Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 12:32

«Манасты» унуткан маданият


Манасчылар сынагынын катышуучулары.

4-декабрь - Манас күнүнө карата башталган республикалык манасчылар таймашы соңуна чыкты. Сынак эки бөлүктөн туруп, республика боюнча 60тан ашык манасчы ат салышты.

Серепчилер бул жолку таймашта 20 жашка чейинки бала манасчылардын ат салышуусу кызуу өткөнүн белгилеп жатышат. Бул жолу улуу эпосту улантуучулардын жарышына катышкандардын басымдуу бөлүгү манасчы балдар болду.

Республика боюнча чогулган 54 жаш манасчынын ичинен баш байгени жеңип алган эки манасчынын бири Ажибек Бектемиров бул өнөргө кантип кызыгып калганы тууралуу кеп салып жатып, өзүн «Манас» баянындагы каармандардын бири кадимки Кошойдун 21-урпагы деп эсептей турганын айтты.

Ажибек Бектемиров.
Ажибек Бектемиров.

- Биз илгертен эле ата-бабаларыбыздан бери «Манас» айтып келгенбиз. Менин негизги атам бул - Кошой. Кошой атабыздан бери ата-бабаларыбыз «Манас» айтып келишкен. Мен да алардын жолун улап «Манас» айтып келем.
- Кошой болгондо кайсы, «Манас» эпосундагы кадимки Кошойбу?
- Ооба, Манастагы Кошой...
- Өзүндүн атаңчы?
- Өзүмдүн атам Бурхан. Ал да кээ бир учурларда «Манас» айтып калат...
- Өзүң канча жашыңдан баштап, кантип «Манас» айтып калдың?
- Мен үч жашымдан баштап, тилим чыккан кезден бери эле айтам...
- Кайсы окуядан баштадың?
- Мен эң биринчи Манастын Тайторуну чапканынан баштагам.

Сахнада эпостогу окуяны кадимки чоң манасчылардай кээде токтоо тартып, кээде буркан-шаркан түшүп баяндаган Ажибек учурда Бишкек шаардык №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 6-классында окуйт. Ал келечекте чоң манасчы болууну көздөйт.

Ажибекти бул өнөргө таптап жүргөн устаты - таанымал манасчы Асанаалы Калил уулу. Тактап айтканда учурда Бишкектеги бир нече мектеп-лицейде «Манас таануу» ийрими иштейт. Аларды манасчы Асанаалы жетектейт. «Андыктан сынакка катышкан окуучулардын 30% ашыгы ошол ийримдеги шакирттерим болду», дейт Калил уулу.

Манасчылар.
Манасчылар.

- Демек, жалпысынан 54 бала манасчы катышты. Балдардын жан дүйнөсү таза да. Ар ким өзүнүн дэңгээлинде жакшы айтып берди. Калыстар курамы балдардын баарынын айтуучулугун талдап, эң акырында үч манасчыга орун берди. Алардын катарында үчүнчү орунду ээлегендер «Сейтек» билим берүү мектебинде окуган Курманбеков Ариет менен Аалы уулу Нурамин болду. Өзгөчө эң мыкты айткан эки манасчы деп Ажибек менен Белек манасчыбызды белгилешти.

Асанаалы бул таймаш эки багытта өткөнүн, сынак он жаштан 20 жашка чейинки бала-манасчылар арасында жана 20 жаштан 30 жашка чейинки жаш манасчылардын арасында жүргөнүн айтты. Ал жаш манасчылар тобунда жети катышуучу ат салышканын, бир кезде бул өнөргө саналуу гана өнөрпоздор кызыкса, бүгүн алардын катары калыңдап баратканын кошумчалады:

54 бала-манасчынын ичинен төрт чоң манасчы чыкса - ал биздин жетишкендигибиз.


- Азыр манасчылардын абалы Кудайга шүгүр. Уучубуз куру эмес. Элге таанымал 15 манасчы болсок, биздин артыбыздан караан болуп бир топ күрдөөлдүү бала манасчылар келип атат деп айтсак болот. Мисалы, бул жолу респбуликанын ар кайсы аймагынан 54 бала манасчы келди. Албетте, эми алардын баары эле манасчы болуп кете албайт. Себеби улуу дүйнөгө кирүү, анын түйшүгүн көтөрө билүү баарынын эле колунан келе бербейт. Ошол 54 бала-манасчынын ичинен төрт чоң манасчы чыкса - ал биздин жетишкендигибиз.

Кароо-сынактын шарты боюнча 20 жаштан 30 жашка чейинки жети жаш манасчы калыстардын колунан билет алып, өзүнө туш келген окуяны айтып берип таймашка түштү. Натыйжада жаш манасчы Нурбек Талантбек уулу биринчи орунду, Бексултан Имаш уулу экинчи орунду багындырган.

Бирок адаттагыдай эле манасчылардын республикалык деңгээлде өткөн бул чоң кароо-сынагына агылып келген көрүүчүлөр деле болгон жок. Анын өтөрү тууралуу да жарнама болбоду.

Эмгек сиңирген артист, калыстар тобунун мүчөсү Рысбай Исаков ал тууралуу мындайча кеп кылды:

Рысбай Исаков.
Рысбай Исаков.

- Себеби бүгүнкү күндө «Манасты» угуу өтө оор. Анан калса «Манасты» угуу маданияты жоюлуп кетти. Биз өзүбүз «байлап кел, айдап кел» менен «Манас» угузгандан көрө, өзүбүз угарманбыз, өзүбүзгө өзүбүз жетебиз, каалоочулар келсин, каалабагандар келбесин деп ойлогонбуз. Каалоочулар келди. Таймаш өтөрүн жалпыга күчтөп жарыя деле кылган жокпуз. Маалыматты соцтармактардан гана тараттык. Кудай буюрса мындай таймаштарды чоң салтанат менен өткөрө турган да күн келет.

Исаков учурда «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында манасчылар мектеби түзүлүп жатканын кошумчалады.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген. Андыктан 2017-жылдан бери өкмөттүн токтому менен 4-декабрь Манас күнү деп белгиленип келет.

3-декабрда өткөн манасчылар таймашы Манас күнүн утурлай Мамлекеттик тил комиссиясы жана Билим берүү министрлиги тарабынан колдоого алынып өткөрүлдү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (10)

Ушул тапта техникалык жөндөө жумушу жасалып жатканына байланыштуу сиз издеген материал ачылбай жатат. Бул үчүн көптөн-көп кечирим сурайбыз. Бир аз убакыттан соң кайра ачып көрүңүз деп суранаар элек.

XS
SM
MD
LG