Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:45

Шаан-шөкөт жетишкен, Шамшиевдер кетишкен 2019-жыл...


Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2019-жылы өнөктөштөр менен бирге республика боюнча 50дөн ашык маданий иш-чара уюштурду.

Алардын катарында Улуттук көчмөндөр оюндары, «Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык долбоору, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагындагы гала-концерт, «Салттуу музыка жумалыгы» өңдүү эл аралык жана жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар бар.

Серепчилер болсо акыркы жылдарда Кыргызстандын маданий турмушу социалдык тармактарга көчө баштаганын айтып жатышат.

Бүгүн жалпы эле дүйнөлүк маданият менен искусстводо жаңы максаттар пайда болду. Кыргызстанда да анын учкундары байкалып жатат. Ал кандай жаңы максат, кандай өзгөчөлүк - бул тууралуу искусство таануучу, чыгармачыл өндүрүш боюнча серепчи Чолпон Тентиева кеп салды:

Чолпон Тентиева.
Чолпон Тентиева.

- Жаштардын, өспүрүмдөрдүн арасында чыгармачыл жана уникалдуу болуу трендге айланып баратат. Мисалы, сүрөт тартуу, дизайнга, фотографияга, бийге, музыкага, киного, fashion, анимацияга кызыгуу байкалып жатат. Бул жакшы тенденция, анткени сандан сапатка өтөт. Дүйнөдөгү өзгөрүүлөр чыгармачыл өндүрүштү же чыгармачыл экономиканы карай өнүгүүдө. Быйыл Кыргызстанда да көргөзмөлөр, өз алдынча чыгармачыл топтор көбөйдү. Мисалы, сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин топтору, мода жаатында, музыка тармагында, замандын талабына жооп берген анимациялык топтор түзүлүп жатат. Коомчулуктун фотографияны искусство катары кабыл алышы да сезилүүдө.

Тентиева акыркы жылдары ар кандай көргөзмөлөр менен бирге поэзия кечелерин өткөрүү да салтка айланып баратканын, калкты китеп окууга үндөө боюнча ийгиликтүү долбоорлор пайда болгонун белгиледи.

Интернет жылдызына айланган адис музыкант, жаш композитор Нурчолпон Улукбек кызы маданияттагы жаңы көрүнүштөр, жаңы агымдар тууралуу айтып жатып, акыркы жылдары музыка жаатында Кыргызстанда «YouTube» каналы аркылуу өз өнөрүн тартуулагандардын катары калыңдап баратканын белгиледи:

- Бизде «YouTube»​ акыркы жылдары өнүгүп калды десем болот. Анткени көптөгөн каналдар өздөрүнө жазылгандардын санын 100 миңден ашырышты. «YouTube»​ каналында популярдуулукка жеткендер «күмүш кнопка» алышты. Көптөгөн ырчылар өз каналдарын ачып, аны жигердүүлүк менен өнүктүрүп жатышат. Ошол эле Мирбек Атабеков болобу, Самара Каримова болобу - баары өздөрүнүн клиптерин «YouTube» каналга жайгаштырып жатышат.

Нурчолпон муну менен бирге акыркы жылдары белгилүү ырларга өз боёгун кошуп ырдап чыккан ырчылардын агымы пайда болгонун да кошумчалады:

Нурчолпон Улукбек кызы.
Нурчолпон Улукбек кызы.

- Бизде каверлерди аткара турган ырчалар да көбөйүп калды. Акыркы учурларда кыздардан да, балдардан да байкап жатам. Музыка жаатында дагы бир байкоом: жанрларды жана стилдерди синтездештерүү абдан популярдуу болуп жатат. Муну биз Димаш Кудайбергеновдун чыгармачылыгынан байкасак болот. Бир эле ырда опера, эстрада, реги, жаз сыяктуу көптөгөн стилдер камтылат. Бул стил жөндөмүңдү, чеберчилигиңди өрчүтөт экен. Мен бул сөзүмө мисал катары өзүм эң акыркы аткарган «Беш ыргай» деген ырды айтып кетсем болот. Ал жакта бир эле учурда опера жанры да бар, эстрада вокалы да, этно вокалы да жана бидбокс да бар.

Саны көп, сапаты белгисиз иш-чаралар

Жаштар өз өнөрүн Интернетке жайылтууга өтүп жатса, Маданият министрлигине караштуу Улуттук маданият борбору 2019-жылы 50дөн ашык маданий иш-чара өткөргөн. Бул тууралуу аталган борбордун директору Жумакадыр Курмангалиев кеп салып, алардын негизгилерин санап берди:

- «Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» дегенде бул иш-чара жарнама катары туризмдин, маданиятыбыздын, адабиятыбыздын, салт-санаабыздын өнүгүшүнө чоң салым кошту деп ойлойм. Бул долбоордун алкагында Ош облусунда көптөгөн иш-чаралар өттү. Мындан сырткары, билесиздер, апрель айында жылыга «Салттуу музыка жумалыгы» өтөт. Быйыл да бул жумалыктын алкагында Ала-Тоо аянтына миңден ашык жаш комузчулар чыгып күү чертип беришти. Албетте, алар башталгыч жеңил күүлөрдү чертишти. Бирок миңден ашык баланын борбордук аянтка келип комуз чертип турганы биз үчүн жакшы жетишкендиктердин бири деп ойлойм.

Курмангалиев Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын кыргыз көрүүчүлөрүнө тартуулаганы да 2019-жылдагы көрүнүктүү маданий окуя болгонун айтты:

- Анан эң негизгиси - 2019-жылы ШКУдагы өлкөлөрдүн президенттери катышкан гала-концертти өткөрүп алдык. Мен бул кечени жогорку деңгээлде өткөрдүк деп эсептейм. Бул жерде ШКУга кирген ар бир мамлекеттин тилиндеги ырларды даярдап чыгуу бир топ түйшүк жаратты. Бирок аларды даярдоого жетише алдык. Андан сырткары, биз өзүбүздүн чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн дүйнөлүк деңгээлдеги ырчыларыбызды, скрипачтарыбызды, бийчилерибизди чакырып, өзүбүз да бир сыйра сыймыктанып көрүп алдык.

Мындан сырткары, ушул жылы Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы, Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы баштаган бир топ мааракелер белгиленди. Курмангалиевдин айтымында, өкмөт өткөрүп жаткан бул маданий иш-чаралар мамлекеттик идеологияны калыптандырууну максат кылат.

Театрдын мактанычы жана өксүгү

2019-жылы кыргыз театрында СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгына арналган эл аралык театралдык фестивалдар баштаган бир нече кароо-сынактар өткөн. Бул тууралуу Театр ишмерлер бирикмесинин жетекчиси Жаныш Кулмамбетов билдирди:

Жаныш Кулмамбетов.
Жаныш Кулмамбетов.

- Ошол эл аралык фестивалдын учурунда биздин алгачкы ийгиликтерибиз бышыкталып, Кыргыз академиялык драма театрынын «Кылым карытар бир күн» спектакли президенттин атайын байгесин утуп алды. Бул аталган театрдын тарыхында алгачкы жолу болгон ийгилик. Бул окуянын артынан «Ошол байгени утуп алуу менен эле театрдын бийиктиги аныкталып калдыбы?» деген суроо туулушу мүмкүн. Жалпы ошол бийиктигин аныктай турган спектаклдер утуп алды деп айтышыбыз керек.

Театр ишмери 2019-жылы кыргыз театрынын жалпы бийиктиктигин аныктаган спектаклдердин бирине токтолду:

- Маселен, Нарын театрынын «Жамийласы». Менимче бүгүн «Жамийлага» кызыгуу өтө зор экен. Спектакль жүрүп аткан учурда көрүүчүлөрдүн көбү ыйлап отурду. Мен чынында бул көрүнүшкө өтө таң калдым. Калыстар тобунун мүчөлөрү да эмнегедир ыйлап жатышты. А чынында «Жамийла» спектакли ыйлай турган спектаклдердин катарына кирбейт. Мен кийин ойлоп көрсөм ал көз жаш биринчиден Айтматовдун чыгармаларына ыраазы болуу, экинчиден ошол чыгарманы сахнада ийине жеткире койгон Нарын театрынын ишине ыраазы болуу экен, ошону түшүндүм.

Анткен менен Кулмамбетов ушул тапта кыргыз театры заманбап спектаклдерди коюуда аксап келатканын моюнга алды:

Биздин театр азыр бүгүнкү күндүн каарманын чагылдырууда алсыз.


- Былтыр бизде заманбап пьесалардын конкурсу өткөн. Бирок эмнегедир ал сынактын тыянагы боюнча тандалган чыгармалар театрга коюла элек. Заманбап дегенден кийин ал бүгүнкү күндүн кыйчалыш окуяларын чагылдырган пьесалар болушу керек эле. Ушул жагынан алып карай турган болсок көрүүчүлөрдүн театрга келиши солгун болуп атканы - заманбап спектаклдердин коюлбай жатканы десек болот. Биздин театр азыр бүгүнкү күндүн каарманын чагылдырууда алсыз. Кыргыз театры кайсы жагынан күчтүү? Менимче Айтматовду коюуда, классиканы коюуда күчтүү. Заманбап спектакль коюуда аксап келатат.

Жол издеген адабият

Театр ишмерлери кыргыз театры заманбап каарман жаратышы үчүн адабият өнүгүп, бүгүнкү күндүн жүгүн көтөргөн чыгармалар жаралышы керек экенин айтып жүрүшөт. 2019-жылдын 12-13-декабрында Улуттук жазуучулар бирикмеси өзүнүн 85 жылдык мааракесин, XV курултайын өткөрүп жатканда улуттук адабияттын абалы солгун экени тууралуу кеп болду. Мындай пикирге адабиятчы Болотбек Таштаналиев да кошулат.

Болотбек Таштаналиев.
Болотбек Таштаналиев.

- Өтө эле начар деп айтканга болбойт, - деди ал. - Бирок бир мезгилде, өткөн кылымдын 60-жылдары жеткен бийиктик бар эле. Бүгүнкү күнү адабиятка келип жаткандар талантсыз жана сабатсыз. Эптеп бир саптарды уйкаштырса болду. Кара сөз жазганы деле, ыр уйкаштырганы деле ошол.

Улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов аталган чыгармачыл уюм учурда жаңы демилгелер менен иш жүргүзүүгө белсенип турганын айтты. Алардын бири катары тектеш жана башка элдин жазуучулары менен котормо жаатында кызматташуу башталганын мисал келтирди:

- Кытай Эл Республикасында кытай тилинде кыргыз адабиятын түптөгөн улуу муундагы акын-жазуучулар менен азыркы калемгерлердин чыгармаларын камтыган эки томдук энциклопедия жарык көрдү. Бизде азыр бул кызматташтыктын башталышы гана деген маалыматыбыз бар. Эми аталган энциклопедиянын үчүнчү томдугун чыгарсак деген аракет бар.

Табылга жана жоготуу

2019-жылы кол өнөрчүлөр үчүн бир топ ийгиликтерди алып келген. Бул тууралуу искусство таануучу Чолпон Тентиева айтып берди:

Нарын облусуна «Шырдак жергеси», Ысык-Көл облусуна «Боз үй жергеси» наамдары берилди.


- Декабрь айында Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кенешинде (World Craft Council) Кыргызстандын Нарын облусуна «Шырдак жергеси», Ысык-Көл облусуна «Боз үй жергеси» наамдары берилди. Бул абдан жакшы жетишкендик, өтө жакшы кабар. Орто Азияда бизден башка Өзбекстандын Кокон шаарына гана ушундай наам берилген. Биздин XXI кылымга чейин сакталып келген элибиздин уникалдуу өнөрү, дүйнөлүк эксперттерди (World Craft Council) таӊ калтыргандыгы мени ишмердик топтун эксперти катары сыймыктандырат. Быйыл ак калпакты жасоо жана кийүү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргендиги да бир чоӊ сыймык. Байыртадан келе жаткан өнөрлөр, дүйнөнү таӊ калтырган маданий мурастар, искусствонун түрлөрү жаштардын кызыгуусун арттырууда.

Чолпон Тентиева кыргыз маданияты менен искусствосундагы быйылкы эң негизги жетишкендик катары жаштардын чыгармачылыкка кызыгуусу арта баштаганын белгиледи.

2019-жылы кыргыз маданияты менен искусствосу зээн кейиткен жоготууларга да учурады. СССРдин эл артисти, «кыргыз кереметин» жараткандардын бири Болот Шамшиев, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мурдагы маданият министри Марклен Баялинов, Кыргыз эл жазуучусу, залкар драматург, белгилүү акын Мырзабек Тойбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти, дирижёр Сайдирахман Матиев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Умтул Орозова, кийинки муундагылардан комузчу Нурзат Орозалиева, төкмө акын Акжолтой Канат уулу эми катарыбызда жок.

Болот Шамшиевдин деңгээлиндеги мэтрлер дүйнөдөн өткөн сайын кыргыз маданиятынын гүлдөгөн бир доору кошо кетип, улуу таланттар алып келген улуу мурастарды сактап, муундан муунга өткөрүү маанилүү экендиги айгине болуп келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG