Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:40

Ысык-Көлдө Санэпидборбордун башкы дарыгери, анын жубайы жана айдоочусу жол кырсыгында каза болду


Сүрөт Интернеттен алынды.
Сүрөт Интернеттен алынды.

Ысык-Көл райондук Санитардык эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери, анын жубайы жана айдоочусу жол кырсыгында каза болду. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаменти Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, башкы дарыгер Алина Токтоназарова кызматы боюнча Чолпон-Атадан Балыкчыга чогулушка бара жатып кырсыкка учураган. Маркум 52 жашта болчу. Райондук санэпидборборун 2021-жылдан тарта башкарып келген.

Кырсык Балыкчыда болгон. Алдын ала маалымат боюнча Санэпидборбордун машинасы кичи автобус менен кагылышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болду. Дагы 1 673 киши жаракат алган.

Мекеменин маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жаракат алгандар 8,5%, каза тапкандар 24,1% азайган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG