Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Ак куржун толо ыр калды...


Зайырбек Ажыматов.
Зайырбек Ажыматов.

Кыргызга аттын кашкасындай таанымал акын, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматов 44 жашында дүйнөдөн кайтты.

Баладай ишенчээк, баёо, бат таарынып, бат жазылган акын өзү тууралуу «Зайырбекмин, ысымы бар, өзү жок, закымдарды кууп жүрүп адашкан» деп калчу эле.

«Коркуп турам калемимди алуудан,
Коркуп турам келген сапты жазуудан.
Ойноок кезде оңой көрүп өзүңдү,
Оо, ыр дүйнө сага бекер кабылгам».

Жаштык менен шарапка мас жылдар артта калып, коом, улут тагдыры тууралу ой калчап, лирикалык изденүүнүн жаңы тепкичине чыгып жаткан кезде арабыздан кетип калары кимдин оюна келиптир?

Чыныгы таланттар жупуну болот дешет. Зайырбек акын да ошондой эле. Качан караба ыр издеп, өзүн издеп жүрчү. Мурда жазылган айрым ырларын жактырбай, азыр болсо башкача жазмакмын деп калчу.

Мен өзгөрбөй, өчпөй койсом не болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00

2019-жылы 16-июлда акындын ыр кечеси өткөн. Саналуу гана поэзия күйөрмандары чогулган бул кечеде ымандай сырын төгүп, чыгармачылыкта жаңы багытты издеп жүргөнүн айткан эле.

«Буга чейин чыккан китептеримди жаштыктын деми менен чыгарып ийипмин. Андан кийин катасын көрүп калып, аны кай жерден жок кылышты билбей калат экенсиң. Бул поэзия кечесин Асан агай (Жакшылыков) «өткөрбөйсүңбү» дегенде коркуп, моюн толгоп жатып акыры макул болдум. Балдарыма, келинчегиме да айткан жокмун. Поэзия кечеси күтүлбөгөн жерден болгону жакшы деп ойлойм. Китеп жөнүндө Аида (Эгембердиева) «бир муундун өкүлүбүз» деп айтып калды. Буга чейинки чыккан китептеримди таанымал акындардын бирине да берген эмесмин. «Бул китеп эмес» деп ыргытып ийсе эмне болом деп жалтактадым. Дагы деле бийик деңгээлге качан жетем, качан ошолорго уялбай барып «мына, мен китеп чыгардым, окуп коёсузбу» деп бере алам дейм. Жана Аида айтып кеткендей, биз башаламан, ашмалтай, калыптанышыбызга, адабий билим алышыбызга шарты жок мезгилге туш болуп калдык. Ошондуктан көпчүлүгүбүздө өзүбүзгө болгон ишеним азыраак болуп калды».

Мына ошол чыгармачыл адамдарды, дегеле жамы кыргыз журтун калчаган башаламан доор тууралуу «Нөлү көп жылдар» деген көп маанилүү, ар кыл ыңгайда талдоого турган керемет бир ыры да бар эмеспи.

Акыл - нөл, жан дүйнө - нөл, санаам да нөл,
Сүйүү – нөл, досчулук – нөл, адам да нөл.
Жылдар – нөл, өсүү болбой тегеренген,
Ырлар - нөл, окурман – нөл, заман да нөл.

Пикет – нөл, митингдер – нөл, жалган баары,
Эл толкуду эки ирет, пайда албады.
Унаасынын номерин нөлдөн баштайт,
Президент – нөл, нөл демек калгандары.

Башым - нөл, билимим – нөл, уят кылат,
Боштуктар бирин бири улап турат.
Чөнтөк – нөл, аянычтуу андан дагы,
Намыс – нөл, тилеттирет, сураттырат.

Ишим - нөл, барым-жогум билинбеген,
Изим - нөл, таамай болуп чийилбеген.
Көңүл – нөл... ал чынында эч нерсе эмес,
Үмүт – нөл, дилгирлик жок дирилдеген.

Доор – нөл, зар-муңуңду кенебеген,
Биз – нөлбүз, ага минтип тебеленген.
Лөлүгө айландырды түптүү элди,
Нөлү көп жылдар сыртта тегеренген...

Боорукер кемпирдин небереси

Зайырбек Ажыматов - жеке тагдырын ырга салып, аны поэтикалык тагдырга айланткан акын эле. Каргадай бала кезинде атасынан ажырап, таянесинин колунда өсүп, ошондон аялзатына карата сый-урматы өзгөчө болчу.

-Эх, апаке, апакем ай, апам ай!

Эмгегиңе татыр эмгек жасабай.

Тентип жүрөм, жарык издеп, ыр издеп,

Тек гана бир жөн адамдай жашабай.

Тири шумдук кездер коштоп ыргагын,

Тирүүлүгүм азабым да, жыргалым.

Баарын сизге айтып туруп апаке,

Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.

Ыйламакмын кур намыска кыйылбай,

Ыйламакмын алкымыма муунбай.

Бирок ал ый болбойт, апа, тек гана,

Бала кезде ыйлап жүргөн ыйымдай.

Болот анда сагыныч да, бук дагы,

Болот анда сиз билбеген бүт баары.

Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,

Атакемдин бул өмүрдөн учканы.

Ал көз жашым, боз тумандуу күндөрүм,

Ал көз жашым, дос туугандан күйгөнүм.

Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,

Айтылбаган арман муңу дүйнөнүн.

Ошол ыйга көөдөн тиреп жашаган,

Жан сыздатпас сизден бөлөк жат адам.

Бардык муңум, бардык бугум арылмак,

Бала кездей сооротсоңуз эх анан...

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеген.

«Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) жана «Жүрөктөгү бороон» (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору. Төртүнчүсүн чыгаруунун камылгасын көрүп жүргөн эле.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

«Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан. Артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.

Өлбөйм эми, өтөт жаным силерге...
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:31 0:00

«Азаттык» радиосунун эмгек жамааты Зайырбек Ажыматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Биз бүгүн таланттуу кесиптешибизди, чыгаан акынды жоготконубузга ишене албай турабыз.

(«Азаттык» радиосунда Зайырбек Ажыматовдун жазган макалаларын бул жактан окуй аласыздар).

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG