Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:21

Жалал-Абад: шектүүнү кармоо учурундагы мушташ тууралуу маалымат берилди


Интернетке тараган видеодон алынган кадр.
Интернетке тараган видеодон алынган кадр.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы шектүүнү кармоо учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине башка бир киши кол көтөргөнү тартылган видео тууралуу комментарий берди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ноокен райондук милициясына О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 4-мартта Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерине алты адам зомбулук көрсөткөнүн айтып, чара көрүүнү суранган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен катталып, иш козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну Н.С. аттуу жаран бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок ал келбей жүргөнү айтылды.

Милиция кызматкерлери 27-мартта шектүүлөрдүн бирин Кочкор-Ата шаарында кармаганы, ал каршылык көрсөткөндө күч колдонулганы кабарланды. Ошол учурда шектүүнүн 18 жаштагы уулу укук коргоо кызматкерлерин тээп жиберген. Ал 27-мартта убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окуя териштирилип жатат.

27-мартта Интернетке тараган видеодон укук коргоо органдарынын беткапчан төрт кызматкери бир адамды жерге жаткызып кармап жатканын көрүүгө болот. Ошол тапта дагы бир бала чуркап келип беткапчан адамдарды тээп жиберген. Укук коргоо кызматкерлери экөөнүн тең колдорун кайрып автоунаага салып кеткен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG