Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Катардагы элчи кызматтан кетти. Жеке жашоодон чыккан чыр


Катардагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Марат Нуралиев
Катардагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Марат Нуралиев

Өткөн жумада Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев президенттин жарлыгы менен кызматтан алынды. Тышкы иштер министрлиги элчинин отставкасынын себептерин расмий түшүндүргөн жок. Өкмөттөгү айрым булактар элчи жүрүм-турумуна байланыштуу кызматтык иликтөөдөн соң иштен алынганын айтышты.

"Азаттык" мурдагы элчинин эки аялы бар экени билинип, аларга дипломатиялык макам берген документ жасатып, Катарга алып барганы белгилүү болгон соң кызматтан алынганы тууралуу маалымат алды. Окуя президент Садыр Жапаров көп аялдуулукка байланыштуу мыйзамга өзгөртүүнү колдобой, артка кайтарган тушта болду. Кыргызстандын мыйзамы боюнча кош никеге тыюу салынган.

Элчи этиканы бузганбы?

Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиевдин кызматтан алынганы тууралуу президенттин жарлыгы 26-декабрда жарыяланды.

Президенттин жарлыгында элчинин эмне себептен кызматтан кеткени расмий көрсөтүлгөн эмес. Адатта Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемесин башкарган элчилер 3+1 деген формула менен кызматтык сапарга жөнөтүлөт.

Тактап айтканда, чет өлкөдө элчинин кызматын аркалоо мөөнөтү үч жылга созулуп, зарыл болсо дагы бир жылга узартылат.

Марат Нуралиев.
Марат Нуралиев.

Албетте, башка ишке өтсө же чукул кырдаал болбосо дипломаттар дал ушул эрежени сакташат. Нуралиев Катардагы элчилик кызматка эки жыл мурда, 2023-жылдын декабрында дайындалган. Анын дипломатиялык кызматта дагы кеминде бир жыл иштөөгө мөөнөтү бар болчу.

Тышкы иштер министрлиги Нуралиевдин эмне себептен кызматтан алынганы боюнча комментарий бере элек. Бирок мамлекеттик органдардагы бири-бирине көз каранды эмес, кеминде эки булак Катардагы экс-элчинин кызматтан алынышына анын жүрүм-турумуна байланыштуу кызматтык иликтөө себеп болгонун “Азаттыкка” айтып берди.

Андагы маалыматка караганда, Нуралиевдин эки аялы бар экени, аларды Катарда үй-бүлө мүчөсү катары каттатканы билинди.

“Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Элчинин соңку окуясы мыйзамсыз экени белгилүү болгондон кийин аны жумуштан бошотуу сунушу президентке берилди”, - деп билдирди “Азаттыктын” атын ачык атагысы келбеген булагы.

Чынында эле, “Азаттыкка” келип түшкөн документтерде, Кыргызстандын эки жараны элчинин жубайы катары Катардан аккредитациядан өткөнүн көрүүгө болот.

Адатта эреже боюнча бул дипломатиялык күбөлүк элчиликтин дипломаттарына жана алардын түздөн-түз үй-бүлө мүчөлөрүнө гана берилет.

Документтин чоо-жайын тактоо үчүн Марат Нуралиевдин өзү менен бир канча жолу байланышууга кылган аракетибизден майнап чыкпады. Бул макала жарыялангандан кийин дагы Нуралиев мырзанын пикирин билүү үчүн микрофон сунууга даярбыз.

“Азаттык” радиосуна бул документтер келип түшкөндөн кийин Тышкы иштер министрлигине комментарий сурап кайрылдык. Бирок тышкы иштер мекемеси элчинин чукул отставкасы дал ушул окуяга байланыштуу деген маалыматты расмий төгүндөгөн да, ырастаган да жок. Министрлик расмий комментарий бере элек.

Элчи кандай болушу керек?

Кыргызстан чет өлкөгө жиберген элчинин жана анын үй-бүлөсүнүн дипломатиялык макамы эмне берет?

Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы Дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамдын 26-беренесинде министрлик жана чет өлкөдөгү мекемелер дипломатиялык кызматты аркалагандарды материалдык жана социалдык камсыздоого алары көрсөтүлгөн. Элчи барган өлкөдөгү атайын өзгөчөлүктөр жана тобокелдиктер эске алынат, чет өлкөгө баруу дипломаттардын өзүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирбеши керек. Элчинин өзү жана үй-бүлөсү КРдин нормативдик-укуктук актыларына ылайык, медициналык камсыздоого алынат. Дипломатиялык кызматтын өкүлү жана анын үй-бүлө мүчөсү кызматтык абалында же ошого байланыштуу учурда ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келсе, КРдин нормативдик-укуктук актыларына жана эл аралык укукка байланыштуу чыгымы төлөнөт. Ал эми Кыргыз Республикасынын дипломаттарынын этикалык кодексинде чет өлкөдөгү расмий өкүлдөргө өзүнө же үй-бүлөсүнө байланыштуу маселени кызмат абалын пайдалануу менен чечүүгө болбой турганы так жазылган.

“Азаттык” элчиге жана анын үй-бүлөсүнө берилчү аккредитацияны ким берет, элчи жана анын жубайы кандай укуктарга, артыкчылыктарга ээ деген суроолор менен мурдагы элчилердин бирине кайрылды.

Этикалык жана башка себептерден улам дипломаттын аты-жөнүн жашыруун калтырууну чечтик.

“Дипломаттын укуктары жана милдеттери Вена конвенциясында камтылган. Ошого жараша биздин дипломаттар сыртка чыкканда ошол мамлекеттин шартын эске алуу менен аккредитация алышат. Эгер үй-бүлөсү бар болсо аларга дагы аккердитация берилет. Вена конвенциясына ылайык, барган өлкөдө дипломаттар салык төлөбөйт. Дипломатиянын мыйзамы боюнча анан өкмөттүн токтомдору менен ар кандай шарттар түзүлөт. Мурда ТИМ ишин жаңы баштаганда андай шарттар жок болчу. Бирок тышка чыкканда дипломаттардын аялы иштебеши керек деген шарт мурдатан бар эле. Бул эми мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу кирген. Коомдук иштерди аркаласа болот. Вена конвенциясында кандай гана мамлекет болбосун элчилердин укугу бирдей, жеңилдиктер бар. Социалдык шарттар боюнча ТИМдин атайын чектөөлөрү бар. Азыр канча экенин билбейм, анткени өзгөрүп турат. Айрым өлкөлөрдө Кыргызстандын менчик үйлөрү бар. Барган элчилер ошого жашайт. Коммуналдык кызматтарды төлөө шарттары да ар кандай болушу мүмкүн. Медициналык жактан тейлөө камсыздандырууга жараша болот”.

Жогоруда айтылгандай, чет өлкөдө элчинин жубайы расмий иштей албайт. Мыйзамга ылайык, мамлекет ага элчинин айлык маянасынын 30% төлөп турат.

Маектешибиз, белгилүү дипломат Катардагы элчинин иштен алынганына байланыштуу маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты.

Бирок элчилер өз өлкөсүнүн жүзү экенин, андыктан алардын жүрүм-туруму, маданиятына көңүл буруу зарыл экенин кошумчалады.

“Ким элчи болорун президент өзү чечет. Дипломатиянын тартиби, мыйзамдары бар. Ага ылайык, иш тажрыйбасы каралат. Элчилер президенттин талабы боюнча өлкөнүн аброюн көтөрүү, саясий-экономикалык жана билим-илим берүү жаатында кызматташтыкты бекемдеши керек. Союз учурунда элчи боло турган адамды бардык жагынан даярдашчу. Азыр деле ошондой аракеттер болуп жатат. Элчи эми төгөрөгү төп келген, кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөгөн, профессионалдык деңгээли жогору инсан болушу керек”.

Негизи Марат Нуралиевдин кош никеси тууралуу маалыматтар буга чейин да чыгып жүргөн. Тагыраагы, 2024-жылы социалдык тармактарга өзүн Марат Нуралиевдин "экинчи аялымын" деген колдонуучунун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин дарегине кайрылуусу жарыяланган. Анда ал Нуралиевдин зомбулугуна кабылганын айтып, кийин бул пост өчүрүлгөн.

Ал учурда “Азаттыктын” кабарчысы жабырлануучуга чыккан учурда аталган айым Нуралиевдин экинчи жубайы экенин ырастаган. Бирок ал учурда мамлекеттик органдар УКМК төрагасына жолдонгон кайрылууга көңүл бурган эмес.

Нуралиевдин экинчи аялы экенин айткан келиндин соцтармактагы баракчасында Катарда түшкөн сүрөттөрү жана зомбулукка каршы посттор жарыяланганын көрүүгө болот.

46 жаштагы Марат Нуралиев Кыргыз-Кувейт университетинин араб филологиясы факультетин бүтүргөн. Андан кийин Президенттин башкаруу академиясында, Машмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинде магистратураны, Юридикалык академияны бүтүргөн.

Эмгек жолун Махмуд Кашкари атындагы Чыгыш университетинде окутуучу болуудан баштап, проректорлукка чейин жеткен. 2010-жылы жаштар саясаты боюнча министрдин орун басары болгон. 2023-жылы Кыргызстандын катардагы элчиси болуп дайындалган. Кыргыз, орус, араб тилдеринде эркин сүйлөрү жазылган.

Мурдагы элчинин биографиясынан анын үй-бүлөлүү, төрт кыздын атасы экенин көрүүгө болот. Булактар Нуралиев экинчи аялынан эки балалуу болгонун билдиришти. Муну ырастаган документтер “Азаттыкка” келип түштү.

Кыргызстан көп аял алууга тыюу салган светтик өлкө. Бирок ага карабай, мамлекеттик же коомдук кызматта иштеген айрым адамдардын кош никени мыйзамдаштыруу жөнүндө пикири же аракети талкуу жаратып келген.

Кылмыш-жаза кодексинине ылайык, эки же андан көп аял алган эркек коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Буга чейин мурдагы чакырылыштын депутаттары Нурланбек Азыгалиев менен Медербек Саккараев көп аялдуулук үчүн жоопко тарткан 176-беренени күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзамды сунушташкан. Долбоорду Жогорку Кеңеш июнь айында кабыл алган.

Бирок августта президент Садыр Жапаров бул мыйзам долбоорун артка кайтарган. Президенттин аппараты көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келерин, аялдарды жана балдарды теңсиздиктен коргой турганын белгилеген.

Көп аялдуулук көйгөйү

Кыргыз коомунда көп аялдуулук көйгөйү ачык талкууланып же иликтене элек. Андан улам бул маселенин канчалык жайылганын ачык көрсөткөн статистика жок. Укук коргоочулар, психологдор көп аялдуулук маселеси менен өлкөдөгү кризистик борборлорго кайрылган кыз-келиндер арбын экенин гана белгилешет.

“Сезим” кризистик борборунун юристи Клара Сооронкулова мурдагы чакырылыштын депутаттары жокко чыгаргысы келген 176-берене аялдарга жана балдарга кепилдик катары сакталып турушу керек деп эсептейт.

“Көп аялдуулукка каршы мыйзам илгертеден эле бар. Патриархалдык доордон калган деп Жазык кодексине көп аял алуу, ала качуу, калың төлөө киргизилген. Аны негизинен үч-төрт аялы бар бай-манаптарды репрессия кылыш үчүн пайдаланышкан. Андан кийин калың төлөөгө байланыштуу жаза иштебей калды. Ала качуу болсо адамдын эркиндигине каршы кылмыштарга кирип кетти. Көп аялдуулук болсо үй-бүлөлүк баалуулуктарга каршы аракеттер болуп эсептелет. Соттук статистикада бул берене боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар жок. Мен карап көрүп тапкан эмесмин. Бирок Өзбекстанда бул берене иштейт. Бул факт билинип кала турган болсо, ошонун негизинде эле иш козгошот. Эки аял алган киши эки жылга чейин соттолуп, бирок кайра келип эле эки аялы менен жашай берген учурлар бар экен. Анткени мыйзамда бир кылмыш үчүн эки жолу соттобойт да. Бизде андай болсо, көп эле адамдар соттолуп кетсе керек. Кыргызстанда бул берене иштеши үчүн биринчи же экинчи аялы арыз жазышы керек. Азыр эки-үч үй-бүлө күткөн эркектер көп. Аялдар арызданбайт, өзүнүн балдарынын атасын соттотуп жибермек беле? Чыдап жашай беришет. “Сезимге” көп аялдуулуктан жабыркап келгендер арбын. Ажырашкан күндө да экинчи аялы алимент өндүрө албайт, мүлккө укугу жок. Биринчи аялдыкы деле оор. Үй-бүлөнү сактап калыш үчүн арызданбайт. Бирок аялдардын кызыкчылыгы үчүн иштебесе да мыйзамдын болгону, сакталып турганы жакшы”.

Коомдо экинчи аял болуп, кордук көргөнүн айтып чыккан кыз-келиндер көп учурда сынга кабылат. Арасында кыз балага билим менен катар эркиндикти, өзүнүн жана башканын укугун сыйлоого үйрөтүү керек дегендер да жок эмес.

Кыргыз эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева эркек менен аял бир жуп болуп жашоосу үчүн адамзат эволюциялык узак жолду басып өткөнүн, бул баалуулукту сактап калуу зарылдыгына токтолду.

“Бир нике - үй-бүлөнүн өнүккөн үлгүсү. Адам баласы буга жеткенче никенин ар кандай түрүн көргөн. Ошонун баарын басып өткөндөн кийин өнүккөн өлкөлөр бир никени бекиткен. Анткени алар аң-сезимдүү, бактылуу өмүр сүрүш үчүн бир никелүү үй-бүлө керектигин түшүнгөн. Бир нике - бул туруктуулук. Балдардын, аялдын, бактысы үчүн, ошол эле коом, мамлекет үчүн да керек. Ошон үчүн көп өлкөлөр муну мыйзамга киргизип койгон да. Калгандардын баары акылга сыйбаган нерсе, курулай актануу. Бизде көп аялдуулукту актагысы келгендер көп. Бирок анын жакшы жагына караганда, көйгөйү көп. Бир чети кыз-келиндер билип туруп эмнеге экинчи аял болууга макул болушат деген суроо туулат. Бул деле ошол кыздардын материалдык жактан корголбогону, билимдин жоктугу ж.б. себептерге байланыштуу болушу мүмкүн”.

Мияровдун үй-бүлөлүк чыры

Ушул айдын башында Кыргызстанда Чүй облусунун мурдагы губернатору Мирбек Мияровго Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесинин (Эки аял жана көп аял алуу) негизинде иш козголгон.

Буга мурда аны менен жарандык никеде турган Хабиби Уланова аттуу келиндин арызы себеп болгон.

“Өзгөчө баланын апасына басым жасоо эркектикке эле эмес, адамгерчиликке да сыйбайт. Биз Мияров менен 2022-жылы үйлөнгөнбүз. Кыз узатуу, нике той баары болгон. Ошол кезде ал аялы менен жашабасын, ажыраша турганын айтып кагаздарды көрсөткөн. Балдарын гана көрүп турарын айткан. Кыйын учурда баласын таштап кетерин ойлогон эмесмин. Жаңы туулганда фамилиясын берген. Кийин өзгөчө бала экенин билгенде андан баш тартып, шайлоого катыша турганын, ага аброй маанилүү экенин айтып кетти”, - деген Уланова “Настоящее время” телеканалына.

Экс-губернатор өзү бул боюнча комментарий бере элек.

Мияров: Жапаров жаштарга таянышы керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:15 0:00

Бирок өзүн Айсулуу Алтымышева деп тааныштырган келин 18 жылдан бери Мияровдун мыйзамдуу аялы экенин, беш баланы тарбиялап жатышканын айтып келет. Ал Улановага үй, машине тартуулашып, сулуулук салонун ачып беришкенин, бирок Уланова болбой эле коркутуп жатканын айтып, сотко кайрыларын билдирген.

“Мен Мирбек Мияровдун мыйзамдуу аялымын. 18 жылдан бери никеде турабыз. Беш балабыз бар. Ал (Уланова-ред.) эч кандай экинчи аялы эмес. Анткени биздин өлкөдө ага мыйзам тыюу салат. Ал орой айтканда, менин күйөөмдүн көңүлдөшү. Баланы карабай койду дегени калп. Баланын атына жазылган батир, машине алган жана сулуулук салонун ачып бергенбиз. Батир менен кошо жарым миллион сом дагы алган. Акчаны өз керек-жарагына коротту. Кийин ал эмнегедир мага жана балдарыма каршы согуш ачты. Буга чейин Ленин райондук милициясына арыз жазгам. Эми аны кайра жандантып, өзүмдүн жана балдарымдын ар-намысын коргойм”, - деген Алтымышова.

Хабиби Уланова Мияровдун үстүнөн арызданып, президентке, Акыйкатчы институна кайрылган.

"Акыйкатчыга Бишкек шаарынын У.Х. аттуу тургуну укуктук жардам сурап кайрылып, жарандык никедеги жолдошу, мурдагы аткаминер М.М.ны көп аял алуу фактысына байланыштуу жоопко тартууда көмөк көрсөтүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, ички иштер органдары анын арызын беш ай карабай, араң гана 1-декабрда Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексин 176-беренеси (эки жана андан көп аял алуу) менен кылмыш ишин козгогон. М.М. 2022-жылы 16-февралда Х.У менен нике кыйдырып, үлпөт той өткөргөн. М.М. балдары бар экенин айтып, бирок аялы менен бирге жашабай калганына ишендирген. Бир жылдан кийин уулдуу болуп, наристе алты айга толгондо генетикалык оор дартка чалдыкканы аныкталган. Келиндин айтымында, жолдошу баласынын фамилиясын өзгөрттүрүп койгон. Баладан толугу менен баш тартып, дарылануусуна да жардам бербей келет. Арыздануучу М.М.нын биринчи жубайы жана анын бир туугандары аны каралап, кысымга алып, милицияга ар кандай арыз жазып кайрылып жатканын айтат. Башкы прокуратурага келиндин арызы боюнча жүрүп жаткан иштер туурасында маалымат сурап расмий кат жолдонду", - деп жазылган Акыйкатчы институту тараткан маалыматта.

Мирбек Мияров 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2021-жылы "Ордо" партиясы менен парламенттик шайлоого ат салышкан.

Кыргызстанда буга чейин дагы экинчи аял болуп турмушка чыгып басымга кабылганын же күйөөсү үстүнөн аял алганына даттанганын айтып чыккандар болгон. Бирок алардын канчасы сотко жеткени белгисиз.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG