Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

Бокс: Санжар Сейдакматов эл аралык мелдеште коло медал алды


Санжар Сейдакматов.
Санжар Сейдакматов.

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан “Улуу Жибек Жолу” эл аралык мелдешинде бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Санжар Сейдакматов коло медал тагынды.

Кыргызстандык мушкер 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Анын чейрек финалдагы тажикстандык мушкер Мухаммадали Хасанов менен беттеши көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Санжар Сейдакматов атаандашын биринчи раундда нокаут менен утту. Жарым финалда өзбекстандык Худойназар Фаизовго 2:3 эсеби менен жеңилди, бирок 3-орунду камсыздай алды.

Баку шаарында 24-мартта башталган эл аралык турнир 29-март күнү жыйынтыкталат. Аталган мелдешке 11 өлкөдөн (Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Орусия, Польша, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Иран, Италия, Пакистан жана Венгрия) келген 120 спортчу катышууда. Кыргызстандын атынан беш мушкер катышты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG