Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 02:21

«Улуу күндү карап жатам көктөгү...»


Зайырбек Ажыматов.

27-май - мекенчил акын, журналист, маркум Зайырбек Ажыматовдун туулган күнү. Акын көзү тирүү болсо, 44 жашка толмок.

Бул күнү анын «Фейсбуктагы» барагы куттуктоолорго эмес, аны эскерген билдирүүлөр менен толду. Мекенчил акын, ишенимдүү дос, мыкты ата деп бааланган Ажыматовду жакындары жоктоп отурушат.

Зайырбек Ажыматовдун келинчеги Анархан 27-майда жолдошунун туулган күнүнө деп адаттагыдай палоо басып, чакан дасторкон жайды. Бирок бул ирет жылдагыдан айырмаланып дасторкон четинде Зайырбек ага жок.

«Туулган күнүнө өтө деле маани берчү эмес. Бирок биздин туулган күндөрүбүздү унутта калтырбай, белегин камдап койчу. Балдарым менен атасынын жеке майрамына арнап дасторкон уюштуруп коёр элек. Палоону аябай жакшы көргөндүктөн, сөзсүз ушул тамакты жасачумун. Бүгүн эртең менен мүрзө башына барып, куран окуп, кабырына гүл коюп келдик. Палоо жасайм, торт алып келдим. Жолдошумдун туулган күнүн белгилейбиз. Балким достору келип калабы...»

Зайырбек Ажыматов
Зайырбек Ажыматов


Новатор акын Зайырбек Ажыматовдун чыгармачылыгын изилдеп, «Ала-Тоо» журналына көлөмдүү макала жарыялаган филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева аны «заманчыл акын» деп сыпаттады:

«Зайырбек Ажыматов улуттук аң-сезимди көтөрө турган трибун акын болчу. Ал улуттук ар-намыстын эмне экенин билчү. Анын чыгармачылыгы оор мезгилге, өткөөл доорго, коомдук-саясий постулат өзгөргөн учурга туш келгендиктен, жан-дүйнөсүндөгү идеалдуулук менен реалдуулуктун ортосунда кескин карама-каршылык болду. Бул карама-каршылык аны кыйнады. Бирок ошол кыйналуудан улам бийиктикке чоң секирик жасады. Ал калемдештеринен айырмаланып, ашмалтайы чыккан сүйүү темасын айланчыктабай, заман темасын көкүрөгүнөн өткөрдү. Заман темасы жөнүндө ойлонуу - бул ар бир жумуру баштууга буюрган шыбага эмес».

Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Зайырбек Ажыматовдун адабий мурасын унутпай, түбөлүк калтырууга өкмөт да аракет көрөрүн белгиледи:

«Зайырбек Ажыматов дегенде биз мекенибиздин, улутубуздун, жерибиздин канчалык кымбаттыгын эстейбиз. Ал ушуну эскертип турчу. Убак-убагы менен анын поэзия кечелерин өткөрүп, эскерип турабыз. Китебин чыгарууга каражат бөлүштүрүүгө аракетибизди жумшайбыз. Ал кишинин кыргыз поэзиясына калтырып кеткен мурасы унутулбашы керек».

«Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду жана «РухЭш» сайты Зайырбек Ажыматовдун атындагы адабий сыйлык уюштурушту. Жаш таланттарды колдоо максатындагы 100 000 сом жана атайын сыйлык 2021-жылдан тартып маркумдун туулган күнүндө 35 жашка чейинки таланттуу акындардын бирине берилип турмакчы.

Ошондой эле Зайырбек Ажыматовдун ысымы Аксы районунда өзү туулуп-өскөн Ак-Жол айылындагы маданият үйүнө ыйгарылды.

Шайлообек Дүйшеев Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнатында сүйлөгөн учуру. 1-май, 2020-жыл.
Шайлообек Дүйшеев Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнатында сүйлөгөн учуру. 1-май, 2020-жыл.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев калемдеш инисин эскерүүдөн өткөн азап жок экенин белгилеп, анын 2004-жылы жазган ырынан окуп берди:

Көкүрөктө көлкүсө да зар-муңум,
Кечиргиле, кеттим таштап бардыгын.
Татыксызмын шооласына ай-күндүн,
Жашоо, сага сыйбай калды барлыгым.

Ошентсе да өмүрлөрдүн көктөмү,
Оо тирүүлүк, сенден көңүл өчпөдү.
Узап жаным чыгарда да көз албай,
Улуу күндү карап жатам көктөгү.

Зайырбек Ажыматов 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.



Эмгек жолун ошол жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеген. 2014-жылдан өмүрүнүн аягына чейин «Азаттык» радиосунда эмгектенип, адабий-маданий темаларда макала-баяндарды жасады.

1996-жылы «Жалгыздык», 2005-жылы «Мелмил», 2011-жылы «Нөлү көп жылдар», 2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» аттуу ыр жыйнактарынын чыгарган. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

2020-жылы 29-апрелде кан басымы түшүп, ооруканада каза тапкан акындын артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.

Маркумдун бир катар ырларына обон жазылып, ырдалып жүрөт. Алардын бири - Түмөнбай Колдошовдун аткаруусундагы «Жарты кайык».

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG