Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Төлөмүш Океев тартпай койгон тасма


Төлөмүш Океев
Төлөмүш Океев

«Улан», «Ак илбирстин тукуму», «Кызыл алма», «Бакайдын жайыты», «Биздин балалыктын асманы» өңдүү кинотасмалары аркылуу чыгаан талант атыккан кинорежиссер Төлөмүш Океев тирүү болгондо быйыл күздө 84 жашка чыкмак.

Жакында кызы Азиза Океева кинорежиссердун фотосүрөт көргөзмөсүн Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде уюштуруп, анын эмгеги менен өрнөгүн кайрадан киносүйүүчүлөрдүн эсине салды.

Бул көргөзмө Төлөмүш Океевдин байбичеси, 81 жаштагы Жумаш Өмүрова менен жолугушуп, баарлашууга шарт түздү. Сөз учугу фотокөргөзмөнүн таржымалынан башталды.

Жумаш Өмүрова: - Бул үйдөгү эле архивдер. Арасында Төлөмүштүн өзүнүн окуучу, студент кездеринде тарткан фотосүрөттөрү да бар. Же ыргыта албайм. Бир күнү «Бул сүрөттөгүлөр эми жок, кетип калышты. Кийинкилер билбейт. Кимге кереги бар? Өрттөп сал!» деп кызым Азизага бергем. Аларды кинодо иштеген Федоров деген фотограф экөө карап чыгышыптыр. Анан Федоров «Ой, укмуштай сүрөттөр бар экен! Бул замандын, адамдардын портреттери, муну кантип өрттөгөнгө болсун!» деди. Анан кызым экөөлөп ушул көргөзмөнү уюштурушту.

Океевдин эл көрө элек сүрөттөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00

«Азаттык»: - Башка жакта да архивдери барбы?

Жумаш Өмүрова: - Жок, үйдөгү эле. Курска барганда жазган биринчи конспектилери бар экен. Китебине чыгарганбыз. Институттагы конспектилери бар эле, аны «кереги жок» деп ыргытып ийиптирмин. Кийин өкүнүп калдым, «бекер ыргытыптырмын» деп. Үйдөн үйгө көчүп-конуп жүрдүк. Кийин Түркияда да 20 жылдай жашап калдык.

Чырга айланбаган кызганычтар

«Азаттык»: - Чынында эле Төлөмүш Океев өңдүү таланттуу, чыгармачыл адамдын жубайы болуш оңой эмес экенин айтпасам деле билесиз. Кантип таанышып, табышып калдыңыз эле? Канча жыл чогуу жашадыңыздар?

Жумаш Өмүрова.
Жумаш Өмүрова.

Жумаш Өмүрова: - Төлөмүш 2001-жылы өтүп кетпедиби. 44 жыл чогуу жашап калдык. Экөөбүз Фрунзе шаарындагы №5 мектеп-интернатында таанышканбыз. Мен 8-класста, Төлөмүш 10-класста окучу. Анда бири-бирибизге каршы болчубуз. Мени көп жактырчу эмес. Өзү староста болчу. Кыздар ары-бери өткөндө эле тескей берчү (күлөт). Кийин Ленинграддагы (Санкт-Петербург) Текстил институтуна окууга өтүп калдым. Ал жерде кыргыз жаштары чогулуп турушат экен. Барсам Төлөмүш да жүрөт. Ошентип уланып кетти (күлөт).

«Азаттык»: - Ошол кезде №5ке мыкты окуган балдарды аймактардан тандап алып келчү эле ээ?

Жумаш Өмүрова: - Ооба, тандап келчү. Ата-энелери да балдарына билим бериш үчүн жиберчү, ушул жакка. Ошол кезде №5те билим алгандар кийин Кыргызстандын интеллигенциясынын өзөгүн түзүп калды.

«Азаттык»: - Ошентип, сүйүүңөр Ленинградда башталдыбы?..

Жумаш Өмүрова: - Эми анын баарын айтыштын кажети жок. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук.

«Азаттык»: - Мен улуу адамдардын, чыгаан таланттардын жаштык күндөрүнө, сүйүүгө мамилесине кызыгам. Дайыма сурайм. Төлөмүш ага менен жашап турган кездеги эң жарык учуруңузду кантип элестетесиз?

Жумаш Өмүрова: - Биздин учурда үй-бүлөдөгү мамиле башкача эле да. «Үлгүлүү үй-бүлө болуш керек, бала-чакага билим, тарбия бериш керек» деп жашадык. Келген-кеткен көп болду. Эл менен мамилени сакташ керек - ушулар менен алек болдук. 1990-жылы Германияда боорумду алмаштырдым. Төлөмүш менин ден соолугум менен абдан алек болду да. Ошондон кийин мени абдан кастарлап калды. Адам жыл өткөн сайын бири-бирине байланып, ынак боло баштайт экен. Мамилебиз сезимтал болуп кетти (күлөт).

«Азаттык»: - «Абдан жайдары, тамашакөй киши болчу» деп айтышат. Кызганыч болчу беле? Уруш-талаш?

Жумаш Өмүрова: - Болчу (каткырып). Болбой коймок беле. Мен бирдеме деп быдыраганда жайкап койчу. Чоң чатакка жеткирчү эмес.

«Азаттык»: - «Саякатчы» кинорежиссердун жубайы болуш кыйын эле болсо керек?

Жумаш Өмүрова: - Каалаган убагында кетет, каалаганда келет. Мен балдар менен, ишим менен үйдө калдым, көп жыл. Пландоо, изилдөө институттарында иштедим. Балдарды караш керек, окутуш керек болду. Анан кичүү кызым 10-класска келгенде Төлөмүш «ушул ишиңди таштачы деги, жанымда болчу» деди. Анан 1979-жылдан баштап Төлөмүшкө ассистент болуп орношуп, эки жакка чыкканда жанында жүрдүм.

«Төлөмүшкө бут тоскондор көп болду»

«Азаттык»: - Төлөмүш Океев кыргыз киносунун корифейлеринин бири катары тарыхта калды. Талантын кантип таптады?

Жумаш Өмүрова: - Талант тубаса болот экен. Тубаса болчу, жаны тирүү эле. Беттегенинен кайра тартпаган тайманбас, сөзмөр, юмору күчтүү болчу. Эл ошондой кишинин тегерегине чогулат турбайбы. Айланасындагылар кийин «Төлөмүш жок күлбөй калдык» деп жүрүштү.

«Азаттык»: - Таланты бааландыбы?

Жумаш Өмүрова: - Көралбастыктар болду. Борбордук комитетке чейин көптөгөн каттар жазылып, алардын айынан көп текшерилди. Бирок, эч нерсеси далилденген жок.

«Азаттык»: - Эмне деп жазышчу эле?

Жумаш Өмүрова: - Мисалы, «кинонун акчасын жеп алды» дейт. Кайдагы? Төлөмүштүн өзүнүн энергиясынын, талантынын күчү менен кинолору чыгып кетчү.

«Азаттык»: - Төлөмүш Океевдин чыгармачылыгы гүлдөгөн учуру кайсы кезге туш болду?

Жумаш Өмүрова: - Дайыма эле күчтүү болуп турду. Бут тоскондор көп болду. Мисалы, «Абай» деген кинону тарта баштаган, казактар менен чогуу. Актерлорду сынактан өткөрө баштаганда казактар «өзүбүз тартабыз» деп кызганып чыкты. Өздөрү тартышты, бирок, аты чыкпай калды. «Чыңгызханды» тартам деп көп иштеди. СССРдин убагы болгон үчүн каражат бөлүп бергенден тартынышты. Италиялыктар менен тартууга киришти эле, Советтер Союзу урады, ошону менен ал да ишке ашпай калды.

Чыңгыз Айтматов (ортодо), Сүймөнкул Чокморов (солдо), Төлөмүш Океев (оңдо).
Чыңгыз Айтматов (ортодо), Сүймөнкул Чокморов (солдо), Төлөмүш Океев (оңдо).

«Төлөмүш «балдарың, неберелериң үчүн жаша» деген»

«Азаттык»: - Айтматов менен мамилеси кандай эле?

Жумаш Өмүрова: - Жакшы болчу. «Кызыл алма» деген аңгемесин кино кылып тартты. Москвада бир жолу Чыкем «Эрте жаздагы турналар» повестинин кол жазмасын алып келди, мейманканага, «Төлөмүш, сага кезек жетпей койду. Ушуну окуп көрчү. Басмага бере элекмин. Балким, кино кылып тартасың» деп. Төлөмүш окуп көрүп: «Жакшы сценарий экен, Чыке. Бирок, аягы жаккан жок. Себеби, жакында эле тарткан «Ак илбирстин тукумунда» «Кожожаштын» баласы өлүп калат. «Эрте жаздагы турналарда» да бала өлөт экен. Аягында балдар өлгөн эки фильмди катары менен тарта албайм» деди.

Кийин «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөтүн» тартам деп даярданып бүтүп, сценарийи «Госкинодон» өтүп калган кезде Карен Геворкян деген бир курсташы келип калды. «Ушинтип кино тартканы жатам» десе, ал «Төлөмүш, ушул сценарийди мага бербейсиңби, ишим жок жүрөм» деп сурап алды. Киров студиясынан тартты, ага жардам берди сценарист катары, кино жакшы чыкты.

«Азаттык»: - Өмүрүнүн акыркы жылдарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп калды окшойт...

Жумаш Өмүрова: - Ал кызматка СССР ыдыраган кезде барды да. Абдан жоопкерчиликтүү болчу. «Эми Кыргызстанды ушу дипломатия аркылуу таанытайын» деп аябай жанталашып иштеди. Беш жарым жылдык ишинен кийин Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп калды.

Төлөмүш Океев «Бакайдын жайыты» фильмин тартуу учурунда.
Төлөмүш Океев «Бакайдын жайыты» фильмин тартуу учурунда.

«Азаттык»: - Акыркы сапарга да ошол жерде иштеп жүргөндө узады го...

Жумаш Өмүрова: - Ооруган деле жок... Бир-эки күн «өзүмдү жакшы сезе албай турам» деп айтты. Анан Анкаранын өйдө жагында жылуу суу бар, ошол жакка барып келгенден кийин андан бетер жаман сезип калды. Айт күн эле. «Ооруканага баралы» десем «дарыгерлер иштебейт» деп болбой койду. Таң аткыча кыйналып чыкты. Эртең менен жайына койбой «дарыгерге баралы» деп, кийинтип-камынтып аткан кезде кете берди...

«Азаттык»: - Эми сиз бар болуңуз... Балдардан чыгармачылык менен алектенгендер барбы?

Жумаш Өмүрова: - Уулум – скрипач, анын эки кызы да скрипач. Түркияда турушат. Азиза атасынын атын өчүрбөй архивдерин тейлеп, фондун иштетип жүрөт. Кичүү кызым - кызматкер.

«Азаттык»: - Канчага келдиңиз азыр?

Жумаш Өмүрова: - 81ге чыктым. Төлөмүш мен операция болуп, кыйналып, өлгүм келип турганда айтты эле, «балдарыңа, неберелериңе керексиң, ошолор үчүн жашашың керек» деп... Айтканындай болуп атат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG