Каныбек Исаковдун капыс дүйнө салышы жаамы журттун кабыргасын кайыштырды. Ал ириде мыкты уюштуруучу, айкөл адам, таланттуу адабиятчы эле. Каргашалуу апаат кыргыздын дагы бир азаматын алып тынары, улуттук милдетти аркалачу инсандын минтип мертинип каларын ким ойлоптур? Арман дүйнө деген ушул экен, бүгүн бар, эртең жок.
Университет
Каныбек Исаков республикадагы белгилүү окуу жайын заманбап даражага жеткирип, Борбор Азиядагы саналуу университеттердин катарына кошуп, кийин министр болуп, зоболосу көтөрүлгөндө баштагы калыбынан жазбады, пейил-кую кескин өзгөрүлүп кеткенин баамдай албадым. Кимге болсо да жадырай учурашып, сылыктыгынан, сыпаалыгынан жазбай, жөнөкөйлүгүнөн жанбады. Бийик адамгерчилиги менен жөнөкөйлүк аны башкалардан айырмалап, өзгөчөлөнтүп турчу.
Мен анын өзүн көргөнчө жасаган иштери, жазган эмгектеринен кыйла кабардар элем. Эгемендик келгенден кийин дал-далынан кетип, айласы куруп турган тармактын жалгыз көзгө басар мамлекеттик билим берүу мекемеси – Ош мамлекеттик университетин чыканагынан жөлөп тургузуп, чөлкөмдөгү алдыңкы окуу жайлардын катарына кошууда Каныбек Исаковдун эмгеги өзгөчө зор болгонун эч ким талашпас. Анын илимий ишинен, канчалаган шакирттерди сүрөп, илим жолуна салган устаттыгынан да мына ушул иши - Ош университетин Кыргызстандагы мамлекеттик окуу жайларга үлгү болорлук деңгээлге көтөрүп койгону улуттук деңгээлдеги мактаныч, кубаныч, сыймык болуп калды. Ал эми пенде катары бийик адамгерчилиги, киши көңүлүн оорутпаган боорукердиги, айкөлдүгү жайында айтчу сөз алдыда, аны жакын жүргөн достору, курбалдаштары эскеришер.
Каныбек менен таанышып, чер жазыша сүйлөшүп калганым капыс болгон. Бу тирүүлүктө кээде ойдо жок жерден керемет бир адам жолугуп, сырдашып, болгон кеп-сөздү тартынбай ортого салып, сыр чечишкен убак болот экен. Тирүүлүктө мүмкүн бир же андан көп болушу мүмкүндүр, бирок ошондой кездешүү өмүр бою эсиңде калат. Каныбек менен кыйладан тааныштай жакын адам катары ылым санашып узакка сүйлөшүп отурушубузга кесиптештигибиз себепкер болду го деп ойлойм. Ошол отурушта андан кийин деле адабиятчыга караганда давердес балбанды элестеткен, колдору шадылуу, кең далы, баскан-турганы калбаат, бирок ошол эле учурда ушунчалык жөнөкөй, сөз чебери Мурза аке көп айтчу “майин” деген сөз бар эле, ошондой назик, сыпаа жигиттин улуттук намыс, улуттук сыймык дегидей үлкөн ишти эч кыйналбай жасап коюп, анысын шардана кылбай жупуну жүргөнү таң калтырган. Каныбек менен ошондой шартта бир жолуктум.
Ага кездешкенге чейин Ош шаарына жумуштап барып эгемендиктин алгачкы жылдары кыйла жүдөй түшкөн чоң калаа кыйла жанданып, сымбатына келип калганын көрүп ыраазы болуп кайткам.
Шаарды Ош мамлекеттик университетинин жаңы имараттары, курулуштары, демилгелери көрккө чыгарып, кыйла жашартып койгон экен. Мага жолуккан шаардыктардын көбү ОшМУ салган имараттарды айтып, университеттин болуп көрбөгөндөй өзгөрүүгө туш келгенин, анын баары окуу жайдын аракетчил жетекчисинин мээнетинин аркасында жаралып жатканын мактаныч менен кеп кылышкан. Мамлекет эсебиндеги окуу жайдын антип алдыга озуп кетишинин себеп-жөнү тууралуу узун кептердин аягы үзүлбөй, кантип жана кандайча деген суроого адистер ушу кезге чейин баш катырып келатышат. Бир университеттин шаарды кыйла өзгөртүп койгонун ошондо көргөм.
Шакирттери, айылы
Университет менен өз атын жуурулуштуруп, кыска убакыт ичинде таанымал окуу жайды таанылгыс өзгөртүп койгон Каныбек Исаковдун илимий шакирттери жөнүндө кызыктуу кеп кылганы, аларынын турмуш кыйынчылыгына карабай алдына койгон максатынын өтөөсүнө чыгып жатышканын айтып кабагы ачык отурганы азыр да эсимде.
Шакирттерине мынчалык камкор жетекчини жолуктура элек жаным анын кеп-сөзүнө биралдын таң калып отурдум. Анан сөзүбуз барып-келип эле адабият маселелерине такалып жатты. Бу дүйнөдөн көзү өтүп кеткен сүрөткерлерди эскердик, алардын айрым эсте калган окуяларын айтып күлүп да алдык. Каныбек кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын мыкты билет экен. Алардын кайсы жылы жазылганын, жарыяланган соң адабий сындын кандай баасына татыганын, тигил же бул сүрөткердин чыгармачылыгы кандай изилденип жатканын кеп кылып, көптөгөн мыктылар ушу кезге чейин сөзгө алынбай жатканын, алардын чыгармачылыгын изилдөөнү шакирттерине сунуштаганын айткан эле.
Айтса, ошол узакка отурчубузда Каныбек туулган жери, айылы тууралуу кеп кылып, колу бошосо эле көзгө ысык кыштагына барып турарын эскерген. Кыргыз жериндеги биртоп айыл-кыштактардын атын атагандан улам мага ал көрбөгөн бир дагы кыргыз кыштагы жок болсо керек деп ойлогом. Менин тамаша аралаш кебиме ал чын дилинен күлүп, студент кезинен кыргыз жеринин кыйласын кыдырганын сыймык менен белгилеген. Колу бошосо эле айылына барып турарын, шаардын ызы-чуусунан айыл менен тоо гана сактап каларын айткан.
Министрлик
Анда бул апаат жок. Каныбек Исаковдун министр болору ойго келе элек. Ошол жолугушуудан кийин Каныбек билим жана илим тармагына жетекчи болуп дайындалды. Анан министрликтин алдындагы ополтоо проблемаларын бир четтен чечүүгө киришип, убакыт, оору, сактануу чаралары дегендерди унутуп ишке чөмүлүп кетти. Мына эми иш деп жүрүп айылына барышка деле чолосу тийбеген азаматты капыс ажалга алдыртып эли-журту акыркы сапарына алып узатып баратышат.
Каныбек иштин көптүгүнөн жүрөкзаада болуп, эми качан аягына чыгам деп узакка ойлонуп отурууну жеринен жактырбаган, келер замат аялдабай билекти түрүнүп жумушка кирип кетүүнү жактырган жигит экен, тармакты төөбасты кылып алган үйөр проблемаларды бир четтен чечүүгө киришкен. Жагдай болсо белгилүү, мамлекет тарабынан бөлүнчү каражат барандуу көрүнгөнү менен аягынан тартса башына, башынан тартса аягына жетпейт.
Жаш муунга билим берүү мамлекеттин эртеңин аныктай турган жооптуу иш. Өзгөчө олуттуусу деп окуу китептерин даярдап чыгарууну алдыга койсоң, мектеп курулушу унутта калат. Ал ортодо балдардын ысык тамагы, мектеп фонду, окуучулар формасы, коопсуздук дагы башка толгон-токой проблемалар туру. Жыл сайын бюджеттин кыйла акчасы мектеп курулушуна сарпталат. Антсе деле бир жеринде мектеби урайын деп, экинчисинде окуучулар вагонеткада же боз үйдө сабак өтүп, башка бир айылда өкмөттүн кеңсесинде же айылдагы бош үйдө окуучулар сабакта отурушканын көрөсүң.
Башта билим берүүнүн көйгөйү көбүнесе элеттен көтөрүлсө, кийинки жылдары проблема шаардагы мектептерге ооду. Бир класска 45тен тыгылган окуучулар, 10 – 12 параллель класстар. Айрым айылдарда класс толбой турса калаада батпай жатат, иши кылып, билим берүү тармагынын көйгөйлөрү жыл санап көбөйгөндөн көбөйүп эле баратат. Буга кошумча билим берүү усулдарын жаңылоо, заманбап талапка жооп берүү милдеттери туру. Балакеттүү оору башталганы аралыктан окутуу айкүрүнөн коюлуп, болгон күч-аракет ошол жакка бурулууда.
Каныбек ополтоо проблемалардын төө бастысында калбай ишти аз-аздан жөндөп, тармакты ыраатка салып келаткан. Кыйладан бери козголбой келген Сизифтин зыл ташындай оор маселелерин бир четтен чечип, иш кыныгына кирип, аттиң арман, арттан аңдыган ажалга байкабай алдырып койду. Ишке келгенде убакты-саатын аябаган март жигит такатсыз апаат аны айланып өтчүдөй көрүп, болгон күчүн жумушка арнап, ден соолугуна карабай, жоопкерчиликке ишенип жүрүп калды окшойт. Анан да чоң апаат тушунда билим тармагынын проблемалары өтөле күчөп кетпедиби. Мурда-кийин болбогон аралыктан окутуу, билим берүүнү интернет айдыңына көчүрүү түмөн түйшүктүү жумуш го.
Белгилүү университеттин зоболосун көтөрүп, топтогон тажрыйбасын тармакты алдыга жылдырууга жумшаган филология илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, мыкты уюштургуч жетекчи Каныбек Исаков эли үчүн аянбай кызмат кылганы, артында калтырган жакшы иштери үчүн жалгыз агартуу тармагы эмес, жаамы журту ыраазы. Эл үчүн эмгек деген ушул. Өкүнткөнү эр ортонунда ажалдын жетегинде кете бергени болду.