Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Жар издеген кыз, жесил эркек


Иллюстрациялык сүрөт.

Качкыналы Сыдыгалиев отузга жакын китептердин автору, адабияттын биртоп жанрларында калемин сынаган жазуучу.

Колунан чыккан туундулары өзүнчө китеп шекилинде, мезгилдүү басма сөзгө жарыяланган. Бүгүн биз сүрөткердин “Реклама” деген аңгемесине токтолобуз.

Оюн-чындан башталган кат

Бу тирүүлүк, адам тагдыры ушунчалык татаал, чиеш, андан ар ким турмуштук бактысына өзүнүн гана жолу менен келет. Бири экинчисине окшобойт.

Аким Артыков сүйүп алган жарынан эрте ажырап, кийинки төшөк жаңыртуусу оңунан чыкпай калбаса өзү туш келген окуяга ишенмек деле эмес. Баары рекламадан чыкпадыбы. Социализм заманында андай амал-арга жок болчу. Күйөөгө тием же аял алам деп гезитке эч ким жарыя берчү эмес. Жаңы замандагы реклама үй-бүлөлүк турмушка терең кирип кеткен экен. Качкынаалы Сыдыгалиевдин “Реклама” аңгемеси ушул жөнүндө.

Чыгармада жандай көргөн жарынан эрте айрылып, жалгыз кызы менен калган жесилдин тагдыры көркөм иликтөөгө алынган. Убакыт өтө берет экен. Аким чиедей кызы экөө аябай эле жүдөп кетишти. Жумуштан келип кызына тамак жасап, идиштерди жууп, үйдү таза кармоо, кир-кок, билинбеген менен аялдын түйшүгү аябай эле көп экен.

Биринчи класста окуган секелектин атасына жардам беришке чамасы жок, азырынча аябай эле кичине. Кантсе да кыз эмеспи, атасы кыйналып жүргөнүн сезет, үйдө дагы бир ак жоолукчан болушун каалайт. Анын үстүнө аялы өлгөндөн кийинки үйлөнгөн келинчеги казап чыгып, кичинекей кызын өгөйлөп туруп алганынан жеткирип берген. Ошондон кийин аялзатына этият карап калган.

“Кийинки аялым менен бир жыл бирге жашасак да ал Алтынайды бир сапар да “кызым” деп айткан эмес. Келгенден кеткенге чейин чычкандай баланы бооруна тартпай, душманындай жерип жүрүп кетти. Бара-бара Алтынай түнт, коркок болуп калды. Бир сапар сырттан келсем Алтынайдын таралбаган чачынан аткый кармап, алкымына бычак ойнотуп: “Сен атаңа көргөн-билгенинди айтсаң мууздап салам”, – деп коркутуп жатыптыр. Мени көрө сала кызым бакырып кучагыма жыгылды. Мына ошол замат аны төркүнүнө жеткирип тынгам”.

Ошондон кийин ал үйлөнүүнү ойлонбой деле калган болчу, бирок минтип үй түйшүгү жүдөтүп атпайбы. Ошондой күндөрдүн биринде гезит окуп отуруп кызыкча бир жарыяга кызыгып калбаспы. Анда жашы отуздан өтпөгөн, ичпеген, чекпеген эркек менен турмуш курууну каалаган жыйырма бештеги бийкеч жарыя бериптир. Жапжаш кыздын минтип турмуш куруу аракети Акимди бир чети таңдандырып, экинчи жагынан кызыгуусун арттырган. Ушундай да болот экен, жыйырма бештеги кыз отуздан ашпаган жигит издейт деген эмне шумдук!

Акимдин жашы отуздан эбак өтүп калган. Кызыгуусу артып таңкалычтуу жарыя берген кызга кат жазууга отурду. Баарын жашырбай жазды. Аялы өлүп калганын, секелек кызы, гараж башчысы деген иши барын, боюнун узундугун, кабат үйдө жашарынан бери эчтемесин жашырбай ачык жазды. Катка жооп деле кечиктирбей келди. Аким жокто келген почточу катты кызына калтырбай атасына гана берерин айтып кетиптир. Акимге деле заказ катты шак кармата салбай алгач паспортун көрүп, Артыков Аким экенин билгенден кийин гана аялуу кагазды колуна карматты. Почточу келип кеткенден кийин атыр жыттанып калган үйдө маанайы көтөрүлгөн Аким катты кайчы менен этият ачты. Турмуш кургусу келген кыздын аты Зина, мектепте мугалим болуп иштейт экен. Артыктын бою жүз сексен беш экенин окуган бейтааныш кыз “боюңуз узун болгону менен оюңуз кыска болбосун” деп катын бүтүрүптүр.

Ошентип белгисиз кыз менен Акимдин кат жазуулары башталды. Кымбатбаа катты алып келчү почточуну күтчү болду. Анысы да жөн келбей, келген сайын тамаша-чындан сөз ыргытып кетет. Экинчи катты алып келгенде почточу Акимдин дагы паспортун сурады. Өткөндө эле көрсөтпөдү беле! Эмнеге антип атканын сураса тиги “көрө элек жерлери калыптыр” деп жылмайып тим болду. Паспорттун “өзгөчө белгилерине” баам таштаган почточу “паспортто жазылган аялыңыз кайда?” деп, анын каза болуп калганын укканда кечирим сурап кетишке шашты. Аким почточунун паспортуна эмнеге кадалып калганын түшүнбөй жүрдү. Аялы үч жыл илгери каза болгонун, андан кийин дагы бир үйлөнүп, анысын кетиргенин каттарында жазган. Табышмакту почточу катты берип чыга бериште бир сөз айтчудай камданып барып бирок эч нерсе айтпай эшикке шашты.

Күйөө издеген кыз

Ал чыгары менен катка үңүлгөн Аким Зина эрге чыга элек кыз, мектепте кыргыз тили, адабияты сабагынан берген мугалим экенин билди. Ал ирет экинчи аялы эмнеге кетип калганына кызыгыптыр, кызыл камчы эмессизби деген суроону жылдырыптыр. Акимдин жашыра турган эмнеси бар, бөрүнүн оозу койду жесе да, жебесе да кан. Антсе да кийинки аялын жамандагысы келбей, ынтымагы келишпей ажырашып кетишкенин айтуу менен тим болду. Башында Зинанын суроолоруна Аким узун сабак жоопторду жазса кийинки кездери кыска кайрык менен бүтүрчү болду. Бейтааныш Зинага караганда заказ катты алып келчү почоточу аны аябай толкундатчу болду. Жакын аялуу адамын күткөнсүп Аким почточу келсе экен деп эңсеп, эшиктин коңгуроосу чырылдаса заказ катты кармап келчү кызды күтө турган адат тапты. Жарашыктуу кийинген почточуну кызы да жакшы көрүп, атасынан кат ташычу эжеси качан келерин суроого өттү. Кийинки катты алып келгенде почточу жарашыктуу жасанып кийип алыптыр.

“Бу сапар бир жума өткөндөн кийин кечте коңгуроо чыр-р этти. Ачсам почтальон. Ал мурункудай кара сумка асынбай жасанып кийинип алыптыр. Үстүндөгү боз костюм, юбкасы сымбаттуу денесине кыналып, көркүнө көрк кошуп ажарын ачып таштаптыр.

- Кириңиз, кириңиз, - дедим шашкалактап, - дагы заказной кат апкелдиңизби?

- Ооба, - деди күлүп, - кат менен жакшы кабар апкелдим.

Мен бурулуп паспортко жөнөгөндө ал түшүнө койду окшойт:

- Паспортту тим эле коюңуз. Биринчи көргөн билиш, экинчи көргөн тааныш дейт. Мен сизди кайта-кайта көрүп таанып калбадымбы. Сиздин Аким экениңизге ишенем. Мына катыңыз. Алыңыз. Ылайым эле тилегиңизге жетиңиз.

- Кечиресиз, - дедим кеч да болсо эркектик кылып, - атыңыз ким?

- Салима.

Ушул учурда кызым жаныма чуркап келди. Салима чөнтөгүнөн алакандай плитка шоколадды алып сунду. Кызым алайынбы, албайынбы дегенсип мага карады.

- Ал кызым, алагой, эжеңин колун уялтпа, - дедим. Алтынай ушуну эле күтүп тургансып лып илип алып:

- Ырахмат, - деди.

- Эч нерсе эмес, кызым, - деди почточу башынан сылап, - жей гой. Мындан ары заказдуу кат жеткирсем сөзсүз сага шоколад ала келем, - деп кошумчалады”.

Кат ташыган почточунун мээримге муктаж кызына шоколад берип, “кызым” деп имерилип турушу Акимдин да мээримин ийитип, көзүнөн чолок жаш ыргып кеткенин өзү да байкабай калды. Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат. Аким почточу келгенде өзүн коёрго жер таба албай, кирип чай ичип кетишин айтып алдастай түшөт. Акимдин ички дартын сезгендей почточу кыз башка дагы жеткирчү каттары бардыгын айтып көп кармалбайт. Келген сайын үйгө жарык чаччу почточуну Акимдин кызы да жактырып калыптыр. Атасына “почточу жакшы аял экен ээ” деген сөзү экөөнү тең толкундатып, өрөпкүп турушту.

Ошондон кийин Салима каты жок деле бул үйгө баш багып Алтынайга шоколад алып келчү болду. Алтынай да бейтааныш эжекесин көргөндө мойнуна асылып, экөө сагынышкан адамдардай өөп-жытташып калышат. Почточу бир ирет чай үстүндө олтурганда Акимдин кат алганда өзгөчө толкундап кетерин, аны мынчалык толкундаткан ким болду экен дегендей табышмактуу суроону жылдырды. Аким почточу каттарды окуйт окшойт деп шек санап калды. Болбосо Зинанын каттарын кайдан билет? “Ошол кат менен сизди бир аял эзип жатабы” деп атпайбы.

Мугалим Зинанын калпы

Бир шаарда жашаганы менен Аким Зина деген мугалимди көрө элек, анын кимдиги табышмак. Ага жаккан почточу Салиманын күйөөсү, бир уул, бир кызы бар экен. Бейтааныш Зинага караганда ушул почточу Акимдин делебесин козгой баштады. Атаңгөрү, күйөөсү болбосо менин гана жарым болсо дегидей зирек, баарын билип турган сезимтал жан экен. Сүйүп алган жарынан эрте ажырап, кийинки оту жакшы күйүшпөй, жашоо-турмуштан жүдөп жүргөн Аким “акылдуу аялың болсо тирүүлүктө сенин бейишиң ошол” деген принципке өткөн. Почточу кыз анын көңүлүн улаппы же кызынын көңүлүн көтөрүүнү каалайбы соңку кездери чай ичкени кирип калчу болгон.

“Биз көпкө сүйлөштүк. Арабызда отурган Алтынай биздин сөзүбүздүн төркүнүнө түшүнбөсө да чеке-белине түшүнүп отурду. Ал кеткенден кийин:

- Ата, Салима эженин эри бар бекен? – деп сурады.

- Бар экен, - дедим кызымдын суроосуна түшүнө бербей, - эмне экен?

- Жок болсо ушуну апа кылып алалы деп ойлогом.

- Апаң болот, - дедим кызымын саксайган чачынан жыттап, - шашпа.

- Баары бир Салима эжедей жакшы апа табылбайт, - деди Алтынай, - ал мени жакшы көрөт, мен да аны жакшы көрөм.

Алтынай бир аздан кийин карегиме кадала карап:

- Давай, эринен ажыратып апа кылып алабыз, - деди”.

Кантип эринен ажыратып алат?! Эне мээримине муктаж секелектин таппаганы жок. Салиманы күйөөсүнөн ажыратып тартып алыш Акимдин оюна келген эмес. Жакшы кыз, боорукер, жыйналбаган үйдү, кичинекей кызы менен калган атасын көрүп почточу буларды аяп жатпасын?! Аким аны деле көп ойлободу, Зина менен кантип жолугушууну, бетме-бет кездешип анын кимдигин билгенге куштар. Көп каттарында сураган сүрөтүн жөнөтө албасын, ылайыктуу сүрөтү жоктугун айтып Зина да жолугушууга шашпады. Кийинки катында ичине сыр жатпаган Аким үйүнө кат апкелген почточу кыз менен чай ичишкенин, Алтынай аны апа кылып бер деп жатканын жаңылык кылып жазып салды. Ошону менен кат токтолду.

Бир жолу Аким почточу кызды көчөдөн учуратып, эмнеге заказ кат келбей калганын сураса ал катты почта жашигинде калтырганын айтты. Зина жолугушууга макул экенин, анын күнү менен жерин айтууну Акимге жазыптыр. Аким шаардын чок ортосундагы Эмен багынын мурда “Ударник” кинотеатры турчу жерге курулган эски фонтандын жанында жолугууну сунуш кылды. Зина колуна гезит алып отурушун сурады. Белгиленген күнү жолугушчу жерге шашылып баратса тааныштарынын улам-улам учурагандарычы. Энтеңдеп эрте келип алса эски фонтандын жанында колуна гезит кармаган аял көрүнбөдү. Эки-экиден акырын кобурашып баскан карылар, каткырыгы таш жарган жаштар. Аким аяк-башын карап фонтандын жанында кадамын санап канча басты. Же убакыт өтсөчү. Бирөөнү күтүп жалгыз отурган бирөө жок. Бир саатка жакын убакыт өттү, Зина келбеди. Эми кетейин деп камданып баратып Аким гезит кармап отурган Салиманы көрүп калды. Почточу кыз эч нерсе болбогондой бейкапар, Акимди ушул жерден жолуктурганына таң калгандай суроолуу тигилди. Эмнеге келгенин, бирөөнү күтүп атасызбы деп сурады.

Акимдин кимди күтүп отурганын айткысы келгенине карабай отуруңуз, балким келип калар деп жооткотуп, заказ каттарды сурады. Аким күткөн кишиси келбегенин эми кетерге камданып атканын айтты. Күткөн Зинасы келбей маанайы чөгүп турган Акимдин алдына Салима сумкасынан пакетке салынган каттарды алып чыкты. Бул каттар кайдан Салиманын колуна түшүп калганына кызыккан жигитке “сиз жазсаңыз алам да” деп катылуу сырдын боосун чечти.

Салима Акимди көрүп сынаш үчүн калпынан почточу болгонун, махабаттын айынан ушундай ишке барганын айтты. Калпы чыккан Зина-Салиманын кабарын укса кызым кантер экен деп Аким байкуш кызын ойлоду ошол саатта.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG