Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 11:47

«Кыргыз кереметинин» алпы кетти


Белгилүү кинорежиссёр, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал ноябрь айынан бери президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиниканын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Маркумдун жакындары берген маалыматка ылайык, Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты 24-декабрда Опера жана балет театрында өттү.

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

Жээнбековдун кайрылуусунда Болот Шамшиев кыргыз тарыхын жана "Манас" эпосун терең изилдөөдө да олуттуу иштерди аткарганы белгиленет.

- Болот Шамшиев залкар кинорежиссер гана эмес, көптөгөн актерлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан көрөгөч жетекчи болгон. Ал Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келген. Сүймөнкул Чокморовдун актердук улуу талантын ачкан. Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдызына айландырган. Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да үзүрлүү эмгек өтөгөн. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Туризм жана спорт агенттигинин директору, элчилик кызматтарды аркалаган. Ал өмүрүнүн соңку жылдары бир нече сценарийлерди, 10дон ашык кино долбоорлорду, үч чоң китепти жазды. Жакында эле мени менен жолугуп, өзүнүн жаңы идеялары менен тааныштырган. Чыгармачылык пландары арбын эле. Мамлекет тарабынан улуу сүрөткерибиздин эмгеги жогору бааланып, III, II даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланды. Эң негизги сыйлыгы - элибиздин терең урматына татыды. Болот Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти, - деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков.

Ушундай эле көңүл айтууну Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да жолдоду.

- Болот Төлөнович дүйнөлүк кино искусствосуна эбегейсиз из калтырды. Ал эки элдин ынтымагынын бекемделишине чоң салым кошту. Болот Шамшиевдин аты эсибизде түбөлүк сакталарына ишенем, - деп жазды казак президентине караштуу akorda.kz сайты.

Касым-Жоомарт Токаев Болот Шамшиевдин жараткан эмгектери эки элдин орток маданий байлыгы болуп калганын белгилеген.

Шамшиевдин мектеби

Кыргыз коомчулугу СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин дүйнөдөн өткөнүн оор кабыл алып, таанымал режиссердун дүйнөдөн өтүшү менен Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Мелис Убукеев сыяктуу кыргыз кино искусствосунун жаралуу, калыптануу жана көтөрүлүү мезгилинин бир этабы аяктаганын кеп кылып жатышат.

«Бөрү зындан» тасмасында Композ деген ат менен таанымал болгон актёр Мурат Мамбетов Шамшиев кино тармагынын чыныгы адискөйү болгонун белгилеп, кезинде киночулар «Шамшиевдин тасмасына түшкөн актер академияны бүткөндөй болот» деген баасын берип келгенин сөз кылды.

- Шамшиевдин өзгөчөлүгү бар эле. Ал өзү тарта турган кинону алгач мээсинде тартып бүтүрүп, андан кийин гана ишти баштачу. Иштеп жатканда тасманын ар бир ирмемин майда-чүйдөсүнө чейин элестетип, тактап алганы билинип турар эле. Ошондуктан ал актёрлорго өзүнүн оюндагы талаптарды койчу. Актёрлордун «бул жерин мындай кылайын, өзүм кошумчалайын» дегенине көнчү эмес. Анткени ал тарта турган тасмасындагы ар бир образды ага чейин эле даярдап койчу.

Болот Шамшиев менен коштошуу. 24.12.2019

Болот Шамшиев кино тармагына «Манасчы» аттуу даректүү тасмасы менен кирген. 1965-жылы режиссёрдун бул тырмак алды чыгармасы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган. Шамшиев бул кыска метраждуу тасманы тартуу үчүн беш жыл даярданганын айткан эле.

- Мен 1-курста китепканага барып, «Манас» кайдан чыкканын изилдеп, беш жыл иштедим. Диплом коргоого чыкканда мен киностудияга барып «Саякбай Каралаев тууралуу тартам» деп айттым.

Замандаштарынын айтымында, табиятынан эс тутуму күчтүү, ар бир тасмасын чоң даярдык, билим менен баштаган Болот Шамшиев тунгуч тасмасына удаа эле «Караш-караш», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар», «Снайперлер», «Бөрү зындан» сыяктуу тасмаларды тартып, чоң ийгиликтерди жараткан.

Кесиптештери эгемендик жылдары Болот Шамшиевдин бай тажрыйбасы колдонулбай калганын айтышууда. Таланттуу режиссер эгемендик жылдары каражаттын айынан көптөгөн кино долбоорлорун ишке ашыра албай калды. «Ак кеме» тасмасында баланын образын жараткан Нургазы Сыдыгалиев Шамшиев менен акыркы кезде жолукканда «Кожомкул» тасмасын тартууга белсенип жүргөнүн айтты.

- Мен Болот байкенин өжөрлүгү менен бул тасмада роль жаратып калгам. Себеби ошол кезде алгач комиссия мени «бул өтө эле шок бала экен» деп жаратпай койгон экен. Болот байке «мен өзүм жооп берем, бул баладан бир нерсе чыгат» деп киного катыштырган. Ал балдардын психологиясын өтө жакшы билген.

Шамшиев кыргыз киносунда Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров менен катар «Кыргыз кереметин» жараткан залкар режиссёр катары калды. Ошентсе да ал өмүрүнүн соңку жылдары экранга чыга элек бир нече сценарийлери, ондон ашык кино долбоорлору бар экенин, каражат тартыштыгына байланыштуу кийинки чыгармалары тартылбай жатканына кейип келген.

- Мен азыр үйдө отуруп эки томдой китеп жаздым. Азыр тарыхый темаларга токтолуп жатам. Кожомкул тууралуу эки жыл иштедим. Биринчи китебим «Каба жоо жүрөк», экинчи китебим «Кожомкул» деп аталды. Азыр болсо милицияда иштеген чыныгы адискөй, укук таануучу полковник Исабаевди прототип кылып көркөм образ чыгарып жатам.


Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да иштеп, 1985 - 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон, 1998-жылы туризм жана спорт министри, кийин элчилик кызматты аркалаган.

Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда ал кездеги Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы ал окуу жайды аяктап кинорежиссер кесибине ээ болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG