Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Калыйбек Тагаевдин кыргыз вальсы


Калыйбек Тагаев.

Калыйбек Тагаев менен кыргыз обон дүйнөсүнүн өзүнчө бир доору кетти.

Кыргыз кыйырына таанымал обончунун классикалык чыгармалары музыка ышкыбоздорунун сүйүүсүнө арзып, такай аткарылып келет.

Дүңгүрөгөн жаңы муун

Өткөн кылымдын 60-жылдары кыргыз музыкасынын көпчүлүк элге өзгөчө жакын формасы - обончулуктун өзүнчө бир гүлдөө доору – Ренессансы башталды.

Мурда беш манжа менен санала турган обончулардын катары арбып, таланттуу жаштардын баары жапырт аккордеонго өтүп, обончулук өзгөчө баркталган өнөргө айланды. Антүүгө Рысбай Абдыкадыровдун кыргыз обонуна алып келген революциячыл жаңылыгы өбөлгө түзүп, обондуу ырлардын күнү тууду.

Калыйбек Тагаевдин жылдызы да мына ушул жылдары жаркырап жанып чыкты. Башында Атай, Муса сындуу таланттардын аракети менен келаткан өнөр кийин Жумамүдүн Шералиев, Ашыралы Айталиев сындуу катары суйдаң таланттардын чыгармалары менен толукталган. Ырысбай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Аксубай Атабаевдердин обончулукка келиши менен кыргыз музыкасы өзүнчө бир гүлдөө доорун башынан кечирген.

Белгилүү музыка таануучу Тимур Саламатовдун айтымында, К. Тагаев мына 60-жылдары кыргыз обонун сапаттык бийиктикке көтөргөн залкарлардын бири.

«Калыйбек Тагаевдин чыгармачылыктагы дагы бир өзгөчөлүгү, ал ошол мезгилдеги заманбап ыргактар менен кыргыздын нукура обончулугун айкалыштырган авторлордун бири. Ошол 70-80-жылдары бизде Европадан келген эстрада жанры жайылып кетпедиби. Мына ошондо заманбап ыргактар менен нукура кыргыз ыргактарынын айкалышын тапкан обончулардын бири болгон. Анын жүздөн ашуун ырларынын 60% вальс ыргагында. Кыргыз музыкасындагы «вальстын королу» - Калыйбек Тагаев. «Элмира» деген ырын билесиңер, мына ошол нака жаркын вальс ыргагындагы ырлардын бири. Заманбап кайрыктар менен нукура улуттук кайрыктарды айкалыштырган чыгармаларында ырдагы жеңилдик, анан мукамдуулук, сезимди алып учуп турган кайрыктар көбүрөөк. Алар жакшы маанай, жадыраган маанай тартуулаган чыгармалар», - дейт ал.

Калыйбек Тагаевдин төрөлгөн жери - Ат-Башы. Анын музыкалык шык-жөндөмү мына ушул жомоктогудай кооз жерде ачылган. Жан дүйнөсүн аскасы асман челген бийик тоолор, аны улай кеткен арча-карагайлуу токой, жайылган түздүктүн бир ныптасын ээлеп, буркан-шаркан түшкөн дарыя, ойго тунуп отурган алпты элестеткен касиеттүү Чеч-Дөбө, мелмилдеп жаткан кең түз жери козгоп, биринчи кайрыктарын абасы тунук тоодо жараткан. Кийин ал айтылуу «Ат-Башым» деген чыгармасын туулган жерине арнап жараткан, анысы угармандардын купулуна толуп, жалпы эл сүйүп уккан, такай ырдап жүрчү классикага айланган.

З300 метр бийик

Калыбек Тагаевдин 120 ашуун обондуу ырларынын кыйласы угармандардын сүймөнчүгүнө арзыган, элдин баары жабылып ырдаган чыгармаларга айланганы качан. Мына, жарым кылымдан ашуун убактан бери айтылуу «Долон» ошондой урматка ээ болуп, элдик чыгармага айланып кетти.

Деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктиктеги ашууга алгачкы ирет машине жол салынып, мурда кыйла азап менен ашчу бийиктен автоунаачан өтүүнүн кубанычы чыгармада өзгөчө бир шаң, сыймык менен белгиленген. Антип бийик тоо арасынан жаңы мейкиндерге чыккан, айылынан жаңы дүйнөгө сапар алган адам гана айта алат, бийиктикти багынтуунун барк-баасын ошол гана түшүнө алат. Иши кылып, «Долон» кыргыз обонуна жаңы мейкиндерди ачкан, туулган жердин бийиктиги менен ыйыктыгын ырга кошкон керемет чыгарма.

Бу чыгармачылыктын өзүнчө бир келкели келип, көкүрөктү тээп чыккан сезим кайрыктары угарман жүрөгүнөн түнөк таап, сезимин кытыгылап, жашоо-турмушун шаңга бөлөп ийчү касиети болот. 60-70-жылдары Калыйбек Тагаев жараткан чыгармалардын көбү ошондой тагдырга туш келди. Учурунда «Элмира» менен «Назгүлүмдү» ырдабаган киши жок эле. Айжамалы келишкен дарыгер кызга арналган тунук сезимге элжиреген канчалар жарык дүйнөгө жаңы келген наристесине Элмира деп ат коюп, бир учурда андай ысым өзгөчө популярдуу болуп кеткен эле.

Белгилүү композитор Мырзали Жээнбаевдин баамында, Калыйбек Тагаевдин чыгармаларынын эл арасында өзгөчө өтүмдүү болушунун бир себеби - андан туулган жердин жылуу илеби уруп турат, алардын көбү классикага айланып кеткен.

«Ал өзү классик. Анын обондорун угуп канча муун чоңойду, кыргыздын канына сиңип калган обондор. Кыргыздын колоритин сактаган обондор. Обондун мыкты үлгүсүн жараткан автор. Калыйбек Тагаев менен иштешип калдым. Кол жазмасы кооз кишилердин бири болчу. Чыныгы профессионал, билимдүү киши эле. Калыйбек Тагаевдин обондорунда мажор болсо да аягында минордук мүнөз сакталып турат. Обондун күчтүүлүгү эмнеден билинет? «Аранжировканы» (шөкөттөөнү) алып салса, коштолмосу жок чыгарса кандай обон экени билинип калат», - дейт Мирзали Жээнбаев.

«Жаныбарым, Гүлсары!»

Калыйбек Тагаевдин аң-сезимдүү өмүрү чыгармачылык, обон жаратуу абыгерчилигинде өттү. Кыргыз өнөрүнүн мейкини кеңейип, аты алыска таралышына кубанып, бир кезде айтылуу «Жаныбарым, Гүлсары» обонун жараткан. Кыргыз атын дүйнөгө тааныткан залкар жазуучунун айтылуу Гүлсары жоргосунун аалам кезип кетишин Калыйбек Тагаев музыка тилине салып, улуттук сыймыкты көкөлөткөн. Күлүк ат, жанда жок жорго обончу туулуп-өскөн жерде да өзгөчө баркталат. Дегеле жылкысыз кыргыз баласын элестетүү кыйын го. Ал эми Камбар ата тукумунун көркөм адабияттагы кайталангыс образын дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун сүрөткерлик талантына Калыйбек Тагаев шедевр чыгармасы аркылуу баа берген.

Айтылуу обончунун балалыгы кыйла эле кыйын шартта өткөн экен. Өнөрлөшү Рысбай Абдыкадыров экөөнүн өмүр жолунун окшошуп кетиши - аталарынан эрте ажырап, энесинин колунда эр жетишкени. Шарты катаал болгону менен, жомоктогудай кооз жерде жетилип, музыка дүйнөсүнө каргадай бала кезинен кызыгып, ага эч ойлонбой өмүрүн арнашы эки залкарды жакындаштырып турат.

Обончулардын ошол 60-жылдардагы муунуна кийинчерээк Түгөлбай Казаков, Токон Эшбаев, Кудайберген Темиров, Мукан Рыскулбеков, Алымбек Коробаев, Асанкалый Керимбаев, Исрадин Аманбаев, Апас Жайнаков, Жолдошбек Мамажанов, дагы башка таланттар кошулуп, кыргыз обонунун сапаттык деңгээли кыйла бийикке көтөрүлдү.

Чыгармачылыкка өзгөчө катаал талап койгон Калыйбек Тагаевдин көпчүлүк чыгармалары убакыттын өткөнүнө карабай дагы эле угармандардын кызыгуусун арттырып, белгилүү ырчылардын репертуарынан түшө элек. Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жаздырылып такай уктурулуп келатат.

Бул деңгээлге Калыйбек Тагаев чыгармачылыкка өзгөчө олуттуу мамиле кылып, ага чын дилден берилип, сезим кылдарын черткен керемет кайрыктарды кемелине келтире иштеп, кайталангыс чыгармаларды жаратканы аркылуу жетишти. Ошон үчүн обончунун «Жаштык ыры», «Куттүм сени», «Таалайым сенде», «Сагыныч ыры», «Ысык-Көл» сындуу ырлары кыргыз кыйырында убакыт, мезгил деген тоскоол-сыноолорго карабай жаңыра бермекчи. Мындай чыгармалар анда жүздөн ашуун. Алардын баарына Калыйбек Тагаев алоо сезимин берген, көкүрөк тереңинде катылган сырларын ачыкка чыгарып, пенде баласынын көңүл күүсүн козгоочу кайрыктарды катып койгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG