Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Шереметьеводон дагы 20 чакты жаран Кыргызстанга кайтарылат


Шереметьево аэропорту. 24.03.2024-жыл
Шереметьево аэропорту. 24.03.2024-жыл

Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып турган 51 кыргызстандык 27-мартта Кыргызстанга кайтарылды.

Орусияга учуп баргандардын арасынан дагы 20 чакты киши 28-мартта кайра өлкөгө жөнөтүлөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, кыргызстандыктар Бишкекке сапар тарткан авиакаттамдардагы бош орундар менен жөнөтүлүп жатат.

“Орусияда жүргөндө кандайдыр бир мыйзам бузгандар, Сахарового барып медициналык кароодон өтпөгөн жарандарды кайра артка кайтарып атат. Бишкектен Орусияга учуп келген ар бир учактан 10дой кишини артка жөнөтүүдө”, - деди ал.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырган. Мекеме Орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөткөнүн кошумчалаган.

22-мартта Москванын чет жакасындагы “Крокус Сити Холл” борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Андан кийин борбордон өрт чыккан. Кол салуудан 143 киши каза таап, 190дой киши жаракат алды.

Федералдык коопсуздук кызматы элди аткылоого шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталып, эки айга камакка алынды.

26-мартта Орусиянын Тергөө комитети “Крокус Сити Холл” борборундагы кол салууга байланышы бар деген негизде сегизинчи шектүүнү да камоону өтүнүп, Москванын Басман райондук соту теги кыргызстандык орус жараны Алишер Касимовду эки айга камакка алган. (BTo/KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG