келем» деп максат коет. Ошондон тартып ал гитара менен кыргыз музыкасын Европа музыкасынын агымына салып, обон жарата баштайт.

Кызалаков мындан 15-20 жылдай мурун «Таласым таңшыйт», «Таңкы поезд», «Биздин өзөн» аттуу ырлары аркылуу таанымал боло баштаган. Анткен менен ошол учурда Кызалаков менен чыгармачылык байланышта жүргөн Элмара Турсуналиева маркумду өз мезгилинен эрте келген өнөрпоз катары сыпаттады:

Элмара Турсуналиева.
Элмара Турсуналиева.

- Эгерде Орунбасар сахнага мындан 15-20 жыл мурун эмес, азыр келгенде этно ырчы катары укмуш бааланмак. Ал ырчылык өнөрдө эч кимге окшошпогон, азыр популярдуу болуп аткан этно стилде аткаруу деген түшүнүктү алып келген. Бул жигит жөн гана аткаруучу эмес, жаратман да эле. Мыкты тексттерди тандай билчү. Тандалган текстке жакшы обон жарата да билчү.

Турсуналиева Кызалаков өзү ал обондорун кайып дүйнөдөн келген табылга деп эсептегенин, аны башкалар түшүнгүсү келбегенин кошумчалады:

- Бишкекте анын чыгармачылыгын эч ким түшүнбөдү, сыйлабады. Ошондуктан ал өзүнүн пикирин элге далилдей бергенден жадап, өзү туулуп-өскөн Талас жергесине кетип калган. Орунбасардын идеясын кийин эле Батма Султанова, Гүлзада Рыскулова, Каныкей деген мыкты ырчы кыздар ишке ашырып, этно стилде чыгарма аткаруу азыр модага айланды.

Учурунда Кызалаковдун бир нече ырын музыкалык жактан шөкөттөп берген Жолдошбек Апасов ырчы акыркы кезде ооруп калганын, көкүрөгүндө миңдей обону бар экенин, аны жаздырууга, элге алып чыгууга дарамети жоктугун айтып арман кылып жүргөнүн кеп кылды:

- Мен бул киши менен аябай эле жакшы иштешейин дегем. Бирок өзү айткандай «тиги жак менен байланышы бар», ою стандарттуу эмес, башкача киши эле. Мен дайым эле «ушул ырчыга жакшы продюсер кезикпей атат, жакшы продюсер болсо аты алыска кетет эле» деп айтып жүрчүмүн. Кызалаков чынында феномен эле. Ырларын угуп көрсөңүздөр, чоң философияны камтып турат. Сөздөрү да, обондору да башкача. Кыргыз музыкасында ушундай бир нук бар экенин унутпашыбыз керек. Ага алгачкы чыйырды Кызалаков салды десек болот.

Апасов азыр Кызалаков салган изди улантып, ага өз боёгун кошуп көрктөнтүп жаткан ырчылар бар экенин, музыкада бул агым көчмөндөрдүн стили катары тааныларын айтты.

Тилекке каршы өзгөчө агымды баштаган өнөрпозго үй-бүлөлүк бакыт да буюрган эмес экен. Ал алгач молдован кызына, кийин кыргыз кызына үйлөнүп, биринчиси менен да, экинчиси менен да экиден балалуу болгондон соң эки башка жолго түшкөн.

Маркумдун сөөгү 6-январда Талас облусунун Көк-Кашат айылында жерге берилди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (14)

XS
SM
MD
LG