Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Зайырбек... Кыш кылып кеттиң көктөмдү


Зайырбек Ажыматов.

Чыгаан акын, кесиптешибиз Зайырбек Ажыматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы замандаштарын, калемдештерин, күйөрмандарын күйүткө бөлөп кетти.

Зайырбекти замандаштары эскеришти

Карантинге байланыштуу Акын менен коштошуу онлайн өттү

Зайырбек салган из: Акынды эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 1:18:23 0:00

Жолдош Турдубаев: Элмирбек менен Зайырбекке

Сур булут жамынганы чокулардын –

Муңканып тунжурашы Ала-Тоонун,

Ааламга жар салганы, кошок айтып,

Ай жаркын уулдарынан айрылганын.

Нөшөрлөп төгүп жаткан – жамгыр эмес,

Жеримдин жоктоп ыйлап, кайгырганы.

Көз жашты төгө берсем өксүй-өксүй,

Көөдөндө бөксөрөбү кайгым бүгүн?

Ээрчишип кете бердиң мынча эрте –

Элимдин абийири, ары элеңер,

Элмирбек экөөӊөрдү кайдан издейм,

Капыстан кайып болгон Зайырбегим?

Чагылган жаркыткандай асман-жерди,

…Карантүн түшкөн кезде калкыбызга,

Кайратты чыйралткан алп саптарыңар.

Каркыра, турна көктө сапар тартып,

Туюктан чыгар жолго баштагандай,

Тунжурап укканга дем, кубат болор,

Тууга окшоп желбиреген, асабага.

Ыргагы уйкаш менен төп келишкен,

Ажайып айкалышкан саптарга эмес,

Калемден дептерге эмес, кагазга эмес,

Жүрөктөн өткөрдүңөр жүрөктөргө,

Элимдин ырдап жыргал, кууралын да.

Экөөңөр жашайсыңар түбөлүккө,

Жүрөктүн кагуусундай ырларыңда.

Аким Кожоев:

Намыстын акыны элең,
Туу туткан абийирди.
Сатпаган, сатылбаган
Жакырга жакын элең.

Жаныңды аябадың,
Элим деп сабаладың.
Эх, Заке, каралдым, ай!
Ойдо жок жерден минтип,
Каякка сапар алдың?

Бар беле шашар жөнүң,
Кең аалам тар болдубу?
Акынды сендей залкар,
Тирүүлүк көп көрдүбү?

Муңкантың, муңканттың ай!
Дүйнөмдү муздаттың ай!
Капилет колдон учуп,
Элиңди ыйлаттың ай!

Түтпөдү кайран жүрөк
Чындык деп чыркыраган.
Түтпөдү кайран жүрөк…

Маркабай Ааматов, Элмирбек менен Зайырбек

Элим деп күйүп, кыргыз деп башын сайгандар,
Элмирбек менен Зайырбек эсил, кайрандар,
Жаш эле туруп кеттиңер таштап Жалганды,
Жараткан жалгап, Жаннатын берип жай камдаар?!.

Өмүрдө жүрсө уурулар менен, кескилер,
Жүз жашайм деген санаадан алыс эскилер,
Жараткан өзү чакырык берген сыяктуу,
Жаш эле туруп жарыш-ы-ы-п өтүп кеттиңер!..
Эх, силер!..

Кыргыз деп эми ким ырдайт, жазат арманды,
Жүрөгүм ооруп табалбай турам аргамды,
Ээрчишип кеткен эсилдер Жолон, Турардай,
Ээрчишип кеткен экөөңө журтум таң калды!..

Айтылаар ыры, жазылаар ыры бүткөндөй,
Акындар өттү Бейиштин эли күткөндөй,
Жан дүйнөм азыр жабырка-а-п турат, кантейин,
Чагылган чарт деп төбөмө келип түшкөндөй!..
Эх!..

Кызыл-Суу, 30.04.2020-ж., түнкү 01.52

Калчоро Көкүлов: ЗАЙЫРГА

Бул дүйнөдө түгөйлүү бар, жалкы бар,
Бул өмүрдүн алды менен арты бар.
Өзөк өрттөп жүрүп турган жашоодо,
Өмүрдүн да, өлүмдүн да шарты бар.

Атаң көрү, пенде жолу жар, туман,
Кимдер келип, ким кетпеген калкынан.
Төрөлчүлөр менен бирге төрөлүп,
Өлгөндөрдүн өлө албайсың артынан.

Бермет, каухар, жакут кийген дүйнөнүн,
Бермет, жакут, каухарына күйбөдүң.
Безеленип ырга салып калкым деп,
Бечаранын бечелдигин сүйлөдүң.

Жаным күйүп жанып турам сага мен,
Жарык күндүн шооласындай бала элең.
Жаткан жериң жайлуу болсун кантейин,
Жанып күйүп жазган ырың мага дем.

Бириң үзсө, бириңерге жөлөнөөр,
Бир бутактын эгиздери элеңер.
Бир бириңе киндиктештей туташып,
Бир чөктүбү сүзүп жүргөн кемеңер.

Бул жашоодо эски менен жаңы бар,
Бул жашоонун карасы бар, агы бар.
Жаратканым ыйманынды кабылдап,
Жаннат нурдан жайын тапсын жаныңар.

Бир мезгилдин берендери болдуңар,
Бир бөксөрүп, кайра бирге толдуңар.
Атаганат, бул бейдабаа ааламда,
Ажалдын да, армандын да орду бар...

30.04.20.

Жыргалбек Касаболотов: Кайрат

Ал тарапка бара турган киши көп...
Ашыкпай тур, аргымагың чү-чүлөп.
Түбөлүккө түнөк кылып кеткенче
Тирүүлөрдүн жасай турган иши көп.

Учурунда ачыш керек кенчиңди.
Убагында бериш керек, берчүңдү.
Ичтеринен жакыны үчүн кан өтүп
Илгеркилер оңой кеткен дейсиңби?..

Мыктылардын көбү тирүү калбаган,
Мыйзам ушул, Манас баштап зарлаган.
Куткарам деп калың элдин өзөгүн
Курманжандар өз баласын арнаган.

Эчендери сезбей өмүр таттысын,
Эрлер өткөн, элдин издеп бактысын.
Анда-санда түздөнсүн деп башкалар
Ажал чиркин алат экен жакшысын.

Кеткен жандар далайларды зилдетти,
Кечээки эле көргөн жашоо бир кетти.
Унутулуп калбаш үчүн асылдар
Улаш керек, изги сапар милдетти.

Ак-каранын айыгышы жулмалап,
Аккан суунун шары кетсе - кир калат.
Кайрандардын жолун улай тургандар
Кайратынан жанып кетсе ким калат?

Өйдө жакта күтөт далай бийиктер,
Өчпөй турсун, кыргыз деген биликтер.
Шайтандардын заманына ӨЧӨШҮП,
Шамдай жанып жашагыла, жигиттер!

Көөдөн чыдап жүрөк урган тепкиге
Көздөп койгон максаттарга - жеткиле!
Жарым жолдон жаман катын өңдөнбөй,
Жасачу ишти жасап коюп кеткиле...

Рысбай Исаков:

Кыя албай кечээ өткөндү,
Кыямат жайга кеткенди.
Кырчындай жаның кандайча,
Кыйчалыш ишке кептелди?
Кызыңды кимге тапшырып,
Кыш кылып кеттиң көктөмдү?!
Уулдарың билсин дедиңби,
Убайым-азап чеккенди?
Бөк түшүп ыйлап азадан,
Бөйрөгүм бүгүн бөксөрдү.
Аялуу жаның калды ээ,
Айта албай далай кептерди?

Азада калды алганың,
Арманда калды балдарың.
Жыргалдуу элиң ансыз да,
Жыя албай турса дарманын.
Жыласың түшкүр ажалдын,
Жылоосун неге кармадың?
Көйгөйүн тартып Элмирдин,
Көзгө илбей такыр калганын.
Догуңду артып өлүмгө,
Достуктун шертин тандадың.

Ыр окуп турсаң Мелмил деп,
Ыргалчу кыздар мелмилдеп.
Жөнөкөй жашоо кечирдиң,
Төш каккан жоксуң менмин деп.
Жайыңды билген айттырбай,
Жан досуң эле Элмирбек.
Жанына кошуп алдыбы,
"Жалгызмын, Заке, келгин!" - деп.
Өмүрдүн соңку ирмемин,
Өтүпсүң "Элмир! Элмир!" деп.

Ойлордон куржун артынам,
Онтосом жүрөк жанчылам.
Он күнгө жетпей жөнөдүң,
Орошон талант артынан.
Жүрөктү эзип кан сыгам,
Жүлүндү эзип жан сыгам.
Сапарлап кете бердиңби,
Санаалаш жандын зарпынан?!

Караңгы түндү төтөлөп,
Кас ажал мынча көшөрөт?
Калың журт тарткан кайгыны,
Кара жер кантип көтөрөт?
Зайырбек, Элмир дегенде,
Зардабы жандын өтө көп.
Залалын кошуп кеттиби,
Замандын зары эселеп?
Закымдап кете бердиңер,
Залкарды Чалкар жетелеп...

Кебиңе аалам күймөлгөн,
Кездештик жалын күндөрдөн.
Керемет жандын бири элең,
Кербендүү жайга бир келген.
Сыпаалык сының жанбастан,
Сый болдук ошол ирмемден.

Чымчыктар сайрайт таң менен,
Чыркырайт жарың зар менен.
Чычала болуп ар сөзүң,
Чындык деп күйгөн жан элең.
Булбулдар сайрайт таң менен,
Буркурайт жарың зар менен.
Бул дүйнө бизге көрсөтчү,
Муң-зардан дагы бар белем?

Колуңда калам жорголоп,
Оюңда аалам ойдолоп.
Кыргыздын жалын уулу элең,
Кыялды тоскон торболоп.
Аңсаган күнгө жетпестен,
Алдырдык жерден ойдо жок.
Жараткан төгүп көз жашын,
Жамгыры турат шорголоп.

Шорголоп жаздын жамгыры,
Шолоктоп турат бардыгы.
Шоркелдей кыргыз тартпаган,
Шорубуз дагы калдыбы?
Обонун салып Элмирбек,
Оюна ырды салдыбы?
Жалдырап калды досум деп,
Жанына кошуп алдыбы?
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көтөрө албай кайгыңы...

Турпатың болчу айдыңдай,
Тура алат кимдер кайгырбай?!
Бул жакта калган досторуң,
Буулугат жазгы жамгырдай.

Эрдигин даңктап элиңдин,
Элирген ырды теминдиң.
Эңилсең ырга эңилип,
Жеңилсең ырга жеңилдиң.
Ыргагын бузбай көңүлдүн,
Ыр болуп өттү өмүрүң.

Карлыгач, Назым, Мелисти,
Кашайгыр өлүм кейитти.
Кургуруң кызың Айназик,
Кучактап ыйлаар бейитти.
Көтөрүп баккан энеңди,
Көйгөйүң катуу кейитти.
Жазмышка эми айла жок,
Жараткан берсин бейишти.

Гүлзада Станалиева:

Зайырбекти ушинтип эрте кетип калат деп ким ойлоптур. Фбны ачканда эле, Зайырбектин жазгандары чыкчу эле. Айрыкча, кызына ушунчалык камкор ата болгонуна ыраазы болчумун. Биздин доордун акыны, биздин доордун журналисти эле. Экөөбүз акындардын, жазуучулардын кечесинде жолукчубуз дайыма.Интервью алып калчу кээде. Кыргыз маданиятынын кыбыр эткен окуясын көз жаздымда калтырчу эмес. Адабиятка, киного ж.б.көркөм өнөргө байланыштуу окуяларга кызыгып, бирок бара албай калсам, Зайырбектин уктуруусунан угуп алам деп компоюп койчу элем. Зайырбек нары жаңылык окуясын үстүрт эмес, талуу жеринен кармап берчү. Ал ушундай жагы менен азыркы мезгилдеги маданият жаатындагы журналистиканын өңүтүн чыгарып берди. А акындыгы болсо, өзүнчө сөз кылууга арзыган доордун үнү угулуп турган поэзия болчу. Кечээтен бери интернет айдыңы Зайырбектин ырларына толуп кетти. Ал ырлардан акындын жеке адамдык тагдыры эле эмес, а биз баарыбыз чогуу жашап, башыбыздан өткөрүп жаткан доордун доошу угулат. Элиңе, заманыңа ушул кыска өмүрдө колуңдан келишинче кызмат кылып бердиң, Зайырбек. Шашып кетип калдыңар Элмирбек экөөң. Бирок ошол кыска өмүрдө жаккан отуңардын жалыны тээ келечектеги доорлордо жалбырттап көрүнө тургандай жашадыңар. Экөөң тең акын С.Акматбекова айткандай, өзүңөрдү жапырт жагып өттүңөр. Бейишиңер болсун, кайран акындар...

Баялы Саркулов:

Кайрат кылгыла, кыргыздын кыраандары!
Ансыз да эл учун жүрөгү менен күйүп, каруусун, казык, канын азык кылчу азаматтар өтө азсыңар... Менин да жүрөгүм тилинип, сай-сөөгүм сыздап турат...
Бирок...
Бирок "күт мени", "тос эми" сыяктуу сөздөрдү жазбагылачы... Айтпагылачы...
Ар бириңер алтынга тетесиңер. Ар бириңдин кыргызга берээр эмгегиңер бар. Ошону айткылачы, "сенин эл үчүн аткара албай калган кызматыңды мен кылайын, Кудай ошого жеткирсин дегилечи...
Себеби ооздон чыккан сөз өтө күчтүү ок. Ар бирибиздин эки ийнибизде айтылган сөздү жерге тийгизбей, Жараткандын жазмыш китебине жеткирүүчү периштелер турат...
Ошол милдетти аткаруу үчүн акча, бийлик, мансап эмес, ар бириңдин узак өмүр жашыңар, отко күйбөс, сууга чөкпөс кайрат-күчүңөр, чың ден соолугуңар керек!
Жазмышка сабыр кылып, келечекке тике кароо керек...
Биздин милдет жашоо, кабыр оозуна жеткенче жашоого аракет кылуу, Жараткандан ар бирибиздин тагдырыбызга берилген үлүшкө каниет кылып, ыйман, абийир менен жашап өтүү...
Качан жанды алып, кабырга жеткирүүнү ошол жанды берген Жараткандын өзүнө калтырып, ал жөнүндө сөз кылбасак...​

Эмилбек Момунов:

Мен Зайырбектен бир топ жаш улуу болсом да бири-бирибизди студент кезден жакшы билип, ошол учурдан тартып ортобузда сый гана мамиле болуп келди. КМУнун журфагында биз 5-курс болгондо, алар 1-курс болчу. Анан Абдурасул экөөсү эгиз козудай болуп эки орундук чакан бөлмөдө №10 жатаканада жашачу. Мен өзүм колунан жетелеп келип киргизген бир тууган бөлөмдөн кабар алганы кирип калып, Зайырбекти күндө көрчүмүн. Ал дайыма колунан китеп түшүрбөй, айылдан келген нан, боорсок, май, өрүккө курсакты тойгузуп алып, өзү кумир туткан Мурза Гапаровдун, Хемингуэйдин чыгармаларын окуп жаткан абалы күнү бүгүн көз алдымда. Эмнегедир Зайырбекти азыркыга чейин бир тууганымдай көрөт элем, ал да мени көргөндө ийиле салам берип, күлүп, "Эмил аке...".- деген сөзү жан дүйнөмдү жыргатып коёр эле. Көрсө, азыр ойлосом, сенин акындык тубаса адамкерчилик, бийик сапатың, эч кимге жаман сөз айтпаган кичипейилдигиң мени, балким башкаларды деле өзүңө магниттей тартып турган окшойт. Акыркы мезгилде жеке карым-катнашыбыз болбосо да сенин чоң уулуң аскер болгондугун, кызың Карлыгач чоңоюп аткандыгын ФБдагы постторуңдан көрүп, окуп, чыгармачылыгыңда гана эмес, жеке турмушуңда да ийгиликтер жаралып жаткандыгына өзүбүздүкүндөй кубанчубуз. Өткөн жекшемби беле же андан мурдагы жекшемби күнү беле, адаттагыдай эле үйдө иштеп жүрсөм, Зайырбек чалып калып: "Эмил аке, мага үч тоок керек эле "Азаттыктан" жөө баратам...",- деди. Мен "сен жеткенче союп, тазалай коёюн...,- деп, үйүмдө убактылуу жүргөн группалашы, досу, менин бир тууган бөлөм Абдурасулга "Зайырбек досуң келатат...",- десем, чочуп кетти. Аңгыча Зайырбек келип калып, мен тоокту даярдаганча көп жылдар боюу көрүшпөгөн достор көк майсаңда бир аз сүйлөшүп отурушту... Тез эле анын буюртмасын даярдап, алып чыгып берсем, желкесине асынган сумкасына сала баштады. Бирок ичинде китептери бар экен, аларды суу болбосун деп, өйдө жагына коюп бердим. Эмнегедир адатта чечилип сүйлөбөгөн, мени дайыма "Эмил аке...".- деп эле сурашып калчу иним бул ирет бир аз сылтый басып, андан ары Дордой тараптагы үйүнө жөө кетүү үчүн жолду сурап, "Ээ, бүгүн жолум болбой калды...",- деп үшкүрдү. "Эмне болду?",- десем, "Айдоочулук күбөлүгүмдү үйдө унутуп калган экенмин, ГАИ токтотуп, машинамды айып аянтчасына токтотуп салды, эми эртең ГАИге чуркаш керек...", - деп, аябай кейиди. Мен эч нерсе эмес, "Азаттыктын" күбөлүгүн көрсөтсөң кармамак эместир деген сөздөрдү айтып, узатып койдум. Эртеси күнү ФБдан да "Кечээки 3 - ",- деп ошол күнү жолу болбогон үч жагдайды жазды. Ошондо да мен ал пикирине "Эми үч ыр жазып сал...",- деп тамашалаган болчумун. Абдурасул экөөбүз Зайырбекти узатып койгондон кийин ал карантинге байланыштуу квартиранттарынан бир айлык батир акысын кечкендигин, алардын айылга кеткени кетип, кете албагандары кыйналып жатышкандыгын, өзүнүн кредити бар экендигин, аны кантип төлөөнү ойлонуп аткандыгын, ден соолугу начарлап бараткандыгын... айткандыгын уктум. Көрсө, ошол күнү сен досуң жана агаң менен коштошкону келген турбайсыңбы... Сыягы, сенин акындык назик жүрөгүң жакын досуң, кыргыздын арманда кеткен булбулу Элмирбекти жоготкон оор кайгыны, жок жерден ойлоп табылган каргашалуу карантинге байланыштуу жеке өзүң гана эмес, тегерегиңдегилер, жалпы кыргыз эли кыйналып аткандыгын көтөрө албады окшойт... Балким, бийликтегилер сендей адамдардын жан дүйнөсүнө аруулук тартуулаган, чыгармаларындагы кыялдары менен жашаган акындар менен интеллигенцияны баалап-барктабай, алардын бир куплет ырын билмек турсун, окуй албаган, окуса да маани-мазмунуна түшүнбөгөн арамзалар менен митайымдарга тебелеткен кыянатчылыгына түтпөй, күйгөндүрсүң. Же ар бир ыр сабыңда аздектеген "Кыргызстан" деген мамлекетиңдин өспөй эле, артка кетип аткандыгына кейигендирсиң. Бирок кечээ кечке маал сенин кайтыш болгондугуңду угуп, башыма союл тийгендей көпкө ишене албай турдум. Ошол шум кабарды укканда нес болгон менен азыр кабинетке келип, эч ким жокто ушул эскерүүлөрдү жазып, ыйлап атам...Бул адилеттикти арамдык, ак ниеттикти кара ниеттик жеңген жалган дүйнөдө дагы бир топ жашасаң эмне болмок? Сенин адамзатка адамкерчиликтин нурун чачып, сезимдерди арууланткан, мекенчилдикке үндөп, жашоого шаң тартуулаган ырларыңды дагы бир топ жазсаң эмне болмок? Сенин 50, 60, 70 жылдык юбилейлериңди өткөрсөк, артыңдагы кыздарың менен балдарыңдын жакшыгын, кызматын көрсөк эмне болмок? Бирок сен баардык күйөрмандарыңды таштап кетип, бул дүйнө, жалпы кыргыз эли жетимсиреп калдык. Сен бул жарык дүйнөгө келгин куш сымал учуп келип, артыңдан ырларың аркылуу жан дүйнөңдөгү аруу сезимиңди калтырып кеттиң. Кош, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, Зайырбек иним.

Нургазы Мусаев: “Акча эмес, адам издеп келем мен”...

Кайраным! Көп сүйлөштүк. Көп пикирлештик. Көп идеяларды чогуу ишке ашырабыз дедик. Хадистердин маанисин ыр менен жазып, кыргыз баласы түшүнө турган, колдон түшүрбөй окуй турган китеп чыгаралы деп сүйлөшкөнбүз.
Акыркы кат жазышуубузда “Нуке, “Матис” же “Нексия” алышым керек. Аз ичет экен. Баасы да арзан экен. 80-90 миңдин тегерегинде болсо, 3 бөлүп төлөйт элем деп жазган эле.
Баарыбызды кыйнагандай эле эле көртирлик кыйнады Закемди. Саясатты, күнүмдүк чарба оокатты даярдагым келбейт, поэзияны, түбөлүк дөөлөттөрдү гана жазып отурсам кандай сонун болмок деп көп айтар эле. Зайырбектей көйкашка талантка ай сайын стипендия ажыратып: “Эркинсиң, ырыңды жаз” деген бир азамат чыкпады. Акыркы учурларда баасы асмандагы укмуш ат баккан кыргыз көбөйдү. Качан адам багар экенби? Качан акындарды багар экенбиз?..

Ыр менен бу заманда жаныңды, бала-чакаңды кантип багасың? Журналистика тегирмени убактысын кертип жеп, канча ырлары жазылбай калды.
Закем, “Матис” алдыбы, албадыбы, аны деле билбей калдым. Бу жиниккен турмуш жиниктирип, ал керек, бул керек деп жүрүп бири-бирибиз менен дидарлашпай, көрүшпөй, кадимки адамча сүйлөшпөй деле калдык. Жумуш жок, жөн гана чалышып, сурашкан учурубуз азайды.
Маңыздуу сүйлөчү, жугумдуу сүйлөчү. Сөзүндөгү маани, юмор, какшык, көкүрөгүндөгү дем укмуш эле. Журналист катары материалдын ичине кирип, каармандарынын жан дүйнөсүнө үңүлүп жасачу.
“Асабада” иштеп жүргөндө Фаризат Асанкалый кызы экөө бомждорчо кийинип алып, кадимки бомждор менен жашап, алар көргөн күндү көрүп, анан “Акча эмес, адам издеп келем мен” деген шедевр ыр жазган эле Зайырбек.
Акындарга тагдыр керек дешет. Жетимдик тагдырдын изи ар бир ырында сезилип тураар эле. Ар бир ырында сызылган арман, өксүк бар болчу.
Ооруп жүрөм Хашим табыпка алып барбайсызбы, акчасы канча болот деп кайрылды бир жолу. Сендей патриот акындардан, бала окуткан аалым молдолордон акча албайт Хашим. Бара бер деп канча айттым. Тыйын чогултайын деп жүрүп барбай калды окшойт. Көлдө машина уруп кетип, ошонун запкысын аябай тартып жүрүп өттү Закем.
Аманатчыл эле, уятчыл эле. Карызга акча алса, ошону кайтарганча уялып чалбай койчу. Акчасын кайтаргандан кийин гана шадыраңдап чалып калчу.
Айрым акындардай болуп, асмандап кетпей, тирлигин да тың жүргүзүп, камкор ата болгонуна кубанчу элек.
Жашоого, балдарынын сүйүүсүнө тойбой кетти. Акча эмес, адам издеп өмүр кечирди.
34 жашында мерт болгон Жоомарттай, 35 те кете берген Алыкулдай, 48 жашта жарыкчылык менен кош айтышкан Жолондой аз өмүр жашады Закем. Акындык тагдыры ушундай экен.
Жаткан жериң жайлуу болсун. Арабызда ордуң жоктолуп, жетишпей тура берерсиң...

Али Токтакунов:

Туптуура 11 ай мурда, 2019-жыл, 30-май. Айтылуу режиссер Актан Арым Кубаттын Күнтуудагы үйүнө баратканбыз. Жаңыл эже кино тартып жүргөн, анын "Нивасындабыз". Жолуккан эле жерде, ушул Фейсбукта да бири-бирин "кажымайын" моокуму канбаган Олжоке менен Заке. Мен оператор. Заке желкесине отуруп алып Олжокеге чабуул коюп, анысы куйкум жооп кайтарып, а биз акырыын тамашага тамызгы таштап, чечекейибиз чеч. Звонок келип калыппы, айтор кыска эле тартылып, дагы сонун тамаша, ой толгоолор кирбей калыптыр.

Бир саамдан кийин Актан байкеникине барабыз. Башка машине менен адабиятчы агалар Рысбек Эшматов менен Жолдош Турдубаев, Олжокенин аялы Назгүл жеңе барышат. Арым Кубаттардын керемет, чыгармачыл үй-бүлөсү, өнөрканасы, кинодогу реквизиттери менен таанышабыз, сүрөткө түшөбүз. Гараждан кинотеатрга айландырылган залынан Мирландын "Сүтагын" көрөбүз. Жеңенин палоосу, кымыз үстүндө сонун кеп дүкөн курулат. Угуп эле отура бергиң келет. Заке анын бирин кетирбей диктофонго жазып атат.

Кийин сүрөттөрдү карасам жалаң эле диктофон кармап же соткасына видеого тартып түшүптүр. Ага да алымсынбай бир нече күндөн кийин барып Актан байкенин музейин сапаттуу кылып видеого тарттырып келген эле. Бул бир иш жасаса майын чыгарган эмгекчилдигинин бир эле мисалы.
Ошол жана башка журналисттик эмгектери "Азаттыктын" архивинде калды.
Ошол күн эң бактылуу ирмемдердин бири катары жагымдуу эскерүүдө калды.

Кош, Заке!..

Азамат Омош:

Сооротпо мени, сөз айтпа көңүл жубатчу,
Тыңшагым келип туру үнүн муңдуу кыяктын.
Буулугуп турам, буулугуп турам буулугуп,
Буюгуп турган булуттуу асман сыяктуу.

...булуттуу асман бир төгүп алат шатырап,
Бир шамал чыкса туш-тушка кетет чачырап...
Күн жылып калган... Калдыркан канат карлыгач,
Бороондо калды, бет маңдай соккон аркырап...

Тирүүлүк менен дайыма жүргөн кошуна,
Шум ажал деген пендеге бүткөн жоо тура...
Аскадан боюн таштачу эле ашыктар,
Аз эле адам артынан жөнөйт досуна...

...эзелтен байлар куш багат, күлүк ат багат,
Бөрүдөй канкор дөбөттөр менен мактанат.
Аруулук издеп, калыстык издеп акындар,
Азаптуу дүйнө! Жүрөгүн алат талкалап...

Уурулук уят иш болбой калган кылымда,
Кыргыз деп күйүп, Мекен деп жанып ырында,
Ыркы жок элге, наркы жок бийге таарынып,
Кош акын кетти кырчындай кырктын кырында.

Табият азыр, карачы, кандай көркөмдүү,
Көк-жашыл көйнөк келиндей болуп көйкөлдү.
Талаанын баарын кызгалдак каптап кызарат,
Кыямат күнкү кыпкызыл жалын-өрт өңдүү.

Ушунун баарын көрбөйсүң эми бир ирет,
Ойлосом муну жүрөгүм миңге тилинет.
Өзүмдү-өзүм сооротом кайра айласыз,
Ырлары менен акының кайра тирилет.

Өзүмдү-өзүм сооротом кайра айласыз,
Ырлары менен акының кайра тирилет...

Бектур Токтоноев:

Баалабайбыз жок экени билингенче,
Аябайбыз жан дүйнөсү тилингенче.
Жакшы сөздү, мээримди кызганабыз,
Сүрөтүнө кара сызык чийилгенче.

Көр заманга жалынабыз, өтүнөбүз,
Адамга болсо сыйыбызды өчүрөбүз.
А бирок кеткен кезде жер кучактап,
Артынан жер чапкылап, өкүрөбүз.

Адамды баалай албай эч эле биз,
Адашабыз, канча ката кетиребиз.
Ажырап калган кезде сыйды баштап,
Эх, аттиң, анда чындан кечигебиз.

Ааламга азгырылып эмнеге биз,
Айбандай акмак жашоо кечиребиз.
Айтса да, чалынып ар кадамынан,
Айла жок, адашуучу пенде экенбиз.

22:55. 28.04.2020.

Өлбөйм эми, өтөт жаным силерге...
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:31 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG