Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

Туйгуну учту кыргыздын...


Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маркумдун сөөгү анын 22-апрелде Ала-Арча көрүстөнүнө коюлары маалым болду. Акындын өлүмү анын күйөрмандары үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.

Шайлообек Дүйшеев

Туйгуну элең асылдын,

Тулпары элең акындын.

Бутасы элең жылдыздын,

Булбулу элең кыргыздын!..

Кагылайын, Элмирбек!?

Жыргалбек Касаболотов

Ай-жылда бир көрүшкөн акындарым,
Алыстан баш ийкешкен жакындарым.
Асканын албарс учу кетилгендей
Азайып барасыңар, асылдарым.

Бүркүттүн уясы эле түнөгүңөр.
Бүтпөстөн элге арналган үрөнүңөр,
Дүпүлдөп сокпой калып барат, бирден
Дүйнөнүн баары баткан жүрөгүңөр.

Бир даары сүйгөн жарын тосо кетти,
Бир тобу кайрыктарын созо кетти,
Сыйдырып бүт ааламды каректерге
Сырыңар айтылбастан кошо кетти.

Какканда канатыңар сабаар эле.
Кашкайган сөз чындыгын табаар эле.
Каржалган алакандай кыргыз үчүн
Калдайып жүргөнүңөр караан эле.

Бучкактап камаарабас кара жерди,
Бу заман билген күүсүн чала берди.
Кишилер бир күрсүнүп, силер кетип,
Кир дүйнө кирдей түшүп кала берди.

Чабылбай камдап жүргөн алаканым,
Чайналган жүрөгүмдү канатамын.
Өмүрдөн улам бириң өчкөн сайын
Өзүм да түгөнгөнсүп баратамын...

Нарсулуу Гургубаева

Канаты жок багынта албас дүйнөдөн,
Жараты жок, жаны бүтүн чыккан аз...
...Акынзаадам, ким өз бизге, ким бөтөн?
Жүрөгүңдү жүдөттүбү ит талаш?

(Жүдөттү го... Кай тарапты караба:
Карайган жол, жапыс асман, долу ызгаар.
Тагдыр, күйүт ташып жатат талаага,
Күүлдөгөн, үңүлдөгөн поюздар).

Акынзаадам, сенин канжар жүрөгүң,
Жараласа, жаралады бир сени...
Бүгүн дагы кай тагдырда түнөгүң?
Сенин жолуң кай доорлорго чиркелүү?..

Теңдеп, түздөп Теңир берген өнөрдүн,
Теңи бакыт, теңи шор го билгенге.
Көптүн ыры кылым ашпай көөнөрдү,
Көптөр күлүн үйө албады бир жерге.

Көптөр сынды, Улуу сөздүн жүгүнөн,
Көптөр сатты, ыйманын да, ырын да!
...Жасап, жалгап жалаң гана сүйүүдөн,
Оңой бекен, өмүр кошуу кылымга?...

Сөз дүйнөгө ордо болуу, ордого,
Оңой бекен күйүп турган от болуу?
...Канча жолу карайлаган жолдордо,
Сенин ырың бүт өмүргө окшоду...

Доорду доорго, кылымдарды кылымга,
Туташтырган тунук, улук добушум.
...Аңыз болуп айтса, айтылды бир ырда,
Айтылбаса - доордун деле жогу чын...

Доор өмүрүн сөз узартат, сөз сүрөйт.
Сүрөйт анан сендейлердин чындыгы!
Сен ырдасаң, бир кылымды өпкүлөп,
Жалган беле, жаркыганы бир кылым?

(Асмандайым, ак таңдайым, ак таңдай,
Көөнө сөздүн тамыры да, бутагы...
...Качандыр бир биздин дагы асманда,
Каркыралар катар бузбай учабы?...)

Жалгыздыкка жанын төшөп, көшөргөн,
Муң акыным, булбулум да, дулдулум.
Тагдырыңды өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албайт го бул кылым.

Жан дүйнөңдү өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албастыр бул кылым...

Калчоро Көкүлов

Билип калдык бул дүйнөнүн төгүнүн,
Көрүп калдык көр азасын көбүнүн.
Ыйман менен ынсап, ырды мол берип,
Ырыскыңды кем айтыптыр, Тенирим.

Бул дегеним адебимби, кесирби?
Буюктурдук булбул болгон эсилди.
Бүт кыргызың бири калбай өпкөлөп,
Казганактап катар туруп өкүрдү.

Билбейм, эми сендей асыл келеби?
Сендей уулдун желбирейби желеги?
Өз журтундун деми менен рухунун,
Өлчөп алаар сен экенсиң ченеми.

Калыстыкты билбейт экен жер деле.
Ажал анча парз болсо эгер пендеге,
Адыр-кырдын артып койгон неченин,
Акыйкаты, бизге кезек келди эле...

Бөлөктөрдөн жакын болчу эсебиз,
Бир тамырда уялашка тетебиз.
Бир айылдын абасынан дем алып,
Бир арыктын суусун ичтик экөөбүз.

Байкап турбуз оору менен жеңилин,
Ар-намыстын, айкөлдүктүн чени ким.
Ансыз дагы арып калган агаңды,
Арман күнгө таштап кеттин сен иним...

Мирлан Самыйкожо

Сырымдын сынчысы жок, сынып турат,
Сыйымдын сыйкыры жок, тынып турат.
Сызылып обондоруң тамырымдан,
Сыйрылган жүрөгүмдөн чыгып турат!

Ээнсиреп эсим баарын танып турат,
Эгемдин бул дүйнөсүн чанып турат.
Көөдөнгө чокмороктоп чоктор толуп,
Көзүмдөн кызыл жалын тамып турат.

Кенч элең, кен байлыгы эселеген,
Керемет тереңдикке жетелеген.
Акылга сыйбай калган жерден таштап,
Андан да тереңдерге кете берген.

Туюмуң тунук эле булак жыттуу,
Туңгуюк зоокалардан кулап чыкчу.
Дүңгүрөп көөдөндөгү шаркыратмаң,
Дүйнөңдү аңтар-теңтер бурап чыкчу.

Сын элең сыры сыртка билинбеген,
Чың элең чымыр дүйнөң тилинбеген.
Сезимиң толкундардай тирүү толкуп,
Сен өзүң обон элең дирилдеген.

Таанымың тамыр эле терең кеткен,
Тагдырдын, таржымалын тереңдеткен.
Канча ирет укса дагы уюта албай,
Канчасы түшүнө албай, керең кеткен.

Жан дүйнөң жар салчу эле тазалык деп,
Жасалма, жалгандардан качалык деп.
Жарымын сен сезгендин бирин сезбей,
Жашоону жүргөндөр көп жашадык деп.

Күлгөндү көрүп чындап күлө алчусуң,
Күйүткө күлүмсүрөп жүрө алчусуң.
Сезимди булганычтан коргоп жашап,
Сен сүйсөң жүрөк менен сүйө алчусуң.

Сен ойдун асылдарын бага алчусуң,
Аярлап табиятын таба алчусуң.
Кайдагы майда-барат көр тирликтин,
Каалгасын кылчактабай жаба алчусуң.

Жаркырап жасалмасыз жарык элең,
Жакшы ой, жакшы сөзгө канык элең.
Буйдалып, булдуруктап жаңылбаган,
Булбулдун даана өзү, аныгы элең.

Буулугуп бул дүйнөгө батпай кеттиң,
Буркурап издегениң таппай кеттиң.
Буюккан булуттардай төгүп-төкпөй...
Буулган каптын оозун сөгүп-сөкпөй...

Бугуңдун бир чындыгын айтпай кеттиң.
Булактай Булбулум ай! - мөлтүрөгөн...
Баягы мүнөзүңдөй мелтиреген...
Бизге эми келбес болуп кайтпай кеттиң!

Бүк түшүп бул турмушка көнгөн жоксуң,
Пенделикке булганып көргөн жоксуң.
Тумардай бүт кыргыздын жүрөгүндө,
Түбөлүк тирүү бойдон өлгөн жоксуң!

Жеңишбек Жумакадыр

Түшүмө чындап кирдиңби досум,
Түгөнөр кезди билдиңби досум.
Түйшөлтүп сени ызгаардуу дүйнө,
Түбөлүк жайды сүйдүңбү досум.
Кучактап жыттап албайт бир белем,
Кууратар күндү ким билди досум.

Катылган сырлар бир эле досум,
Казына ырлар миң эле досум.
Өнөрдүн анык тулпары элең,
Өзүңө жетчү ким эле досум.
Өкүрүп турам өзүмө келбей,
Өкүнтүп кеттиң чын эле досум.

Табылбайт кымбат сага кеп досум,
Тагдырым экен санаа көп досум.
Суйкайган кыздар, балдарың кантем,
Сурашса атам кана деп досум.
Өзгөлөр билбес кадырдын баркын,
Өзүмдү кошо ала кет досум.

Жан дүйнө калды термелбей досум,
Жашайбыз эми сен келбей досум.
Эш тутуп залкар билчү эле калкың,
Эшмамбетти көргөндөй досум.
Токтобойт көз жаш кабырга сыздап,
Токтогул кайра өлгөндөй досум.

Ойлоруң тунук накта эле досум,
Обонуң муңдуу башка эле досум.
Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн,
Көрүнүп турган кашка эле досум.
Кылымды көрөр алтындай башың,
Кырк эки гана жашта эле досум.

Замандын айткан чындыгын досум,
Санатың жашайт миң кылым досум.
Жылт эткен өмүр бизде да бүтөр,
Жылмайып күтүп тургунуң досум.
Коштогон арман кургурум досум,
Кош эми Элмир булбулум досум...

Зайырбек Ажыматов

***
Көздөдүң ажал куу жолду, Элмир,
Кыргызың жоктоп чуу болду, Элмир.
Жарылып жаным, өрттөнүп ичим,
Жаздыгым көлдөп суу болду, Элмир.

Ааламдан келген сыр элең, Элмир,
Агылып турган ыр элең, Элмир.
Акылгөй сендей көрбөгөм такыр,
Адамдын сырттан нуру элең, Элмир.

Ак таңды дайым сүйчү элең, Элмир,
Ак тилек айтып жүрчү элең, Элмир.
Ак таңың атты, сен кайда кеттиң,
Арманым болдуң бүтпөгөн, Элмир.

Кудайдан келген бала элең, Элмир,
Көлкүгөн асылзаада элең, Элмир.
Даанышман сендей көрбөгөм такыр,
Данектей кезден даана элең, Элмир.

Чоңдорду сындап түтөдүң, Элмир,
Чындыкты дайым күзөдүң, Элмир.
Жоготом кантип мен эми сени,
Жолукчу кезди күтөмүн, Элмир...

Бердибек Жамгырчиев

Өнөрдөн учкан жебе элең байке,
Өмүрү бүтпөс кеп элең байке.
Тоо болуп турган ак калпак элге,
Токтогулубуз сен элең байке.

Жадырап турган жаз элең байке,
Мөңгүдөй бийик, таза элең байке.
Тагдырың толуп бөксөрүп турду,
Талантың жактан саз элең байке.

Өмүрдү сүйүп сүрчү элең байке,
Улуттун санат мүлкү элең байке.
Көр дүйнө менен толтурбай жанды,
Ыр гана жыйнап жүрчү элең байке.

Көңүлгө үмүт жакчу элең байке,
Көөдөндөн жарык тапчу элең байке.
Кылымды түрүп карасак кайра,
Кыргызга келген бакты элең байке.

Жабыгып азап чектиңби байке,
Жашоодон эми кечтиңби байке.
Ак көңүл жаның айта албай жок деп,
Ажалды ээрчип кеттиңби байке.

Баарына берген суратпай байкем,
Поэзиясы булактай байкем.
Кадырдын анык үлгүсүн сактап,
Кармадың бийик кулатпай байкем.

Жамгырдай жумшак төккөндө байке,
Жан дүйнө чыкчу көктөмгө байке.
Тереңден карап жашадың дайым,
Келечек менен өткөнгө байке.

Сапаты асыл эң бир көп байкем
Сахнадан күтчү эл дүрбөп байкем.
Кара түн басып, карааның көксөп,
Карайлап калдык Элмирбек байкем..

Алтынбек Бектуров

Булбулу элең кыргыздын аттиң!
Дулдулу элең,төкмөнүн аттиң!
Карааның бизге калкагар тоодой,
Карманаар залкар сен элең аттиң!

Жан дүйнө турат жанчылып аттиң!
Анчалык неге шаштың "а" аттиң!
Айтыштын алпы, калкымдын жалпы,
Эш тутаар төкмө сиз элең аттиң!

Намысты бекем сактадың аттиң!
Калкым деп дайым какшадың аттиң!
Кыргыздын кыйын чыкмасы элең,
Кырчындай кезде кыйрадың аттиң!

Өлүм ак деген ушулбу аттиң!
Өмүрдүн жолу, кыскабы, аттиң!
Өзүңдөй уулду төрөгөн алтын!
Апаңа алкыш кыламын аттиң!

Кыргыз деп келип, дүйнөгө аттиң!
Кыргыз деп кеттиң дүйнөдөн аттиң!
Кош эми ага, буйдалып турам,
Бук болгон дүйнө,булуттап, улам.....

Абдыкерим Муратов

Ак тулпар элең желеде,
Ак шумкар элең чегеде.
Ак тулпар кетти желеден,
Ак шумкар учту чегеден,
Эми, туулбайт сендей пендеден!

Көк тулпар элең желеде,
Көк шумкар элең чегеде.
Көк тулпар кетти желеден,
Көк шумкар учту чегеден,
Эми, жаралбайт сендей энеден!

Кайран Токтогул Жеңижок өлгөндө ушинтип ырдаган эле...

Элмирбек Иманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтышына казак акындары да кабыргасы кайышып, жамы кыргыз журтуна көңүл айтып жатышат.

Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору.

“Айтыш” коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындардын устаты. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк акындан сырткары "Манас" эпосун айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан.

«Азаттык» радиосунун бүткүл жамаатынын атынан акындын жакындарына терең кайгырып, кѳңүл айтабыз!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG