Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Балыкчы: Милициянын машинеси сүзүп кеткен кыздын атасы тосмо арыз жазды


Балыкчыда окуучу кызды автоунаа коюп кеткен учур видеокамераларга түшүп калган.
Балыкчыда окуучу кызды автоунаа коюп кеткен учур видеокамераларга түшүп калган.

Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен 12 жаштагы Фатиманын атасы Максатбек Байгазиев бул окуяга шек саналып кармалган Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев менен анын бир тууган иниси Бекзат Казаковго тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Максатбек Байгазиев айтты.

“Бир шаарда жашасак, карыган ата-энеси ыйлап, кечирим сурап келди. Кантип кечирбейм. Кызымдын дары-дармегин көтөрүп жатышат. 18 жашка чейин да карап беришет”, - деди ал.

26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. Бул окуядан кийин Максатбек Байгазиев коомчулуктан жардам сурап, кызын сүзүп кеткен милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен качып кетүүгө аракеттенгенин айткан.

Кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милициянын кызматкери Бекзат Казаков машинени ал айдап баратканын айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, анын агасы - Балыкчы шаардык милициясынын башчысы Бектур Осмонбаев айдап баратканын айтып, ал "окуя болгон жерден качып кетти" деп нааразы болушкан.

Милиция кызды сүзүп кеткен машине Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа экенин ырастаган.

Бул окуядан кийин ага-ини Бекзат Казаков менен Бектур Осмонбаев кызматтан алынган.

Ишти УКМК тергеп жатат. Атайын кызмат факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коркунучта калтыруу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Облустук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген жосун” беренеси менен иш ачкан.

Кыздын атасы Максатбек Байгазиев өспүрүм эсине келип, сүйлөп, жакындарын таанып, тамактанып жатканын айтты. (BTo/AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG