Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Балыкчы: 12 жаштагы кызды сүзүп кеткен мурдагы милиция кызматкери бошотулду


Балыкчыда окуучу кызды милициянын машинеси сүзүп кеткен учур.
Балыкчыда окуучу кызды милициянын машинеси сүзүп кеткен учур.

Тараптар жарашып алганына байланыштуу Балыкчы шаарында милициянын машинеси менен 12 жаштагы Фатима Акунованы сүзүп качып кеткен Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Мындай чечимди Балыкчы шаардык соту 26-мартта чыгарды. Ал убактылуу кармоочу жайдан бошотулуп, бөгөт чарасы эч жакка чыкпоо түрүнө алмаштырылды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коркунучта калтыруу” жана “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал эми “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен ачылган иш тергөөдө эле кыскартылганы белгилүү болду.

Буга чейин Бектур Осмонбаевге кыздын атасы Максатбек Байгазиев тосмо арыз жазып берген.

26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. Бул окуядан кийин Максатбек Байгазиев коомчулуктан жардам сурап, кызын сүзүп кеткен милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен качып кетүүгө аракеттенгенин айткан.

Кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милициянын кызматкери Бекзат Казаков машинени ал айдап баратканын айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, анын агасы - Балыкчы шаардык милициясынын ошол кездеги башчысы Бектур Осмонбаев айдап баратканын айтып, ал “окуя болгон жерден качып кетти” деп нааразы болушкан.

Милиция кызды сүзүп кеткен машине Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа экенин ырастаган. Бул окуядан кийин ага-ини Бекзат Казаков менен Бектур Осмонбаев кызматтан алынган. Ишти УКМК тергеди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG