Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Вена конвенциясы. Дипломаттын макамы, консулдун окуясы


Кыргызстандын Орусиядагы эдчилиги.
Кыргызстандын Орусиядагы эдчилиги.

Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын Орусиядагы элчигинин кызматкери кабылган окуяга байланыштуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Дастан Бекешев Москвада полиция элчиликтеги консул-кеңешчи Манас Жолдошбековдун үйүнө кирип барып орой мамиле жасаганы үчүн Мамлекеттик Думага кайрылууну сунуштады. Окуя 8-апрелде болгон жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвага нота жөнөткөн. Орусия полициясынын орой мамилеси, дипломаттын статусу жана Вена конвенциянын эреже-талабы тууралуу талкуу жаратты.

Дастан Бекешев Москвада кыргыз дипломаты кабылган окуяга Жогорку Кеңеш дагы үн катышы керектигин билдирди. Ал спикер Нурланбек Шакиевге Мамлекеттик Думага кайрылууну сунуштады:

"Өткөн жумада Москва шаарында биздин элчиликтин кызматкерине, анын үй-бүлөсүнө полиция орой мамиле жасаган. Буга байланыштуу биз дагы Мамлекеттик Дума реакция берсек. Албетте, биздин мамилебиз жакшы, стратегиялык өнөктөшпүз. Бирок ошол эле учурда алар дагы карашы керек. Чынында полиция бул үй-бүлөгө эле эмес, башка жарандарга карата да ушундай өтө жаман мамиле кылып жатат. Канчалаган фактылар тууралуу арыздар жазылып жатат. Социалдык тармактарда жарандар нааразы болуп жатат. Эгер элчиликтин кызматкери корголбой калса, анда биздин жөнөкөй жарандар эмне болот? Биз дагы реакция кылсак туура болот деп ойлойм. Мамлекеттик Думага кат жөнөтүшүбүз керек, айтышыбыз керек. Алар дагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөсө, биз алар менен чогуу иштесек, балким, ушундай фактылар азаят".


Орусиялык бир катар басылмалар, Телеграм-каналдар бул окуя 8-апрелде болгонун жазышкан. Ага ылайык, полициянын эки кызматкери миграциялык документтерди текшерүү үчүн кыргыз элчилигинин кызматкери Манас Жолдошбековдун үйүнүн эшигин талкалап кирип барган. Дипломат экенине, кол тийбестиги тууралуу документтерди көрсөткөнүнө карабай орой мамиле жасап, Жолдошбековдун аялына кол көтөргөнү белгилүү болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) дипломатка жасалган мамиледен улам 12-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине нота жөнөткөн. ТИМдин Консулдук департаментине орус элчилигинин консулу-кеңешчи Андрей Бурьевой чакырылган. Анда кыргыз тарап мындай мамиле 1961-жылы кол коюлган Вена конвенциясынын талаптарына каршы келерин эскерткен.

“Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитацияланган кызматкерлерине Орусиянын укук коргоо органдары жасаган мындай мамиле жол берилгис экени эскертилип, бул боюнча дыкат териштирүү жүргүзүү, күнөөлүүлөрдү тезинен жоопко тартуу талап кылынды. Консул Бурьевой бул окуяга өкүнүчүн билдирип, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын нотасын кабыл алганын, териштирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилерин кабарлады", - деп жазылган маалыматта.

Бул окуя Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" ондогон адамдын өмүрүн алган кандуу кол салуу, анын негизинде мигранттарга каршы маанай күчөп турган маалга туш келди.

"Дипломаттын үйүн текшерүүгө болбойт"

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Болот Жунусов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, дипломаттардын статусуна байланыштуу эл аралык эки документ бар экенин белгиледи:

Болот Жунусов.
Болот Жунусов.

"Москвадагы окуя абдан туура эмес иш болду. Орусиянын полициясы катачылык кетирди. Дипломаттын иштеген, жашаган жерине кирип барганга, текшергенге алардын акысы жок болчу. Кыргызстан дагы, Орусия дагы бул жаатта эки чоң документке кол коюп, кошулганбыз. Биз андагы жоболорду аткарышыбыз керек. Биринчиси - бул 1961-жылы кабыл алынган Дипломатиялык карым-катыш тууралуу Вена конвенциясы. Экинчиси - 1973-жылкы дипломатиялык агенттерди коргоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясы. Кыргызстандан болобу, башка мамлекеттенби, Орусияда же дагы башка өлкөдө дипломат деген макам алса, ТИМден дипломаттык картасын алган болсо, анда ал адам корголот. Ал адам жеке маселелери, жеке иштери менен барган жок. Дипломат жогоруда аталган эки конвенциянын негизинде коргоого алынат. Анда так жазылган: ошол өлкөнүн бир дагы мамлекеттик органынын өкүлү башка мамлекеттин элчилигине элчинин макулдугу менен гана кириши керек. Ошондой эле дипломат жашап жаткан үйгө дагы уруксатсыз эч ким киргенге акысы жок. Тинте да албайт, текшере да албайт. Бул окуя тууралуу биринчи окуганда чынында эле ушунчалык орой мамилеге жол берилдиби деп ишенбей, ойлонот экенсиң. Экинчи жагынан, Орусияда деле эмес, жалпы КМШнын аймагында деле катардагы полиция кызматкерлердин деңгээлин карап көргөндөн кийин таң каласың. Айрымдары мыйзамды жакшы билбейт, түшүнбөйт. Орусияда көбү "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин эмоционалдык толкунда жүрөт. "Бул жакта бир чоочундар бар, текшере коёлу" деп кире калып ушундай орой мамиле жасагандыр. Кыргыз дипломатына атайлап ушундай "өнөрлөрүн" көрсөтпөсө керек деп үмүттөнөм. Манас Жолдошбеков - биздин консул, биздин консулдук бөлүмдүн жетекчиси. Орусия боюнча жалпы кыргыз жарандарына байланыштуу иш алып барган элчиликтеги кызматкер. Жакшы иштеген, жумушун билген, тажрыйбалуу дипломаттарыбыздын бири".

Болот Жунусов эл аралык документтердин негизинде дипломат деген макам алып жүргөн кызматкер кайсы учурда текшерүүгө алынарын түшүндүрдү. Ал өзү дипломат кезинде дагы полиция текшерүүгө аракет кылган учур болгонун айтып берди:

"Бул жерде үч эле жагдай бар. Биринчиси - ошол дипломат өзү бизнес жасап, жеке кызыкчылары менен жүрүп кайсы бир чырга аралашса, же ошол өлкөдө жеке мүлкү болуп, ошол мүлкүнө же мурас укугуна байланыштуу кандайдыр бир маселелер чыкса, жарандык сот процесстерине катыша алат. Калган иштерде "катышпайм, укпайм" деп айтууга акысы бар. Башка учурларда дипломат иштеп жаткан өлкөнүн өкүлдөрү аны күчкө салып текшерүүгө акысы жок. Мен элчи болуп иштеп жүргөндө текшеребиз деп үйгө келишкен экен. Балким, ошол маалда ошол үйдөгү кошуналар "чет өлкөлүктөр жашап жатат, текшергиле" деп чалышканбы, айтор полициянын аймактык тескөөчүсү келиптир. Бирок эшикти ачпай, консул ал полиция кызматкери иштеген ички иштер бөлүмүнө чалдык. Ал жактан тескөөчүгө кирүүгө акысы жок экенин түшүндүрүшкөн. Азыр эми соңку окуя эмне менен бүтөт деп ойлонуш керек. Мен орус бийлиги муну жакшы текшерет, күнөөлүүлөр табылат, алар жазасын алат деп ишенем. Ансыз болбойт, кандайдыр бир чечим чыгарылышы керек. Бул жөнөкөй маселе эмес, жакшы текшерилип, жыйынтык чыгарылышы керек. Ошол эле убакта эмоцияга көп берилбей, саясатташтырбай, жыйынтыгын күтүү керек".

Дипломатиялык карым-катыштар тууралуу Вена конвенциясы 1961-жылы 18-апрелде кол кабыл алынган. Ал дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, дипломаттардын макамын, кол тийбестигин сактоого, иштөө тартибин аныктоого багытталган 53 беренеден турат.

СССР бул документке 1964-жылы кол койгон жана союз ыдырагандан кийин Орусия мураскер катары бул укукту сактап калган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бул документти 1994-жылы январда ратификациялаган. Учурда ага дүйнөнүн 190дон ашык өлкөсү кол койгон.

Орусиянын ИИМинин жообу

Москвада кыргыз дипломаты кабылган окуяга байланыштуу алгач Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк комментарий берген. Ал аталган министрликтин Телеграм-каналында дипломаттын жубайына күч колдонулду деген маалыматты четке каккан.

Ирина Волк.
Ирина Волк.

"8-апрелде Орусиянын ИИМинин башкы башкармалыгынын кызматкерлери Москвада турак жайларга профилактикалык текшерүү жүргүзгөн. Нижегород көчөсүндөгү үйлөрдүн батиринин биринин жашоочусу полиция кызматкерлерине өзүнүн тек-жайын аныктаган кандайдыр бир документтерди көрсөтүүдөн караманча баш тарткан. Ошол эле маалда ал Кыргызстандын элчилигинин кызматкеринин жубайы экенин айткан. Ал аял менен сүйлөшүү учурунда полиция кызматкерлери батирге кирип барган эмес, күч колдонуп жана психологиялык басым жасалган эмес. Ага чейин полициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлеринде ошол даректе дипломаттын үй-бүлөсү жашары тууралуу маалымат болгон эмес. Полиция кызматкерлеринин укугунан аша чапкан аракеттери тууралуу арыз түшкөнүнө байланыштуу кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатат. Окуянын бардык жагдайлары аныкталат", - деп жазган Волк.

Бул билдирүүгө байланыштуу Орусиянын ТИМинин басма сөз өкүлү Мария Захарова комментарий берген. Ал: "Биз өзүбүз тараптан Вена конвенциясын жана дипломаттык макамдын кол тийбестигин сыйлаарыбызды ырастайбыз. ИИМдеги кесиптештер айтып жаткан териштирүү муну далилдеп турат", - деп жазган Телеграм-каналга.

Кыргызстандын ТИМи орусиялык расмий органдардын жообуна үн каткан. Анда Орусиянын ИИМинин өкүлүнүн билдирүүсү көптөгөн суроолорду жаратып жатканы белгиленген.

Министрликтин расмий сайтындагы комментарийде Ирина Волктун окуя тууралуу тергөө аяктай электе эле "кыргыз дипломатынын үйүнө эч ким кирген эмес жана күч колдонулган эмес" деген маалыматы кыргыз тараптын суроолорун жаратканы айтылган.

"Бул маалыматта жабыр тарткан аял балдары менен өз үйүндө туруп, кайра өзү күнөлүү болгону көрсөтүлгөн. Бул логикага каршы келет", - деп жазылган маалыматта.

"ЕАЭБ бизге керекпи?"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахаб Нурбаевдин пикиринде, Опусиядагы соңку окуялар, мигранттарга карата мамиле Кыргызстан менен Орусия мүчө болгон Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) өндүү уюмдарга байланыштуу маселелерди козгоду. Ал Кыргызстандын ТИМи жетиштүү аракет көрбөй жатат деп эсептээрин айтты.

Абдывахаб Нурбаев.
Абдывахаб Нурбаев.

"Москвадагы "Крокус Ситидеги" окуядан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнө "кичиксинткен" мамиле болуп жатат десек болот. Соңку окуя - эл аралык дипломатияда чоң катачылык, туура эмес мамиле. Биздин ТИМ бул маселеде катуураак турушу керек болчу. Биздин ТИМ, тилекке каршы, ЕАЭБде, Орусия менен болгон мамиледе өзүнүн так позициясында тура албай жатат. Эгемен өлкө катары өз алдынчалыгыбызды көрсөтүп, дипломаттарыбызды коргошубуз керек. Биздин министрлик болгон рычагдарды колдонуп, бул маселеде бекем позициясын көрсөтүшү керек эле. Мен Орусиянын ИИМнин өкүлүнүн жообун окудум, ал жерде күнөөнү биздин дипломаттын жубайына жүктөп койгонго аракет болуп жаткандай. Бул туура эмес эмес мамиле, тоготпогондук. Ал жерде Вена конвенциясынын талаптары кыйшаюусуз аткарылышы керек болчу. Ал документти дүйнөдөгү өзүн сыйлаган бардык өлкөлөр сактайт. Биз убагында ЕЭАБге киргенде биздин талаптардын бири ал жактагы мигранттарыбыз ал жакта эркин жүрө алат, эркиндик берилет деген талап болчу. Ошон үчүн биз дүйнөнүн 97% экономикасын жаап, 3% экономикасын ачып, ушул уюмга киргенбиз. Биз анда биздин товар эркин барат, жумушчу күч эркин барат дегенбиз. Бирок ал талаптар аткарылбай жатат да. Ошондо бизге ЕАЭБ канчалык кереги бар деген чон суроо келип чыгат. Бул жерде өкмөт башчы Акылбек Жапаров баш болуп жолугушууларда ушуну айтышы керек болчу. Эрежелер аткарууга келгенде башкача болуп чыгып жатканы тууралуу маселе көтөрүлүшү керек болчу", - деди Нурбаев.

Талдоочу Эмилбек Жороев дагы Кыргызстан эгемен өлкө катары Орусияда кыргыз дипломаты жана анын үй-бүлөсү кабылган орой мамилесин кескин айыпташы керектигин айтты:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

"Ырас, ошол "Крокус Ситидеги" теракттан кийин Орусиянын расмий органдарынын мигранттарга карата мамилесин ошол окуялар менен гана байланыштырып жатабыз. Бул теракт Орусиянын укук коргоо органдарынын колун такыр эле бошотуп, адамдардын, мигранттардын укугун бузууга даңгыр жол ачып берди деген чоң кооптонуу бар. Ушундай маңдайыбызда болуп жаткан окуяларда биз сылык-сыпайы болуп аны унутуп койсок, унчукпай койсок, бул, албетте, биздин эгемендигибизге, көз карандысыз өлкө катары макамыбызга репутациялык чоң жоготуу алып келиши мүмкүн".

Москвада "Крокус Сити Холл" борборундагы кандуу окуядан кийин борборазиялык мигранттарды текшерүү, аларга басым-кысым көбөйдү. Орусия бул аймактан барган айрым жарандарды аэропорттон эле киргизбей койгон учурлар катталып жатат. Айрым облустарында мигранттарга таксист, ичимдик жана тамеки сатуучу болуп иштөөгө тыюу салына баштаганы белгилүү болду.

Кыргызстандын ТИМнин маалыматына ылайык, соңку бир жылда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 30%, тактап айтканда 180 миң кишиге азайды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG