Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Акын Жамбыл жана анын эпчил «котормочулары»


Жамбылдын айкели. Нур-Султан шаары.
Жамбылдын айкели. Нур-Султан шаары.

Казактын залкар төкмө акыны Жамбыл Жабаевдин (1846––1945) чыгармачылыгын сталиндик доордо орусча которуп жайылтуунун жана ага идеологиялык көрсөтмө таңуулоонун көмүскө жагдайлары тууралуу блог.

Алгы сөз

Казактын көрүнүктүү төкмө акыны Жамбыл Жабаев тууралуу совет доорунан эле кыргыз окурмандарына кеңири жеткен маалыматтын кыскача ток этер жери 1977-жылы советтик доордогу кыргыз энциклопедиясынын 2-томунда да сунушталган:

«Жамбыл Жабаев (16(28).2.1846, Жети-Суу [азыркы Казакстан, Жамбыл облусу, Жамбыл тоосунун этегинде] – 22.6.1945, Алматы) – казак эл акыны. Көчмөн кедейдин үй-бүлөсүнөн. Ырчылык өнөрдү Сүйүмбай ырчыдан үйрөнгөн. Бай-манап, бий-болуштарды ашкерелеп ырдаган. Айтыштарда 19-к. - 20-к. башындагы көрүнүктүү ырчыларды жеңген.

Кыргыз жергесин аралап ырдап, өлөң айтып, өнөрүн элге тааныткан. Согуш жылдарында Жамбыл советтик жоокерлердин сезимин козгогон, элди жеңишке үндөгөн оптимистик, патриоттук ырлар чыгарган («Москвага», «Ленинграддык балдарым», «Алгадай тууралуу ыр» ж.б.)... Казак ССР Жогорку Советинин (1-шайл.) депутаты, СССР Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган (1941). Ленин ордени ж.б. ордендер менен сыйланган. Олуя-Ата шаары жана Жамбыл облусу анын ысымында».

(Кыргыз Совет Энциклопедиясы. – Т. 2. В – Иридий. –– Фрунзе: КСЭнин Башкы редакциясы, 1977. – 423-бетте).

Бул маалымат постсоветтик кыргыз энциклопедиясында саал өзгөртүлүп берилген (анда мурдагы таптык көз караштан кыйла эркин маалымат да камтылган). Бул кыска-нуска маалымат кыргызча «Википедияга» да жарыяланган:

«...Асан Кайгы, Букар ырчы, Жөжө, Балта, Шернияз, Шортонбай, Дулат, Доскожо, Майкөт жана башка акындарды үлгү туткан. Ошону менен эле бирге, канатташ кыргыз элинин сөз өнөрүн мыкты билген. Кыргыз жерин аралап ырдап, өлөң айтып, күү чертип, өнөрүн элге тааныткан.

Акындын революцияга чейинки чыгармалары өз оозунан жана шакирттеринен жазылып алынган. Кылым жашап, эки доордун күбөсү болгон акын мезгил менен өмүр тууралуу ой толгоп, заман чындыгын, эл турмушун чынчылдыктын жана сынчылдыктын өңүтүнөн ырга кошкон. Дастан да айткан.

Жамбылдын чыгармачылыгы тематикага бай, чыгармаларынын мазмуну терең, көркөмдүгү жогору болгон. «Замана агымы», «Жаштар алдындагы сөз», «Өмүр жөнүндө ыр», «Ала-Тоо», «Советтер Союзу» жана башка ырлары белгилүү..

Жоктон бар кылган котормочулук

Бизди оңтойсуз акыбалга кептеген айрым маалыматтарды постсоветтик доордогу орус тилиндеги маалымат каражаттарынан кездештире баштадык.

Алардын айрымдары «Википедиянын» орус тилиндеги вариантындагы Жамбыл Жабаев тууралуу сөздүктүк макалада камтылган:

"Жамбылдын ырларынын автору ким экендиги тууралуу талаш-тартыштар

Жамбул үчүн ырларды расмий түрдө анын «котормочулары» катары саналган орус акындары жазышкан деген жоромол орун алып келет; бул сыяктуу айың кептер улам күчөп таркап, маселен, композитор Дмитрий Дмитриевич Шостаковичке (1906, Санкт-Петербург - 1975, Москва) таандык катары жоромол кылынган эскерүүдө да чагылдырылган.

Акын А.И.Алдан-Семёнов болсо 1934-жылы партиядан кайсы бир акынды табуу тууралуу тапшырма алган соң, Жамбылды ал өзү «пайда кылганы» тууралуу көп ирет айткан дешет. Бир колхоздун башкармасынын сунушуна ылайык ал Жамбылды элеттен тапкан экен. Ал үчүн ырларды Алдан-Семёнов өзү жазып турган, ал эми бул котормочу өзү сталиндик жазалоо маалында камакка алынган соң бул ишке башка «котормочулар» да киришкен.

Алардын ичинде Марк Тарловский да болгону айтылат. Ал Жамбылдын согуш маалындагы ырларынын көпчүлүгүнүн, анын ичинде «Ленинграддыктар, менин балдарым» ырынын да котормочусу катары саналып келет».

Дмитрий Шостаковичке таандык деп жоромолдонгон, оболу англис тилинде Соломон Моисеевич Волков тарабынан АКШда жарыяланган «эскерүүдө» мындайча саптар бар:

«Балким, бул бечара Жамбыл чындыгында да залкар акын болгондур? Ал өз домбрасында бирдемкелерди ойногон да. Бирдемкелерди кошуп ырдачу да. Бирок бул эч кимди кызыктырган эмес. Сталинге арналган даңазалоочу одалар керек болду. Чыгыш стилинде көшөкөр сөздөр керек болду. Жол башчынын туулган күнү, сталиндик Конституцияны кабыл алуу сыяктуу ар кандай шылтоого арнаш керек болду. Анан шайлоо, андан ары Испаниядагы атуулдук согуш ж.у.с. Ошентип, көп жашаган сабатсыз карыя эч нерсе билбеген ондогон шылтоолор тууралуу ыр жаратылышы керек эле. Алар тууралуу бул карыя эч билмек да эмес. Анын «Астуриянын кенчилери» менен кандай жумушу бар эле?

Жамбыл үчүн орус ыр жазгычтарынын өзүнчө эле бригадасы шымаланып иштеген. Алардын ичинде өзгөчө таанымалдары да бар, мисалы, Симонов. Алар болсо конъюнктура дегенди балээдей билишчү да. Алар ушунчалык жазышты дейсиз, жол башчы менен устат жактырып калчу. Албетте, көбүнесе ошол киши тууралуу, Сталин тууралуу жазышчу. Албетте, анын кол астындагылар да унутта калтырылган эмес. Маселен, Ежовду алалык. Ежов тууралуу ыр, эсибизде, өз учурунда өзгөчө мактого арзыган...»

Жамбылга таандык деген жана орусча котормо катары жарык көргөн Николай Ежовго арналган ырда мындайча саптар бар:

«Я славлю батыра Ежова, который,

Разрыв, уничтожил змеиные норы,

Кто встал, недобитым врагам угрожая,

На страже страны и её урожая».

Сөзмө-сөз которгондо:

«Жыландын ийиндерин жайлаган

Баатыр Ежовго мактоом – даңазам.

Өлкөнү жана мол түшүмдү сактаган,

Калган-каткан кастарга тиш кайраган».

Кызык, алгач орус тилинде «котормо» катары жарык көргөн Жамбылдын Батыш Европага жана башка алыскы чөлкөмдөрдөгү окуяларга арналган коммунисттик рухтагы ырларынын бардыгы кайра казак тилине канчалык тездикте, ыкчам которулду экен, токсондон оогон, жүзгө таяган карыя акын аларды бүшүркөп гезиттен окутту бекен? «Бул ыр меники эмес» деп таарынды бекен?

«Жамбылдын ырынан котормолору мыктыраак болчу» деген сыяктуу айың кептер 1950-жж. башында деле жүргөн экен.

Ошондо, 1954-1955-жылдардагы Казакстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, генерал Пантелеймон Пономаренко (1902-1984) мырза «Жамбыл өлгөндөн кийин кыйла убакыт өттү, маркумдун катчылары, котормочулары эмгиче тирүү жүрүшөт. Эгерде алар кыйын болсо, Жамбылдыкындай алмазга тете ырларды өздөрү деле шөкөттөп жаза беришпейби?» дегендей мааниде каяша сөздү айткан экен.

Албетте, советтик цензура котормочулуктагы бурмалоо фактылары маселесин ачык талкуу кылууга ал кезде эч кандай жол бермек эмес экендиги да түшүнүктүү.

Жаңыча талдоо

XXI кылымдын башында калыс жана бейтарап талкуулардын замана ыргагы Жамбылдын мурасын талдоого да таасир тийгизди. Анын чыгармачылыгындагы жана анын чыгармаларынын орусча бурмаланып которулушундагы жана башка чоо-жайлар эми ачык талкууга алынууда.

Казаа адабиятчысы Рафат Абдыгулов, маселен, төкмө карыя Жамбылга 1936-жылдан кийин коштолуп берилген катчылар карыя билбей турган көптөгөн саясий реалийлер жаатында анын ыр саптарын «төгүшү» үчүн маанилүү кызмат аткарышканын бир маегинде мындайча белгилейт:

«1936-жылы Жамбыл Маскөөгө [Казакстан маданиятынын] декадасына барып келгенден кийин катчылар дайындалган; бул катчыларга эмгек акы, жол кире төлөнүп, Жамбылдын чыгармаларын жазып алуу тапшырылган. Бирок эң негизги нерсе – Жамбылга советтик замандын жетишкендиктерин, Коммунистик партиянын тарыхый инсандарын жаздыртуу тапшырылган. Ошол талаптар 1936-жылдан кийин колго алынды. Антпесе Жамбыл Сталин, Ворошилов, Чапаев ким экенин кайдан билсин? Алиги катчылар келип, ушул сыяктуу темаларга арналган өлөң айттырышы керек болду».

Андан ары Рафат Абдыгулов бир фактыны кошумчалайт:

«Жамбылдын атасынын Тайти деген тууганы эки ирет Мекеге барып, экинчи сапарында кайтпай калган эле. Ошонун Сатыш деген баласынын токолу Кантай Жамбылдын катчыларына жана ар кай жактан келген конокторуна тамак бышырып турар эле. Ошол Кантай айтчу экен:

«Дүр-р этип эшиктин алдына машине келип токтой калчу да, ичинен жабылып жазуучулар чыга келер эле. Алар келип, Жамбылды курчап алып: «Жаке, мына мындай киши бар, коммунист бар, ошону ырда айтыңыз» дешчү. Жамбыл үрпөйүп, коркуп кетчү. «Эй, силер мени неге зордоп жатасыңар? Силер менин өзүмдүн айткандарымды эле жазып алсаңар боло» дечү экен.

Бирок бул - тапшырма, анын артында партия турат, НКВД турат, ошондуктан аман калыш үчүн жанын койбой, Жамбылга советтик, партиялык тематикага ылайык өлөңдөрдү айттырышар эле».

Жамбылдын акындык чыгармачылыгы жана анын ырларын орус тилине которуудагы чалкештиктер тууралуу жаңыча көз караштар камтылган изилдөө өрнөктөрүнүн бири - ар кыл адабиятчылардын макалалары камтылып, 2013-жылы жарыяланган төмөнкү китеп болду:

Богданов К., Николози Р., Мурашов Ю. (ред.) Джамбул Джабаев: Приключения казахского акына в советской стране. –– М.: Новое литературное обозрение, 2013. — 308 с.: ил. — (Научная библиотека). — ISBN 978-5-4448-0062-1.

Мында К.Н.Богдановдун жана башка авторлордун макалаларынын катарында Риккардо Николозинин «Жамбыл жана Канторович. Сталиндик доордун саясий теологиясы жана анын интермедиалык чагылдырылышы», Кристоф Гарстканын «Доспу же каспы? Жамбылдын чыгармаларындагы саясий өбөлгө жагдайлар», Сусанна Витт жазган «Тоталитаризм жана котормо: Жамбылдын контексти» сыяктуу кызыктуу макалалар бар.

Эгерде Жамбылдын ырынын казакча оригиналы архивде жок болсо, анын ыры оболу орусча «котормо» катары жарыяланып, андан кийин гана казакчасы жарык көргөн болсо, албетте, изилдөөчү үчүн анын чыныгы автору ким деген маселе чоң шек жаратат.

Айрым орус адабиятчылары Жамбылдын акындык талантына шектене караганына карабастан, албетте, бул инсан казактын залкар төкмө акыны болгонун мүлдө журтубуз тааныйт. Анын расмий өткөрүлгөн мааракелерине кыргыз төкмөлөрү да барып катышканы белгилүү.

Жамбылдын чыгармаларын орусча чүргөй салма ыкма менен которуп, ырда жок сөздөрдү кошкон 1930-жылдардагы котормочулардын бири Павел Кузнецов болгонун казак адабиятчысы Касым Аманжолов мисалдар менен далилдейт:

«[Павел Кузнецов] «Ленин мавзолейинде» деген атактуу өлөңдү да негизинен бурмалап, тетирисинен которгон.

Бул ыр казакчасында:

«Күнсүздөргө күн болгон,

Жер жүзүнө нур болгон,

Акылдын кени, даанышман», - деп башталса, котормосу:

«Мен келдим сага алыскы кырдан,

Мен келдим сага, көгүлтүр мавзолейге», - деп башталат».

Андан ары К.Аманжолов өз макаласында:

«Жамбылдын чыгармаларын которуудагы мурдагы жоопкерчиликсиздик азыр деле учурайт. Котормочулар кадры куралган жок. Баягы эле Кузнецовдун үлгүсү. Жамбылдын ырларынын сөзмө-сөз котормосун жүзөгө ашыруу ишин орустун, казактын адабий тилдерин жеткиликтүү билбеген, маданий деңгээли төмөн кишилерге тапшыруу учурлары алигиче бар», - деп белгилейт.

Казакстандын Алматыдагы мамлекеттик архивинин фонддорунда Жамбылга байланыштуу кызыктуу материалдар бар экенин адабиятчы Рафат Абдыгулов мындайча эскерет:

«...Улуттук архивде отуруп иштеп жаткан чакта, «Жамбылдын ырларынын сөзмө-сөз котормосу» («Подстрочники стихов Джамбула») деген папка чыкты. Анын ичинде Жамбылдын өлөңдөрүнүн орус тилине сөзмө-сөз котормолору менен бир нече чыгармалары бар экен».

Албетте, бул папкада бардык эле котормолордун сомололору сакталбаса керек. Акын Жамбылга таандык деген жана оболу Маскөөдө ыкчам жарыяланган «котормолордун» казакча түп нускаларын табуу маселеси дагы эле кошумча иликтөөнү талап кылат.

Жамбылдын чыгармаларын которуудагы бурмалоону изилдөө аракети, сыягы, XXI кылымдын башында жаңыдан гана күчүнө кирүүдө жана муну жүзөгө ашырыш үчүн казак адабиятчыларынын жана ар кыл өлкөлөрдөгү түркологдордун жаңы муунунун опол тоодой эмгеги керек.

Акын Жамбылдын айкели. Тараз шаары, Казакстан. 07.10.2015.
Акын Жамбылдын айкели. Тараз шаары, Казакстан. 07.10.2015.

Жамбыл жана Ала-Тоо адабиятчылары

Адабиятчылардын эл аралык чөйрөсүндөгү бул талаш-тартыштарга азырынча кыргыз адабиятчылары жарытылуу үн кошо электей сезилет.

Балким, Жамбылдын чыгармаларынын чыныгы котормолоруна удаа жарыяланган «мите котормолор» тууралуу талкуу XX кылымдагы кыргыз совет адабиятындагы биз анчейин биле элек айрым көмүскө жагдайларды ачыкка чыгарууга да түрткү болор?

Биздин төкмө акындардын кайсы чыгармалары кийинки адабиятчылардын эле калеминен цензурага ылайыкталып «жаралды» экен?

Кыргызстандагы «партиялык тапшырмага» ылайык чүргөлгөн төкмөлүк ырлар менен Жамбылдын саясий төкмөлүгүнүн ортосундагы байланыштарды иликтеп, тоталитардык доордогу фольклордук чыгармачылыкка жана котормого тийгизген партиялык цензуранын таасири жөнүндө, айрым төкмө акындардын жазыксыз жерден сталиндик абакта жатып чыккандыгынын чоо-жайы тууралуу деле ачык талкуу башталар?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG