Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

"Кыш кетпейт окшойт жүрөгүмдөн..."


Зайырбек Ажыматов.
Зайырбек Ажыматов.

Акын Зайырбек Ажыматовго гүлдесте.

Зайырбек Ажыматов​: Кыш

Тар жолдо чексиздикти турам карап,
Таалайлуу күндөр улам узап барат.
Үшкүрүк – ызгаар коштоп чыгат дагы,
Үндөшүп кышкы кечке бубактанат.
Таарыныч, көңүл калуу катмарлоодо.
Тагдырдын кышы келген сыяктанат.

- Бул кандай сары санаа күтүлбөгөн,
Буюгуп, буулуктуруп, күжүлдөгөн.
Буралган көңүлүмө чырмооктой,
Бул кандай кусалык, мен түшүнбөгөн?
- деймин да, эңсеп айыл, балалыкты,
Апаппак дүйнө көрөм түшүмдө мен.

Кап аттиң, кол жуудумбу бир өмүрдөн?
Кайра бир толгум келет түгөнүүдөн.
Каякта, мен издеген асыл дүйнө?
Кай жерде, кайсы жолдо жүрөмүн мен?
Кар кетет, билем, жазда. Бирок эми,
Кыш менин кетпейт окшойт жүрөгүмдөн…

Билбейм, улуу адамдардын өлүмү адатта сырдуу болот дешет. Дүйнөнү каптаган апаат таажы вирусунун кесепетинен да, карантин мезгилинде биринин артынан бири узаган, ашыгып-шашылып жашаган, энтигип - күйүгүп эрте кеткен эки чоң акындын, эки чоң интеллектуал, эки чоң өнөр ээси, эки акыреттик достун сүйлөшүп алгандай жарыкчылык менен кош айтышканы кыргыз журтун, айрыкча адабият, маданият жана искусство чөйрөсүнө аралашып жүргөндөрдүн эсин эки кылды.

Сиз деле жакшы билесиз да...

Орустун улуу акыны Александр Пушкин Москвадагы эң чырайлуу, көздөрү моймолжуган Наталья Николаевна Гончаровага үйлөнгөн.

Наталья Гончарова табиятынан оюн-зоокту жакшы көргөн, ак сөөктөрдүн кечесинен түн ооп келген, түшкө чейин уктаган, оюнкараак, жеңил мүнөз, эркектерди манжасындагы шакек сымал тегеретип көргүсү келген текебер, сылаң короз аял болгон.

1837-жылы кыш айынын биринде Пушкин Геккеренге шылдыңдаган кат жиберет. Акын ал катын жөн жерден жазбайт. Сөзү, атак-даңкы, кадыр-баркы кыскасын айтканда, өзү тең келе албаса да, орой, адилетсиз, кыңыр-кыйшык, какшык сөзү менен теңелгиси келген душмандары Пушкинге “мүйүз” (алданган күйөө) деген ылакап атты жармаштырат.

Кайсы бир кечеде душманынын досторунан бирөө акмалап келип, Пушкиндин артында тура калат да, эки сөөмөйүн мүйүзгө окшотуп чыгара коет, тегерегиндегилер кыраан-каткы түшүп, акынды ыңгайсыз абалга калтырышат.

Геккерендин өгөй уулу Жорж Дантес акынга (Натальянын бир тууган сиңдиси Екатеринага үйлөнөт) бажа болуп туруп, Пушкиндин аялына көз артып, ак сөөктөрдүн балында аны бийге чакырып, кез келген жерде тийишет. Наталья да аны кагып койбой, көзүн сүзөт. Ал гана эмес, акын жашаган үйдү айланчыктап “Эмне үчүн сенин терезеңдин пардасы ар убак тартылып, жабык турат” деп көк беттик менен аялынын артынан түшөт. Буга акындын аябай ачуусу келет, жинденет. Акын өзүн шылдыңдаган, кемсинткен, оройлук менен арамзалык катылган каттарды далай жолу алат. Мындай тоң моюн кара өзгөйлүк кокосуна жетип, жаны кашаят.

Төрөпейил Дантестин жакын жолдош-жоролору акындын сезимтал, назик, баладай ишенчээк мүнөзүн, аялын ашкере сүйгөнүн биле туруп, ортосуна от жагып, эки жакты ого бетер кайраштырып, акындын айласын алты кетирип, акыры аны дуэлге чыгууга мажбур кылышат.

Бийликтин кысымын өмүрү өткөнчө көргөнү аз келгендей, сүйүп-күйүп алган жарынын жеңил мүнөз, шайкелеңдиги Пушкиндин поэзиясын түшүнмөк түгөл, ыр уккусу келбеген, жан дүйнөсү жарды, “жалтыр-жултур” көйнөгүнө мактанган, даамдуу тамак жеп, эркектердин тийишкенине куштар болгон, ички дүйнөсү такыр башка аял менен күн кечирүүгө аргасыз болот. Так ошол акынга күйүмдүү жолдош боло албаган сулуунун айынан Пушкин дуэлде Дантестин огунан жарыкчылык менен кош айтышат.

Муну пенделик трагедия деп айтууга болбойт, адамзаттын трагедиясы болгондо да чыгармачыл адамдарга мүнөздүү, таалим-тарбиясынан эмес, табиятынан берилген кыял-мүнөздүн (ашкере намыскөй, ашкере амбициялуу, ашкере улутчул, ашкере ариетчил же өз билгенин бербеген көктүгү, кекчил же өжөрдүгүнөн) айынан өмүрүн тобокелге салган. Башка тирүү жандардай жашоо үчүн жан далбастап, жашоо үчүн кара жанын сактап, кандай болбосун тирүү калуунун амалын ойлогон эмес. Бул нагыз чыгармачыл жандарга тиешелүү Жараткандан берилген касиет...

Мен акын Зайырбек Ажыматовду ырлары аркылуу тааныгам. Анын поэзиясына кызыгып, адабиятчы катары “Кайран энем канат кагып калчу эле....” (1-макала), “Кейибей тур кулунуңа, Ата- Журт” (2-макала) деген адабий талдоону “РухЭш” сайтына жана “Эркин Тоо” гезитине чыгардым.

Ошондон кийин 2019-жылы 9-январда саат 23:42де мессенжерден мага Зайырбек мындай билдирүү жөнөттү.

"Саламатсызбы!? Сизге ыраазычылыгымды кантип жеткирип айтып береримди билбейм. Керемет жазыпсыз. Мени көкөлөтүптүрсүз. Баш көтөрүп жүрө турган кылып кайра жасапсыз. Бүтүндөй текст деле эмес, ар бир тамгаңыз жылуулук тартуулады. Үйдө үнүмдү чыгарып баарына көркөм окуп бердим. Келинчегим ыйлап ийди.)))) Бар болуңуз!”.

Ушундан кийин экөөбүз Интернет аркылуу байланышып турдук.

Бул менин жеке оюм, көз карашым. Кимдир бирөөлөргө оор тийсе, кечирим сурайм!...

Менин баамымда, акын-жазуучулар эки түрдүү категорияга бөлүнөт, биринчиси - ыры, чыгармасы кандай болсо, турмушта тутунган принциби, кыял-жоругу, көз карашы жана өзү адамдарга айтып-дегенин (акыл-насаат, нуска ж. б.) өзү турмушунда колдонот, турмушунда алып жүрөт. Кыскасы, сөзү, ою менен ыры, кылганы менен айткан акыл-нускасы шайкеш келет. Ырлары акындын реалдуу дүйнөсүн жүз пайыз чагылдырбаса да, көпчүлүк пайызында анын прототибин кездештирүүгө болот.

Экинчи категориядагы акындардын айтканы, жазганы, принциби “китептин тилинен, талабынан, сабагынан чыкпайт". Болбосо кантип башкаларга үлгү болот? Бирок, жеке жашоосу теңирден тескери, өз кызыкчылыгы үчүн баарына барат, шайтан менен болсо да тил табышып, достошот, кыянатчыны кол баласындай жумшап, пайдаланат.

Зайырбек акын так ошол биринчи категорияга мүнөздүү болчу. Баарын ачык айтып, ачык сүйлөгөн, шатыра-шатман, ак көңүлү кармаса асмандагы айды алып берүүгө даяр кыялкеч, бала мүнөз, таарынычын ичине ката албаган алабарман, эмоционалдуу, кыргыздын байыртан келаткан духу менен рухуна тойбогон накта мекенчил инсан болчу.

"Бийик эле ар кыргыз пайгамбардай”, “ Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз”, "Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам!” деген саптарды кайсы азамат жаза алат, кайсы азамат ооз толтуруп айта алат!?...

Ырды кантип жазып калганын, поэзиянын түйшүгүнө кандайча кабылып жүргөнүн “Сайра эне” деген автобиографиялык поэмасында таасын- таамай айтып берет. Кайра кайталап отургум келбейт. Ошол чыгармаларынын деминен, саптарынын илебинен акындын өзүнө мүнөздүү кыял-жоругу, каш-кабагы, ой чабыттары менен ой сезимдери окулуп турчу...

Казактын кашкөй акыны Мухтар Шаханов айткандай; “оозун ачканда жүрөгү көрүнгөн” пейили кенен, март, кыргызга таандык эрктүү сапаттарды боюна сиңирүүнү адат кылганы байкалып турчу.

Акын поэзиянын мухитине жетсем деген аруу ой-кыял менен жанын сабап жүрдү. Кайсы бир деңгээлде аны чыгармаларында таасындап да берди. Акындын үч жыйнагындагы ырлары буга күбө.

Зайырбек Ажыматов улуттук адабиятта өзүн акын-пейзажист, акын-лирик, акын-сүрөткер, акын-нускоочу, акын-публицист, (акын медитативдүү лирикага оогон кезде кетти....) мекенчилдик аортасы башкаларга окшобогон кенендиги, дайрадай шаркырап аккандыгы менен айырмаланып турат. Анын чыгармаларындагы жеке өзүнө таандык динамикалуу ыргак, көтөрүңкү маанай, бар же жок болом деген тайбастык, өжөрлүк, дене табына сыйбаган кайрат менен инерция жалындап турчу. Ырларын өзү жатка окуганда да, так ошондой жанып-жалбырттап кете турган чагылгандын отту кашкайып сезилчү...

Көрсө, төкмө акын, булбул акын, дулдул акын Элмирбек Иманалиев менен экөө бекеринен дос болбоптур, бекеринен ой дүйнөсү окшошуп калбаптыр, сырдашканга-муңдашканга жан күйөрдүн, төгүлүп- чачылганга түтөрдүн, жанын-танын бирге караган кыянаттык курдаш- достун табылышы оңой эмес.

Элмирбек ааламдан өткөндө, Зайырбек "Фейсбуктагы" баракчасына "экөөбүз биригип, поэзия кечесин өткөрөбүз дебедик беле" деп кан какшап жазды. Эки акындын алдыдагы асыл максаттарына шум ажал жеткирбеди. Алардын ааламдан эрте кеткени бир Кудайга, бир жакындарына маалым.... Эч кандай пайгамбарчылыктын деле кереги жок. Акындын табиятында боло турган, нукура акынга таандык жан дүйнөнүн байкалып-байкалбаган, билинип-билинбеген, шоораттуу-шооратсыз, даректүү-бейдарек, психологиялык-интеллектуалдык сызык-белгилерди, сапат-касиетти, ички сезимдердин кагылышын, конфликтисин, ички туюмдардын чабылып-чачылган тирешин, дүрбөлөңүн биз, пенделер сезе албайбыз, түшүнбөйбүз, ага чама-чаркыбыз да жетпейт...

Айтайын дегеним, кыска өмүрдө руханий азыктардын өздөрүнө тиешелүү эн белгиси, наркы, касиети, экинчи өмүрү бар баалуулуктарды, таберик казынаны жараткан кыргыздын таланттуу жигиттеринин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Ризван Исмаилова

филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти

30-апрель, 2020-жыл

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG