Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Жакшы адамды куу турмуш четке сүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токтош Абдиеванын төмөндө кеп болчу аңгемесинде азыркы турмуш, көнүмүш жашоо ыргагынын таптакыр башка нукка түшүп, кескин өзгөрүлүп кеткен заман ырайы баяндалган.

Мындайда ар ким колунан келген аракетин жасап, бир даары жашоо-турмушун оңоп байып кетсе, башка бирөөлөрү ойго келбес оор абалга кириптер болушту. Ошондой тагдырлардын бири Токтош Абдиеванын “Таяке, кантесиң?” деген аңгемесинде баяндалган.

Кабат үйдөгү жайыл дасторкон

Бу жашоо-тирдик үйдө баары чогуу болсо кирген суудай буркандап, жээкке ашып-ташып, дайыма ушул калыбында ага берчүдөй көрүнөт экен. Шүкүрдүн жашоосу башында абдан мыкты болчу. Жаманбы-жакшыбы иши, баш калкалар үйү бар. Шаардык үй-бүлөдө ашып барса эки же үч бала го. Шүкүр да жалгыз кыздуу болуп, кудайдын ушунусуна шүгүр деп жашоо-тирилигин кылдыратып келатышкан. Куркулдайдын уясындай болгон эки бөлмө үйүндө үч адам жашачу. Бу үйлөрдү чийип, долбоорлогон адамдар, кыязы, кабат үйлөргө тыгылган адамдар кечинде жумуштан келип, эртеси жумушка кеткенге чейинки түнөк деп гана ойлошсо керек.

Өзүнчө кенен-чонон үй салганга жер жок, анан өкмөттөн берилчү мына ушул бекер үйдүн кезегине кыйла жылын кетирип, кийин өз алдынча үйү бардыгына корстон болуп, мүмкүндүгү барлар шаар четинен тооккана кейиптенген дача салып, ал жерден азыноолок жер тырмап оокат кылышчу. Шүкүрдүн эки бөлмө үйү кызы Бекинай төрөлгөндө бапырап, дүйнөсү түгөл эле. Зайыбы Тубар ресторанда ашпозчу. Экөөнүн жакшы көргөн иши мейман чакыруу экен.

Тубар дасторконду келиштире жасап, келген меймандар дүйүм тамакка ыраазы, жашоо-турмуш ушинтип эле төгүл-чачыл өтө берчүдөй сезилчү. Шүкүр троллейбус айдачу. Шаардын чоң көчөсүн түтүнгө булгабай, бийиктеги кош зымга тартылган троллейбустун зыңылдап баратышы ага бир укмуштай сезилчү.

Жалгыз кызы орто мектепти алтын медаль менен аяктап, Москвага Ломоносов университетине, болгондо да экономика факультетине өттү. Мындай кубаныч Шүкүрдүн үйүндө узакка созулган агыл-төгүл той, стол үстү тирелген тамак-аш, аяк-башы көрүнбөгөн каалоо-тилектер менен коштолду. Андагы сый-урмат көптөрдүн эсинде калды. Айрыкча кошуналардын эсинен чыкпас болду окшойт.

Убакыт дегениң билинбей өтүп кете берет экен. Аш-тамагын белендеп, “алыңыздар, ичиниздер, жеп отурсаңыздар” – мындай сый кимдин эсинен чыксын. Дүкөндөр менен базарларда жок чүйгүн тамактар, берешен үй ээлери, анан да дасторконду кандай жасаштын ыгын мыкты билген Тубардын эмгеги баарын ыраазы кылчу.

Анан эле Бекинай үчүнчү курста окуп жатканда Тубар ресторанда иштеп аткан жеринен жүрөгү кармап капыс үзүлүп кете берди. Социализм заманындагы өтүмдүү жай ал кезде жеке колго өтүп, кожоюндар башка болуп калган. Капыс жерден баскан кайгы атасы менен кызын деңдароо кылып салды. Шүкүр мындай болорун күткөн эмес. Аялы баягыдай эле жайыл дасторкон болуп, үйүнөн конок үзүлбөй агыл-төгүл жашоо улана берет болуш керек деп жүрүптүр.

“– Сени жалгыз калтырып, кайра окууга барбайм, – деди Бекинай энесин жайына койгондон кийин атасынын жанында отуруп, эзиле ыйлап.

– Баргының кызым, – деди атасы каңырыгы түтөй, – энең сенин Ломоносов университетинен диплом алышыңды Кудайдан күнүгө тилечү. Дипломуңду көргүсү келчү. Көзү өтсө да тилегин ишке ашыр.

– Сен кантесиң, – деди Бекинай сөздөрү үзүлө бышактап, – бутуң ооруп, троллейбус да айдабай калдың?

– Майыптык пенсиям бар эмеспи. Дагы эки жерге күзөтчү болсом, алардын айлыгы сага жетет.

– Атакем ай! – Бекинай атасын кучактай солуктады.

– Болду эми, ыйлаба, – деди атасы Бекинайдын көз жашын сүртө чекесинен өөп, өзү да жашый. – Жолго камын. Жөнө. Менден кам санаба. Жаш бала эмесмин.

Ошентип, Бекинай кыйнала-кыстала окуусуна жөнөп кетти. Ишканалар: «Жаштар керек», – деп Шүкүрдү күзөтчүлүккө албады. Акыры шаардыктардын, шаардын тегерегиндеги дачаларын кыдырды. Бири жер каздырса, бири короо-жайын тазалатты. Шүкүр табылган жумуштардан баш тартпады. Айрымдары каатчылыкты какшана күн болжой, иттен узатып, кызмат акысын толук бербеди. Бергендери кеңешип алышкансып, өңү өчүп, үлдүрөгөн сомдордун майдаларынан жылмая сунат”.

Кедейдин бир аты жоош

Шүкүр мынча акча бересиң деп эч кимин кыстабады. Бергенин алып, бербей койгондоруна деле капа болбой, кара жумуштун оор-жеңили дебей иш чыккан жерине барып жүрдү. Бир жолу балжайган сары жигит бүлүнгөн үйүн оңдотуп, короодогу жерин түздөттү. Эсептешерге келгенде ал чалды текебер карап, мыскылдуу жылмайып “долларды көрдүң беле?” деп сурады. Шүкүр андай акчаны көргөн эмес эле. Чынын айтты. Балжайган сары иш акысына доллар бере турганын, мындай акча көбүндө жоктугун кобурады. Ичи кытмыр экен желмогуз. Шүкүргө эмне, айырмасы жок, көк акчаны Москвадагы кызына салып иет. Тиги чөнтөгүнөн акчаларын сууруп чыгып доллар деген ушул экенин, муну кармагандын колу эмес жүрөгү ысый турганын бежиреп атып берген акчасын көтөрүп алып почтого келди.

“– Акча жибересизби?– Кассада иштеген аял терезечеден жылмая карады. – Кызыңыз эмгегиңизди актаса экен.

– Актайт, актайт, – Шүкүр кубана сүйлөп, долларларын берди.

– Башка жокпу? – деди аял көзүн чекчейте.

– Бардыгы ушул, жыйырма күндө тапканым, – деди Шүкүр.

– Эмне жумуш жасадыңыз? – Аял кыжаалаттана сурады.

– Бир жигиттин дачасындагы чалдыбары чыккан үйүн оңдоп-түзөп, жерин иретке келтирдим. Үйү тыпырайып, жери мизилдеп калды. Ылай, цемент, балта, керки менен да, күрөк, тырмоок менен да алпуруштум. Аянбадым.

– Жигит болбой жерге кирсин! – деди аял долларларды Шүкүргө кайра берип. – Азыр барып, ушулары менен аны бетке уруңуз!

– Эмнеге?! – Шүкүр таң кала сурады.

– Бул болгону беш доллар, – аялдын «жигитке» ачууланганы үнүнөн да билинди.– Бирөө азыр биздин он бир сомго татыйт. Бардыгы элүү беш гана сом. Ал шыпыр, сиздин бир күндүк эмгегиңизди да кайтарбаптыр”.

Почточу аялдын сунушун угуп тиги балжайган сарыга барса деле болмок. Бирок ал кески Шүкүрдү укмак эмес, сотко берип, артынан чуркашка алы-күчү жок. Шүкүр эмне деп жооп беришин билбей почтодон капалуу чыкты. Атасындай болгон кишини да ушундай алдайбы? Ошондон кийин балит ыплас жер деп жанагы балжайган сары жигиттин дачасы жакты айланып өтчү болду. Жерде эмне күнөө, балээнин баары жанагы шүмшүктө болуп жатса. Шүкүр ошондон кийин иштеген акысын күндө эсептешип алууга өттү. Кечинде чарчап буту тартпай калганда эптеп үйүнө жетет да чогулткан акчасын эсептөөгө киришет.

Тыйындын иши кыйын

Акчасы жоктуктан кызы ал жылы Москвадан атасына келе албады. Кайсы бир жерден жумуш таап каникулда иштеп жатканын айтып, атасына акча жөнөтпөшүн, тамак-ашына карап өзүнүн ден соолугуна кам көрүшүн сураныптыр.

Атасынын болсо абалы күндөн-күнгө оорлой берди. Мурда азыраак жөтөлүп, көкүрөгү ачышып анан тарап кетсе кийинки кездери ыкшып, көгөрүп-татарып жатып калчу болду. Жалгыз үйдө сопоюп жашагандан тажап, бекер эле квартирант киргизейин десе студенттер оюн-шоок кылып тынчтык бербейт. Көчөдө тентип калган селсаяктардан киргизип алайын десе аларынын арасында көзү-башы шишибеген, араксыз соо жүргөнү жок экен.

Айласы куруганда оору биротоло тындым кыла элегинде Аксуудагы Кайыр эжесине бармай болду. Бир туугандардан экөө гана калган эле. Жездеси да өтүп кеткен. Автобуска олтуруп жүрөлү деп атканда айдоочу бүшүркөй калып “Шүкүр таякемсизби?” деп атпайбы. Бир тууган жээни Субан экен. Таякесинин үйүнө баратканын уккан соң анын кубанычында чек жок эле. Кыйла жылдардан бери келе элек таякеси жолдун алыстыгы дебей эжесине келе жатса ким кубанбайт! Субан таякесин издеп бир жолу барганын бирок эшиги жабыктыгын көрүп кайтканын айтып, таякесинен кечирим да сурап жиберди.

Шүкүр таякесинин ошончодон өзүнүн автобусуна отуруп калганына Субан чындап эле терисине батпай, таякесинен аны-муну сурап, тезирээк эле Ак-Сууга жетсек экен деп келатты. Айылга жакындаганда таякесинин үн катпай калганына деле маани бербей, артта отургандын “уктап калды” дегенине ишенип үйүнө алып келип жолду катар уктап келген Шүкүрдү ойготмокко ийинден тартканда катыган дене тизесине ооп түшкөнүн көрүп, ач айкырыкты салып отурбайбы. Бирок кеч болуп калган эле.

Шүкүр жолго чыгар алдында көпкө ойлонгон. Кем каттоо болуп калган бир тууганына барып келүү ою деле капыстан пайда болду. Кыстаган оору болбосо бармак эмес, соо болсо иштемек. Кызына акча кылыш үчүн кара жанын карч урмак. Мына эми көрбөйсүңбү, башкасы аз келгенсип бу балакеттүү дарттын жабышып алганын.

«Оорунун кайдан пайда болгонун башын катыра териштиргени менен быпыраган акчадан жукканы оюна келбеди. «Эпаадам ачык болгондо...» – деп Бекинайынын алыста жүргөнүнө, иш таап алганына кубанды. Дидарын көрүүнү эңседи. Кусаланды. «Бүтөрүнө бир жыл калды. Чыда!» – деп өзүнө кайрат берди. Жумушту мурдагыдай үзгүлтүксүз издөөгө күчү жетпеди. «Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар» дегендей автопаркта чогуу иштеп, чогуу квартира алган сырдана, кадыркеч кошуналары көз жаштарын шыпыра квартираларын сатып, туш-тушка кетишкен. Жаңылары камандай дүмүрөңдөшүп, саламга келишпейт».

Бапыраган бай дасторкон тушунда үйүнөн үзүлбөгөндөрдүн бири да жок. Жаңы заманда баары эле өзүм деп кара жанын карч уруп акча-тыйын табыштын камында жүрүшөт. Шүкүр деле ошентмек, оорунун айынан четке сүрүлүп калбадыбы. Аёо билбес турмуш ушинтип “кичине адамды” четке сүрүп салат тура. Алардын бары-жогу жөн убакта деле эске алынбайт, социалдык аялуу катмар деген жалпы аталыштын алдында аталса аталып, аталбаса жок унутта калып кетет.

Бу момун адамың башкаларга жакшылыкты гана ойлогон, алданып, кордолуп жатса да адамдын баарын өзүндөй көрүп жашайт тура. Бирөөнүн бир тыйынына көз артпай, талыбаган мээнети, кара жумуштан качпаган кеңпейилдиги менен башкалардын эсинде калат экен.

Шүкүрдү башкалар эстебесе да жээни Субан өмүрү өткүчө унутпайт, акыркы сапарында баратып ага мээримдүү жылмайганы, кыйналып турганына карабай алыскы айылда жашаган бир боорун издеп чыкканы аны аябай ыраазы кылган. Тагдыр экен, энсеген эжесинин үйүнө анын сөөгү келди.

Кумар бечара бир тууганына өксүп бала-чакасы, ага-тууганы менен жалгызын көмөт. Шүкүрдүн андан башка жакын адамы деле жок болчу. Бекинайы алыста, акчасы жоктуктан туулган жерине келе албады. Ал байкуш атасынын өткөнүн угуп өксүп-өксүп ыйлар, андан башка колунан эмне келет. Ушундай кайгылуу турмуш. Эч бир жумуштан качпаган, башкаларга жакшылыкты гана каалаган карапайым адамдын акыркы саат-мүнөттөрү.

Кеп соңунда автор тууралуу бир-эки ооз сөз. Токтош Абдиева кесиби боюнча филолог, музыкант. Жазуучунун биртоп кара сөз, ыр жыйнактары «Мен сени сагындым», «Алай күндөлүгү», «Кырчын курак», «Жээк», «Үчүнчү муун», «Эне жана жер» сындуу китептери кыргыз окурмандарына белгилүү.

Өткөн кылымдын соңку он жылдыгында заман өзгөрүлүп, коом турмушу опсуз оор кыйынчылыктарга кептелди. Анын баары үй-бүлө турмушуна кедергисин тийгизип, коомдук турмуш кескин өзгөрүлүп бара жатканын автор биртоп чыгармаларында ачык чагылдырган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG