Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

1932-39: Иван Умняков: Сүргүн эркин сындырбаган аалым


Орус совет чыгыш таануучусу Иван Умняков (1890–1976).
Орус совет чыгыш таануучусу Иван Умняков (1890–1976).

Орус совет чыгыш таануучусу Иван Умняков (1890—1976) да 1930-жылдары сталиндик сүргүнгө жазыксыз жерден кириптер болгон. Тагдыр сыноосуна сынбаган аалым кийинчерээк илимге кайтып, чыгыш таануунун жогорку деңгээлин сактап калууга жана өөрчүтүүгө салым кошкон.

Сталинчилердин запкысы

Даңазалуу чыгыш таануучу Василий Бартольддун (1869—1930) таланттуу шакирттеринин бири болгон иран таануучу, түрколог жана дипломат Иван Иванович Умняковдун чыгармачыл жактан толукшуп турган чагы сталинчилердин окумуштууларды «буржуазиячыл мектепти тымызын жактаган инсан» деген доо менен куугунтуктоосу дооруна туш келди.

Ким билсин, эгерде академик Бартольд 1930-жылы каза болбой калса, андан кийинки жылдары ал кандай тагдыр сыноосуна туш келмек? Азыр аны жоромол кылып айтуу да мүмкүн эмес.

Бирок анын окуучуларынын бири Иван Иванович Умняков 1920-жылдардын соңу — 1930-жылдардын башында өзүн «таза марксист» деп тааныган топтордун таландысында калды.

«Чыныгы марксисттердин» бири – Ленинграддан келген Михаил Миронович (Меерович) Цвибак (1899—1937) болгон. Алардын чыгыш таануу илимин «эскичил көз караштагылардан тазалоо» аракеттеринин негизинде Ташкендеги Борбордук Азия мамлекеттик университетинде (САГУ) иштеп жаткан мыкты 11 чыгыш таануучу кызматтан кетирилип, камакка алынган.

№58 берене боюнча «контрреволюциячыл ишмердикте» айыпталган бул кишилердин айрымдары акталып, бирок далай убакытка чейин «кара тизмеде» калышкан.

1921-жылдан Иосиф Сталин өлгөн 1953-жылга чейин дал ошол №58 беренеге ылайык жалпы Советтер Биримдиги боюнча 3,8 миллиондой киши жазаланып, алардын ичинен 643 миңдей кишиси өлүм жазасына тартылгандыгын эскерте кетсек эле, бул беренеге кабылуу – илимпоздук тагдырга гана цензурачыл балта чабуу болуп чектелбестен, инсан өз өмүрүнөн айрылып калуу коркунучуна кириптер болгон дегенди да туюнтканын аңдайбыз.

(Айтмакчы, Цвибактын өзү деле 1937-жылы сталинчилер тарабынан «эл душманы» катары мерт кылынган).

1931-жылы май (бугу) айында камакка алынган Иван Умняков ошол эле жылдын күзүндө сот тарабынан акталган.

Бирок аны соттоткусу келгендер тынчып жатып алышпады. 1931-жылдын акырында ал жаңы чабуулга туш болду.

Көрсө, Иван Умняков 1930-жылы «Чыгыш таануучулар коллегиясынын жазмалары» («Записки Коллегии востоковедов») деген илимий мезгилдик жыйнакка бир макала жарыялаптыр да, анда белгилүү чыгыш таануучу Лев Александрович Зиминдин эмгегине шилтеме берип коюптур.Бул түрколог жана ирнанист окумуштуу болсо 1920-жылы май (бугу) айынын 10унда Азербайжандын борбору Бакы шаарында чекисттер тарабынан атууга кеткен.

Эми 1932-жылдын үчтүн айынын (январынын) акырында Иван Умняков ОГПУ Коллегиясынын токтомуна ылайык Ташкен шаарынан эки жыл үч айга башка тарапка сүргүнгө кетирилди. Анын сүргүн жайы катары түндүктөгү Архангельск шаары белгиленди.

Жүз миңдеген абактагылар самсып келген бул жайда, албетте, чыгыш таануучу кызматын табыш мүмкүн эмес эле.

Иван Умняков сүргүн жылдары аргасыздан башка адистикке өтүп, Лессудомашстрой аталган ремонт-механикалык ишканасында пландоочу-экономист кызматына орношот. Ушул эле кесипти Архангельск аймагындагы башка ишканаларда да аркалайт.

1937-38-жылкы кандуу жазалоолор толкуну бүткөн соң гана, 1939-жылы Иван Умняков сүргүндөн кайра өзү сүйгөн Борбордук Азия аймагына кайтып келген.

Ал 1939-жылдан тартып Самарканд шаарында жайгашкан Өзбек мамлекеттик университетинде жана андан соң башка да илимий-агартуучу мекемелерде иштей баштаган.

Иван Умняков – барандуу кашгари таануучу

Бул чакан макалада Иван Умняковдун көп тарамдуу илимий ишмердигинин бардыгын санап отурууну эп көрбөдүк.

Анын башкы салымдарынын бири – Карахандар каганаты доорунун жылдыздарынын бири болгон теңир-тоолук даңазалуу аалым Махмуд Хусейин уулу Кашгари Барскани 1072—1077-жылдары арапча жазган «Дивану лугати т-түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы»; кыскача «Диван») эмгеги жана андагы дүйнө картасы менен байланыштуу болду.

Иван Умняковдун «Дивандагы» дүйнөнүн тегерек картасы тууралуу 1940-жылы жарыялаган орусча макала өз доору үчүн өтө маанилүү булак таануучулук эмгек болуп калды.

(Караңыз: Умняков И.И. Самая старая турецкая карта мира (XI в.) // Труды Самаркандского гос. пед. ин-та им. A.M.Горького. — 1940. — Т. 1. — Вып. 1. — С. 103-131.).

И.И.Умняковдун пикирине караганда, «Дивандагы» бул картанын автору башка адам болушу да ыктымал (албетте, биз бул пикирге макул эмеспиз). Бирок И.И.Умняков бул картанын жалпы эле мусулман картографиясындагы өз алдынча таасын ордун белгилеген жана картадагы топонимдердин тизмесин өзүнчө берген.

"Дивандагы" тегерек дүйнө картасы (1072-1077).
"Дивандагы" тегерек дүйнө картасы (1072-1077).

Иван Умняков «Дивандын» текстинде жана картасында учураган «Жабарка» топонимин «Жапония» топониминин кытайча бузулуп айтылуучу Жи-бень-го деген түрүнөн алынса керек, — деп жоромол кылган (биз да ушул жоромолду туура деп санайбыз). Айтылуу Марко Поло аны Зипангу деп, Рашид ад-Дин болсо Чименгу деп бергенин И.И.Умняков эскерет.

Анын бир катар топонимисттик байкоолору дагы да тактоону талап кылат.

Маселен, И.И.Умняков «Дивандын» картасында аты көрсөтүлгөн Карачук тоосун Кара-Тоо (азыркы Түштүк Казакстандагы тоо) катары эмес, Мугожар тоосу катары көрсөтөт.

Ал эми المج - ал-м.ж. деген так окулбаган топонимди И.И.Умняков Мажустар (орусча “Маджусы?”) деп суроо коюп окуйт жана бул сөз менен (скандинавиялык) норманндар белгиленсе керек деп божомолдойт. Чындыгында, бул топо-этноним المجر– «ал-мажар», б.а. «мажар» («венгр») сөзүн билдирет деп эсептейбиз.

Изилдөөчү И.Умняков “Дивандагы” картанын түзүүчүсү (бизче – Махмуд Кашгари Барскани) Борбордук Азиянын тоо системасын дурус билгендигин таасын белгилейт. Бул ойго биз да толук кошулабыз.

Садыбакас Өмүрзаков (1921–2002).
Садыбакас Өмүрзаков (1921–2002).

(Кошумчалай кетсек, «Дивандагы» картада параллель сызыктар аркылуу белгиленген тоо кыркаларынын арасында шаарлары бар кеңири мейкиндиктер көрсөтүлгөнү, чынында да Теңир-Тоо үчүн тоо кыркаларынын арасындагы өрөөндөр мүнөздүү көрүнүш экендиги И.Умняковдун байкоолорун андан ары тереңдеткен кыргыз географы Садыбакас Өмүрзаков (1921–2002) тарабынан туура чечмеленип-баамдалган. «Дивандын» дүйнө картасындагы тоолуу өрөөндөрдүн ичинен эң ириси — Ысык-Көл өрөөнү экендиги, бул өрөөндү түндүгүнөн курчаган тоо кыркасы — Күңгөй Ала-Тоо болсо, түштүгүнөн курчаганы Тескей Ала-Тоо экендиги, алар чынында да кеңдик боюнча суналып жаткан тоолор экендиги жана бул реалий Махмуд Кашгари Барскани тарабынан анын дүйнө картасында так чийилгендиги чыгаан географ Садыбакас Өмүрзаков агай тарабынан таасын белгиленген).

Махмуд Кашгаринин дүйнө картасынын (1072-1077) чыгыш бөлүгүнүн котормосу.
Махмуд Кашгаринин дүйнө картасынын (1072-1077) чыгыш бөлүгүнүн котормосу.

Бир-эки талаш-тартыштуу жагдайына карабастан, Иван Умняковдун сөз кылынган макаласы анын бир кездеги дарс берген устаты академик И.Ю.Крачковский жана башка кийинки чыгыш таануучулар тарабынан жогору бааланган.

Иван Умняков бул макаланы андан ары кеңейтип,1942-жылы Борбордук Азия мамлекеттик университетинде «Түрктөрдүн эң байыркы дүйнө картасы» («Самая старая турецкая карта мира») деген темада кандидаттык диссертацияны ийгиликтүү коргогондугун да белгилей кетелик.

Демек, Иван Умняков бартольд таануучу, иранист сыяктуу башка атактарынан тышкары чыгаан кашгари таануучу деп да атка конгон көрүнүктүү илимпоз болду.

Умняков таанууга эки ооз сөз кошумча

1890-жылы баш оона (август) айында падышалык Орусиянын түндүк-батышындагы Петрозаводск шаарында (азыркы Карелиянын борбору) падышалык офицердин үй-бүлөсүндө туулган Иван Иванович Умняков өз доору үчүн чыгыш таануучулар суктанарлык билимге ээ болгон.

Ал XX кылымдын башындагы эң мыкты орусиялык чыгыш таануу жайында – императордук Санкт-Петербург университетинин чыгыш таануу факультетинде таалим алып, арабисттер Д.3.Шмидт, Н.А.Медников, И.Ю.Крачковский, иранист В.А.Жуковский, түрколог В.Д.Смирнов, А.Н.Самойлович сыяктуу залкар илимпоздордун дарстарынан тышкары тарыхчы академик В.В.Бартольддун ж.б. олуттуу дарстарын уккан.

Демек, И.И.Умняков совет дооруна чейинки чыгыш таануу берметтеринин мөмөсүн советтик чыгыш таануу илимине өткөрүп берген «бекем илимий көпүрө» болгон десек жаңылышпайбыз. Бул – бир жагынан.

Ал эми экинчи жагын алсак, Иван Умняков орусиялык чыгыш таануу илиминин жетишкендиктерин жана баалуу салттарын Борбордук Азиядагы илимий мекемелерге өмүр бою жайылткан инсан болду.

1939-жылдан тартып бүткүл чыгармачыл ишмердигин Самаркан шаарына байлаган илимпоз И.И.Умняков мындагы университеттерде «Борбордук Азия жана Чыгыш тарыхы» кафедрасын, андан соң «Өзбекстан элдеринин тарыхы» кафедрасын жетектеп, 1966-жылы ардагерликке чыккан.

Ошондон кийин да ал Самаркан мамлекеттик университетиндеги «Өзбекстан элдеринин тарыхы» кафедрасында 1974-жылдын баш оона (август) айына чейин профессор-консультант болуп иштеп келди (муну толук жазып жаткан себебим: азыркы тапта Кыргызстанда да ардагер илимпоздор өмүр бою чыгармачыл кызматта кайсы-бир макам менен кала беришине жетишүүбүз абзел).

Василий Владимирович Бартольд; 15.11.1869 - 19.8.1930).
Василий Владимирович Бартольд; 15.11.1869 - 19.8.1930).

Албетте, Ленин ордени, «Өзбекстандын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамы сыяктуу сыйлыктарга ээ болгонунан улам Иван Умняков бактылуу карылыкты баштан кечирген деп бир өңчөй жыйынтык чыгарууга да болот. Бирок советтик цензурачылар бул окумуштуунун өмүрлүк иштеринин бири болгон тарыхнаамалык жана булак таануучулук эмгекти - устаты, академик В.В.Бартольддун эмгектеринин аннотацияланган библиографиясын жарыкка чыгарбай узакка чейин кармай беришип, ал китеп И.И.Умняков каза болгондон соң гана жарык көргөнүн көпчүлүк биле бербейт.

(Караңыз: Аннотированная библиография трудов В. В. Бартольда. – М.: Главная редакция восточной лит-ры, 1976. – 467 бет; аны даярдоого Наталия Николаевна Туманович да салым кошкон).

Иван Иванович Умняков (1890–1976).
Иван Иванович Умняков (1890–1976).

​Азыркы борбордук азиялык чыгыш таануучулар Иван Умняков сыяктуу чыгаан окумуштуулардын өмүр жолун, илимий мурасын жаңыча изилдөө жаатында дагы эле тарыхнаама тармагына карыздар бойдон калып келет.

Сталиндик лагерлердин, абактардын, сүргүндөрдүн запкысына моюн сунбастан, кайра өзү сүйгөн илимий тармакка катардагы илим жоокери катары кайткан жана акыркы демине чейин үзүрдүү эмгектенген мындай чыгаан инсандардын өмүрлүк сабагын урпак катары унутта калтырбоого тийишпиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG