Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:26

БУУ: Дүйнө калкынын 10% ачка, бирок адамдар тамак-аштын 17% ыргытышат


Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасы дүйнөдөгү тамак-аш калдыктары боюнча баяндамасын сунуштады. Ага ылайык, жер бетиндеги бардык тамак-аштын 17 пайызы таштандыга төгүлөт. Ошол эле учурда дүйнөдө 783 миллион адам ачкачылыкта жашайт. Бул дүйнө калкынын дээрлик 10% түзөт.

Жер шарынын ар бир тургуну орто эсеп менен жылына 79 килограммдай тамак-аш азыктарын ыргытат. АКШнын орточо тургуну 115 кг "ашыкча" тамакты ыргытат, европалык - 65 кг, орусиялык - 56 кг. 2022-жылы тамак-аш калдыктарынын жалпы көлөмү 1,05 миллиард тоннаны түздү. Бул күнүнө 1 миллиардга жакын тамак-аш дегенди билдирет.

Азык-түлүктүн эң чоң үлүшүн же 60% – жеке керектөөчүлөр жана үй чарбалары ыргытат. 28 пайызга жакыны коомдук тамактануунун үлүшүнө туура келет, 12% чекене дүкөндөрдө жана супермаркеттерде туруп эскирет.

БУУ "ашыкча" тамак-ашты ыргытуу же ысырап кылуу маселеси бай өлкөлөргө эле эмес, кирешеси жогору, орто жана төмөн өлкөлөргө дагы таандык.

Отчетто тамак-аш калдыктарынын көбөйүшү айлана-чөйрөгө зыян келтирип, климатка терс таасир этери белгиленген. Чириген тамак-аш калдыктары парник газдарынын эмиссиясынын 8-10% түзөт. Мындан тышкары жаратылыш ресурстарын ысырап кылуу талааларды, жайыттарды жана башка айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөрүшүнө алып келет.

БУУнун Айлана чөйрөнү коргоо боюнча программасынын аткаруучу директору Ингер Андерсон "Бүгүн миллондогон адамдар ачка отурат, миллиондогону тамак-ашты таштандыга ыргытууда. Бул коомдун өнүгүшүнүн эле эмес, айлана чөйрө, климаттын маселеси" деген.

БУУ өлкөлөрдү ушул багытта тыгыз иштешүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG