Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:22

Байсалов Cадыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты


Эдил Байсалов жана Cадыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Эдил Байсалов жана Cадыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекет башчы Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-январда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында айтты.

“Президентибиз кийинки шайлоого катышат. Ага Конституция жол берет. Ошондуктан муну орто жолдо таштап койбойт. Ага элибиз да уруксат бербейт. Үмүтү жанган эл алдыдагы үч жылда көп жетишкендиктерге күбө болот”, - деди ал.

Садыр Жапаровдун бийликтеги экинчи мөөнөткө баруу ниети тууралуу президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек.

“Эксперттер талдайт” программасында Садыр Жапаровдун мамлекетти башкарып турган үч жылда жасаган иштери, кетирилген кемчиликтери жана өлкөнүн экономикасы тууралуу талкуу болду.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG