Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Абдыкадыр агайдан көөнөргүс мурас калды


Абдыкадыр Садыков.
Абдыкадыр Садыков.

Кыргыз адабият таануусунда өзүнчө бир мектепке чыйыр салган профессор Абдыкадыр Садыков 87 жаш курагында быйылкы апаат учурунда көз жумду.

Ташбоор ажал алып кетпесе ал ушул жылдын 27-октябрында туулган күнун белгилемек.

Кыргыз адабиятынын кыйла жылдык тарыхын, теориялык маселелерин изилдеп, бул ишке өмүрүн арнаган айтылуу окумуштуу жөнүндө азыноолак кеп.

Мындан жети жыл илгери “Азаттык” профессор Абдыкадыр Садыковдун “Кыргыз залкарлары” деген тогуз томдук эмгеги жарык көрүп, анда белгилүү кыргыз акын-жазуучуларынын отуз үчүнүн чыгармачылык портреттери камтылганын кабарлап, китепти автор өз каражатына 100 нускадан чыгарганын, максат “кыргыз жазуучуларынын эмгегин тереңдетип изилдөө” экенин жарыя кылган.

Ал томдук башында беш китеп болуп чыккан, кийин жетиге көчүп, анан тогузунчу, онунчусу чыкты. Жарым кылымдан ашуун улут адабиятынын тарыхы менен теориясына, адабий сынына арналган өмүрдүн өтөлгөсү мына ушул томдуктар менен жыйынтыкталды.

Эмгектин көлөмүн көрүп, анда камтылган фактылык материалдардын байлыгына тан берип, ага улай ушунун баарын Абдыкадыр агай колу менен жазып, андан машинкага, компьютерге терилгенин ойлоп отурам. Агай компьютер менен иштөөгө көнө албады окшойт. Анын үстүнө кийинки кездери бутунун оорусу күчөп, биртоп оорчулук жаратып жатканын айтты эле.

"Бу балакеттүү дарт бала кезде жылаңайлак жүрүп, кара жумушка каргадай кезинен бышып, сызда жүргөндүктүн кесепети, согуштун азабы" деп койчу. Каргадай кезинен турмуш азабын агай аябай эле тарткан экен. Анысын кийинки автобиографиялык эскерүүсүндө келтирген.

Абыкадыр агайдын турмуштук жолу алыскы Ат-Башынын Ак-Жар деген айылдан башталган. Ал кездеги оор турмуш, жетишпеген заман, батышта согуш оту жалындап, айыл элейип турган чак. Агай өзү кичинесинен ат мингенин, машак теришкенин айтып калчу. Кийин эскерүү китебинен атасынан эрте ажырап, бала кезинен турмуштун оорчулугун аянбай тартканын окудум.

Айылдагы мектепти аяктаган соң башкалаага келип окууга кирип, аны мыкты бүтүп Ош пединститутуна окутуучу болуп жиберилген экен. Алгачкы аспиранттарын өзү окутуп, кийин айрымдарынын артынан түшүп жүрүп илимий ишин жактатканын айтып отурса өзүнчө бир кызыктуу окуя эле.

Кызыгы ушул, башында илимий ишти коргоо Москвада, кийинчерээк коңшу Казакстандын баш калаасы Алматыда гана болуп, айрым бир учурларда Ташкенге барып ишин коргоо үлкөн окуя катары кеп кылынчу. Абдыкадыр агайдын илимий даражаларга жетиши анын чейрек кылымга жакын өмүрү калган Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институту менен байланышкан. Жөнөкөй илимий кызматкерден институт директоруна, илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсүнө чейинки тепкичтеринин баары ушул жерде өткөн.

Башында улуттук менен интернационалдыктын карым-катышын улут адабиятынын мисалында изилдеп келсе, кийинчерээк кыргыз классиктеринин портретин тартууга, жекелик менен жалпылыктын өтмө катар байланышын изилдөөгө өттү. Белгилүү кыргыз акын-жазуучуларынын ал окубаган, пикирин айтпаган чыгармасы болбосо деле керек.

Өмүрүнүн соңку жылдарында көркөм адабиятка коомдук мамиленин солгун тартып кеткенине нааразы болуп, анысын жарыя айтып, улуттук рухий дөөлөттөргө мамиле түп-тамырынан өзгөрүшү керектигин, кыргыз адабиятынын дүйнөлүк аренага чыгышы социализм заманында болгонун, муну терең ар тараптуу изилдөө зарылдыгын айтып жүрүп өттү. Мени таң калтырганы үстөл менен кагаздан баш көтөрбөгөн агайымдын өлкөнүн саясий турмушуна кызыкканы, “Азаттыкты” такай угарын, гезиттерди окуп турарын айтканы болчу. Анткен менен агай маектеринде жазган макаларында саясат тууралуу кеп кылчу эмес. Саясат ал кишиге угуп анан эстен чыгарып койчу нерседей сезилсе керек деп ойлоп коём.

Абдыкадыр агайдын бу жалганды таштап кеткенин балакеттүү кара тумоо күчөп турган чакта уктум. Агезде сыртка чыгыштан чочулап, жугузуп коёмбу же жугузуп аламбы коркунучу баарыбызды үйгө камап, алапайыбызды таппай турган калтыс учур болбодубу. Баштагысындай эле шашып, китеп жазып, китебин чыгарып, анысын сатып өткөрүү камында жүрө берчүдөй сезипмин. Кээде көчөдөн жолугуп же телефон аркылуу сүйлөшүп калганда жаңы китебин чыгарганы жатканын, менин илимий ишти таштап коюшума нааразы экенин айтчу. Ал киши үчүн илимий иш, айрыкча кыргыз адабиятынын маселелери баарынан жакын, өзү жакшы билген көркөм сөз табиятын иликтөө, терең аңдоо өмүр өтөлгөсүнө айланып калган эле.

“Ар бир акындын интеллектуалдык дүйнөсү, көркөм табити, жалпы маданий деңгээли ал жазган чыгармаларда чагылып турары жалпыга маалым. Эгер акын адабият теориясы менен тарыхын жакшы билип, дүйнөлүк маданий кенчтен кабардар болсо, ага жаратылыш тартуулаган талант, шык айкалышса, жүрөктөн чыгып жүрөккө жеткен чыныгы поэзия жаралары бышык. Антпегенде жөн эле жазыш керек болгон үчүн жазылган ырлар эч кандай чеке жылытпасы белгилүү. «Ыр да ырбы, жалыны жок жазылган» дейт Э.Ибраев. Анын сыңарындай поэзия ар кимдин эрмеги эмес. Ал жан азыгы, жан дүйнөнүн күзгүсү. Өмүрүн арнап, баш-оту менен киргендер гана анын ыракаттуу да, азаптуу да түйшүгүн көтөрө алат. Э.Ибраев мына ошондой адабият жүгүн аздыр-көптүр аркалап, оозго алынып келе жаткан азаматтардын бири”, - деп жазган Абдыкадыр агай Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин чыгармачылыгы тууралуу.

Аалы Токомбаевден Шайлообек Дүйшеевге чейинки кыргыз залкарларынын ыр, кара сөз, драма, котормолорун эрикпей окуп чыгып, аны менен эле тим болбой ошол сөзгө алынып жаткан автор тууралуу башкалар кандай пикир айтканына чейин токтолуп, сүрөткердин чыгармачылык өзүнчөлүгүн, көркөм дүйнөсүнүн кереметин ачып бериш үчүн канча убакыт, мээнетин сарптаганын азыр ойлоп отурам.

Абдыкадыр агайдын чыныгы илимпоздук жүзү адамдык ариет, ар-намысы 1986-жылы чыкчу “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” деген эки томдуктун айланасындагы талаш-тартыштарда өзгөчө ачык көрүндү.

Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун окумуштуулары тарабынан жазылган фундаменталдуу эмгек улуттук көркөм сөз өнөрүнүн жетимиш жылдык өнүгүү ыраатын ачыкка чыгарган мыкты китеп болчу. Кыргыз адабият таануусу бул аралыкта эмнелерге жетишкени, профессионалдык деңгээли ушу эки томдукта айкын-ачык көрсөтүлгөн. Эмгек жазылып жатканда горбачевдук “кайра куруунун” желаргысы согуп, демократия талабы коюла баштаган.

Жаңы эмгекте Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановдун адабий мурасын кайрадан кароо, жарыкка чыгаруу, окурмандарга тааныштыруу маселеси көтөрүлүп, улут адабият тарыхына жаңыча көз карашта мамиле кылуу зарылдыгы белгиленген. Мына ушул жагдай, айрыкча жазма акын Молдо Кылычтын чыгармаларын кайра жарыялоо, Касым Тыныстановдун илимий-көркөм мурасын элге кайтаруу демилгеси Кыргызстан компартиясы менен ошол эле академиядагы коммунисттик догмадан чыга албай калган айрым философтор менен тарыхчылардын каршылыгына кабылды.

Сыртта “кайра куруу”, “жаңыча ойлонуу” демилгеси байма-бай айтылганы менен республиканын эки таасирдүү мекемеси кожоюп катып калган догма, көз караштардан арыла албай отурган. Жыйынтыгында “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” кыйла кесилип, оңдолуп-түзөлүп бир жылдан кийин жарыкка чыкты. Ошол чоң талашта Абдыкадыр Садыков катуу туруп, эмнеликтен улуттук адабиятка тиешеси жок адамдар анын тарыхына кийлигишет деп, сөзү жеткен жердин баарында ачык айтып, принципиалдуулугун көрсөттү. Айтса, ошол эки томдук чыккандан көп өтпөй Абдыкадыр агай институттун директорлугунан алынып, улуттук университетке которулуп кетти.

Чейрек кылым чыкпай келген кыргыз совет адабиятынын жаңы тарыхы ошентип маалынан кыйла кечигип, үзүлүп-буталып жарык көрдү. Бирок Фрунзеден башталып, Москвадан аяктаган ошол талаштын чыкканы деле дурус болгон экен. Москвалык белгилүү адабиятчылар менен илимпоздордун бүтүмү менен кийин Молдо Кылычтын китеби жарык көрдү. Анын баш сөзүн Кеңешбек Асаналиев жазды. Эгемендик тушунда Касым Тыныстановдун чыгармалары жарыяланып, анын улуттук маданияттагы орду калыс бааланды. Абдыкадыр агай баштап кеткен кыргыз адабиятынын тарыхын жазуу кийин уланып жети томдук чыкты.

Абдыкадыр Садыков агайдын илим-изилдөө иштерине эриш-аркак болуп кеткен дагы бир кызыктуу таржымалы бар. Ал агайдын шакирттери. Калам менен кагаздан тажабаган жарыктык бир кезде “Шакирттерим” деген чакан китеп жазып анда илимге жаңыдан баш баккан шакирттери тууралуу агынан жарылып кеп кылган экен. Бу илим дегениң аяк-башы көрүнбөгөн, чындап берилген адамга улам жаңы сырлары ачыла берген керемет дүйнө.

Абдыкадыр агай ошол дүйнө менен жашап, анын ысык-суугуна кайыл болуп, бу жарыкчылыкта андан башка кызыкчылык дегеле жоктой күн кечирди. Ал кайсы бир шакиртинин ийгилигин көрүп калса кубанып, анысын басма аркылуу жарыя кылып ийчү. Ыкластуу шакирттеринин бири Чыныбай Турсунбековдун ыр китеби тууралуу агынан жарылып моминтип жазганы бар:

“Акын ырды кыйналып, кысталбай илхамы келгенде эркин жазышы керек. Ошондой табигый түрдө жаралган ырлар окуган адамды өзүнө тартып, сезимин козгойт. Эгерде ал адабиятчы болсо, дароо калемин колго алып, акын тууралуу ой толгоо жазуу­га ашыгат. Мен Чыныбай Турсунбековдун бир томдук поэ­зиясын окуп отуруп, ошондой чечимге келдим. Бул макала тез жана шар жазылды, анткени, айтыла турган ойлор жабалактап, улам бири чубуруп башыма келе берди... Эң биринчи иретте белгилей турган нерсе анын поэзиясынан акын деген ким, анын милдети эмне деген суроого жооп алдым. Б.а., лирикалык “мендин” ачык тартылган портретин көрдүм. Ал алдына айкын, чоң максат койгон учкул канат жаш жигит экен”.

Ага улай момундай маалыматты алдыга жаят:

“Чыныбай кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, Кыргыз Улуттук университетинде окутуучу болуп иштеп жүрүп, анан билим берүү жана илим министринин буйругу менен Түркияга узак мөөнөткө командировкага жөнөтүлгөн. Кийин ал кыргыз элчилигине өтүп, Төлөмүш Океев менен бирге иштеп жүрөт. Анан базар экономикасына ылайыкташып, чакан ишкана ачып, бизнес менен алектене баштайт. Ал жакшы натыйжа берип, “Акун” деп аталган ун чыгаруучу чоң корпорацияга айланды”.

Өкүнүчкө, Абдыкадыр агай менен Чыныбай капыс келген апаат күчөп турган чакта бу жарыкчылыкты таштап кете беришти.

Абдыкадыр агай жаш баладай ишенчээк, көңүлү назик, кээде таарынчаак адам эле. Биринчи жолуккан адамына деле ичинде болгон сырын жашырбай төгүп, көңүлүн ооруткан, капа кылган кишини деле айтып ийип, бул дүйнөсүн жаап-жашырбай ачык жашады.

Ал Алыкул Осмоновдун ырларын өзгөчө урматтап илимге жаңыдан баш багуусу улуу акындын көркөм дүйнөсүн изилдөө менен коштолгонун сыймыктануу менен айтчу. Улут адабиятынын ийгилигине кубанып, жаңылыкты окурманга жеткирүү, көркөм сөз окуясын талдап, анын сырын ачып берүүнү милдети катары сезчү.

Ошон үчүн ал адабий изилдөө, монографиялык эмгектерден тарта адабий сындын чакан жанры рецензияга чейин кайрылып, күн сайын улут адабиятынын олуттуу проблемалары менен алек болууну өзүнө милдет кылып, өзү гана билчү керемет дүйнөдө илим менен жашады.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG