Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:37

Орусияда террордук актыларга өспүрүмдөрдү азгыруу жүрүп жатканы эскертилди


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү бул өлкөдө социалдык тармактар, Telegram каналдар аркылуу жарандарды, анын ичинен жашы жете элек балдарды террордук актыларга азгыруу жүрүп жатканын эскертүүдө.

Бул тууралуу мекеме бүгүн, 28-мартта маалымат таратты. Министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү мигранттарды социалдык тармактар ишке чакырган жарнамаларга ишенбөөгө чакырган.

"Жалдоочулар негизинен таанышуу сайттары аркылуу иштешип, аялуу адамдарга, депрессияга же кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылган адамдарга, диний, маданий, улуттук жана башка социалдык багыттар боюнча ар кандай топтордогу кат алышууларды талдоо аркылуу оңой алдануучуларды таап жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүк Орусиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай акцияларга катышпоого жана балдарды көзөмөлдөөгө чакырды.

Министрлик террордук актыга катышкандар Орусиянын Кылмыш-жаза мыйзамына ылайык өмүр бою эркинен ажыратыларын эскертет.

22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити Холл" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Соңку маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 143кө жетти. 190дон ашууну жараат алды.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандык, бирөө теги кыргызстандык орус жараны экени белгилүү болду. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG