Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Ардагер диктор Зарыл Мамбеталиева көз жумду


Зарыл Мамбеталиева.
Зарыл Мамбеталиева.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү диктор Зарыл Мамбеталиева оорудан улам 82 жашында көз жумду.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ал 25-августта жашоо менен кош айтышканын кабарлады.

Мамбеталиева 1938-жылы 25-декабрда Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. Ош облусунун Кара-Суу районундагы орто мектептен билим алып, Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.

1961-жылга чейин Араван районунда мектепте башталгыч класстын мугалими болуп, андан соң кыргыз радиосуна диктор болуп иштей баштаган.

1997-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинде диктор, жогорку категориядагы диктор болуп иштеп, 36 жыл эфирге чыккан.

Зарыл Мамбеталиева мамлекеттик радиодо көркөм окуунун негиз салуучуларынын бири. Радионун казынасына анын үнү менен жазуучулар Чыңгыз Айтматовдун, Мар Байжиевдин, Мухат Ауэзовдун, Сүйүнбай Эралиевдин, Омор Султановдун чыгармалары жазып алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG