Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Академик Василий Бартольддун 145 жылдыгына арналган жыйын


Академик Василий Бартольд (Wilhelm Barthold)
Академик Василий Бартольд (Wilhelm Barthold)

Бүгүн (14-ноябрда) Кыргыз улуттук китепканасында орусиялык залкар тарыхчы, чыгыш таануучу, кыргыз таануучу академик Василий Владимирович Бартольддун (немисче Wilhelm Barthold; 15.11.1869 – 19.8.1930) туулган күнүнүн 145 жылдыгына арналган тегерек үстөл жыйын болот.

Саат 11:00де Кыргыз улуттук китепканасынын Сейрек китептер бөлүмүндө өз ишин баштай турган илимий талкууга кыргызстандык тарыхчылар, чыгыш таануучулар жана башка айдыңдар катышаары күтүлүүдө. Талкууну Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду, Билим берүү жана илим министрлиги, КР Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз улуттук китепканасы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмееси жана башка мекемелер жана коомдук уюмдар өткөрүүдө.

Теги немис болгон орусиялык академик В. В. Бартольд падышалык Орусияда жана мурдагы Советтер Биримдигинде чыгыш таануу илимин өркүндөткөн кесипкөй адис, түрколог, кыргыз таануучу, булак таануучу катары таанымал болгон. Ал кыргыз элин Борбордук Азиядагы байыркы түрк этносу деп тааныган, анын тарыхындагы 840-925-жылдар ичиндеги бурулуш доорду “Улуу Кыргыз дөөлөтү” (“Кыргызское великодержавие”) деп баалаган. Анын кыргыздардын тарыхын өз алдынча китеп катары жазган илимий жалпылама эмгеги (1927) кыргыз таануу илимин жаңы сереге көтөргөн.

Василий Владимирович Бартольд 1869-ж. 3(15)-ноябрда падышалык Орусиянын ордо шаары Санкт-Петербургда орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын чоң аталары Балтика боюнан чыккан, чоң таятасы - лютеран пастору – падышалык Орусияга Германиянын порт шаары Гамбургдан көчүп келген. 1887-ж. Санкт-Петербург университетинин араб-перс-түрк-татар тарамы боюнча чыгыш тилдер факультетине кирет. Европалык бир нече тилде эркин сүйлөгөн В. В. Бартольд араб, перс, түрк тилдерин терең үйрөнгөн, ошол эле учурда Борбордук Азия, Жакынкы жана Ортоңку чыгыш өлкөлөрүнүн байыркы жана орто кылымдардагы тарыхына тийешелүү жазма булактарды астейдил изилдеген.

В. В. Бартольд өзүнүн «Түркстан моңголдор чабуулу доорунда» деген эң олуттуу эмгегин 1900-ж. күзүндө Санкт-Петербург университетинин чыгыш тилдери факультетинде магистр илимий даражасын алуу үчүн диссертация катары ийгиликтүү жактаган соң, ага университет тарабынан Чыгыш тарыхынын доктору даражасы ыйгарылган.

1910-ж. аны Орусия Илимдер Академиясынын мүчө-кабарчылыгына, ал эми 1913-ж. 12-октябрда академик кылып шайлашкан.

Совет доорунун алгачкы мезгилинде ал Борбордук Азиядагы чыгыш таанууну калыптандырууда жана өнүктүрүүдө уюштуруучу катары бараандуу салым кошкон.

(Анын бир катар эмгектери кыргызчага да которулган: Бартольд В.В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / Түзгөн, кошумча түшүндүрмөлөр ж-а алгы сөз жазган Ө.Караев; Кырг. котор. котормочулар жамааты; Кыргызча чыгарылышынын илимий редактору С. Кайыпов. — Бишкек: «Айбек» фирмасы, 1997. — 456 б. - ISBN 9967-12-002-9.).

TT.

XS
SM
MD
LG