Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:27

«Жамийланы» Парижге жеткирген бурулуш


Ишенгүл Болжурова.

Советтик жана кыргыз адабият тарыхында Чыӊгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармачылыгы француз жазуучусу, коммунист, Луи Арагондун аркасы менен дүйнөгө таанылган деген ой-пикир калыптанып калган.

Кыргыз адабият таануучуларын айтпаганда да, Айтматовдун чыгармаларынын чебер жана терең билерманы, белгилүү Георгий Гачев Айтматовдун «Жамийла» повести жарык көргөндөн кийин аны дүйнөлүк майданга Луи Арагон чыгарган деп эсептеген. Чындыгында эле ушундайбы?

Чыӊгыз Төрөкулович 1956-1958-жылдары Москвада Жогорку адабий курстарда окугандыгы баарына эле белгилүү. 1958-жылдын башында ал атактуу («Новый мир») журналынын редакциясына «Обон» («Мелодия») деп атаган повестин алып келет.

Журналдын башкы редактору, белгилүү Александр Твардовский айланасына таланттуу, ойчул жазуучуларды, акындарды, адабият таануучуларды чогулта алган. Эӊ негизгиси - журнал сталиндик доордон жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Советтер Союзунун алдыӊкы интеллигенциясынын тымызын оппозициялык жарчысы болуп калган. Анда чыгармачыл союздардан куулгандар, сталиндик куугунтуктардын жана сүргүндөрдүн, репрессиялардын бардык оорчулуктарын баштан өткөргөн жазучулар, акындар басыла баштаган. Мисалы, Александр Солженицын.

Твардовскийдин «Новый мирине» басылып чыгуу адамдын кадыр-барктуу болушуна шарт түзгөн. Эреже катары, Александр Трифонович авторлорго карата жогорку талаптарды коюп келген. Ал редакциянын дарегине чубуруп келген кол жазмалардын көпчүлүгүн өзү кунт коюп окуп чыккан. Эгерде ал өзгөчө, таланттуу, чындап эле чыгармачыл нерсени байкап калса – өзү редакциялаган. Анын бөтөнчө мүнөзү - таланттуу акын, ойчул катары, ички туюмуна жараша - кол жазмалардын аталыштарын өзгөртүү болгон. Ал өзүнө жаккан чыгармага абдан мазмундуу жана мааниси менен көркөмдүгүн, маӊызын ачып бере алган аталыштарды ыйгарган. Жаш, аты белгисиз, Кыргызстандан чыккан жазуучунун да повести көңүл сыртында, редакциялоосуз калган жок. Александр Трифонович повестти кунт коюп окуп чыгып, аталышын сызып, «Жамийла» деп жазып коет. Биздин оюбузча, бул аталыш абдан жолдуу болду. А.Т. Твардовскийдин уруксаты менен 1958-жылдын башында Ч. Айтматовдун «Жамийла» повести ошол кездеги өтө абройлуу «Новый мир» журналында жарык көрөт.

Андан кийин... алыскы Францияда жазуучу, котормочу, таланттуу инсан - Элиза Триоле (кыз кезинде – Элла Юрьевна Каган) жашайт. Ал коомчулукка Лили Брик деген ат менен көбүрөөк таанымал, легендарлуу Лилия Юрьевна Кагандын бир тууган жалгыз синдиси. Алар музыка, көркөм искусствого бөлөнгөн интеллигент, маданияттуу москвалык Кагандардын үй-бүлөсүндө чоңоюшат. Атактуу бас-ырчы Федор Иванович Шаляпин бир жолу кичинекей бир тууган эже-сиӊди Кагандарды көрүп, алардын сулуулугуна жана кыймыл-аракетине суктанып, өзүнүн концерттерине чакырат. Кагандардын үйү жазуучулар, сүрөтчүлөр, музыканттар, акындар жолугушкан жер болгон.

Ал жерге Элла Каган өзүнүн досу жана сүйүктүүсү Владимир Маяковскийди да ээрчитип келген. Кагандын үйүндө Маяковский Лилия менен таанышып калат жана адептүүлүктү сактаганды унутуп, аны сүйүп калат. Элла бул чыккынчылыкты абдан оор кабыл алат, бирок анын эжесине болгон сүйүүсү жана кыйбастыгы анын башка сезимдерин басып өтөт. Көп өтпөй ал Анре Триоле деген француз офицери менен таанышып, ага турмушка чыгат. Анын фамилиясын кабыл алып, Элиза Триоле деп атын да өзгөртөт. Бир аз убакыттан кийин күйөөсү менен бирге Францияга кетет. Бирок алардын никеси көпкө узабайт. Элиза жазуучулук менен алектене баштайт. Парижде ал белгилүү сюрреалист, акын жана прозаик Луи Арагон менен таанышып калат. Луи Элизага катуу ашык болот.

Элиза абдан сулуу, акылдуу жана таланттуу болгон. Франциядагы адабий чыгармачылык үчүн Гонкур сыйлыгына татыктуу болгон биринчи аял. Айтмакчы, сыйлык лауреаттын өмүрүндө бир гана жолу ыйгарылат. Франциянын белгилүү жарандары да Элизага кызыга башташат. Анри Матисс деген сүрөтчү анын портреттерин тартса, Ив Сен-Лоран ага модалуу кийимдердин бүтүндөй коллекциясын арнайт. Катрин Денев анын чыгармачылыгына өзгөчө маани берген.

Элизанын аркасы менен Луи Арагон социалисттик идеяларды колдоп, коммунист болуп, советтик адабиятка, өзгөчө Маяковскийдин чыгармаларына кызыга баштайт. Бирок орус тилин жакшы билбегендиктен, Элиза которуп берген орус жана советтик адабияттын окуп чыгат. Айтмакчы, Элиза Триоле которуп чыккан жаңы адабият Арагондордун үй-бүлөсүнүн финансылык байгерчилигинин негизги булагы болуп калат.

Советтик адабий басылмаларга өзгөчө көӊүл бөлүп, алар менен таанышып жүргөн Элиза Триоле «Жамийла» повестин эӊ биринчи окуп чыгып, француз тилине которуп, бул чыгарманы «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деп атаган Луи Арагонго көрсөткөн.

Албетте, СССРдеги белгилүү коммунист-француз, акын, 1957-жылы «Элдердин ортосундагы тынчтыкты бекемдөө үчүн» Эл аралык Ленин сыйлыгын алган, анын ой-пикири жана берген баасы советтик окурман менен өлкө жетекчилери үчүн жаш жазуучу – Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын эл аралык таанылуусунун жол көрсөткүчү жана күбөсү болуп калган.

Элиза Триоле дайыма, ар бир жумада эжеси Лили Брик менен кат алышып турган. Кийин Лили: «Мен үчүн Элизасыз Париж болбойт» деп жазган. Лили Брик бардык адабияттын жаӊы басылмалары, жаӊы адабий чыгармалар тууралуу кабардар болгон, анын үйүндө Москванын жана Советтер Союзунун чыгармачыл интеллигенциясы чогулуп турган. Аны «Орус авангардынын музасы» деп эсептешкен. Бул чогулуштарга чыгармачыл интеллигенция гана эмес, ошондой эле жогорку партиялык жана советтик элита өкүлдөрү да катышып турган. Баарыбызга белгилүү болгондой, бул иш-чараларга Жусуп Абдрахманов да катышкан, аны бул адамдар менен Мария Натансон тааныштырган.

Жусуп Абдрахмановдун өмүрүн жана ишмердүүлүгүн изилдеп жатып, мени Москванын партиялык, адабий элитасы менен Абдрахманов гана тааныш болгонбу деген суроо түйшөлтүп жатты. Анткени Мария Натансон жолукпай кое албаган мыкты, билимдүү кыргыз жетекчилери да болгон эмеспи? Аны Троцкийдин тарапташы катары партиядан чыгаргандан кийин Фрунзеге айдашкан. М.Натансон республикадагы Мампландын өнөр жай секциясында иштеген.

Так ошол жылдары Төрөкул Айтматов соода эл комиссары, андан кийин Кыргыз АССРнин эл чарбасынын борбордук кеӊешинин төрагасы болуп иштеп турган. Чынында ал Төрөкул Айтматов менен тааныш болуп, аны менен кызматташ да болсо керек. Ошондой эле Т. Айтматов Москвада иш сапарларында да болгон, кийин ал Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуп жүргөндө, Натансондун тегерегиндеги анын тааныштары жана жакындары, анын ичинде эже-сиӊди Кагандар менен, өзгөчө Лили Брик менен жолугушкан болуш керек. Окуп жүргөн кезинде ал жайында Москванын жанындагы чоңдордун дачасында эс алчу. Ал жерде партиялык, советтик кызматкерлер да, ошондой эле чыгармачыл интеллигенция да көп жолугуп турушкан.

Мүмкүн Л.Брик үчүн Айтматовдун фамилиясы жакшы тааныш болсо керек. Анан Лили Брик Элизага «Новый мирде» чыгармасын жарыялаган жаш Айтматовго көӊүл бурууну сунуш кылган болсо керек?! Себеби, Лили Элиза үчүн негизги кеӊешчи жана авторитет болгон.

Айрым учурларда тарыхтын бурулуштары ушунчалык татаал болгондуктан биз анын сырдуу өз ара байланыштарын жана өз ара көз карандылыгын биле бербейбиз. Биз үчүн анын кубулуштары дагы эле белгисиз бойдон. Бирок, бул дүйнөдө болуп жаткан нерселер кокустук эмес деген бекем ишеним бар. Чыӊгыз Айтматовдун «Жамийласынын» эл аралык таанылуусунун баштоочулары бизге тааныш тарыхый инсандар болгондугу да кокусунан болбосо керек...

Бул макалага түрткү болгон көрүнүктүү журналист, профессор А.С.Кацевге ыраазычылык билгизем.

Ишенгүл Болжурова, профессор, педагогика илиминин доктору, тарых илиминин кандидаты

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG