Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

Орусия: "Мигранттар, террордук чакырыктардан сак болгула"


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Москвадагы Crocus City Hall борборунда болгон теракттан кийин мигранттарга каршы ар кандай билдирүүлөр жайылууда. Арасында Борбор Азия өлкөлөрү менен визалык режимди кайра киргизүү демилгеси айтыла баштады. Кыргыз бийлиги жарандарды ар кандай кооптуу иштерге азгыруу жүрүп жатканын билдирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү бул өлкөдө социалдык тармактар, Telegram каналдар аркылуу жарандарды террордук актыларга азгыруу жүрүп жатканын эскертти.

"Борбор Азия менен алаканы чектейли"

Орусиядагы соңку окуялардан кийин миграциялык саясатты катаалдатуу, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү менен визалык режимди кайра киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. Мамлекеттик думадагы “Адилет Орусия – Чындык үчүн” фракциясы миграциялык процессти көзөмөлдөөнү катаалдантууну, аны борборазиялык мигранттар үчүн визалык режимди киргизүүдөн баштоону сунуштап чыкты.

Фракциянын лидери Сергей Миронов коңшуларга карата визасыз режимди алып салуу ымаланы бузуу катары саналбашы керектигин белгилеген.

“Орусиянын катаал аскердик тирешүүгө оп тартылып баратканын баары көрүп турат. Ачык чек араларды биздин душмандарыбыз колдонуп, өлкөбүзгө каршы бүлүндүргүч иштерди даярдоо үчүн коңшу өлкөлөрдү аянтча катары пайдаланып жатышат. Албетте, бул аймагында террористтер менен ар түркүн экстремисттик элементтер чогулуп калган коңшуларыбызга коркунуч жаратат. Ошондуктан, визасыз режимди алып салуу – бүткүл евразиялык мейкиндиктеги коопсуздук менен кызматташууну чыңдоого жасалган кадам болмокчу”, - деп жазылган Сергей Мироновдун 25-мартта жарыяланган кайрылуусунда.

Москванын жака-белиндеги “Крокус Сити Холл” комплексиндеги куралдуу кол салууга шектүүлөрдүн тажик тектүү болуп чыгышы борборазиялык мигранттарга карата мамилени чукулунан өзгөрттү. Окуя болгон жердеги аза күтүү аянтчасында жөнөкөй жарандар жана активисттер тарабынан “Визасыз режим өлтүрөт” деген ураандар пайда болгонун жана айрым коркутуп-үркүтүү көрүнүштөрү орун алып жатканын орусиялык Телеграм-каналдар жарыялап жатат.

Орусиялык саясатчылардын демилгелери боюнча кыргыз бийлиги азырынча кандайдыр бир билдирүүлөрдү жасай элек.

Бул арада Сахароводогу миграциялык борбордо мигранттардын узун кезеги кайра жаралганы кабарлануда. Маалыматтарга караганда, 27-март күнү миграциялык кызматтын алдында тогуз миңден ашуун борборазиялыктардын кезеги турган.

Ал эми 23-мартан бери Орусиянын аба майдандарында Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттарды өлкө ичине киргизбей, тыкыр текшерүүгө алып, көпчүлүгүн кайра артка кайтарып жатышканы белгилүү болгон.

Кыргызстандын Москвадагы консулу Манас Жолдошбеков Сахароводогу узун кезекте негизинен патент менен иштеген өзбекстандык жана тажикстандык жарандар турганын билдирди. Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болгондуктан, Кыргызстандын жарандарында андай көйгөй жок деп ишендирди.

“Так кыргыз жарандары боюнча андай маселе жок. Ооба, патент менен иштеген тажик, өзбектерде ушундай кезектер болуп атат. А кыргыз жарандары боюнча, ЕАЭБдин алкагындагы мамлекеттердин жарандарында андай көйгөй жок азыркы күндө. Ал жакта патент системасы менен иштеген чет элдиктерге көйгөй болуп жатат. Кыргыздар адаттагыдай эле өтүп жатышат, максимум 1,5-2 сааттык процедура. Мета күбөлүк менен эле дактилоскопия, болду. "Шереметьево" аба майданында артка кайтарылган 51 жаранды сүйлөшүп, бош орундарды таап, кечээ Кыргызстанга жибердик. Кечээ кечинде келген дагы жыйырмадай жаран чогулуп калды. Алар боюнча да иш жүрүп жатат. Баары эмес, тандалып текшерилип жатат. Орусияда мурда жүргөндө кандайдыр бир эреже бузуулары барларын, жанагы сиз айткан Сахароводогу медициналык кароодон өтпөгөндөр бардыгын комплекстүү, дыкат карап атат. Ошонун жыйынтыгы менен чыгып калган жарандарды кайтарып атат. Мисалы, ар бир учактан он чактыга чейин жаранды кайра кайтарып атышат”.

Соңку жагдайларга байкоо салып турган адистер мындан ары Орусиянын мигранттарга карата мамилеси олуттуу катаалдайт деп күтүп жатышат.

Орусиядагы мигранттар менен тыгыз иштешкен “Инсан-Лейлек” фондунун өкүлү Нурсултан Карабаев борборазиялыктар үчүн миграциялык саясат бир кыйла катаалдашы күтүлөрүн, бирок, бирдиктүү экономикалык мейкиндиктеги өлкө катары кыргызстандыктар андан көп жабыркабайт деп ишенерин айтат. Анын үстүнө, орус тилдүү саясат менен келаткан Кыргызстандын жарандары үчүн башка олуттуу эмгек рыногу азырынча жок деп эсептейт.

“Биз Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мейкиндигинде жашап жатабыз. Ошондуктан, биз орус тилдүүбүз. (Мигранттардын) саны азайбайт деп ойлойм. Анткени, азарынча Орусиядан башка альтернатива жок. Европа же башка Чыгыш мамлекеттери болобу – ал жакта тил билүү зарыл. Бизде азырынча тил билүү маселеси же орус тилден башка билим берүү боюнча саясат жүргүзүлгөн жок. Ошондуктан, азыр дагы бир айдай кыйынчылык болот, киргендерди аябай катуу текшерет. Бирок, бул бир четинен популизм болушу дагы мүмкүн. Анан, каалайбы-каалабайбы Орусияга дагы мигранттар керек. Анткени, алар мигрантсыз жашай албайт. Ошондуктан, бул дагы убактылуу нерсе, баары бир биздин мигранттар барат. Анткени, башка иштей турган эмгек рыногу жок азыркы маалда”.

2022-жылы орус армиясы Украинага кол салгандан бери Орусияда мигранттарга тиешелүү эрежелер катаалдашып, аларды армияга алуу аракеттери болуп жаткандыктан, Борбор Азиядагы миграция агымы соңку жылдары Европа, АКШ жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүн көздөй бурула баштаган. Сезондук жумуштарга өзгөчө Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары бара баштады. Мамлекеттик мекемелер менен келишим түзүп, мигранттарды топ-тобу менен алып кеткен компаниялар пайда болду.

“Еврохантер” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуп эмгектенип жаткан Мирбек Маматкасым өзү да былтыр Улуу Британияга барып, сезондук жумушта алты ай иштеп келген. Ал кыргыз мигранттары үчүн Орусияга альтернативдүү эмгек рынокторунун да барааны артып келатканын айтат.

"2022-жылы Орусия менен Украинанын согушу башталгандан кийин кыргызстандыктарга биринчи жолу Улуу Британияга барып иштөөгө мүмкүнчүлүк ачылган. Башында 1000 адамга квота берилген болчу, мына быйылкы жылы ал 8000ге жетти. Бул аябай сонун. Сегиз миң дегени эч болбосо ар бир айылдан бирден-экиден барып, ал жакты көрүп, алардын маданиятын, экономикасын көрүп, иштөө эрежелерин үйрөнүп келет деген сөз да. Бул биздин элдин маданиятынын, дүйнө таанымынын жана экономикасынын өсүшүнө өтө чоң таасир кылат. Андан сырткары, азыр Европанын Польша, Германия, Венгрия, Литва, Латвия өлкөлөрүнө дагы азыр Кыргызстандагы компаниялар аябай активдүү түрдө жөнөтүп жатат. Миңдеген адамдар барып атат. Бирок, Орусияга окшоп 100 миңдеген адамдарды камсыз кыла албаса дагы, ошонун 20-30% Европа өлкөлөрү жаба алат. Мунун үстүнөн мындан ары дагы иштеш керек. Себеби, суроо-талап аябай көп".

Террордук иштерге соцтармак аркылуу азгырышат

Кыргызстандык Касымдын Москвага келгенине бир жыл болгон. Курулуш тармагында иштеген мигрант социалдык тармактарда жумуш боюнча жарыяларды көп кездештирет. Ал Москвадагы кандуу чабуулдан кийин Телеграм баракчасын этияттык менен колдонуп калганын айтып берди.

"Телеграм каналдарында саатына 200-300 доллар сунуштаган жарыялар көп. Бирок аларда кандай жумуш экенин билбейм. Мен андайларга кайрылбаганга аракет кылам. Азыр жердештердин топторунда "түрдүү азгырыктарга туш болбогула" деп чакырган жарыяларды окуп жатабыз. Бул жактагы рейддерде да полиция дароо телефонуңду текшерип жатат. Алар диний тариздеги чаттарды же биз ким менен сүйлөшкөнүбүздү текшеришет. Азыр Москвада мигранттарга кооптуу болуп калды. Караңгыда эшикке чыкпай, жалгыз баспай, болушунча телефонубузду тазалап жатабыз. Баарыбызда аман-эсен үйгө кайтып келсек деген эле ой".

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү 28-мартта тараткан маалыматта мигранттарды социалдык тармактарда ишке чакырган жарнамаларга ишенбөөгө чакырган.

Министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнун башчысы Жаркынай Галиева буларды билдирди.

"Бул жердеги кылмышкерлер соцтармактар аркылуу биздин жарандарды көп кылмыштарга үгүттөшөт. Биз социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай акцияларга катышпоого жана балдарды көзөмөлдөөгө чакырып атабыз.Бул бир гана терорчулук актыларына гана эмес, жалпы учурларга тийиштүү".

Өкүлчүлүк тараткан маалыматта "жалдоочулар негизинен таанышуу сайттары аркылуу иштешип, аялуу адамдарга, депрессияга же кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылган адамдарга, диний, маданий, улуттук жана башка социалдык багыттар боюнча ар кандай топтордогу кат алышууларды талдоо аркылуу оңой алдануучуларды таап жатышат", - деп айтылат.


Телеграм социалдык тармагында Орусияда иштеген борбор азиялык мигранттар колдонгон ондогон канал бар. Аларда иш же батир издөө, таанышуу чаттары да ачылган.

Кыргызстандык мигранттар отурган телеграм канал.
Кыргызстандык мигранттар отурган телеграм канал.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү мекендештердин коопсуздугу боюнча жарыялар алар отурган топтордо жарыяланып жатканын айтты:

"Олчойгон акчаны сунуштаган жарыяларга азгырылбагыла, кайрылбагыла деп жатабыз. Азыр абдан кооптуу. Теракт же күмөндүү билдирүүлөргө туш болгон кыргызстандык мигранттар тууралуу азырынча кабарыбыз жок. Бирок борбор азиялык башка мигранттар тууралуу укканыбыз".

"Азаттык" Ттелеграмдагы ондон ашык баракчаларды акмалап чыгып, күмөндүү үч билдирүүгө туш болду. Бири кыргызстандык мигранттар отурган тайпада, дагы бири борбор азиялыктар, үчүнчүсү өзбекстандык мигранттар колдонгон каналда калтырылган. Аларды үч башка колдонуучу таштаган.

Борбор азиялык мигранттар отурган телеграм канал.
Борбор азиялык мигранттар отурган телеграм канал.

Алардын бири менен байланыштык. Өзүн Сергей деп тааныштырган колдонуучу улуту орус экенин, терактан кийин борбор азиялык мигранттарды текшергиси келгенин, ага жооп берген мигранттар тууралуу маалыматты Орусиянын Федералдык кызматына тапшырганын айтып берди.

-"Азаттык": Сиздин теракт тууралуу билдирүүңүздү окуп калдым...

-Сергей: Аны мен атайын текшерип жибергем. Ага ишенип, эки азиялык мигрант жазды.

-"Азаттык": Андан башкалар да жаздыбы?

-Сергей: Жазгандар болду, мен аларды дароо ФСБга тапшырдым.

-"Азаттык": Сиз демек тамашалагансыз э? Эмне үчүн?

-Сергей: Орус элин өлтүргөндөрдү жазалагым келди. Адамдар акча үчүн баарына даяр экен. Үй-бүлөлөрдү, энелерди сыйлагыла. Кудай биз менен. Орустар баарын көрүп турат.

Телеграмдагы чаттын скрини.
Телеграмдагы чаттын скрини.

Бир нече күн мурун "Лента.ру" жана "Риа Новости" орус басылмалары "Крокус Сити Холлго" жасалган кандуу чабуулга шектелгендер бул ишке Телеграм-каналы аркылуу тартылганын жазышкан.

"Риа Новости" агенттиги өздүк булагына таянып, Ислам мамлекети шектүүлөрдү кылмышка тажикстандык Телеграм аркылуу тартканын жарыялады. Бул версияны расмий булактар бышыктаган эмес.

Орусиядагы мигранттар менен иштеген юрист Телеграм мигранттар үчүн кооптуу экенин айтат:

"Бул канал аркылуу баңгизат ташыганга курьерлерди издешкен. Согушка азгырышкан. Ар кандай радикал топторго да чакырыктар болгон. Ошондуктан теракт жасоого тартуу аракети ушул каналда болушу толук мүмкүн. Аны эч ким көзөмөлдөй албайт. Бир топ мигранттар кылмышкерелрдин кылтагында ушул социалдык тармакта илешип калып жатат".

Орусияда Тажикстандын жараны «Крокус Сити» борборундагы «террордук чабуулду актаганы үчүн» деген шек менен кармалганын 28-мартта «Азаттыктын» тажик кызматы билдирди.

Astra Телеграм-каналынын маалыматына караганда, 26 жаштагы Баходур Зухуров 27-мартта Санкт-Петербург шаарында колго түшүрүлдү, Тергөө комитети жарыялаган видеодо ал «экинчи кайталанбайт» деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Ал Телеграм-каналдардын бирине «Крокус Ситидеги» окуя тууралуу видео менен кошо террордук чабуулду «актаган белгилер камтылган» комментарий жарыялаган деп шектелүүдө. Эгер тагылып жаткан айып сотто колдоо тапса ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Орусияда жарандары иштеген коңшу өлкөлөр да соңку теракттан кийин түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мигранттарды этият болууга чакырып жатышат.

Тажикстандын Орусиядагы элчилигине караштуу Коомдук кеңеш 26-марттагы кайрылуусунда бул өлкөдө чет элдиктерге көзөмөл күчөгөнү, кандай гана маалымат болбосун, ар кайсы тайпалардан эмес, орусиялык жана тажикстандык расмий органдардан, алардын сайттарынан алуу керектиги айтылды.

Ошону менен катар Telegram каналдарда, топтордо жана башка социалдык түйүндөрдө ар кандай радикалдуу жана экстремисттик топтор адамдарды террордук акт жасоого азгырып жатканы, андайлардан оолак, этият болуу зарыл экени эскертилди.

Орусиядагы жарандарына Өзбекстан да кайрылды. Бул өлкөнүн Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттигинин кайрылуусун 27-мартта «Азаттыктын» өзбек кызматы жарыялады.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын 651 485 жараны чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Анын басымдуу бөлүгү - 408 448 адам Орусияда миграцияда. Мындан тышкары, болжол менен дагы ушунча кыргызстандык адам орус жарандыгын алган деп эсептелет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Кубатбек Айбашов

    "Азаттыктын" кабарчысы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG