Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Өткөн жылы 50 миңден ашуун борбор азиялык АКШ чек арасынан өткөнү айтылды


Монтана штатынын сенатору Стив Дэйнс 2023-жылы 50 миңден ашуун борбор азиялык АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөнүн маалымат жыйында билдирди. Ал муну "жогорку аткаминердин" маалыматына таянып айтканын Daily Mail басылмасы жазды.

Басылманын жазышынча бийлик мыйзамсыз миграция агымы күчөшүнөн жана алар АКШга коркунуч жаратышы мүмкүн деп кооптонууда.

АКШдагы башпаанек сурап кайрылгандардын арыздарына анализ кылган коммерциялык эмес (TRAC) уюмдун маалыматы боюнча, учурда кеминде 40 миң борбор азиялык сотту күтүп жатышат. Алардын 17 миңи Өзбекстандын, 7 миңи Кыргызстандын, 3 миңи Тажикстандын, 2,7 миңи Казакстандын, 2 миңи Түркмөнстандын жарандары.

Стив Дэйнс чек арадагы мигранттарга байланыштуу кризис тууралуу АКШ президенти Жо Байденге кат жазып, чара көрүүгө чакырган. Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, расмий маалыматтарга ылайык, Байден бийликке келген 2021-жылдан тартып АКШнын чек арасынан 7,3 млн мигрант мыйзамсыз өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG